mainkaptal

Пользовательский поиск
Эгинзар үчүн - жамгыр,
Эл эртеңи үчүн - илим
(Жаш окумуштуулар кеңешинен)
Өткөн аптада Кыргыз билим берүү академиясынын жетекчилиги жана Жаш окумуштуулар кеңеши тарабынан уюштурулган "Илим-изилдөө жүргүзүүнүн технологиясы" аттуу эки күндүк семинар-тренинг болуп өттү. Ал илим изилдөөчүлөр үчүн жана илимге жаңыдан аралашып жаткан жаш адистер үчүн пайдалуу чоң сабак болду.

Илим - бул изденүүчүдөн өзгөчө ишмердик сапаттарын талап кылган татаал процесс, ошондуктан илимий-изилдөө ишине каалаган эле адис тартыла бербейт. Изилдөө жүргүзүүдө кездешүүчү ар тараптуу кырдаалдан кандай ыкма аркылуу чыгууну, актуалдуу проблеманы аныктоону максат коюп, ага ылайык илимий жаңылык ачуу жол-жоболорун, технологиясын тактап алууну окумуштуулар жаш изденүүчүлөргө үйрөтүп, "устаты шакиртин" тарбиялап келет.
Советтер Союзу тарагандан кийин, базар экономикасынын шартында илимпоздордун уланмалуу муун аралык карым-катнашы бир аз солгундай түшкөндүгүн байкасак керек. Андан бери өлкөдөгү кырдаал өз нугуна түшүп, илим-изилдөө иштери да системалуу түрдө жөнгө салына баштады. Жаш илимпоздордун көңүл борборун учурдагы актуалдуу илимий-проблемаларга буруу, илимдеги артыкчылыктуу тармактар боюнча жаш кадрларды даярдап чыгаруу, алар үчүн ар түрдүү иш-чараларды уюштуруу аркылуу теориялык да, практикалык да көндүмдөрдү калыптандыруу маселелери көңүл борборунан орун алды. Билим берүү жана илим министрлигинин алдында, Кыргыз билим берүү академиясынын алдында, бардык ЖОЖдордо Жаш окумуштуулар кеңештери түзүлүп, бул кеңештер бири-бири менен тыгыз байланышта иш алып барып жаткандыгын баса белгилей кетким келет. Жогоруда айтып өткөндөй, аспиранттар, жаш изденүүчүлөр үчүн семинарлар, тренингдер, отурумдар, ж.б. тегерек үстөлдөр Кыргыз билим берүү академиясында көрүнүктүү академик, профессор окумуштууларыбыз: И.Б.Бекбоев, Э.Мамбетакунов, А.Мамытов, С.Байгазиев, Н.Ибраева, А.Касымов, У.Мамбетакунов тарабынан колдоого алынып, уюштурулууда. Сөзүбүз куру болбос үчүн мындай иш-чаралардын айрымдарын атай кетким келет.
2008-жылдын 18-19-мартында аспиранттар жана изденүүчүлөр үчүн КББАнын эки күндүк теориялык жана илимий-практикалык семинары уюштурулуп, бул семинарга КУУдан, КМУдан, Манас университетинен, КТУдан, КЭУдан, БГУдан аспиранттар, изденүүчүлөр катышышып, анда КББАнын Мектеп жана мектепке чейинки билим берүү борборунун директору, п.и.д., проф. И.Бекбоевдин "Состояние и перспективы педагогической науки Кыргызстана", КББАнын президенти, п.и.д., проф. А.Мамытовдун "Модернизация системы высшего профессионального образования Кыргызстана", КББАнын вице-президенти, ф.и.д., проф. С.Байгазиевдин "Глобалдашуу процесси жана Кыргызстандын тарбия стратегиясы", п.и.д., проф. Э.Мамбетакуновдун "Методология педагогической науки и методы исследований", п.и.д., проф. К.Добаевдин "Основные направления реформирования современного школьного образования в контексте профилизации и индивидуализации обучения" жана ф-м.и.к. Н.Гордееванын "Роль и значение компьютерной технологии в научном исследовании" аттуу докладдарын угуп, талкууларга катышып, окумуштуу агайлар менен пикир алышып кайтышкан. Бул семинардын максаты жаш илим изилдөөчүлөрдүн көңүлүн илим-билимдин, таалим-тарбиянын олуттуу теориялык-методологиялык маселелерине буруп, алардын илимпоз катары көз карашын калыптандырууга көмөктөшүү эле.
Андан кийин 2008-жылдын 27-ноябрында КР Билим берүү жана илим министрлигинин алдында п.и.к., доцент У.Мамбетакуновдун жетектөөсү астындагы Жаш окумуштуулар кеңешинде тегерек стол болуп, ф-м.и.к., доцент С.Рахманкулованын "Опыт и возможности использования дистанционного обучения на примере Республики Узбекистан" деген доклады боюнча талкуу болгон. Бул тегерек столго да ЖОЖдордун аспиранттары, изденүүчүлөрү, илимдин кандидаттары катышып, талкуу мыкты деңгээлде өткөн. Андан бери бул Жаш окумуштуулар кеңеши өз ара чогулушуп, бир нече отурумдарга, ЖОЖдордун иш-чараларына катышып, маселелерди чогуу чечип, тажрыйба алмашып, изденип, билим берүүгө жана илим изилдөөгө өз салымдарын кошуп келишет.
Илимий проблеманы чечүү системалуу мүнөзгө ээ экендиги белгилүү. Андыктан ошол системаны үйрөнүү, өз проблемасына ыкташтыра билүү айрым билимдерди, билгичтиктерди жана көндүмдөрдү талап кылат. Жогоруда саналып өткөн иш-чаралардан кийин илим изилдөөчүгө практика жүзүндө көрсөтүлүп, талкууга алынып, технологиясын окутуу зарылчылыктарынан улам, төмөнкүдөй семинар-тренинг болуп өттү.
Быйыл 11-12-мартта да Кыргыз билим берүү академиясында "Илимий-изилдөө жүргүзүүнүн технологиясы" аттуу семинар-тренинг болуп, аны п.и.к., доцент, КББАнын Окумуштуу катчысы А.А.Касымов алып барды. Бул жыйынга жогорку окуу жайлардын: КУУнун, КГУСТАнын, КМУнун, БГУнун аспиранттары, изденүүчүлөрү катышып, кызыктуу, пайдалуу иш-чарага абдан ыраазы болушту.
Илим-изилдөө жүргүзүүнүн технологиясы - семинар-тренингинде проблеманы аныктоодон, изилдөөнүн актуалдуулугун негиздөөдөн, анын максатын, объектисин, предметин, изилдөөнүн гипотезасын түзүүдөн баштап, илимий ишти жазуудагы эрежелер, илимий макалаларды жазуудагы талаптар, аттестациялоо комиссиясына керектелүүчү документтер, аларды топтоого чейинки этаптардын бардыгына байланышкан маселелерди А.А.Касымов чеберчилик менен түшүндүрдү.
Жаш изилдөөчүлөр үчүн максаттуу түрдө уюштурулган жогорудагыдай семинарлар, тренингдер, тегерек столдор ж.у.с. отурумдар тез-тез уюштурулуп турса, алардын ишинин натыйжалуулугу артмак. Ошондуктан эгинге жамгыр кандай керек болсо, эл эртеңине илим да ошондой керектигин билип, "эртеңкинин камын бүгүн көрөлү" дээр элем.

Ибирайым кызы Айжан,
КББАнын улук илимий кызматкери,
КР Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы
Жаш окумуштуулар кеңешинин,
КББАнын Жаш окумуштуулар кеңешинин мүчөсү.




меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси
Яндекс.Метрика