Музыка жана тарбия

Улуттук куррикулум аркылуу музыка предметин окутуунун негизги принциптери
Улуттук куррикулум, музыка предметин окутуунун өзүнө гана таандык спецификалык принциптерине негизделет. Аларга төмөнкүлөрдү кошсок болот:

1. Улуттук куррикулум музыка предмети боюнча музыкалык-предметтик, музыкалык-теориялык, музыкалогиялык маалыматтарды берүүнү гана көздөбөстөн, музыкалык ар кандай жанрдагы чыгармаларды ырдоо, уктуруу аркылуу окуучуларды, ал чыгармалар жөнүндө эффективдүү анализ жасоого, өз ойлорун образдуу айтып берүүгө жана логикалык ой жүгүртүүлөрүн өстүрүүгө тийиш. Окуучу мында, уктурулуп жаткан музыканын мазмунун жөн эле кара сөз менен айтып, музыкалык терминдердин эрежелерин жаттап эле кайталап коюуну эмес, ошол алган музыкалык билими аркылуу музыкалык текстке, речке карата музыкалогиялык ой жүгүртүүгө жетишүү да болуп саналат. Анда реалдуу турмушта кездешип жаткан музыкалык маданият менен ар кандай кырдаалда туура музыкалык ой жүгүртүүгө, анализдөөгө, маданияттуу маектешүүгө зарыл болгон көндүмдөрдү калыптандырууну да максат кылат.
2. Улуттук куррикулум музыка предметин окутууга карата жаңыча мамилени талап кылат. Анда реалдуу турмуштун мүмкүнчүлүгүндө жана керектөөсүндө турган инсандардын жалпы эстетикалык багытында өз ара байланышуусундагы бүтүн система жатат. Тактап айтканда, музыка - бул искусствонун бир түрү, музыка - бул добуштардын тили, музыка - бул адам баласынын ички акыл-ой байлыгынын уюткусу, казынасы. Музыка - элдик ырлардан операга чейин, гимнден симфонияга чейин, ар түрдүү жанрларда жана формада жаралат. Ошондуктан музыканын негизги булагынын түзүлүшүн - кайрык, обон түзөт. Ошондой эле мында комуз, кыл кыяк, ооз комуз, жыгач ооз комуз сыяктуу улуттук аспаптарда, элдик жана профессионалдык багытта жаралган мыкты музыкалык чыгармаларды, анын ичинен күүлөрдү угуу, аларды анализдөө, ноталардын жайгашууларын так, даана жазуу ж. б. принциптерин бири-бири менен байланыштырып туруп, окуучуларга негизги музыкалык-эстетикалык билим, тарбия берүү кызматын аткаруусу зарыл.
3. Улуттук куррикулум окуу стандартынан айырмаланып, музыка предметин башталгыч класста окуу предметтеринин бири катары гана кабыл албастан, ал окуучулардын музыкалык маданиятты таанып билүүдө жана ал оюн башкаларга жеткирүүдө маанилүү курал экендигин түшүндүрүп берүүгө тийиш. Музыка предметин окутуу аркылуу музыкалык маданияттуулуктун социалдык көндүмдөрүнө калыптандырат. Ал өзүнө, элдик жана классикалык музыканы таанып-билүү менен бирге анын орду класста өтүлүп аткан музыка предмети менен чектелбестигин, ошол музыкалык-эстетикалык билим берүүнүн негизги булагы болуп санала тургандыгын да окуучуларга жеткирүүнү милдеттенет.
4. Улуттук куррикулум музыка сабактарында ар бир балага өз алдынча мамиле кылууну, өзгөчө алардын жеке искусствого болгон кызыкчылыктары менен бирге үйрөтүү жолдорун, ыкмаларын аныктайт. Мында билим берүүнүн инсанга карата мамилеси башкы орунга чыгат да, музыканы окуп үйрөнүүдө анын өзгөчөлүгүн, маанилик, мазмундук касиетин таанып билүүдө ар бир баланын жан дүйнөсүндөгү айырмачылыктары, ички акыл ой байлыктары эске алынуу менен уюштурулган сабактар аркылуу ишке ашат.
5. Улуттук куррикулум музыка сабактарында окуучуларды музыкалогиялык жактан туура ойлонууга үйрөтүүнү да максаттанат. Анда музыкалык маданият жөнүндө пикирлешүүдө ар бир айтылган ой же музыканы угуу учурундагы музыкалык сүйлөм же тил кандай мааниде аткарылып жатканы, кандай мааниде экендигин окуучу аныктап билүүсүнө чейинки окуу процессин ичине алуу багытын көздөйт. Музыканын музыкалуулугу, маанисинин жана мазмунунун көркөмдүүлүгү, эстетикалуулугу, образдуулугу, жагымдуулугу сыяктуу касиеттер да окуучулар тарабынан туура кабылданышы окуу процессиндеги негизги аракеттерди түзүүгө тийиш.
6. Музыка предметин учурда окутууда буга чейин көп эле маани берилбей келген көрүнүштөр бар. Алардын башкысы музыкадагы негизги обон менен анын өзгөчөлүктөрүн окутуу, музыка сабагында кездешкендей, предметтеги музыкалык билимдик көндүмдөрдү калыптандыруу менен чектелбестен, ар бир сабакта музыкалык чыгармалардын мазмунунда реалдуу турмуш менен катышта турган бүтүн бир элдин музыкалык маданиятын үйрөнүүсү зарыл. Турмушубузда жакшы менен жаманды, терс каарман менен оң каарманды чагылдырган мазмундагы музыкалык чыгармаларды жана элдик жомок, уламыштар сыяктуу музыкалык улуттук маданиятка бай, өзгөчөлөнгөн касиеттерди ажырата алуучу билим жана тарбияга жетишүүсү керек болуп турат.
7. Музыка предметин окуу эне тилинде же башка тилдерде кездешкен музыкалык терминдер менен сөздөрдү жаттап үйрөнүү эмес. Өтүлгөн ар бир сабак балдарга ошол окуп, үйрөнүп жаткан музыканын ички сырын, көркөмдүк касиетин, музыкалык мазмунун, музыкалогиялык маанисин түшүнүп, музыканын көркөмдүгүнө, элестүүлүгүнө суктана алгыдай кызыктуу сабакты тартуулоосу шарт. Ырас, музыка сабагында буга чейинки сабактардан айырмаланып, инсанга багытталган билимди берүү зарылдыгы турат.
8. Музыка сабагы мугалимден эле эмес, ар бир окуучудан чыгармачылык эркиндикти талап кылат. Эгерде аталган сабакта ар бир окуучу өз чыгармачылыгына жетише алса, анда берилген музыкадагы мазмундун мааниси менен гана чектелип калбастан, көркөм образдуу элестүүлүгү артып, окуучунун музыканы үйрөнүүгө, ырдоого, сүйүүгө, түшүнүүгө жана таанып билүүгө болгон кызыкчылыгын арттырат. Демек чыгармачылык музыка сабагында мугалимге эле таандык болбостон, ар бир окуучуга да тийиштүү болуп саналат. Эгерде окуучу музыканын маанисин жана мазмунун терең үйрөнүүсү керек болсо, анда ага өз алдынча иштегенге шарт түзүп, ар бир бала өз оюн жеткиликтүү айтып берүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн экиден иштөө, майда топтордо иштөө жана өз алдынча иштөө сыяктуу интерактивдик методдорду колдонуу зарылдыгы турат.
9. Музыка предметин окутуу, руханий музыкалык-маданиятка тарбиялоо максатын көздөйт. Мында окуучу музыкадагы этнографиялык, музыкалогиялык, музыкалык фольклордук чыгармалардын жаралуу булактарын окуу, үйрөнүү менен бирге Кыргызстандын жалпы маданий, музыкалык-эстетикалык булактары болгон башка элдердин да музыкалык фольклордук жана классикалык чыгармаларын өздөштүрүү милдети коюлууда.
10. Ар бир сабактагы чыгармачылык, окуучулар үчүн кадимки көндүмгө айланышына жетишүү музыка предмети боюнча сабактардын негизги стратегиясы болууга тийиш. Анда окуучулар жөн гана өтүлгөн музыкалык же өздөрү жакшы көргөн музыкалык чыгармаларды каалаганындай аткара бере тургандай эмес, өзүнүн алган музыкалык билимин, өздөштүргөнүн чыгармачылык менен турмушунда пайдалана алуусун шарттоо ар бир сабактын формаларын түзүүсү зарыл. Ар бир ырдын текстинин мазмунундагы элестүүлүк, музыкалык чыгармадагы образдуулук менен бирге окуучунун ички акыл-ой байлыгында, жан дүйнөсүндө көркөмдүктү баалай билүү касиетин өстүрүү менен турмуш чындыгындагы көрүнүштөрдү туура баамдоого бири-бирин салыштыра билүүгө, анын натыйжасында сапаттуу жана окуучуларга жеткиликтүү болгон музыкалык фольклордук чыгармаларды ажырата алууга, жакшы менен жаман чыгармалардын ортосун айырмалап түшүнүүгө жетишүү милдети ар бир окуучуга чыгармачыл мамиле кылууну шарттаганы турат.
11. Учурда буга чейин колдонулуп келген билим берүүдөй эмес, окутуунун стратегиясы окутулуп жаткан музыка предметинен эмне натыйжа ала тургандыгын окуучуга ачык көрсөтө алгандыгы менен айырмаланат. Эгерде окуучу музыка предметинен өз турмушуна реалдуу таасир эте алган музыкалык билимдин зарыл болгон негиздерине жетише албаса, анда предметтик сабак берүүнүн стратегиясы туура эмес экендиги аныкталат. Азыр музыкалык-эстетикалык билим берүү системасын окуучунун турмушу менен тыгыз байланышта кароо азыркы мезгилде дүйнөлүк эстетикалык билим берүүдө башкы орунда турат. Ырас, мындай мамиле музыкалык-эстетикалык билим алууга болгон талапты гана көтөрбөстөн, окутула турган эстетикалык циклдагы бардык предметтерди интеграциялап, окуучуларга музыкалык билим берүү процессин бүтүн бир пайдалуу система катары кабылдоого шарт түзгөндүгү менен айырмаланат.
12. Коомдун азыркы талаптарына ылайык мугалим бардык сабактарында чыгармачыл болушу керек. Анын чыгармачыл аракетинин негизги мазмуну, ар бир окуучуга индивидуалдуу мамиле кылууга шарт түзүшү маанилүү. Ал ар бир мугалимден музыка предметин окутууда предметтик окууну уюштурууну гана эмес, музыкалык билим берүүдө интеллектуалдык көндүмдү, моралдык-этикалык, эстетикалык, музыкалык-эстетикалык, музыкалогиялык жана коммуникациялык компоненттеринин бардык аспектилерин иштетүүнү талап кылат.

Ж.Дүйшөналиев,
музыка таануучу, КББАнын кызматкери.