Жаштардын колунан көп иш келет
"Ак шумкар" кыргыз жаштар коомдук бирикмесинин өкүлү Токтогул уулу Мирхамид:
- Мындан 4-5 жыл мурун ушул коомдук бирикмени түзгөнбүз. Негизги максатыбыз - кыргыз улутунун маданиятын, нукура өзгөчөлүктөрүн сактап калуу. Бир жыл мурда кыргыз жаштарынын улуттук биримдигинин биринчи жыйынын өткөргөнбүз. Ошондо бардык аймактардан, сыртта жашаган (афганистандык жана тажикстандык) кыргыздардан өкүлдөр катышкан. Чет өлкөлүк кыргыздарга жардам берүү боюнча идеялар абдан көп. Ырас, ошонун баарын жүзөгө ашыруу айланып келип эле каражатка такалат. Бирок анча чоң чыгым талап кылынбаган жолдор да бар. Мисалы, азыр бизде чакан жана орто басмалар бар - мамлекеттик да, мамлекеттик эмес да. Аларга силердин атыңардан китеп сурап кайрылсак дегенбиз. Окуу китептери болсо эң жакшы, адабий китептер болсо андан жакшы. "Учкун" концерни менен сүйлөшүп жатабыз, "Бийиктик" басмасы менен макулдаштык. Байкап көрсөк, баары эле колдочудай. Буга окшогон маселелер мамлекеттик деңгээлде чечилиши керек эле, бирок, Сейит агай айткандай, бюджетибизден эч нерсе бөлүнбөй жатыптыр. Эми "алма быш, оозума түш" деп отура бербей, өзүбүз да аракеттенбесек болбойт.
Биздин сунуш. Былтыр Миграция комитети жардам алып барганда жеткирилген китептерди ошол жерден сатып ийишкен деген сөз чыкты. Ошондо мындай жардамды түздөн-түз өзүбүз жеткиришибиз керек деген ой пайда болду. Бул үчүн маданий-агартуу кербенин уюштурсак болот. Маданий чөйрөдөгү ыктыярдуу жаштар (комузчу, манасчы, ырчы, бийчи ж.б.) тобу ал жакка барып, элдин рухун ойготууга, маданиятын көтөрүүгө, улутташтарыбызга дем берүүгө салым кошо алат деп ойлойм. Агартуу жагынан эң оболу колубуздан келишинче китептерди жеткирип, бөлүштүрүп, туруктуу иштей турган усулдук бирикме уюштуруп берсек болот.
5 жыл илгери Советбек Байгазиев, Сабыр Иптаров агайлар баш болуп, кыргыз таануу руханий концепциясын иштеп чыккан элек. 85 темадан турат. Билим берүү жана илим министрлиги бекиткен. Жаштар департаменти да жактырган. Жогорку окуу жайларында жана мектептерде пайдаланылууда. Ошол концепцияны Тажикстандагы кыргыз мектептерине жеткиришибиз зарыл.

Камчыбек Дүйшалиев, искусство таануу доктору:
- Китеп палатасында жыйылып жаткан абдан көп басылмалар бар. Ошолорго да кайрылсаңар, беришер. Тил маселесин абдан туура көтөрүп жатасыңар.

Жума Абдуллаев:
- Мен Жерге-Талдагы Дувана айлында туулуп өскөнмүн. "Замандаш" фондун, андан соң ушундай аталыштагы ассоциация, партия түзүшүп, чет жактагы кыргыздардын маселелери менен түздөн-түз алектенип жүрдүм. Ошол ассоциациянын атынан конкреттүү сунуштарды иштеп чыгып, өкмөткө да киргизген элек. Өз күчүбүз менен да бир топ иштерди жүргүзгөнбүз. Китептерди башка мамлекетке алып өтүүгө байланышкан кыйынчылыктар бар экен. Бирок өкмөттөр аралык деңгээлде кол коюлган келишимдердин аткарылышын катуураак талап кылса эле баары чечилет.
Бул жерде абдан жакшы сунуштар айтылып жатат. Мен да бир нече ойду ортого салайын. Чет жактагы, бул жерде конкреттүү түрдө алсак, Тажикстандагы кыргыз мектептеринин мугалимдери үчүн кесиптик чеберчилигин жогорулатуу курстарын өткөрүүнү колго алуу керек. Буга анча чоң деле акча кетпейт. Азыркы шартта ал жактагы кыргыз мугалимдердин, айрыкча кыргыз тили, адабияты, тарых сабактары мугалимдеринин кесиптик камылгасы өтө начар. Ташкентке чектеш райондордон Бишкекке, Тажикстандан Ошко мугалимдерди алып келип, негизги педагогикалык жождордун базасында ушундай курстардан өткөрүп турса абдан жакшы болор эле. "Ак шумкарды" да колдошубуз керек.

Сейит Жаанбаев:
- Атайын кайрылуу келсе, бул курстарды биз уюштуруп бере алабыз.





Тажикстандагы туугандарыбыз билим жана саламаттык сактоо жагынан чоң жардамга муктаж
Кынатай Эдилова, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын кызматкери:
- Бүгүнкү конференция мага абдан жагымдуу маанай тартуулады. Кайда гана жүрбөйлү, баарыбыз бир тууганбыз, бир боорбуз, кыргызбыз. Азыркы сөздөрдүн баары ушул боордоштук сезим менен айтылып жатат. Тажикстандык туугандарыбызга кандай жардам бере алабыз, эмне кылсак болот деп чогуу акылдашып отурганыбыздын өзү жакшы саамалык.
Кара сөздүн чебери Мурза Гапаровдун чыгармаларын бала чагыбызда эле окуп, тажикстандык кыргыздардын кулк-мүнөзүн, жашоо таризин, нукура кыргыздык касиеттерин, пейилин билип калганбыз. Насип буюруп, 1990-жылдардын башында Гапаровдун чыгармачылыгын изилдеген адис катары мен Илимдер академиясынан бир айлык илимий иш сапар алып, Тажикстандын бардык айылдарында болуп келгенмин. Мени абдан кубантканы, ал жактагы кыргыздардын жан дүйнөсүнүн тазалыгы, меймандостугу болду. Бир келген конокту канча жылдан бери күтүп жүргөндөн бетер абдан жакшы тосушат экен. Элдин боорукерлиги, эмгекчилдиги жакты.
Кыргыздын балдары тажик тилинде билим алып жаткан жерлерди көргөндө абдан кейидим. Музыка жана дене тарбия сабактарына өгөйлөгөн мамиле бар экен. Адепсиздер ырдап, бийлейт, дене тарбияга барып эмне кыласың, чуркаганды өзүң деле билесиң деп балдарын тоскон ата-энелерди кездештирдим. Эскирип, тытылып бүткөн окуу куралдарын колдонушат экен. Балдардын билим алууга умтулуусу ушунчалык күчтүү, бирок алардын талабы канааттандырылбай кала берүүдө. Мугалимдердин жетишсиздиги да көрүнүп турат. Ошол жылдары саламаттык сактоо жагынан да жагдай абдан оор болчу. Ушул тармак боюнча эки республиканын тиешелүү министрликтери макулдашып, жардам берсек жакшы болмок. Ар кайсы мектептерден, райондук билим берүү башчылыгынан кат жаздырып келип, өзүбүздүн министрликке кайрылганыбызда, бизге көптөгөн китептерди беришкен. Даяр китептерди алгыла деп кат жазганыбызда, ушунчалык кубануу менен келип алып кетишкен. Канча жыл бою окуучулар ыраазылыгын билдирип кат жазып жүрүштү бизге.
Бул жерде айтылган сунуштардын баарын мен эне катары, илимпоз катары чын дилден колдойм. Айрыкча билим берүү жана саламаттык сактоо багыттарында жардам уюштуруу абдан зарыл деп баса белгилегим келет.





Чет жакта туулуп өскөндөр тың болобу?
"Асаба" партиясынын төрагасы
Салмоорбек Жамалдинов:
- Башка элдин арасында жашагандар тың болушат. Тарыхтан карап көрсөк, Түркиянын эң атактуу адамы Мустафа Кемал Ататүрк Грецияда туулуп өскөн. Дагестандын дүйнөгө белгилүү акыны Расул Гамзатов Россиянын Псков облусунда туулган. Биздин Асанкан Жумакматов сыяктуу белгилүү адамдарыбыздын көбү башка жерде, бөтөн элдин арасында төрөлүшкөн. Мен силерден деле ушундай атактуу адамдар чыгат, силер өз жериңерди эле эмес, Кыргызстанды да өнүктүрүүгө зор салым кошосуңар деп үмүт кылам.

Кулмахмат Авалбеков, КТРдин "Ала-Тоо" маалымат программасынын кабарчысы:
- Жерге-Талдагы кыргыздардын арыз-муңун, түрдүү маселелерин Мирзохалим агай эң көп козгоп келатат. Рахмат сизге, агай!
Жана Салмоорбек агай жакшы айтты, силерден да жалпы кыргыздын керегине жараган азаматтар чыгат деп. Кудайга шүгүр дейли, азыр деле илимдин бизден чыккан жети кандидаты иштеп жатат Кыргызстанда, генералдарыбыз бар.
"Балык алып бергенче, аны кармап, бышырып жегенди үйрөтүү керек" деген сөз бар эмеспи. Окуу китептерин жеткирели, мугалимдерди даярдайлы, кесиптик чеберчиликти жогорулатуу жагынан жардам берели деген сунуштар абдан жакшы, мен да колдойм. Бирок ошол эле учурда жарандык коомду калыптандыруу жагынан да иш жүргүзүү зарыл. Жерге-Талда, Мургапта эл өз оюн ачык айтуудан коркот. Диктатура абдан күчтүү. Республикалык, райондук деңгээлдерди айтпай эле койолу, айыл өкмөтүнүн башчысын сындай албайт. Бул жагынан бейөкмөт уюмдар ар кандай тренингдерди уюштуруу аркылуу жарандык коом, адам укуктары, мыйзамдуулук сыяктуу түшүнүктөрдү жергиликтүү калкка жеткирсе болор эле.
Тажикстанда жашаган кыргыздардын өздөрүнүн диаспоралык уюмдары жок. Кагаз жүзүндө түзүлгөн болушу мүмкүн, бирок аларда "иштегендер" өз укуктарын, иш жүргүзүү жол-жоболорун билбейт, уюштуруучулук тажрыйбасы да, шыгы да жок.
Кыргызстанда болсо этникалык кыргыздардын маселелери менен иш жүргүзө Миграциялык фонд бар. Анда этникалык кыргыздардын жагдайын билбеген, билүүгө кызыкпаган, эч нерсе кылбай эле айлык алган кишилер отуруп алган. Дал ушул этникалык кыргыздардын атына жамынып, алардын балдарына жардам берип жатабыз деп Ысык-Көлдө интернаттарды, үйлөрдү салып алышкан. Өздөрүнүн туугандарын жайгаштырып коюшкан. Бул анык чындык.


Замир Осмоналиев, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын окутуу секторунун кызматкери:
- Биздин комиссиясында чыгарылган китептер бар. Мисалы, орфографиялык эрежелердин жаңы чыгарылышы. Жакында орфографиялык сөздүк да жарык көрөт. Компьютердин кыргызча "Тамга-КИТ" программасы, Юдахиндин кыргызча-орусча, орусча-кыргызча сөздүктөрүнүн электрондук варианты бар. Мына ушуларды сурап кат жүзүндө биздин комиссияга кайрылсаңыздар, беребиз. Электрондук варианттагы китептерди каалаганча көчүрүп, көбөйтүп алса болот эмеспи.

Гүлзада Абдалиева, КМУнун окутуучусу:
- Өзүмдүн окуучуларым ушул конференцияны уюштуруп жатканын көрүп абдан ызаазы болдум. Илимий диссертациямды кытай кыргыздары боюнча жактагам. Этникалык кыргыздар темасы мени башынан эле кызыктырып келет. Жакында Өзбекстанда Замин, Бахмалда болуп келдик. Ушул жерде баятан бери айтылып жаткан китеп, кадр, мугалимдердин кесиптик чеберчиликти жогорулатуу маселелер ал жерде да курч бойдон турат. Кыргыз музыкасы боюнча мугалимдердин, аспаптардын жоктугунан ал жердеги кыргыздар балдарын өзбек музыкасын үйрөтүүгө аргасыз болуп жатыптыр. Аякта кыргыз борбору бар экен, андагы кызматкерлер демөөрчүлөрдү деле өзүбүз табабыз, бир-эки адис жиберсеңер музыкалык мектеп да ачат элек деп суранышты.
Чет жакка китеп жеткирүү маселеси чындыгында эле оор экен. Мен өзүм Кытайга китеп жеткирем деп ала барган китептерим менен төрт саат камакта жаткам. Китептердин мазмунуна абдан кылдаттык менен кароо керек экен. Айрыкча тарых боюнча китептерге этият болуу зарыл, себеби бул сабактын мазмунуна сөзсүз түрдө саясат аралашат. Ал эми музыка, этнография багытындагы китептерди алып өтүү эң оңой. Жаштардын экспедиция уюштуруу идеясын мен колдойм.

"Аалам кыргыздары" журналынын кызматкери Тынчтык Алтымышев:
- Чындыгында иштейм деген адам ар нерсенин жолун табат. Мына, китептерди чегарадан өткөрүү кыйын дешет, биз журналыбызды эч тоскоолдуксуз эле жеткирип жатабыз.