Талантбек ИСАЕВ, ички иштер министринин орун басары, полковник:
"Жаш муундун келечегине балта чаппай, тарбиялоо зарыл"
Иш-чаранын жүрүшүндө республиканын жалпы билим берүү мектептеринде окубаган 650дөн ашык өспүрүмдөр табылып, кайрадан мектептерде окууларын улантуу боюнча иш-чаралар көрүлдү жана маалыматтар тиешелүү органдарга жиберилди. Ошондой эле ата-энелери тарабынан каралбай калган, жашоонун эң төмөнкү деңгээлинде жашаган 333 өспүрүмдөр табылган.

жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары ар бир мектепте кошумча "мектеп инспекторлорунун" кызматын киргизүү үчүн акча каражатын бөлүп берүүсү үчүн жергиликтүү органдарга сунуш катары жиберилген. Мектептерде ата-энелер комитетинин, укук бузуулардын алдын алуу кеңешинин, мектеп уюмдарынын өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы менен биргелешип иштөө менен мектептерде тартиптин бекем болушуна шарт түзүлөт жана терс көрүнүштөргө жол берилбейт.

- Акыркы кездерде алыскы региондордо ар кандай диний уюмдар ислам динине жамынып алып жаштардын башын айландырган даваатка жөнөтүү процессин тереңдетип, керек болсо тамырлатып жибергенсийт. Бул боюнча өлкөнүн жер-жериндеги укук коргоо органдары тарабынан кандай иштер жүргүзүлүп жатат?
- Жаштардын саясий эле эмес, диний көз караштарын да эске алышыбыз керек. Антпесе кээ бир жаштарыбыз ислам динине жат болгон радикалдуу агымдарга кошулуп жаткан учурлары бар. Биз азырынча өлкө аймагында мындай көрүнүштөрдүн орун алышына жол бербей келүүдөбүз. Бирок "ооруну жашырсаң, өлүм ашкере" дегендей, маселеге өз убагында көңүл буруп, аны менен иштебесек кесепети оор болоору турган иш.
Бул көрүнүш республикабыздын жалгыз гана түштүк жергесинде эле эмес, акыркы мезгилдерде коомчулугубуздун арасында, айрыкча, жаштар арасында башка аймактарда дагы орун алып, тамырын жайылтып бара жаткансыйт.
Кыргыз Республикасынын аймагында 1648 мечиттер, 61 медресе жайгашкан. Жогорудагы жат көрүнүштөрдү алдын алуу максатында ички иштер органдары тарабынан мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын, коомдук алдын алуу борборлорунун өкүлдөрү менен бирдикте түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлүп турат.
- Кечээ жакында "Кароосуз балдар" аталыштагы оперативдүү-профилактикалык иш-чараларды өткөрүү боюнча ИИМдин буйругу чыкты эле. Ушул иш-чаранын жыйынтыгына токтолсоңуз.
- Март айында ар кандай диний уюмдар тарабынан жаштар арасындагы туура эмес идеологиялардын таралышын алдын алуу максатында республиканын аймагында жергиликтүү ички иштер органдары жана билим берүү бөлүмдөрү тарабынан "Кароосуз балдар" деген аталыштагы ыкчам алдын алуу иш-чаралары өткөрүлдү.
Бул иш-чарага 1901 ички иштер органдарынын, 976 билим берүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлери катышты. Ошондой эле үй-бүлөнү жана балдарды колдоо, балдар боюнча комиссиясынын, коомдук алдын алуу борборлорунун өкүлдөрү да активдүү катышканын айтып кетүү парз. Иш-чаранын жүрүшүндө 1419 диний уюмдар, анын ичинде 1297 мечиттер, 57 медресе жана 65 башка диний уюмдар текшерилип, жалпы билим берүү мектептерде окубаган 56 өспүрүм табылган. Ошондой эле ата-энелери тарабынан каралбай калган, жашоонун эң төмөнкү деңгээлинде жашаган 105 өспүрүмдөр табылып, 36сы социалдык балдар мекемелерине жеткирилген.
Жогоруда табылган өспүрүмдөрдү мектептерге, балдар мекемелерине (балдар үйү, интернат) жиберүү боюнча чара колдонуу үчүн балдар боюнча комиссиясына - 122, билим берүү бөлүмдөрүнө - 108, социалдык жактан коргоо органдарына - 12, алдын алуу борборлоруна - 55, башка мекемелерге - 23 маалымат жиберилген.
Ошондой эле 150 өспүрүм Бишкек жана Ош шаарларындагы жаш өспүрүмдөрдү көнүктүрүү жана калыбына келтирүү борборлоруна жеткирилип (ЦАРН МВД), дайынсыз жоголгон 20 өспүрүмдөр табылып ата-энелерине кайтарылып берилди.
- Дегеле мектеп жашындагы балдар акыркы кездерде кандайдыр бир криминалдык топтордун таасиринде жүрүшкөнсүйт. Анткени мектеп окуучулары кримтоптордун "жаргондору" менен сүйлөшөт. "Биздин мектептин смотрящийи бул кыз же тиги бала", "братва", "братан" деген сөздөрүн үйдө да укса болот деп айрым ата-энелер тынчсызданышууда. Дегеле мектеп рэкети деген нерсе менен кантип жана кандайча күрөшсө болот?
- Мектеп окуучуларынын арасындагы ар кандай "жаргон" сөздөргө үйрөнүү жана сүйлөө бул биздин күнүмдүк сыналгы аркылуу көрүп жаткан кээ бир көркөм фильмдердин таасири деп ойлойм. Мисалы, "Бригада", "Зона" жана дагы бир топ чет өлкөлүк көркөм тасмалар, ошондой эле компьютердик оюндар балдардын таалим-тарбиясына терс таасирин тийгизип келүүдө.
Окуучулар арасында тартип бузуулардын алдын алуу максатында жалпы билим берүү мекемелеринде мугалимдер коллективдеринин, жергиликтүү коомдук алдын алуу борборлорунун, өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын, жогорку класстарынын окуучуларынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен жалпы саны 6301 адамдан турган 1362 "Алдын алуу кеңеши" түзүлүп, окуу жылынын башынан 722 материалдарды караган. Жер-жерлерде өспүрүмдөр менен иштөө инспекциялары тарабынан мектептерде 2040 лекция окулду. Мисалы, Кыргыз Республикасынын ИИО өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы тарабынан "Мыйзамды билбөө жоопкерчиликтен куткарбайт!", "Биздин мектепте кордоого жол берилбейт!" деген темадагы атайын буклеттер даярдалып, мектеп окуучуларына таратылган.
- Өткөн жылы рэкетчилик менен шугулданган канча окуучу кармалып, кандай жаза алышты?
- Кичине ээнбаштык кылып койгон жаш муунду жазага тартуу туура эмес. Менимче, жаш муундардын келечегине балта чаппай, андан көрө тарбиялоо зарыл. Албетте, кылмыш жасаса анда башка кеп. Бирок анча-мынча туура эмес жүрүш-турушу үчүн жазалай бергенибиз жакшы жыйынтык алып келбейт. Маселен, 2008-жылда өспүрүмдөр тарабынан жасалган опуза талап (КР КЖК 170-беренеси) боюнча бардыгы болуп 14 факты катталган (Бишкек - 1, Чүй - 3, Ысык-Көл - 8, Ош - 1, Жалал-Абад - 1). Ушул кылмыштарга 13 мектеп окуучулары катышкан.
2009-жылдын эки айында өспүрүмдөр тарабынан жасалган опуза талап (КР КЖК 170-беренеси) фактысы боюнча 6 кылмыш иши козголуп сотко жиберилген. Ушул кылмыштарга 5 мектеп окуучулары катышкан. Эгерде 2008-жылы республика боюнча өспүрүмдөр тарабынан жасалган 892 кылмыш катталып, анын арасында адам өлтүрүү, тоноо, каракчылык менен 1280 өспүрүм кармалса, анын 512и мектеп окуучулары. Ал эми 2009-жылдын эки айында 168 кылмыш иши катталып, анын арасында адам өлтүрүү, тоноо, каракчылык менен 176 өспүрүм кармалып, анын 82и мектеп окуучулары болгон.
- Укук коргоо органдары менен мектептердин байланышы канчалык чыңдалды?
- Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлиги тарабынан "Жалпы билим берүүчү мектептердин окуучуларынын арасында укук бузуулардын алдын алууну күчөтүү боюнча" атайын буйрук чыгарылган, ага ылайык райондук мамлекеттик администрациялардын билим берүү департаменттери, орто мектептер, коомчулук өкүлдөрү менен бирдикте өспүрүмдөр арасындагы топтор жана алардын лидерлерин, мектеп рэкетин, ошондой эле башка укук бузууларды аныктоо боюнча алдын алуу, эскертүү иштери жүргүзүлөт.
Республика боюнча мектептерде 1289 тартип бузуулардын алдын алуу кабинеттери түзүлүп, иш жүргүзүп жатышат.
- Рейд учурунда мектеп жашындагы канча бала окууга тартылбаптыр?
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун негизинде мектеп жашындагы балдардын учетун жергиликтүү мамлекеттик администрациялары, айыл өкмөттөрү менен билим берүү органдары жана мекемелери тарабынан биргелешип уюштурулат жана жүргүзүлөт.
Ички иштер органдарынын өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы көмөк көрсөтүшөт. Мисалы, 2008-окуу жылынын башында, октябрь айында, КР ИИМин жана Билим берүү жана илим министрликтеринин биргелешкен буйругунун негизинде мектепке барбаган балдарды кайра тартуу максатында республиканын аймагында жергиликтүү ички иштер органдары жана билим берүү бөлүмдөрү тарабынан "Кайрадан мектепке" деген аталыштагы ыкчам алдын алуу иш-чаралары өткөрүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө республиканын жалпы билим берүү мектептеринде окубаган 650дөн ашык өспүрүмдөр табылып, кайрадан мектептерде окууларын улантуу боюнча иш-чаралар көрүлдү жана маалыматтар тиешелүү органдарга жиберилди. Ошондой эле ата-энелери тарабынан каралбай калган, жашоонун эң төмөнкү деңгээлинде жашаган 333 өспүрүмдөр табылган.
Республикабыздын ичиндеги чоң миграцияга байланыштуу статистикалык эсептин жоктугуна байланыштуу канча бала мектепке барбай жүргөнү белгисиз.
- Балдарын кароосуз калтырган ата-энелердин укугу ажыратылган фактылар барбы?
- Өлкө боюнча өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын учетунда 3154 жашы жете элек өспүрүмдөр турат, анын ичинен 1957 мектеп окуучулары. Балдар боюнча Комиссияларынын кароосуна 440 материал жиберилген. Комиссиялардын чечими менен атайын мектептерге - 7, балдар үйлөрүнө - 18, интернаттарга - 10 өспүрүм жиберилген.
Ата-энелердин укугунан ажыратуу боюнча 11 материал соттордун кароосуна өтүп, анын ичинен 5 ата-эне укугунан ажыратылган (Чүй - 2, Ысык-Көл - 2). Мисалы, Токмок шаарынын жашоочусу, 1968-жылы туулган Дегинштейн Иосифти кароосуз калтырган баласы үчүн жана өзүнүн туура эмес жүрүш-турушу боюнча соттун чечиминин негизинде ата-энелик укугунан ажыратылган.
- Акыркы кездерде жаш муундардын аң-сезимин автомат оюндары ээлеп алды. Ал аз келгенсип борбор калаабызда жаандан кийинки козу карындай казинолор көбөйдү. Ушул азгырык жайлар балдардын туура таалим-тарбия алышына терс таасирин тийгизип жатат. Бул жагдайда кандай иштер жасалууда?
- Республиканын аймактарында 140 рейддик иш-чаралар жүргүзүлгөн. Рейд учурунда компьютердик клубдар, оюндук автоматтар, дискотекалар жана өспүрүмдөр чогулган коомдук жайлар текшерилип турат. Өспүрүмдөр арасында жана алардын ата-энелери менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө бардык аракеттерди көрүп жатабыз. Окуу убагында дагы окуучулар аталган жайларда жүрүшкөндөрү рейд маалында дагы аныкталган. Мисалы, Бишкек шаарында жайгашкан "Интел" аттуу компьютердик клубдан №24 орто мектептин 5 окуучусу аныкталган.
- Балдардын патриоттук, нравалык, эстетикалык тарбиясын өнүктүрүүдө, албетте, маалымат каражаттары, өзгөчө, телевидение чоң ролду ойноору баарыбызга жакшы маалым. Балдардын курак жашына ылайыктуу кинотасмалар дегеле берилбейт. Тескерисинче, зордук-зомбулук, жеңил жол менен акча табуу, психикага доо кетирчү коркунучтуу тасмалар көрсөтүлүп келет. Бул жагдайда тийиштүү мекемелер менен иш жүргүзүлүүдөбү? Терс таасир этчү кинотасмаларга чек койсо болоор беле?
- Өспүрүмдөр арасында патриоттук, нравалык, эстетикалык тарбияны күчөтүүдө, психикалык, моралдык жактан өнүгүүсүнө жана укуктук жактан камсыз болуусуна тескери таасир берүүчү согуш пропагандасын, зомбулук, сойкулук, алкоголдук ичимдиктерге, чылым жарнамаларына айрым чектөөлөрдү коюу максатында кабыл алынган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ("массалык маалымат каражаттары жөнүндө", "жарнама жөнүндө") так аткарылышына жана толук кандуу иштөөсүнө көзөмөлдөө максатында ички иштер министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине сунуштар жиберилген.
- Өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы мектептерге барып, тарбиялык сааттарга байма-бай катышып турса, балдардын укугу тууралуу түшүндүрмөлөр берилсе жакшы болмок дешүүдө айрым ата-энелер.
- Бүгүнкү күндө балдар тарабынан жасалып жаткан кылмыштардын көпчүлүгү турмуш шарттын начардыгынан улам жасалып жаткандыгы да белгилүү. Кээ бирөөлөр кылмыш жасоо менен жан багууга аргасыз болушууда. Мына ушул маселелерге кайрылуу менен биз көптөгөн спорттук мекемелер, коомдук уюмдар, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен бирдикте жаштар арасында аскердик-патриоттук тарбияны күчөтүү аркылуу өспүрүмдөрдү, балдарды спорт менен алектенүүгө чакырып жатабыз. Көптөгөн райшаардык ички иштер бөлүмдөрү бүгүнкү күндө мектептерди, балдар үйлөрүн, интернаттарды атайын шефтикке алышып, аларга жакындан жардам көрсөтүп келишүүдө.
Жер-жерлерде милициянын аймактык участкалык инспекторлору тарабынан коомдук тартипти сактоо, укук бузуулардын алдын алуу жана калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында 2294 айылдык жыйын өткөрүлгөн.
Азыркы убакта республика боюнча өспүрүмдөр менен иштөө инспекцияларында 407 кызматкер иштейт. 2009-жылдын март айында кошумча 55 кызматкер киргизилди. Мындан тышкары дагы жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары ар бир мектепте кошумча "мектеп инспекторлорунун" кызматын киргизүү үчүн акча каражатын бөлүп берүүсү үчүн жергиликтүү органдарга сунуш катары жиберилген. Мектептерде ата-энелер комитетинин, укук бузуулардын алдын алуу кеңешинин, мектеп уюмдарынын өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы менен биргелешип иштөө менен мектептерде тартиптин бекем болушуна шарт түзүлөт жана терс көрүнүштөргө жол берилбейт.
Ошону менен бирге ата-энелер менен мугалимдердин окуучуларга карата жоопкерчилигин жогорулатуу болуп эсептелет.
Маектешкен
Г. Алыбаева, "Кутбилим".