Орошон ойдун устаты

Чыңгыз Айтматов - тубаса эколог
Кыргыздын күнү кулап караан калды.
Кыргыздын Айтматову дүйнө салды.
Кашайтып карегинен ажыратып,
Кайрадан Ала-Тоону күүгүм чалды.
Кантели эл садага чапмак ага,
"Канталаш" каркылдаган каргаларды.
Кудурет миң жылдарда берер бекен,
Кыргызга Чыңгыз өңдүү улуу жанды.

Тубаса кетти эколог бул дүйнөдөн,
Туу тутуп, тоо-талаасын жанып күйгөн.
Туулган жер, жашыл дүйнө, аалам эмес
Ташчайнар, Акбараны кошо сүйгөн.
Түнөгү тоо, талаалар, чөл болсо да,
Түрүлгөн океандын сырын билген.
Туулса да сенден сулуу, сенден байлар,
Туулбайтко сендей асыл оңой менен.
11. 06. 2008-ж. Автор.

Мен бул макаланы Чыңгыз Айтматовдун көзү бар кезинде эле бермек элем. Айрым маселелер боюнча ой калчап, бир жыйынтыкка келип, аларды иретке келтиргенче улуу адам ооруп калды, андан барып дүйнө салды. Мурдагы топтолгон тоюна, анын 80 жылдык мааракесине арналуучу оюмдун бырын-чырыны чыгып, анын жогорудагыдай кайгылуу эскерүүсүнө арналып, кайгылуу эпилог менен баштоого тагдыр аргасыз кылды. Өзүм адабиятчы, тилчи болбосом дагы улуу адамыбыздын ар бир чыгармасын, эскерүүсүн, интервьюларын, маектерин калтырбай окуп, менин жаратылыш таануу адистигиме кошумча жөлөк-таяк, шыктандыруучу болгонунан өзүнүн чыгармаларындагы анын тубаса экологдугу, жаратылышты атайын билимдүү экологдордон да терең жана көркөм сүрөттөй алгандыгы менен ушундай макала жазууга негиздүү фундамент болду. Мындай тубаса эколог адамды катардагы жаратылыш тааныгычтын көз карашы менен Чыңгыз абанын көзү өтүп кетсе дагы артында калган мен сыяктуу кыргыздын урпактарына кыскача болсо да баяндап коюну өзүмдүн милдетим деп эсептедим. Ошондой эле мен кыргызмын деген ар бир атуулга, дегеле Чыңгыз Айтматовду көргөн, уккан, билген, анын чыгармалары менен тааныштыгы бар улутуна жана расасына, динине карабаган бардык инсандарды өздөрүнүн кудуретине жараша эскерип коюшун сунуш кылаар элем.
Ырас, адам коому жашап турганда адамдардын арасынан не бир чыгаан таланттар, баатырлар, сулуулар, акылмандар, илимпоздор бар. Бирок алардын айрымдары миллиарддаган жылдардан бери сансыз тоо тектердин массасынын арасындагы асыл таштарды кыпынындай бузулбай, чирибей жата берчүлөрү бар. Адамзат пенделеринин ичинде дагы ошол сыяктуу өзүнүн өзгөчө сапатын жоготпогон, эскиртпеген асыл инсандардын бири - бул Чыңгыз Төрөкулович Айтматов агабыз. Демек мындай асылдарды эскерип, анын улуу касиеттеринин, өзүбүз баамдагандарын баяндап туруу ар бирибиздин улуу вазийпабыз деп эсептешибиз абзел.
Эми мен анын чыгармаларындагы табият таануу жана экологияга байланыштуу айрым гана сүртүмдөрдү эскере кетейин. Анткени бул улуу инсандын экологиялык ой жорумдарын, түшүнүктөрүн, чагылдырууларын терең изилдеп чыгуу, анын чыныгы ажарын ачык көрсөтүү, изилдөө өзүнчө эле бир илимдин тармагын ичине ала турган улуу океандардын түпсүз тереңдиги. Ага бир адамдын илими, өмүрү эмес, бир нечелеген муундардын тунук акылы, өмүрү да жетишсиз болор эле. Ошондуктан мен дагы ушул боюнча өзүмдүн ой жорумдарымдын айрымдарын сиздерге баяндап өтөйүн.
Ч.Айтматов тубаса эколог десек жаңылышпайбыз, себеби жаратылыш таануу боюнча эч кандай билим албай туруп эле, ал жаратылышты ушунчалык көркөм сүрөттөп, анын тең салмактуулугун сактоого зор сүрөөн берип, анын бузулушунун жыйынтыктары эмнеге алып келээрин терең философиялык, абстрактуу ой жүгүртүүлөр менен алдыбызга жайып таштаган. Мына анын тубаса акылмандуулугу менен тубаса экологдугу. Эми алардын айрымдарынан бир сүртүмдөн айта кетейин.
1. Жаратылыштагы экологиялык тең салмактуулуктун бузулушу анын бардык компоненттеринде туташ кыйроонун боло тургандыгын кылдат жана көркөм баяндаган. Мисалы: Наркобизнес менен шугулданган шумпайлардын ыплас байлыкка жетүү үчүн ар кандай наркотиктер жана ичимдиктер менен адамдын акыл-эсин ууландырып (Мында Базарбайдын мас болуп, анын сезиминин бузулушу), жаратылыштын экинчи бир элементине зыян келтириши (бөлтүрүктөрдү уурдап кетиши). Анын натыйжасында бөлтүрүктөрүнөн ажыраган Ташчайнар менен Акбаранын адамдардан өч алуу аракети менен ак ниет чабандын короосуна кирип, койлорун кырганы, акыры баласын тиштей качып, алардын кийинки трагедиялуу тагдыры кандай гана аянычтуу чагылдырылган. Демек мындан жаратылыштын бир элементинин зыянга учурашы анын калган элементтеринин талкаланышына себепчи болору айтылган.
Ч.Айтматовдун чыгармаларында жаратылыштын тең салмактуулугун бузуудан келген зыяндар жөнүндө өтө көп кездешет. Анын дээрлик чыгармалары бүтүн ушундай десек болот.
2. Акыл-эстин, аң сезимдин, ой жүгүртүүнүн өзгөчөлүгүнүн учкул философиялык ой жүгүртүү менен өтө таасын, абдан билгичтик менен чагылдыра алган. Алып айтсак душмандардын өзгөчө караниеттигинен Жоломандын "маңкуртка" айланышы. Акыл-эстин экологиялык бузулушунан өсүмдүктөр менен жаныбарлардын мутацияланышы сыяктуу эле чыгаан жигиттин акыл-эсинин тайышы акырында өзүнүн тууган энесин атып өлтүрүшү эмне деген чеберчиликте акыл-эстин экологиясын укмуштай сүрөттөө. Ушул жерде аң сезимдин экологиялык ыпластыгынын натыйжасында дүйнөлүк масштабда "маңкурт" деген сезимдин экологиясындагы өтө ыплас терминин киргизип жатпайбы.
Болбосо "Деңиз бойлогон ала дөбөттөгү" баланын өмүрүн сактап калуу үчүн анын чоң атасы, атасы, өздөрүнүн өмүрүн кыйып, өздөрүн курмандыкка бериши. Бул эмне деген улуулук. Тоо-талаалардан туулуп өсүп, өмүрү океан-деңиздерден жашоосун калыптандырбаган сөз чебери океан кучагындагы кымындай кайыктын ичиндеги улуу сезимди "маңкурттун" карама каршысындагы аң сезимдин экологиялык категориясын башкача айтканда бир боордоштордун, ата-баланын биринен бири жанын да аябай турган сезимдердин тунук экологиялык жагдайын чебер бербедиби. Мунун улуулугу ушунда жатпайбы.
3. Адамдардын ортосундагы таза сезимдердин, сүйүүлөрдүн экологиялык тунуктугун, анын мутацияланышы (бузулушу) эмнеге алып келээрин, акыры тагдыр бирде болбосо бирде өз ордуна коёрун абдан устаттык менен даңазалаган. Буга мисал, Жамийла менен Садыктын жөн эле баш кошуп жүрүшү. Мындай "камкөм" сүйүүнүн акыры сууп отуруп Жамийланын таза сүйүүсү Данияр менен таза махабатка айланышы дүйнөлүк адабият ааламында тунук сүйүүнүн экологиялык тазасы даңазаланбадыбы. Аны тар түшүнүктөгү пенделер "бузулган" аялдын кылыгы деп формулировкалап келишкенде, дүйнө таанымы кенен, түшүнүгү алда канча бийик адамдар сүйүүнүн таза жана тунуктугу деп түшүнүшпөдүбү. Болбосо, Асел менен Илияздын таза махабаты сүйүү экологиясынын будуңуна кабылып, акырында Илиязды "Долондон канатын кайрып", Асел өмүрүнүн калган бөлүгүн тобокелге салып өткөрүү үчүн Бектемир менен жөн эле үй-бүлө болууга айланат.
Танабай менен Бүбүжандын ортосундагы көңүлдөштүн да жөн эле бузулуп кетүү эмес, терең ой жүгүртүп көрсөк, анда да аруулуктун үрөнү жатат. Мындай окуялар Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларында таасын чагылдырылып, сүйүүнүн экологиялык аруулугунун бузулушу оң жана терс жагдайларга кандайча барып калаарын билгичтик менен жогорку деңгээлде чечмелеген.
Сүйүүнүн, аруулуктун экологиясы бузулганда адамдар эле эмес, жаныбарлардын, жырткычтардын тагдырынын аянычтуулугу, мал болсо да Гүлсарынын Сегизбаев тарабынан бычылышы, жырткыч карышкырдын түгөйсүз уулуп, талаада калышы эмне деген сезимдердин экологиясынын жабырканышы. Бул өзүнчө эле улуу картина. Эмне деген улуу чечмелөө.
4. Чыңгыз абанын чыгармаларында экологиялык жагдайлар, географиялык мүнөздөгү түшүнүктөр эң жогорку деңгээлде сүрөттөлгөн. Анын чыгармаларын окуп жатып, географиялык зоналуулукту: чөлдү, жарым чөлдү, кургак талааларды, шалбааларды, токойлорду, бийиктик алкактуулукту, климаттык алкактуулукту, ландшафттардын ар түрдүүлүктөрүн ачык баамдайсың.
Айтматовдук чыгармаларда адамдардын жана адам коомдорунун жаратылыш менен болгон мамилеси миңдеген фактылар менен сыпатталат. Демек ушунун өзү эле геоэкологиянын өзүн тастыктаган аныктама болуп жатпайбы. Ачыгын айтканда Айтматов эколог эле эмес, дагы тереңдетип түшүнгөндө ал таза эле геоэколог болуп жатпайбы.
Демек мен Айтматов таануу илимине "Айтматов жана экология" деген өзүнчө бир бараандуу тармакты иштеп чыгууну сунуштагым келет.
Орто билим берүүчү мектептердеги 1-11-класстардагы бардык предметтерге айтматовдук түшүнүктөрдү кеңири пайдаланып, сабак жүргүзсөк, өтүлгөн сабактын маңыз-мазмуну дагы жогорку деңгээлге көтөрүлөт эле деп өз пикиримди билгизмекчимин.

Шаршенбек Алтыбаев,
Эл агартуунун отличниги, ардагер