Кара-Кульский инженерный филиал Кыргызского государственного технического университета им.И.Раззакова
объявляет конкурс
на замещение должностей профессорско-преподавательского состава на 2008-2009 учебный год.

I. Заведующих кафедр:
1. "Электроэнергетика"
- 1 единица
2. "Гуманитарно-научных дисциплин" - 1 единица
II. Старших преподавателей кафедр:
"Транспорт"
1. Техника транспорта, обслуживание и ремонт
автомобиля

- 1 единица
"Математика и информатика"
2. Физика


- 1 единица
3. Высшая математика

- 1 единица
III. Преподавателей кафедр:
"Электроэнергетика"
1. Переходные процессы
- 1 единица
2. Экономика отрасли

- 1 единица
"Математика и информатика"
3. Алгебра


- 1 единица
"Строительство"
4. Архитектура

- 1 единица
5. Информационные технологии
- 1 единица
6. Оценка недвижимости
- 1 единица
"ГНД"
7. История


- 1 единица
8. Физическое воспитание
- 1 единица
9. Информационные технологии
- 1 единица
10. Оценка недвижимости
- 1 единица

К участию на конкурс допускаются граждане КР, постоянно проживающие на территории КР.
Подача документов на участие в конкурсе на замещение вакантной должности осуществляется в течение 1-го месяца со дня опубликования объявления в СМИ КР.
Документы направлять по адресу:
715434, Жалал-Абадская область, г.Кара-Куль.
ул.Сабирова 2, Отдел кадров




Карабалтинский общетехнический факультет КГТУ им. И.Раззакова
объявляет конкурс
на замещение должностей ППС:
1. Заведующих кафедр:
- товароведения и экспертиза товаров, доцент - 1 шт.ед.
- социально-экономических дисциплин, доцент - 1 шт.ед.
2. Старших преподавателей кафедры:
- фундаментальных дисциплин - 2 шт. ед.
3. Преподавателя кафедры:
- социально-экономических дисциплин - 1 шт.ед.

Срок приема документов 1 месяц со дня опубликования.
Документы для участия в конкурсе направлять по адресу: г.Карабалта, кв.Ковровщиков, 27.
Тел: (03133) 6-41-88, 6-33-63.





Cыдыков Жеңишбек Кадыралиевич
Кыргыз улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү, Россия Федерациясынын педагогикалык жана коомдук илимдер академиясынын академиги, филология илимдеринин доктору, профессор, көрүнүктүү коомдук ишмер, таланттуу тилчи - окумуштуу Сыдыков Женишбек Кадыралиевич 2009-жылдын 3-апрелинде 64 жаш курагында дүйнөдөн мезгилсиз кайтты.
Сыдыков Жеңишбек Кадыралиевич 1945-жылы 15-сентябрда Нарын облусунун Тогуз-Торо районуна караштуу Казарман айылында туулган. 1962-жылы орто мектепти аяктагандан кийин Кыргыз мамлекеттик университетинин чет тилдер факультетине кирип, аны 1967-жылы ийгиликтүү бүтүргөн. Эмгек жолун Ак-Талаа районунда М. Ломоносов атындагы орто мектепте англис тили боюнча мугалим болуп баштаган.
1969-1972-жылдары СССР Илимдер академиясынын Тил илими институтунда аспирантурада окуган. Илимий жолун 1973-жылы Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунун эксперименталдык лингвистика лабораториясында кенже илимий кызматкерликтен баштаган. 1975-жылдан баштап КР УИАнын Тил жана адабият институтунун Чет тилдер кафедрасында кафедра башчысы болуп иштеген. Өзүнүн уюштуруучулук жөндөмүнө жана издөөчүлүк талантына байланыштуу аталган институттун илимий иштери боюнча директордун орун басары, кийин институттун директору болуп иштеген.
Ж.К.Сыдыков 40 жылдай талыкпаган эмгегин илим-изилдөө багытына арнаган. Ал 1973-жылы кыргыз тилиндеги үндүүлөргө эксперименталдык фонетикалык изилдөө боюнча кандидаттык, 1991-жылы азыркы кыргыз адабий тилинин жана диалектилеринин фонетикалык түзүлүшү боюнча докторлук диссертациясын жактаган.
Ж.К.Сыдыков - кыргыз тилинин фонетикалык түзүлүшү, англис жана кыргыз тилдериндеги салыштырма фонетика, кыргыз тилинин тарыхы, тил саясаты сыяктуу азыркы кыргыз тил илиминин актуалдуу маселелери боюнча 100дөн ашык илимий эмгектердин автору. Ал "Кыргыз тилиндеги басымсыз үндүүлөр", "Кыргыз жана англис тилдеринин салыштырма фонетикасы", "Азыркы кыргыз адабий тилинин жана диалектилеринин фонетикалык түзүлүшү", "Тил саясаты жана мамлекеттик тилдин актуалдуу маселелери", "Байыркы кыргыз эли - кыргыз тили" сыяктуу негизги монографиялык изилдөөлөрдү жүргүзгөн мыкты окумуштуулардын бири болгон.
Ж.К. Сыдыков илимий адистерди даярдоодо да активдүү иш алып барган. Анын жетекчилиги менен бир нече докторлук жана кандидаттык диссертациялар жакталган.
Ж.К. Сыдыков бүт өмүрүн кыргыз тилине арнаган белгилүү кыргыз тилчиси гана эмес, чет тилдерин да жакшы билген мыкты котормочу да болгон. Ошондой эле ал өзүнүн билимин жана талантын педагогикалык ишмердүүлүк менен айкалыштыра алган инсан эле.
Жеңишбек Кадыралиевич Сыдыковдун жаркын элеси кесиптештеринин, жолдошторунун, окуучуларынын эсинде түбөлүк сакталат.
Мусаев А.И.,
Жоробекова Ш.Ж., Кубаев Б.Х., Плоских В.М., Ашимов И.А., Абдыкалыков А.А.,
Койчуев Т.К., Какеев А.Ч., Орузбаева Б.Ө., Садыков А., Турсунов А.Т.,
Акматалиев А.А.,
Калдыбаев К.А., Мусаев С.Ж., Укуев Б.Т., Орусбаев А., Джунушалиев Ж.,
Токтоналиев К.,
Тогузаков О.А., Жапаров А.З., Маразыков Т., Садыков Т.С., Джудемишев Ж.Ч., Токоев Т.Т.




Cыдыков Жеңишбек Кадыралиевич
Кыргыз улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү, Россия Федерациясынын педагогикалык жана коомдук илимдер академиясынын академиги, филология илимдеринин доктору, профессор, Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин Лингвистика жана жаңы маалымат технологиялары кафедрасынын башчысы, көрүнүктүү коомдук ишмер, таланттуу тилчи - окумуштуу Сыдыков Жеңишбек Кадыралиевич 2009-жылдын 3-апрелинде 64 жаш курагында дүйнөдөн мезгилсиз кайтты.
Сыдыков Жеңишбек Кадыралиевич 1945-жылы 15-сентябрда Нарын облусунун Тогуз-Торо районуна караштуу Казарман айылында туулган. 1962-жылы орто мектепти аяктагандан кийин Кыргыз мамлекеттик университетинин чет тилдер факультетине кирип, аны 1967-жылы ийгиликтүү бүтүргөн. Эмгек жолун Ак-Талаа районунда М. Ломоносов атындагы орто мектепте англис тили боюнча мугалим болуп баштаган.
1969-1972-жылдары СССР Илимдер академиясынын Тил илими институтунда аспирантурада окуган. Илимий жолун 1973-жылы Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунун эксперименталдык лингвистика лабораториясында кенже илимий кызматкерликтен баштаган. 1975-жылдан баштап КР УИАнын Тил жана адабият институтунун Чет тилдер кафедрасында кафедра башчысы болуп иштеген. Өзүнүн уюштуруучулук жөндөмүнө жана издөөчүлүк талантына байланыштуу аталган институттун илимий иштери боюнча директордун орун басары, кийин институттун директору болуп иштеген.
Ж.К.Сыдыков 40 жылдай талыкпаган эмгегин илим-изилдөө багытына арнаган. Ал 1973-жылы кыргыз тилиндеги үндүү-лөргө эксперименталдык фонетикалык изилдөө боюнча кандидаттык, 1991-жылы азыркы кыргыз адабий тилинин жана диалектилеринин фонетикалык түзүлүшү боюнча докторлук диссертациясын жактаган.
Ж.К.Сыдыков - кыргыз тилинин фонетикалык түзүлүшү, англис жана кыргыз тилдериндеги салыштырма фонетика, кыргыз тилинин тарыхы, тил саясаты сыяктуу азыркы кыргыз тил илиминин актуалдуу маселелери боюнча 100дөн ашык илимий эмгектердин автору. Ал "Кыргыз тилиндеги басымсыз үндүүлөр", "Кыргыз жана англис тилдеринин салыштырма фонетикасы", "Азыркы кыргыз адабий тилинин жана диалектилеринин фонетикалык түзүлүшү", "Тил саясаты жана мамлекеттик тилдин актуалдуу маселелери", "Байыркы кыргыз эли - кыргыз тили" сыяктуу негизги монографиялык изилдөөлөрдү жүргүзгөн мыкты окумуштуулардын бири болгон.
Ж.К.Сыдыков илимий адистерди даярдоодо да активдүү иш алып барган. Анын жетекчилиги менен бир нече докторлук жана кандидаттык диссертациялар жакталган.
Ж.К.Сыдыков бүт өмүрүн кыргыз тилине арнаган белгилүү кыргыз тилчиси гана эмес, чет тилдерин да жакшы билген мыкты котормочу да болгон. Ошондой эле ал өзүнүн билимин жана талантын педагогикалык ишмердүүлүк менен айкалыштыра алган инсан эле.
Ж.К.Сыдыков өмүрүнүн акыркы жылдары Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинде эмгектенип, тил илимин изилдөөдө жаңы маалыматтык жана заманбап компьютердик технологияларын колдонуу менен Колдонмо тил илимин өнүктүрүү максатында Кыргызстанда алгачкылардан болуп Лингвистика жана жаңы маалымат технологиялары кафедрасын ачып, ушул багытта адистерди даярдап чыгара баштаган. Ошондой эле Ж.К.Сыдыковдун жетекчилигинде Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети менен Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Тил илимдер институтунун ортосундагы келишимдин негизинде "Лингвистика жана жаңы маалымат технологиялары" окутуу жана изилдөө борборун түздү.
Ж.К.Сыдыковдун демилгеси менен ушул борбордо жаңы "Тил илими институтунун маалымат фондусунун электрондук базасын түзүү" долбоорунун үстүндө иштеп башташкан.
Ж.К.Сыдыков кафедрадагы илимий иштерди активдештирүүдө өзүнүн зор салымын кошту. Ушул кыска мөөнөттө бир нече тил илимдеринин кандидаттарын жана магистранттарын даярдап чыгарды.
Жеңишбек Кадыралиевич Сыдыковдун жаркын элеси кесиптештеринин, окуучуларынын эсинде түбөлүк сакталат.

Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин ректораты, профсоюздук комитети жана жалпы жамаат.