mainkaptal

Пользовательский поиск
  Жогорку билим

Абжапар Эргешов, Бишкек гуманитардык университетинин ректору:
"Билим берүү - эч токтолбой турган тынымсыз кыймыл"
Маектеш жөнүндө учкай кеп

o 1951-жылы Өзгөн районунун Көлдүк айылында туулган. Сузак районундагы Ж. Бөкөнбаев атындагы балдар үйүндө тарбияланган.
o 1976-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин география факультетин "кызыл" диплом менен аяктаган.
o 1976-1988-ж.ж. КРдин Илимдер академиясынын геология институтунда инженер, илимий кызматкер, лаборатория башчысы болуп иштеген.
o Кийинки он эки жыл бою Ош мамлекеттик университетинде окутуучу, ага окутуучу, доцент, кафедра башчысы, профессор болуп билим берүүнүн бардык баскычтарын басып өткөн.
o 2000-жылдан бери БГУда профессор, кафедра башчысы, окуу иштери боюнча проректор болуп эмгектенип келген.
o Үстүбүздөгү жылдын февралында КРдин Өкмөт башчысы И. Чудиновдун буйругу менен университеттин ректору болуп дайындалган.
o География илимдеринин доктору, профессор. 4 монография, 105 илимий жарыялоолордун автору. Москва университетинде ЮНЕСКОнун атайлаштырылган курсунан өткөн, Кытай, Орусия, Венгрия, Литва, Казакстан, Кыргызстанда экология, айлана-чөйрөнү коргоо, жаратылышты колдонуу көйгөйлөрүнө тиешелүү эл аралык илимий конференцияларга катышып, маанилүү баяндама, билдирүүлөр менен чыгып сүйлөгөн.
o Эл агартуунун отличниги, КРдин географиялык коомунун, Казакстандын Аль-Фараби атындагы университетинин докторлук даражаларды ыйгаруу боюнча окумуштуулар кеңешинин мүчөсү.
o Илимдин 7 кандидатын даярдап чыгарган, азыр 2 докторант, 5 аспирантка жетекчилик жүргүзөт.
o Үй-бүлөлүү, уул-кызды тарбиялап өстүргөн.

- Урматтуу профессор, эң алды Сизди өлкөбүздүн абдан кадыр-барктуу жогорку окуу жайларынын бири катары небактан бери таанылган БГУнун ректору болуп дайындалышыңыз менен куттуктап, жаңы ишиңиздеги жаңы ийгиликтерди каалап кетебиз. Муну менен бирге, ушул ыңгайлуу шарттан пайдаланып, өзүңүзгө бир нече суроо менен кайрылалы деген ниетибиз бар эле.
- Жылуу каалоо-тилектериңер үчүн чоң рахмат. Албетте, өзүңүз баа берип кеткендей, мындай аттуу-баштуу университеттин жетекчилигине келүү ким үчүн болбосун, маанилүү да, жооптуу да, ошончолук деңгээлдеги татаал да милдет. БГУнун өз алдынча бай тарых-таржымалы, басып өткөн тиешелүү жолу бар. Анын түзүлгөнүнө быйыл май айында туура 30 жыл толот. Бул анчейин деле ири мөөнөт болбогону менен, баары бир биздин жалпы эмгек жамаатыбыз үчүн мыйзамдуу түрдө сыймыктана турган жылнааманын өзүнчө бир "кызыл" баракчасы болуп саналаары түшүнүктүү эмеспи.
- Сөзүңүзгө аралжы, окуу жайынын түзүлүшү жөнүндө окурмандарыбызды кабарлай кетсеңиз...
- Эгемен Кыргызстандын гуманитардык жогорку билим берүү тармагынын таанылган көч башы болуп саналган биздин университеттин алгачкы кадамы - мурдагы СССР Министрлер Советинин 1979-жылдын 29-майындагы Фрунзе шаарында Орус тил жана адабият институтун ачуу жөнүндөгү белгилүү токтомунан башталат. Ал 1992-жылдын 17-июлунда Тилдердин жана гуманитардык илимдердин мамлекеттик институту болуп кайрадан түзүлгөн. Ал эми Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 8-майындагы токтомуна ылайык, институт Бишкек гуманитардык университети деген ат менен өзүнүн жаңы ишмердигин баштаган. Токтомдо баса белгиленгендей, анын алдына: "Жогорку мектеп реформасын ишке ашыруу максатында, гуманитардык билим берүүнү илимий, илимий-усулдук жактан камсыз кылууну жакшыртуу жана учурдун талаптарына жооп бере ала турган кадрларды даярдоо" милдети коюлган эле. 30 жыл дегениңиз - тарых агымындагы көз ачып-жумгандай эле бир оокум эмеспи. Бирок аталган аралыкта БГУ тынымсыз изденүү жана өнүгүүнүн жолун тандап алып, андан эч тайбай келатканын айта кетүү абзел. Ушул мезгил ичинде ал калыптануу, өсүп-өнүгүү иш-аракеттерин бардык багыттар боюнча өркүндөтүүнүн үстүндө чыгармачылык дем менен иштеп, Кыргызстандын жогорку билим берүү тулкундагы өзүнүн жекече жана туруктуу ордун издеп табуунун түйшүктүү, бирок жемиштүү жолун басып өтө алды жана 30 жылдык салтанатын эртеңки күнгө ишенимдүү кароо маанайында тосуп жатат демекчибиз.
- Эгерде, ушул артта калган үч он жылдыкка кыскача сереп салууга аракет кылсаңыз, ал көз алдыңызга кандайча тартылмак деп ойлойсуз?
- БГУ республикабыздын социалдык-экономикалык, маданият, эл агартуу жана билим берүү тармагы үчүн 15 миңге жакын жогорку маалыматтуу, дасыккан, кесипкөй адистерди даярдап чыгарып, алар өзүбүздө гана тургай, ошондой эле, КМШ өлкөлөрү менен алыскы чет мамлекеттерде да үзүрлүү иштеп жатышкандыгы маалым. Ал бүгүн - жаштарга жогорку билим алууга, өз маалыматын дагы бийиктетүүгө кеңири мүмкүнчүлүктөрдү сунуш кылып, илимий-теориялык жана практикалык терең изилдөөлөрдү жүргүзгөн, республика өз башынан кечирип жаткан күрдөөлдүү өзгөрүүлөргө жандуу катышып, коомчулуктун купулуна толгон окуу жайы болуп калды. Эң негизгиси, БГУ учурдун өктөм талаптарына жана эл аралык үлгүлөргө жооп бере алчу, гуманитардык билим берүү жана дүйнөлүк тилдерди үйрөтүү чөйрөсүндөгү эң алдыңкы университеттердин бирине айланды деп толук жоопкерчилик менен айтмакчымын.
Билим алуу, адамдын бүтүндөй өмүрүнүн агымында өз билимдерин жаңылантып туруусу - бүгүнкү ыкчам өнүгүп, барган сайын глобалдашып бараткан дүйнөдө - инсандын материалдык жана руханий байлыгын камсыз кылуучу негизги тетигине, билим берүүнүн чечүүчү максаты менен талабына айланып отурбайбы.
Табигый түрдө сыймыктана турган дагы бир өзгөчөлүгүбүз - биз көптөгөн өлкөлөрдүн жогорку окуу жайлары менен эки тараптуу, өз ара пайдалуу мамилелерди түзгөндүгүбүздө турат. БГУ АКШ, Орусия, Кытай, Түркия, Түштүк Корея, Италия, Жапония, Малайзия, Араб өлкөлөрү, Иран, Индия, Германия, Казакстан, Өзбекстан ж.б. 50дөн ашык белгилүү университеттер менен кызматташтыкты ар тараптан тереңдетип келе жатат.
Эгерим ушул кыйырдан ала турган болсок, БГУнун башкы милдети - ата мекендик илим менен билим берүүнүн бекем пайдубалына таянып, бул багыттагы заманбап жетишкендиктерди, алдыңкы тажрыйбаны кеңири колдонуу аркылуу, учурда талап кылынып жаткан дасыгы бийик кесипкөйлөрдү даярдап чыгаруу болуп саналат.
- БГУнун пайдубалын төшөп, кышын кыноого катышкан тарбия-таалимчилер жөнүндө да сөз козгой кетпейсизби.
- Бул - орундуу суроо. Анын түзүлүшү менен калыптанышына өз учурунда республикадагы белгилүү педагогдор, тил таануучу -адабиятчылар: Е.К. Озмитель, П.И.Харакоз, В.Д. Скирдов, В.К. Янцен, Ф.А.Краснов, А.В. Васильев, С.А. Савченко, Г.Н.Хлыпенко чоң салым кошушкан. Алардын ж.б. адистердин иш-аракеттери менен орус тили жана адабияты боюнча илимий-усулдук изилдөөлөрдү жалпылоо, окуу китептер менен окуу куралдарын түзүп чыгуу иши чындап колго алынып, БГУ республикадагы русистика боюнча негизги борборго айланып калган.
Эми ар кайсы мезгилдерде БГУнун башында турушкан жетекчилер жөнүндө айтпай кетүүгө болбойт. Анын алгачкы ректору болуп проф.В.Скирдов, андан соң В.Янцен, К.Коңкобаев, Т.Тургуналиев эмгектенип кетишкен. Алардан кийин профессорлор: И.Болжурова, С.Мусаев, А.Мусаев ректор катары жана бул милдетти убактылуу аткарып келишкен белгилүү илимпоздор окуу жайынын өсүп-өнүгүшүнө өздөрүнүн үзүрлүү салымдарын кошо алышкан.
Ушул жерден биздин мурдагы эки ректорубуз - И.Болжурова менен А. Мусаевдин өлкөбүздүн Билим берүү жана илим министри болуп дайындалганын эле айта кетсек, баардыгы өзүнөн өзү түшүнүктүү болот го.
Кыскасы, мен материалдык-техникалык, экономикалык, чарбалык жана мүлктүк негизи небак төшөлүп, эң башкысы дарамети күчтүү, иш билги, ынтымактуу жана ар-намыстуу профессордук-окутуучулук жамааттын башына келгениме мыйзамдуу түрдө кубанам.
Университет үчүн өзгөчө эмгекти И.Болжурова менен А. Мусаевдин сиңирип кеткенин айта кетүү зарыл. Алсак, А. Мусаев БГУда 1995-жылдан тарта өзү министр болуп бекиген быйылкы февраль айына чейин ар кайсы баскычтарда ийгиликтүү ат салышып келди. Анын жетекчилиги жана катышуусу, уюштуруучулук жана менеджерлик мыкты жөндөмдүүлүгү менен бизде рыноктук мамилелер өңүтүндөгү жаңы кесиптер менен багыттар ачылган. Анын министрлик орунга барышы - БГУнун аброю менен зоболосунун көтөрүлүшү, жаштарга кесиптик багыт берүүнү жандандыруу жаатындагы олуттуу олжо болуп, биздин жоопкерчилигибизди андан ары да күчөтүүгө түрткү болоору талашсыз.
- Абжапар Абдыразакович, эми университеттин учурдагы тулу-турпатын кыскача сүрөттөй кетсеңиз.
- Азыр ал 9 факультеттен, 42 кафедрадан, 22 борбордон, атайлаштырылган кабинеттер менен лабораториялардан турат. Окутуу 16 чыгыш жана европа тилдеринде, окутуу жараяны 14 багыт, 33 кесип жана 32 адистештирүү боюнча жүргүзүлөт. Мындан сырткары, үзгүлтүксүз билим берүү институту, Эл аралык билим берүү борбору, лицей иштейт.
Чет өлкөлүк өнөктөштөрүбүз менен бирдикте: Токионун Кокушикан университетинин филиалы, Кыргызстандын кытайтаануучуларынын ассоциациясы, Конфуций институту, Исламтаануу жана иранистика, Кытай ресурстук билим берүү, М.Ганди, Орусиятаануу, Москватаануу, Орус, Чыгыш Европаны аймактык таануу, Малайзиянын мультимедия университетинин ресурстук ж.б. эл аралык билим берүү борборлору ийгиликтүү иштеп жатышат.
Биздин сыймыктана турган "алтын корубуз" болуп, таанымал, такшалган тарбиячы-педагогдорубуз эсептелишет. Ушул тапта факультеттер менен кафедраларды бир өңчөй демилгелүү, чыгармачылык жигер менен изденип иштөө колунан келе турган, турмуштук, илимий, практикалык, тарбиялык жактан да бай тажрыйбага эгедер болушкан адистер башкарып келүүдө. Бүгүн БГУда илимдин 96 доктору менен кандидаттары, 48 профессорлор менен доценттер, 26 окутуучу жакынкы жана алыскы 10 чет өлкөдөн келип эмгектенүүдө. 15 тарбиячы - КРдин ар кандай ардак наамдарына, дипломатиялык бийик рангдарга, чыгармачыл кошундардын мүчөлүгүнө, 71 адам болсо, Билим берүүнүн чыгаан кызматкерлери деген атакка татышкандар.
Бизде "БГУнун жарчысы" жана "Кыргыз тили жана адабияты" (К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети менен бирдикте) деген эки илимий журнал жарык көрүп турат.
Окуу жайыбыз негизделген күндөн тарта бүгүнкү маалга чейин ар кайсы тармактарда бараандуу иштеп келаткан мыкты адистерди атай кеткенибиз эп. Алардын санына А.Сыдыков, С.Елебесова, А. Кармышаков, Ж.Бегеева, Г.Куттубаева, Г.Дононбаева, Т.Балтиева, Б.Бекболиева, З. Сыдыкова, А.Шерстюк, А.Шаршеналиев, А.Туйбаев, Л.Пущина, Э.Ташбалтаева, Д.Буржубаева ж.б. кошуп кетишибиз керек.
- Студенттерди окутуп, тарбиялоодо сиздер кандай жолдор менен ыкмаларды алдыңкы орундарга коёсуздар?
- Мында чечүүчү мааниге практика жүзүндө окутуунун бардык жаңы түрлөрүн чыгармачылык менен колдонууга ээ болот. БГУда мындан бир нече жыл мурда эле, республикада эң алгачкылардан болуп студенттердин билимин көзөмөлдөө жана баалоонун ийкемдүү ыкмасы - модулдук-рейтингдик тутум колдонулуп келе жатат. Аны өлкөнүн бардык ЖОЖдоруна кеңири жайылтуунун зарылчылыгы бышып жетилгендигин, бул боюнча биздин министрликтин жакында кабыл алган расмий буйругу эле айгинелеп турат.
Жалпылап айтканда, биз социалдык жактан так багытталган, экономика, маданиятыбыздын өнүгүшүнө өбөлгө түзүүчү, эмгек рыногунда улам күч алып бараткан атаандаштыкка туруштук бере ала турган адистерди даярдоого кам көрөбүз.
Билим берүүнүн бийик сапаты, ириде, заманбап, жаңычылдык (инновациялык) ыкмалар, жаштарды тарбиялоонун алдыңкы техникасы жана технологиясы менен да кепилденген. Булар - ишкердик оюндар, машыгуулар, устаттык класстар, көрсөтмө-курстар, интерактивдүү байланыш, айкын-ачык бизнес-кырдаалдар, Интернет-сыноо, гранттык практика, компьютердик класстар аркылуу бүткүл дүйнөлүк глобалдык тармак - интернетке чыгуу ж.б. менен шартталган. БГУнун эмгек жамааты окутууну өркүндөтүүгө түрткү бере ала турган бардык орчундуу мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү, аларды туура колдонуунун үстүндө тынымсыз иштөөнү уланта бермекчи. Бул жерде кеп оролу бүткүл дүйнө боюнча кабыл алынган билим берүүнүн көп деңгээлдүү курамына өтүү, адистерди эки жана үч баскыч боюнча даярдоо: бакалаврларды 4 жылдык мөөнөт жана магистрлерди - кошумча дагы 2 жыл бою окутуу, аспирантура менен докторантура жөнүндө жүрүп жатат. Тактап айтканда, биз жаштардын "окутуу отургучун" ырааттуу түрдө кеңейтүүгө тийишпиз, себеби - бул эл аралык талаптарга жооп бере турган башкы талап. "Бакалавр-магистр" тутуму учурда билим берүү тилкесинде өтө маанилүү орун ээлей баштады.
Экинчи маселе - бүгүнкү каржылык кризистин залакасы менен оор абалда калышкан келишим (контракт) боюнча окуп жаткан студенттерди бюджеттик бөлүмдөргө которуунун жеңилдетилген жолдорун издеп табуу учуру да келип жетти деп ойлойбуз. Эгерде мурда бул максатта төрт семестрди жалаң "бешке" окуш керек болсо, эми "төрттөрү" барларга да көңүл бөлүү зарылчылыгы жаралып отурат.
Муну менен бирге, адистерди университеттик баскычтар аркылуу кайрадан даярдап чыгуу маселеси да күн тартибине коюлуп жатат. Ушул көйгөйлөр 100 дөн ашык ректорлор жана мен өзүм катышып, жакында Астанада болуп өткөн Университеттердин евразиялык ассоциясынын ХI съездинде кабыргасынан коюлду. Анда "Болондук жараян", бирдиктүү мамлекеттик экзамен, бүтүрүүчүлөрдү тестирлөө маселелери кең-кесири талкууланып, бул боюнча өз көз караштарын Казакстандын Президенти Н.А. Назарбаев, Орусия Ректорлор кошунун жана Университеттердин евразиялык ассоциациясынын президенти, Москва университетинин ректору, академик Виктор Садовничий ж.б. ортого салып кетишти. В. Садовничий КМШ өлкөлөрүндө бирдиктүү билим берүү мейкиндигин түзүү - өзгөчө маанилүү маселе экендигин баса көрсөтүп өттү. Менимче, бул колдоого татый турган, абдан туура пикир.
- Айтмакчы, билим берүү тутумун реформалоодо "Болондук жараян" өзүнүн кандай артыкчылыктары менен өзгөчөлөнүп турат?
- Үч миңинчи жылдык - адамзаттын илим менен прогресске, жаңы технологияларга, коомдогу түп тамырынан берки өзгөрүүлөргө болгон үмүттөрү менен божомолдорун иш жүзүндө актай баштады. Бул өзөктүү маселеден билим берүү тутуму да четте кала алган жок. Мунун айкын далили катары, коомчулукта "Болондук жараян" деген атка конгон билим берүү тармагын реформалоо иши таанылган. Анын чечүүчү маани-маңызы болуп, аракеттенүүнүн түпкүлүктүү талаптарынын жалпылыгына негизделген европалык жогорку билим берүү мейкиндигин калыптандыруу эсептелет. Алар: көп баскычтуу окутууну киргизүү, кредиттик тутумду, б.а. окутуу ишинин түйшүктүүлүгүн кредиттер ченинде эсепке алуу жолун колдонуу; билим берүүнүн сапатын көзөмөлдөө, ыңгайлыкты күчөтүү; бүтүрүүчүлөрдү жумуш менен камсыз кылуу; билим берүү тутумунун жагымдуулугун арттыруу дегендерди түшүндүрөт. "Болондук жараянга" дээрлик бардык европалык, мурдагы СССР курамында турган жоон топ өлкөлөр, биздин республиканын айрым университеттери, анын ичинде БГУ да кошулушкан.
- Сиз Кыргызстандын жогорку мектебинин дүйнөлүк билим берүү рыногуна кирүүгө мүмкүнчүлүгү бар деп ырастай алаар белеңиз?
- Ал эч кандай эрен-төрөнү жок эле кире алат. Республикабыздын кайталангыс геополитикалык абалы, мурдатан калыптанып калган жогорку билим берүү тармагынын ички түзүмү (инфраструктурасы), элибиздин руханий дөөлөтү менен маданиятынын, б.а. анын сабаттулугунун бийиктиги менен сабырдуулугу (толеранттуулугу), намыскөйлүгү, алга умтулууга жөндөмдүүлүгү биздин жогорку мектебибиздин эл аралык билим берүү мейкиндигине тартынбай эле жуурулушуна негиз түзүп турат. Өлкөбүздөгү жашоонун салыштырмалуу анчейин оор болбогондугу, окуу жана турак жай үчүн акы төлөөнүн кадыреселиги чет өлкөлүк студенттер үчүн ыңгайлуу шарттарды сунуштайт. Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнөн студенттерди эл аралык билим берүү рыногуна экспорттоо жана кайра экспорттоо мүмкүнчүлүгүн Кыргызстан эчак эле далилдеген. Буга - өлкөбүздүн бир катар жогорку мектептери менен биздин БГУну мисал катары тартсак жетиштүү болмок.
Бизде, мен жогоруда белгилеп өткөндөй, чет өлкөлүк ондогон университеттер менен тыкыс ымалалар түзүлүп, студент, магистр, аспирант, окутуучулар менен алмашуу, өз ара окутуу жана такшалмаларды (стажировкаларды) уюштуруу маселелери небак эле кеңири жолго коюлган. Көрүнүп тургандай, өлкөбүздүн билим берүү тармагына жаңы технологияларды киргизүү, окутуунун эл аралык маалымат чөйрөсүнө кошулуу жана мунун натыйжасында, биздин жождордун дүйнөлүк билим берүү рыногуна чыгуу жөндөмдүүлүгү - мамлекеттик саясат менен стратегияны жана жогорку окуу жайларынын интеграцияланышын талап кылуучу күмөнсүз чындык болуп калды. Демек, бүгүн окутуу - бул эч токтолбой турган тынымсыз кыймыл, дааналап айтканда, бүт өмүр бою билим берүү деген түшүнүктү айгинелеп турат. Ушул тапта эл аралык билим берүү мейкиндигине аралаша албай калуу - дүйнөлүк өнүгүүнүн, жалпы эле цивилизациянын адамынан обочолонуу дегендикке жатат. Өз учурунда улуу ойчул Аристотель билим берүүнүн негизги максаты: "Алдыда бараткандарды кууп жетип, артта калгандарды күтүп отурбоо болуп саналат", - деп бекеринен айтпаган чыгаар.

А. Мусаев БГУда 1995-жылдан тарта өзү министр болуп бекиген быйылкы февраль айына чейин ар кайсы баскычтарда ийгиликтүү ат салышып келди. Анын жетекчилиги жана катышуусу, уюштуруучулук жана менеджерлик мыкты жөндөмдүүлүгү менен бизде рыноктук мамилелер өңүтүндөгү жаңы кесиптер менен багыттар ачылган. Анын министрлик орунга барышы - БГУнун аброю менен зоболосунун көтөрүлүшү, жаштарга кесиптик багыт берүүнү жандандыруу жаатындагы олуттуу олжо болуп, биздин жоопкерчилигибизди андан ары да күчөтүүгө түрткү болоору талашсыз.





меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси
Яндекс.Метрика