Окуялар, фактылар

Россия-кыргызстан: мамлекеттик кызмат реформасы жана тажрыйбасы
Жакында Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясынын делегациясы Россияга иш сапары менен барып келди. Анын курамында Билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы Акунжан Абдрашев да болду.

Бизден барган делегаттар Россия Федерациясындагы мамлекеттик кызмат тутумунун реформалануусу жана келечеги жөнүндө кеңири маалымат алышты. Ушул темадагы лекцияны Россиянын Президентинин Башкармалыгынын мамлекеттик кызмат боюнча өкүлү А.С.Карпенко окуду.
Статс-катчылар кызматынын мамлекеттик башкаруудагы ролу, алардын ишинин мыйзамдык негизи тууралуу кийинки күнү мазмундуу лекция угулду. Андан соң кыргызстандык коноктор менен Россия Федерациясынын Федералдык жыйынынын Мамлекеттик Думасында жолугушуулар өткөрүлдү.
Сапардын үчүнчү күнү Россия Президентине караштуу Россия мамлекеттик кызмат академиясынын профессору И.В.Понкин "Администрациялык реформа" темасында мазмундуу лекция окуду. Кыргызстандык делегация мүчөлөрү Россиянын Билим берүү жана илим министрлигинин статс катчысы Ю.Сентуриндин, өзгөчө кырдаалдар министрлигинин статс-катчысы И.А.Пучковдун практикалык иши менен таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.
"Иш-сапардын жүрүшүндө мамлекеттик башкарууну натыйжалуу жүргүзүү боюнча практикалык мааниге ээ болгон жолугушуулар жана пикир алмашуулар болду", - деп белгиледи Акунжан Абдрашев.
Жолдош ТУРДУБАЕВ,
"Кутбилим".




Приказ Министерства образования и науки
Кыргызской Республики от 19 марта 2009 г. №193/1
О проведении торжественного мероприятия, посвященного вручению выпускникам аттестатов о среднем общем образовании

В целях организованного проведения торжественного мероприятия, посвященного вручению выпускникам 11 классов общеобразовательных организаций аттестатов о среднем общем образовании и обеспечения охраны их жизни и здоровья на период проведения торжественного мероприятия

ПРИКАЗЫВАЮ:
1. Провести мероприятия посвященные завершению обучения средней общеобразовательной организации и выдачи аттестатов о среднем общем образовании в общеобразовательных организациях 26 июня 2009 года в торжественной обстановке с участием представителей органов местного самоуправления, органов управления образования, правоохранительных органов и родительской общественности.
2. Начальникам Бишкекского и Ошского городских управлений образования, заведующим районными и городскими отделами образования, директорам общеобразовательных школ:
o организовать круглосуточные дежурства ответственных работников районных и городских отделов образования с привлечением сотрудников правоохранительных органов, родительской общественности на период проведения мероприятий.
o возложить персональную ответственность на руководителей общеобразовательных организаций и педагогические коллективы за обеспечение порядка и охрану жизни и здоровья выпускников во время проведения торжественных мероприятий;
o провести встречи с родителями и председателями родительских комитетов выпускных классов по вопросу организации и проведения торжественных мероприятиях, посвященных окончанию школы.
o представить 30.06.09 года в Управление дошкольного, школьного и внешкольного образования информацию о проведенных мероприятиях.
3. Редакции газеты "Кутбилим" (К.Чекиров) опубликовать данный приказ.
4. Контроль за исполнением данного приказа возложить на Управление дошкольного, школьного и внешкольного образования (Д.Кудайбергенову).

Министр А.Мусаев




Кыргызстандык окуучулар гран-прини утуп алды
Кыргызстандын мектеп окуучулары Санкт-Петербургда балдардын театр жамааттарынын фестивалында гран-прини алышты.
Бул жөнүндөгү маалыматты "Россия Радиосу" таратты. Билдирүүгө караганда режиссер-коюучу Канат Касенов башчылык кылган театрдык топ жети баладан турат. Алар Чыңгыз Айтматовдун "Биринчи мугалим" повести боюнча спектаклди көрсөтүштү. Тандап алуу туруна Россиядан, Белорусиядан , Украинадан, Латвиядан, Германиядан жана башка өлкөлөрдөн 90 балдар жааматы катышкан. Конкурска эң кызыктуу 20 спектакль сунушталган.


Шаардык Мыкты мугалимдер күч сынашат
Борбор калаабыздагы №66 мектептин базасында шаардык "Жылдын мыкты мугалими" сынагы башталды.
Бул сынакка райондук конкурста жеңип чыккан эң мыкты 40 мугалим "Мыкты мугалим", "Мыкты жаш мугалим", "Мыкты класс жетекчи", "Мыкты кошумча билим берүүнүн педагогу" жана "Мектепке чейинки билим берүүнүн мыкты педагогу" деген номинациялар боюнча күч сынашмакчы.
Сынактын 1-турунда мугалимдер педагогикалык-психологиялык тест тапшырышат. Экинчи турунда ачык сабак беришет.
Баса, сынак учурунда катышуучулар коллегалары менен инновациялык тажрыйбалары менен бөлүшөт.

Гүлнара Алыбаева,
"Кутбилим".




Белгилүү бол, "Балачак"!
Балдардын сүймөнчүгү болгон "Балачак" газетасы төрт жылдык азем фестивалына карата 29-мартта "Сейтек" балдар борборунда талантуу окуучулар жана белгилүү эстрада ырчылардын катышуусу менен чоң программадагы шоу-концерти болуп өттү.
"Балачак" газетасынын баш редактору Кайрат Салмакеевдин айтымында, концертке "Юнеско" жана "Люс-Фу" кафеси демөөрчү болуп колдоо көрсөтүшүүдө.
Концертте көрүнүктүү манасчы, ырчылар, опера жана балет театрынын ырчылары балдарды кубантышты.
Жазгүл УРМАМБЕТОВА,
"Кутбилим".




Саясий партиялардын, КР Президенттигине талапкерлердин эсине!
КР шайлоолор жөнүндөгү кодексинин талаптарына ылайык "Student.KG" ("Студент, KG") гезити үгүт иштерин чагылдырууга төмөнкү баалар менен кызмат көрсөтүүнү сунуштайт.
1-бет: түстүү басма - 30 миң сом.
Ортоңку эки бет (8-9) түстүү басма - 40 миң сом.
2,3,4,5,6,7,10,11,12,13,14,15 беттер - 10 миң сом.
16-бет - 20 миң сом.
Манас пр., 47-А
тел.: 54-88-97

Саясий партиялардын, КР Президенттигине талапкерлердин эсине!
КР шайлоолор жөнүндөгү кодексинин талаптарына ылайык "Жаштар.KG" гезити үгүт иштерин чагылдырууга төмөнкү баалар менен кызмат көрсөтүүнү сунуштайт.
Түстүү беттердин баасы 1 см. 5-10 сом.
Түссүз беттердин баасы 1 см. 1-5 сом.
Ж.Пудовкин, көчөсү, 34
тел.: 93-43-41; 47-23-02

КР Президенттигине талапкерлердин эсине!
"Кутбилим" гезитинин редакциясы шайлоо кодексинин 30-статьясынын 11-пунктуна ылайык Президенттик шайлоо алдындагы үгүт иштерин чагылдырууга катышаарын, талапкерлердин баарына үгүт иштерин жүргүзүү үчүн гезит бетинен орун берүүгө даяр экенин билдирет.
"Кутбилим" гезитинин рекламалык кызматынын баасы төмөндөгүдөй:
Биринчи бетке жарык көргөн макалалардын баасы 1 кв. см. - 40 сом, же бир бет 37440 (отуз жети миң төрт жүз кырк) сом.
Калган беттеринин баасы 1 кв. см. - 20 сом, же бир бет 18 720 (он сегиз миң жети жүз жыйырма) сом.
Көп нускада заказ чыгарууда кошумча нарктар каралат жана кошумча келишим түзүлөт.