Саясат

Президенттин саясий курсу туура жолдо
Үстүбүздөгү жылдын 27-январында өлкө башчыбыз К.Бакиев "Жаңылануу багыты" боюнча улутка болгон кайрылуусун коомчулуктун талкуусуна сунуш кылган. Президенттин бул кадамы дүйнөлүк финансылык кризис менен коштолгон транзиттик учурдагы өтө актуалдуу болгон маселелердин түйүнүн чечүүгө жасалган ынанымдуу аракет болуп саналат. Албетте, Президент өзү так белгилегендей, мамлекеттик деңгээлдеги курч маселелерди чечүүдө "идеалдуу документтер болбойт". Ошондуктан кайрылуу коомчулуктун кеңири катмарында терең талкууга алынуусу зарыл.
Илимий негизде алып караганда өлкөнүн ар тараптуу өнүгүүсү үчүн эмне керек? Бүгүнкү адамзат цивилизациясынын параметрлерине таянсак, биринчиден, саясий чөйрөдө мультипартизм системасын түзүү зарыл. Себеби коомдогу бардык саясий партиялардын, уюмдардын ж.б. өнүгүүсүнө бирдей шарттар түзүлөт. Натыйжада мамлекеттин ички жана тышкы, о.э. дүйнөлүк экономикалык аренадагы кызыкчылыктарын, ордун аныктоодо бардык саясий күчтөр катышууга мүмкүндүк алат. Экинчиден, жарандык коомго таандык болгон бардык институттардын ортосундагы ырааттуулукту камсыздоо керек жана алардын ишмердүүлүгү туура багытка бурулуусу зарыл, бийлик бутактарын социумдун талабына ылайык реформалоо, кадрларды тандоодо ачык-айкын конкурстук метод менен жүргүзүү. Эң негизгиси оппозициялык күчтөр менен оптималдуу компромиске баруу же болбосо аларды мамлекеттеги жүргүзүлүп жаткан бардык процесстерге катыштыруу.
Өлкөнүн оор экономикалык кризистен чыгалбай жатышынын бирден-бир себеби: "маданияттын, идеологиянын жана ишенимдин негиздеринин кыйрашында" деп Президент өз кайрылуусунда так белгилеген. Чынында эле мамлекеттин өзүнүн идеологиясы болбосо өнүгүүнүн жүрүшү кыйын. Ошондой болсо да биздин өлкөдө коомчулуктун башын бириктирген, cоциалдык-экономикалык, маданий-руханий өнүгүүнүн жолдорун аныктаган идеологиянын эмдигиче иштелип чыкпагандыгы өкүнүчтүү. Бул жаатта, бизге кандай идеология керек, "улуттукпу" же "мамлекеттикпи" деген суроону талкуулоо менен гана чектелүүдөбүз. Өлкө башчыбыздын ушул маселеге маани берип, атайын токтолгондугу, анын саясий курсунун туура багытта экендигин айгинелейт.
Президент өз кайрылуусунда моралдык парзы, миссиясы жана милдеттерине токтолуп, аларды ырааттуу чечмелеп берип, мамлекеттик бийликтин бардык бутактарындагы жетекчилердин, кызматкерлердин, ал тургай ар бир атуулдун өз алдындагы максатына, парзына так жана жоопкерчилик менен мамиле жасоого үндөөдө. Жаңылануу багытынын өзөгүн "улуттук мүдөө талаптар" түзөөрүн айтып, укуктук мамлекетти куруу концепциясынын негизинде "адам укуктары", "коомдук укуктар", "менчик укуктары", "жаратылыш укуктары", "ата-бабалардын, урпактардын укуктары", түшүнүктөрүнө токтолуу менен өлкө башчысы аларды жөнөкөй, жеткиликтүү тил менен маанисин ачып берди. Бул жагдайды Президенттин биздин коомубуздагы проблемаларды терең түшүнүүсү же болбосо аларды чечүүдөгү ыкмалардын туура тандалышы деп кабыл алууга болот.
Кыргыз Республикасынын Президенти өлкө эки саясий жолдун айрылышында турат, алардын ичинен туура жолду тандап алуу келечектин кепили болоорун далилдеди. Президент өзү баш болуп биздин коомубуздагы конструктивдүү оппозициялык күчтөр менен иштөөгө дайым даяр экенин билдирди. Чынында эле укуктук мамлекетте конструктивдүү оппозициянын болушу мыйзам ченемдүү көрүнүш, бирок биздин коомчулугубузда оппозициянын өкүлдөрүн карап көрсөк, дээрлик көпчүлүгү кечээги бийликтин өкүлдөрү. Ээлеген кызматынан бошогондо эле оппозицияга өтүү биздин оюбузча жагымсыз адатка айланууда.
Бул сунуштар илимий чөйрөдө талкууланып, илимпоздордун арасында биздин мамлекет өнүгүүнүн туура багытын тандап алганы жөнүндө бирдиктүү ой-пикирди пайда кылды. Окумуштуулар арасында Президенттин мындай чечкиндүү кадамын учурдагы түзүлгөн рухий-саясий, социалдык-маданий жана экономикалык оор кырдаалдардан чыгуунун иштиктүү чарасы, стратегиялык багыты катары кабыл алынууда. Биздин оюбузча, бул маселелердин жүзөгө ашышы бир эле конкреттүү жарандын эмес, жалпы элибиздин жапа-тырмак кийлигишүүбүздөн, келечекке умтулган жарандык коомубуздун өнүгүшүнө кайдигер карабаган ишмердигинен көз каранды деп түшүнөбүз.
О.А.Тогусаков,
КР УИАнын философия жана саясий-укуктук изилдөөлөр Институтунун директору, философия илимдеринин доктору, профессор.




Президенттикке талапкерлер көрсөтүлө баштады
Борбордук шайлоо комиссиясына президенттикке талапкерлигин коюп жаткан үч жарандан арыз келип түштү. Алар: Дамира Өмүркулова, Назарбек Нышанов жана Исмаил Исаков.
7-апрелде БШКнын талапкерлерден документтерди кабыл алуу боюнча жумушчу топтун жетекчиси Жамиля Алымбекованын билдирген маалыматына караганда, арыз бергендер өзүнүн талапкерлигин өзү көрсөткөндөр.

Буга чейин президенттик экинчи мөөнөт үчүн шайлоого катышаарын кызматтагы президент Курманбек Бакиев дагы билдирген.
Мамлекет башчы жакында эле ишембилик учурунда сүйлөгөн сөзүндө президенттик шайлоого катышууга тоскоол боло турган эч кандай себеп жок экенин билдирип, анын оору экендиги жөнүндө оппозициянын билдирүүлөрүн четке какты.
"Менин ден соолугум абдан жакшы. Мен ачык эле айтып коeюн, мен Кудайга миң мертебе ыраазымын, мага ушундай жакшы ден соолук бергени үчүн. Күнүгө эртең менен бир саат, 6 жарымдан 7 жарымга чейин спорттук көнүгүү жасайм. Бир гана күнү жасабайм, базар күнү. Жөн гана басып жүрбөй, тердегенге чейин, демек ден соолук жакшы болгон үчүн жасайсыңбы ошону?! Оорулуу адамга окшоп турамбы мен? Мен кээ бир биздеги саясатчыларга айткым келет, өтө эле президенттин ден соолугуна көңүл бурушуп, "ооруп калыптыр" дешет. Президент деле тирүү адам да. Сиз деле жөтөлөсүзбү, анча-мынча шамалдап калганда? Бир-эки жөтөлүп, чүчкүрүп койсо ооруп калыптыр деген, тобо кылдым, билбейм эми"... ,-деп айткан Курманбек Бакиев.
Президент ооруп жатканын, анын ден соолугунда шайлоого катышууга олуттуу тоскоолдуктар бар экени жөнүндө кеп-сөздөр оппозициянын лидерлеринен тараган.
"Ак Жол" партиясы 11-апрелде курултай өткөзүп, Курманбек Бакиевдин талапкерлигин президенттикке көрсөткөн жатат.
"КБ".




А. Айтикеев президенттикке элдик талапкер катары көрсөтүлдү
Чүй областынын Чүй районундагы "Ак-Бешим", "Кегети", "Мээнеткеч", "Кошой", "Кош-Коргон", "Чүй" айылдарынын 3000 (үч) миңден ашык шайлоочулары президенттикке талапкер катары Акбаралы Айтикеевди көрсөтүштү.

Акбаралы Айтикеев 1997-жылдан тартып КМШ, Балтия жана Чыгыш Европадан 22 мамлекет кирген Эл аралык өнөр жайчылар жана ишкер адамдар конгрессинин вице-президенти. "Кыргыз Республикасынын өнөр жай, айыл чарба кызматкерлеринин жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн кызыкчылыгын Коргоо Партиясынын" лидери.
Акбаралы Айтикеевди президенттикке талапкер катары көрсөткөн жарандардын БШКга кайрылуусунда мындай деп айтылат: "Кыргызстандын Конституциясы боюнча Кыргызстандын эли мамлекеттик бийликтин эң негизги туткасы болгондуктан жана адамдын Конституцияда жазылган негизги укуктарына жана эркиндиктерине таянып, келечекти көрө билип айткандарыңыздардын туура болуп чыкканын эске алып, "Конституциялык укуктарыбызды колдонуп, урматтуу Айтикеев А.Ы., биз шайлоочулар сизди президенттин кызмат ордуна талапкерликке көрсөттүк. Анткени биз сизди кыргыздын Путини деп билебиз, элдик президенттикке талапкер катары баалайбыз жана 2009-жылы 23-июлда боло турган шайлоого Сизди партиялардын атынан эмес, элдин атынан көрсөтүүнү туура деп эсептейбиз."
А. Айтикеев эл аралык кызматташтыкты бекемдөөгө кошкон чоң салымы үчүн Россиянын президентинин ыраазычылык грамотасы менен, Украина менен Кыргызстандын ортосундагы экономикалык кызматташтыкты чыңдоого кошкон салымы үчүн Украинанын президентинин Ардак Грамотасы менен сыйланган. 2005-жылы болгон шайлоодо дагы президенттикке талапкер болуп катышкан.
"КБ".