Билим берүү жана мезгил

Жыл жыйынтыгында жылыш барбы?
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Билим берүү, илим, маданият жана маалымат комитетинде КР премьер-министринин "2008-жылдагы КР өкмөтүнүн иши туурасындагы" отчетунун талкуусунда билим берүү жана илим министри Абдылда Мусаев аталган министрликтин 2008-жылдагы иш жыйынтыгы туурасында жалпы маалымат берди.
Министр иш отчетун мектепке чейинки жана мектептеги билим берүүдө бүткөрүлгөн иштерден баштады.
- Мектепке чейинки билим берүүнүн мамлекеттик принциптерин калыбына келтирүү максатында атайын "Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө" мыйзам даярдалып, өкмөттүн аппаратына жөнөтүлдү. Мындан тышкары бул тармактагы мекемелер инвентаризациядан өткөрүлүп, сатылган же менчиктештирилген, башка профилге өтүп кеткендеринин саны такталып, башкы прокуратурага өткөрүлүп берилди, - деди министр.
Андан ары министр аталган мыйзам кабыл алынып калса мектепке чейинки билим берүү жаатындагы бир топ иштер жөнгө салынып баштаарын, о.э. орто билим берүү багытына байланышкан Улуттук куррикулум иштелип чыккандыгына, жан башына каржылоого өтүү үчүн эксперименталдык окуу планы иштелип, пилоттук долбоордо тургандыгын, билим берүүнү баалоонун жаңы ыкмалары иштелүүнүн үстүндө экендигине жана мугалимдердин адистигин жогорулатуу багытында атайын жобо кабыл алынып, Билим берүү академиясында окутуунун алдыңкы технологиялары менен жабдылган окуу курстары өтүлүп жаткандыгына токтолду. Аталган академияда ар кайсы тилде билим берүүгө багытталган 18 окуу китеби, колдонмолор даярдалган. Ал эми мектептердеги айрым предметтер үчүн 10 электрондук окуу китептер иштелип чыккан.
Ушул эле учурда министр өкмөттөн окуу китептерин сатып алуу үчүн бөлүнгөн 100 млн.сом али күнчө тендердик талаптардын туура келбегендигинен улам толук иштетилбей калгандыгын кабарлады. Ошондой болгон күндө да министрлик мектептерге 20 аталыштагы 210 миң нуска окуу китептерин чыгарышып, китепканалардагы түрдүү адабий китептерди сатып беришкен. Буга жалпысынан 10 млн.сом сарпталган.
Министр жогорку окуу жайларга байланыштуу аткарылып жаткан иштерге да токтолду. Болон процессине өтүүдө нормативдик-укуктук базалар, окуу шарттары ж.б. бардык талаптар туурасында талкуулар, тегерек үстөлдөр өтүп, жумушчу топтор иштеп жаткандыгы дайын болду. Мындан тышкары министрликте рыноктун талабына ылайык кесиптик багыт берүүнүн жаңы долбоорлору ишке кирүүнүн алдында турат.
- Кийинки жылдардан тартып ЖОЖдорго мамлекеттик гранттарды бөлүштүрүүнүн жаңы мамилелери пайда болду. Мисалы, өткөн жылдагы 5447 гранттык орун өлкөбүздөгү 25 окуу жайына өлкөнүн Өнүгүү стратегиясында каралган (2007-2010) тармактарга бөлүштүрүлгөн, - деди министр.
Жогорку билим берүүнүн көйгөйлөрүнө кеңири токтолуу менен бирге министр ЖОЖдордо адистикке тарбиялоонун сапаты төмөндөп кеткендигин айтып өттү. Министр студенттердин билимин үзгүлтүксүз, дайыма баалап туруу жетишсиз өлчөмдө жүргүзүлөрүн, бул өзгөчө сырттан окуган студенттерге мүнөздүү экендигин баса белгиледи.
- Сырттан окуган студенттердин саны талаптагыдан жогорулап кеткен. А талап боюнча сырттан окугандардын саны күндүзгү бөлүмдүн 20 пайызын гана түзүүгө тийиш эле, - дейт министр. Отчетто кийинки мезгилде кесиптик билим берүү багыты өсүп бара жаткандыгы да айтылды. 2008-жылы 12 жаңы колледждер ачылып, мында окугандардын саны төрт миңге көбөйгөн.
Докладда билим берүү тармактарында өз ара эффективдүү иш алып баруу, үзгүлтүксүз билим берүүнүн вертикалдык байланышын түзүү, мекемелердеги ишмердикти координациялоону күчөтүү максатында Билим берүү округдары (Нарын, Баткен) түзүлүп, убактылуу жобосу бекигени да айтылды.
- Билим берүү мекемелеринин кыштан чыгуусу энергетикалык кризиске байланыштуу чоң сыноолорду берди. Министрликте кыштан чыгууга байланышкан бардык көйгөйлөрдү көзөмөлгө алган атайын штаб иштеп турду, деди министр быйылкы кыш тууралуу. Анын айтымында, бардык мекемелерде алдын ала түзүлгөн график-пландар боюнча талаптагыдай окуу жүргүзүлүп, кыш камылгасы өз үзүрүн берген.
Министр докладдан кийин билим берүү тармагына байланышкан депутаттардын бир топ суроолоруна да жооп берди.
Министрдин айтымында, бүгүнкү күндө окуу программасы окуучулар үчүн өтө эле оордоп кеткен.
- Мектептерди түрдүү окуу программалары менен ашыкча жүктөп салгандыктан, окуучуларыбызга оорчулук келүүдө, - деди министр. Кыргызстанда он жылдык окуунун бир жылдык орточо жүгү 1000 саатты түзөт. Бул цивилизациялуу өлкөлөргө салыштырып карасак, аларда мындай көрсөткүч эки эсе төмөн. Ошондуктан балдарыбызга сааттын көптүгүнөн өз алдынча ойлонгонго, чыгармачылык мүмкүнчүлүгүн өстүргөнгө убакыт калбай калууда. Ушундан улам министрликте бул программаларды кайрадан карап чыгуу үчүн комиссия түзүлдү ,- деди М.Мусаев.
Ошондой эле министр А.Мусаев сөзүнүн аягында бүгүнкү күндө билим берүү менен тарбиянын ортосунда ажырым пайда болгондугун, бул кенемтени болтурбоо максатында мектептерде атайын тарбия иши боюнча директордун орун басары кызматы киргизилгендигин белгилеп өттү.

Майрамбек ТОКТОРОВ,
"КБ".




Жогорку билимдин кендирин кескен жети кесел
(Башталышы 1-бетте)
Буга чейин коррупциянын жолуна бөгөт коюу үчүн министр А.Мусаев ар бир окуу жайда Коррупцияны алдын алуу боюнча комиссиялар түзүлүп, анын курамына коомчулуктун өкүлдөрү, студенттер, алардын ата-энелери кирсин деген буйрук чыгарган. Бул буйрук толугу менен аткарылып, ар бир окуу жайда комиссия түзүлүп, аларга атайын бөлмө, ишеним телефондору берилгендигин ректорлор баяндашты.
Бешинчи. Билимдин начар экспорттолушу. Жыйында бул мүмкүнчүлүктү окуу жайлар туура эмес пайдаланып жаткандыгы баса белгиленди. Себеби сырттан келген студенттерди окутуу менен мамлекеттин бюджетине миллиондогон кирешелер түшмөк. Мисалы, Түркмөнстанда эле билим алуу өтө оор болгондуктан жана ченелүү гана студенттер кабыл алынгандыктан бул мамлекеттин миңдеген жаштары Кыргызстанга билим алуу үчүн агылууда. Былтыркы окуу жылында 4200 студент билим алуу үчүн Кыргызстанга келсе, бул жылы алардын саны 12 миңге жеткени турат. Орун басардын айтымында, биз Түркмөнстанга жогорку билимдүү адистерди даярдап бергенибизден утулбайбыз. Тескерисинче, пайда көрүп, мамлекеттин казынасын толтурууга көмөктөшөт. Ошондуктан жаңы окуу жылына карата ар бир окуу жай сырттан келген канча студентти кабыл алып, окутуп бере ала тургандыгы тууралуу планын берүү тапшырмасы берилди.
Ректорлор болсо, сырттан агылып келип жаткан студенттер үчүн өзүнчө жогорку бааны бекитүүнү сунушташты.
- Эмне үчүн өз мамлекети аларды кымбат баада окутса биз аларды болбогон акчага окутушубуз зарыл. Аларга да өзгөчө бааны киргизип коюшубуз керек. Анын үстүнө биз өзүбүзгө эмес башка мамлекетке билимдүү адистерди даярдап берип жатабыз, - дейт КММАнын ректору А.Зурдинов.
Алтынчы. Жогорку окуу жай студентке билим берүүдөн сырткары баардык жактан тарбия берүүгө да милдеттүү. Ошондуктан бардык окуу жайларда тарбия-таалим берүүчү жолугушууларды, кечелерди өткөрүп, жаштардын сабатын ачуу үчүн ар кайсы атактуу инсандар, чыгармачыл адамдар менен жолугуштуруп, пикир алмашуу үчүн шарттарды түзүп берүү зарыл. Албетте, мындай иш-чаралар ар бир окуу жайда байма-бай жүргүзүлүп жатканы менен муну дагы күчөтүп, студент менен коомчулуктун ортосундагы ажырымды жакындатуу зарыл.
Жетинчи. Жогорку окуу жайындагы экономикалык анализдин начар жүргүзүлүшү студенттердин, коомчулуктун шектенүүсүн туудурууда. Ошондуктан ар бир жож кирешелерин жана чыгашаларын ачык-айкын жүргүзүп, студенттерге, коомчулукка маалымат берип туруусу зарыл. Ошондо гана коомчулук менен окуу жайдын ортосунда ишеним жаралып, келген текшерүүчүлөргө да көз каранды болбой, иштей берсе болот.
Мындан сырткары ректор менен студенттин ортосу кол жеткис болуп кеткендиктен жетекчилерге студенттер менен көп байланышып, керек болсо алардын ар бири менен жолугушуп, сүйлөшүп, байланышты чыңдоо зарылдыгы да айтылды. Анткени айрым жетекчилердин демократиялык башкаруу стилин өздөштүрбөгөндүгү бир топ залакасын тийгизүүдө.
Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен ар бир окуу жайдын жетекчилери жасалып жаткан иштер тууралуу отчет беришип, андан сырткары айтылган илдеттерден арылуу үчүн сунуштарын айтышты.


Текшерүү - чыныгы жүздү аныктайт
Окуу жайларда билимдин сапатын ичкериден көзөмөлгө алуу боюнча текшерүүлөр жүргүзүлүүдө. Текшерүүнүн биринчи этабынын жыйынтыгы ректорлордун жыйынында айтылды.
ЖОЖдордогу ички билимдин сапатын көзөмөлгө алуу боюнча А.Мусаев атайын буйрук чыгарган. Буйрукка ылайык студенттердин сабакка катышуусу, модулдук-рейтингдик ыкманын ишке ашырылышы, окутуунун методикалары, маданий-массалык иштердин аткарылышы сыяктуу маселелер текшерүүгө алынган.
Текшерүү ушул жуманын башында башталып, Бишкек шаарынан жалпы он окуу жай: КММА, БГУ, КЭУ, КТУ, КМУ, КТУ "Манас", Эл аралык, Дене тарбия, Курулуш, транспорт жана архитектура университеттери каралды.
Анда негизинен студенттердин сабакка катышуу маселеси орчундуу болуп жаткандыгы аныкталды. Мисалы, сабакка катышуунун жогорку көрсөткүчү 60% араң жетип, айрым группаларда 16-20 студенттин 4-5 гана сабакка келген учурлары катталган.
- Төрт группадан биригип 4-5 студент отурган учурлар да кездешти. Саат сегизде баштала турган сабакка келген студенттер аудиториялар жабык болуп, эшикте окутуучусун күтүп турушат. Окуу процессин көзөмөлдөй турган декандар, кафедра башчылары саат 9-10 араң ишке келишет экен, - дейт Билим берүү жана илим министрлигинин кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы К.Садыков.
Бул буйруктун негизинде айрым окуу жайларда сабакка келбеген бир топ студенттер окуудан чыгарылды. Мисалы, БГУдан 130 студент окуудан чыкса, КТУдан 229 студент чыгарылган. Окуу жайлардын мындай иштерин колдоого алган Б.Кубаев керек болсо миңдеген студенттерди окуудан чыгаруу керектигин баса белгиледи.
- Алардын контрагына төлөгөн акчасына кызыкпай, керек болсо миңдеген студенттерди чыгаргыла. Көптөгөн сапатсыз адистерди даярдагандан көрө чакан мыкты адистерди чыгарган пайдалуу. Алардын акчасына кызыксаңар ишиңер алга жылбайт. Зарыл болсо окутуучуларды да кыскарткыла, - дейт Б.Кубаев.
Бул маселе дагы да болсо орчундуу болгондуктан министрлик тарабынан мындай текшерүүлөр дайыма болуп турмакчы. Себеби жогоруда айтылган проблемалар бир текшерүү менен чечилип, ордуна коюлуп калбайт. Ал 10-апрелге чейин созулуп, эми калган окуу жайлар текшерүүгө алынат.




Кабыл алуу комиссиялары чеберчилигин жогорулатат
Жакында жогорку окуу жайларга кабыл алуу комиссияларынын төрагаларына окутуу-семинары өткөрүлөт.
Себеби окуу жайларда студенттерди кабыл алууда ички тесттерди алууда ар кандай тартип бузуулар жана пикир келишпестиктер катталып келет. Белгилүү болгондой 2008-2009-окуу жылына карата кабыл алуудагы талаптын так аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн текшерүүдө опол тоодой мыйзам бузуулар катталган. Айрым окуу жайларда тесттер туура эмес түзүлсө, айрымдарында туура эмес толтурулган, кээ бири асмандан алып баа кое берген сыяктуу бир катар эрежелер бузулган. Ошондон улам Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бул жылы кабыл алуу комиссияларынын төрагаларын кабыл алуу учурунда эрежелерди туура сактоосу үчүн алдын ала окутуу чечими чыгарылды.

Чолпон Кийизбаева, "Кутбилим".