"Айылдык билим берүү" долбоору

МЫКТЫЛАРДЫ ШЫКТАНДЫРГАН бАалоо
Билим берүү жана илим министрлиги "Айылдык билим берүү" долбоорунун алкагында сабак берүүнүн сапаттуулугу үчүн материалдык колдоо боюнча жаңы тутумга (системага) ылайык баалоо-аттестациялоодон өткөн мугалимдерге атайын кошумча акы төлөө баштады. Аттестациялоонун бул жаңы түрү канча жылдык стажы бар экендигине карабастан мыкты иштегендерди шыктандырууга багытталган.
Мугалимдин ишин баалоонун жаңы формалары жана жол-жоболору азыр Ысык-Көл жана Талас облустарында кеңири жайылтылып жатат. 8-апрелде Балыкчы шаарынын Лев Толстой атындагы №1 орто мектебине чогулган көлдүк мугалимдерге "Айылдык билим берүү" долбоорунун координатору Гүлжан Мамытова төлөөнүн кечиктирилип келгендигинин себептерин айтып, жыла баштагандыгын сүйүнчүлөдү. (Мугалимдер менен маектешкенден кийин ушул мектептин башталгыч класстар мугалими Вера Колтунова жаңы усулдарды колдонуу менен ачык сабак өткөрдү. Анан РСК банкынын жергиликтүү филиалынан ушул тутум боюнча аттестациядан өткөн мугалимдерге акы төлөнүп берилди.)
- Мисалы, бул төлөмдөн салык алынышы керекпи же жокпу, алынса канча болушу керек деген маселени чечүү зарыл болду, - деди Гүлжан Мамытова. - Биз адегенде бул кошумча акыдан эч кандай салык алынбасын деп көп аракет жасадык. Юристтерди жалдадык, ар кандай жүйөлөрдү келтирдик. Бирок каржы министрлиги көнбөй койду. Ошондо өкмөткө кайрылып, жумуш берүүчү уюм тарабынан соцфондго төлөнө турган 19%дык салыктын ордун толтуруу үчүн чогуу каржылоону (софинансирование жасоону) өтүндүк. Бул акча 5-мартта гана келди.
Биздин долбоордун "Бюджеттештирүү жана стратегиялык пландоо" деп аталган 5-компонентинин алкагында жан башына каржылоо модели Ысык-Ата районунун мектептеринде сынактан өткөрүлдү. Эми бул модель Ысык-Көл облусунун мектептеринде өркүндөтүлөт. Ысыкаталыктар өздөрүнө келип түшкөн каражатты үнөмдөп, мыкты мугалимдерди сыйлоого, аларга колдоо көрсөтүүгө жумшоонун жолдорун үйрөнүштү. Кээ бир мектептерде окуу бөлүм башчылары айтышты, айрым мугалимдер 12 миң сомго чейин колдоруна алышыптыр. Бирок алардын тажрыйбасында кемчиликтер да жок эмес. Мисалы, алар мугалимдерге баа бергенде илгеркидей коомдук иштерге катышуусу, эмгекке катышуу коэффициенти сыяктуу көрсөткүчтөрдү пайдаланышыптыр. Силер муну кайталабай, кыйла жаңы чек-ченемдерди иштеп чыгып, колдоносуңар деп ишенебиз. Башкача айтканда, биз дагы да жакшыраак, кызыктуураак иштешибиз керек. Өткөн жумада биз жан башына каржылоо боюнча семинар өткөрдүк. Ага Ысык-Ата районунун жана Ысык-Көл облусунун мектептеринин директорлорун чакырган элек. Ысыкаталыктар өздөрүнүн тажрыйбасын айтып бергенде, көлдүк директорлор да ушул кемчиликтерди белгилешти.
Башка компоненттерге (мисалы, инфраструктураны жакшыртууга) салыштырмалуу биздин компонент канчалык татаал экендигин байкагандырсыздар. Анткени ал билим берүүнүн ички мазмунун жаңылоого багытталган. Буга чейин билим сапатын кантип жакшыртууга болорун билчү эмеспиз деген ойлорду көп уктук мугалимдерден. Ырас, кагаз толтуруу иши да бир топ убара кылат, бирок мына компьютерлерди берип жатабыз, аларды пайдаланууну үйрөнүп алсаңыздар, түйшүгүңүздөр бир нече эсе жеңилдейт. Мисалы, К.Тыныстанов атындагы орто мектептин директору бизге мугалимдеринин 70 % компьютерди колдоно билерин айтты.
Кошумча төлөмдөр бул ирет жарым жыл үчүн берилет. Кийинки жарым жыл үчүн окуу жылынын аягында төлөнөт. Ушул окуу жылынын аягында дагы эле ошол тышкы баалоочулардын жардамы менен бүтүндөй мектептердин ишин баалап, мыктыларын сыйлайбыз. Былтыр мугалимдерди жекече иштөө жагынан үйрөткөн болсок, эми команда катары жалпы ишти илгерилетүү жолдорун үйрөтөбүз. Бул ирет бүтүндөй мектептин демине, ишинин максаттуулугуна, натыйжалуулугуна баа беребиз да, мыктыларына 2 миң доллардан беребиз. Бул каражатты да кандайча иштетүүнү өзүңөр акылдашып чечесиңер.

Мугалимдер ой бөлүшөт
Балыкчы шаарынын билим берүү бөлүмүнүн башчысы Кулова Майрам:
- Мурда көбүнчө шык-жөндөмү даана байкалган гана балдар менен иш жүргүзүп, калган көпчүлүк окуучуларга анча көңүл бурулбай кала берчү. Эми жаңы тутумга, формативдик баалоо ыкмаларына, окутуунун интерактивдүү усулдарын колдонууга жараша жагдай өзгөрдү. Көпчүлүк балдар чындыгында абдан жөндөмдүү экендигин далилдегенге мүмкүнчүлүк алышты. Окууга карата мамиле да өзгөрдү.
- Окуу китептери менен кандай камсыздалып жатасыздар?
- Эски китептерди кошо эсептегенде 56 %. Айрыкча англис тили, орус тили, физика окуу китептери, башталгыч класстардын китептеринен математика, адабий окуу боюнча китептер жетишпейт.
- Балыкчынын мугалимдери "Кутбилим" гезити менен эң активдүү катышат. Эми биз жарыялап жаткан материалдардын, методикалык иштелмелердин жакшы жана начар жактарын да белгилеп, сунуш-пикирлерин жазып турушса болор эле.
- Абдан жакшы болот. Бизде мугалимдердин ишине баа бергенде бир жылда канча усулдук материалын жарыялаган деген көрсөткүч да эске алынат. Шаардагы усулдук секцияларда мугалимдер даярдаган иштелмелер дайыма талкууланып, мыктылары гезитке сунушталат. Чыгармачыл мугалимдердин күндөрү өткөрүлөт, отчеттору угулат. Бул мугалимди шыктандыруунун жакшы жолу экен.

Бектурганова Гүлмира, Тоң районунун Шамей Токтобай уулу атындагы орто мектебинин директору:
- Мурунку жылдары биздеги билим сапатынын көрсөткүчү 29,8 %ды түзгөн болсо, азыр формативдик баалоону киргизгенден бери 33,5 %га жогорулады. Демек мугалимдердин сабак берүү чеберчилиги жакшырууда. Чыгармачылык менен иштөөгө, өзүнүн кесиптик камылгасын байытууга умтулуу байкалып турат. "Айылдык билим берүү" программасынын колдоосу менен 94 миң сомго география кабинетин толугу ремонттоп, зарыл окутуу каражаттары (карталар, телевизор, DVD, дисктер ж.у.с.) менен жабдыдык. Дагы 82 миң сомго музыка сабагынын кабинетин ремонттоп, музыкалык аспаптарды, аппараттарды сатып алдык, бий ийримине катышуучулар үчүн түрдүү костюмдарды тиктирдик.
Биздин ишибизди сырттан баалоочулар келип баалайт. Былтыр аттестациядан өткөн соң мугалимдерибиз ар кайсы даражаларды алышты. Мен өзүм директор-лидер болдум, завучубуз менеджер. "Устатка" бир мугалимибиз көрсөтүлдү эле, бирок материалдарын убагында жарыялабай калган экен, азырынча өткөн жок. 6 мугалимибиз "Кесипкөй-1" даражасына жетишти.

Карачева Өмүргүл, №4 гимназия мектебинин тарых мугалими:
- Былтыртан бери формативдик баалоо ыкмасын колдоно баштадым. Азыр менин 11А-классымдагы окуучуларымдын көбү мурункудан кыйла жакшы окуп калды. Эң негизгиси - алар өзүн-өзү баалоону үйрөнүштү. Интерактивдүү усулдарды пайдаланганда мурда такыр унчукпай, талкууга катышпай тартынып жүргөн балдар ачылып, өз ойлорун эркин билдирип жатат. Топтордо иштегенде ар бир окуучу лидерлик тажрыйбасын, аз да болсо, өздөштүрөт экен.
- Окуучуларды өзүн-өзү баалаганга кантип үйрөттүңүздөр?
- Буга топтордо иштеп жатып эле көнүгүшөт. Бир топ экинчисине суроо берип, жоопту баалайт, экинчи топ бул баалардын жүйөлүү болушун талап кылат. Макулдашылган баалоо чек-ченемдерине (критерийлерине) таянып, өздөрүнө да, атаандаш топко да калыс баа бергенди бара-бара үйрөнүп кетишти. Ошентип ар кимиси жекече өздөрүнө да баа бере баштады.
Ушул эле мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы Эралиева Чолпон:
- Окуучуларды өзүнө баа берүүгө үйрөтүүдө мен балл тутуму менен иштедим. Биздин балдар баа алам деп эле жан талаша берет эмеспи. Топто же түгөй болуп иштегенде көбүнчө баага көп кызыгышат. Формативдик баалоонун алкагында иштегенде мен балдардын кызыгуусун упай топтогонго бурам. Упайларды өздөрү да, топтордун лидерлери да, мен да коюп турам. Ошол упайлардын жыйындысы катары кыйла анык баа өзү эле белгилүү болуп калат.
Бул тутумга ылайык, мисалы, 2 упай "2" деген бааны билдирбейт. Биз советтик тутумда баа өтө эле "дүңүнөн" коюлуп калчу: кээде бала кичине эле бир нерсени айтымыш болуп баа алса, кээде жообу бир аз эле толук болбой калса "3" же атүгүл "2" коюла берчү. Упайлык тутумда ар бир аракет, умтулуу улам бааланып отурат да, баа инсанды калыптандыруучу касиетке ээ болот.
Мунун дагы бир жакшы жагы - балдардын эркин ой жүгүртүүсүнө, чыгармачыл иштөөсүнө өбөлгө түзүлүп, жашы түрткү берилет.
Ушул мектептин директору Акулуева Бурулуш:
- Биз "Айылдык билим берүү" программасынын колдоосу менен мектепте балдар үчүн устакананы, кыздар үчүн өнөркананы ачтык. Керектүү станоктордун, машиналардын, жабдуулардын баарын алдык. Окуучуларыбыз абдан кызыгып, үйрөнүп жатышат. Кыздар тоголок жетим балдарга жакшынакай көйнөктөрдү, костюмдарды тигип беришет. Дагы бир долбоор боюнча окутуунун медиа каражаттарын алып пайдалана баштадык. Мисалы, химия, физика ж.б. сабактардан абдан сонун дисктерди сатып келдик, DVD аркылуу сабактарда кеңири колдонуп жатабыз. Бишкектеги "Одиссея" китеп дүкөнүнө буюртма бергенбиз.
- Ошол дисктердин баары орусча болсо керек?
- Албетте, ушундай каражаттарды адистер кыргыз тилинде даярдап чыкса же которуп берсе абдан сонун болор эле. Эми "Кыргызфильм" киностудиясында тартылган тасмаларды да көчүртүп алууга буюртма берели деп жатабыз. "Айылдык билим берүү" долбооруна биз баарыбыз - мугалимдер жана ата-энелер абдан ыраазыбыз.