Тил сабагы

Сөз - жан дүйнө жаңырыгы
же мектепте көркөм стилди окутууда окуучуларды чечендик кепке (риторикалык ыкмаларга) үйрөтүү менен адеп-ахлакка тарбиялоонун айрым жолдору
В.И.МУСАЕВА,
педагогика илимдеринин кандидаты, Эл аралык "Түгөлбай Ата" коомунун сыйлыктарынын ээси


Кептин функционалдык стилдеринин (көркөм, илимий, публицистикалык, иш кагаздарынын стили) ичинен көркөм стилди окутууда айрыкча көркөм тексттер менен иштөө, көркөм окуу, көркөм тексттерди талдоо, сабак-жомок, сабак-поэзия, сабак-сахна, сабак-инсценировка, мугалимдин сөзү, талкуулар, суроо-жооп, аңгемелешүү, баарлашуу, салыштыруу, интерактивдик ыкмаларды кеңири пайдалануу, окуучуларды чечендик кепке, риторикалык ыкма, билгичтиктерге окутуп-үйрөтүү менен бирге адеп-ахлакка тарбиялоого мектептеги кыргыз тили, адабияты сабактарында толук мүмкүнчүлүктөр жана шарттар бар. Мисалга алсак:
Мугалимдин сөзү: Көркөм стиль оозеки-сүйлөшүү стили сыяктуу эле байыркы. Ал кылымдар бою оозеки формада жашап, элибиздин рухий жана эстетикалык муктаждыктарын канааттандырып, көркөм табитин тарбиялап келген. Көркөм адабий чыгармалар эки ооз макал-лакаптан, санат-насыят, үлгү ырларынан баштап, дүйнөгө таанымал "Манас" эпосуна чейин байыркы бабалар тарабынан ооздон оозго айтылып, оозеки түрүндө кылымдар бою рухий-адептик гүлазык катары сакталып, улам кийинки урпактарга таалим-тарбия берүүдө эбегейсиз зор жүк көтөрүп келген.
Суроо-жооп аркылуу баарлашууга киришүү
Суроо: Көркөм стилдеги адеп-ахлакка байланыштуу кандай макал-ылакаптарды билесиңер?
1-окуучу: "Абийириңди жашыңдан сакта", "Аганы көрүп ини өсөт, эжени көрүп сиңди өсөт", "Адам эмгеги менен даңктуу".
2-окуучу: "Акыл-баштан, асыл-таштан", "Аракет кылсаң берекет", "Бакыт эмгектен жаралат", "Береке байлык эмгекте".
3-окуучу: "Эмгек кылсаң өнмөк бар", "Иштеген тиштейт", "Ой - сөздүн сандыгы", "Өнөр алды-кызыл тил" ж.б.
Мугалим сөзүн улантат: Булардын ар биринде таалим-тарбиянын өлчөмсүз зор рухий байлыгы сүңгүп жатат. Илгери кыргыздар балдарын эки ооз макал менен эле тарбиялап келгени бекеринен эмес. Сөздүн маанисин түшүнүп, сөзгө жыгылыштуу болуп, айып тартып, мал союлуп алдыга тартылган учурлар өткөн. Жазуу-сызуу жок мезгилде эле, кат сабатсыз балдарын туура нукта тарбиялап баштап келген. Ошондон улам кыргыз эли мамлекет катары бүгүнкү күнгө чейин сакталып, өсүп-өнүп, тилине, тарыхына, этнопедагогикасына, улуттук рухий-адептик байлыктарына ээ болуп отурат.
Көркөм стиль, көбүн эсе, көркөм адабият чөйрөсүндө колдонулуп, адамдардын өмүрүн, турмушун, кылык-жоруктарын, жакшы, жаман сапаттарын, иш-аракеттерин, өз ара мамилелерин образдуу чагылдыруу менен рухий-адептик жактан таасир этүү максатын көздөйт. Башка стилдер функционалдык максатта карым-катнаш, байланыш жасоо милдетин аткарса, көркөм стиль көркөм эстетикалык, рухий рахат тартуулоо, жан дүйнөнү байытуусу менен айырмаланат. Көркөм, адабий чыгармалардын обьектиси болгон адамдын иш-аракети, турмуштагы орду, кубанычы, кайгысы, түйшүгү, башкаларга мамилеси элестүү, образдуу, эмоционалдуу-экспрессивдүү касиетке ээ болуп, көрүп-сезип, угуп-туюп тургандай баяндалат. Адамдын акыл-сезимине таасир этүү жагынан көркөм адабият живописке, сүрөт искусствосуна, музыкага да окшошуп кетет. Сынчы В.Г.Белинский "көркөм адабиятта живопистин жана музыканын элементтери бар" деп бекеринен айтпагандыр. Көркөм адабияттагы музыкалуулук жана живопистүүлүк үндөрдүн, боектордун жардамы аркылуу эмес, тил каражаттарын устаттык менен тандоо, кылдаттык менен жайгаштыруунун натыйжасында ишке ашырылат. Ойду, түшүнүктү гана эмес, ички сезимди, эмоцияны туюндуруп, образдуулук касиетке ээ. Образдуулук, элестүүлүк качан гана тилдик материалдарды негизги идеяга ылайыктап курай билгенде пайда болот.
Суроо-жооп аркылуу аңгемелешүүнү улантуу, грамматикалык көнүгүүлөр:
Суроо: Мисалга алсак, ыр түрүндөгү поэзиялык чыгармалардын стилинде кандай фонетикалык, лексика-грамматикалык өзгөчөлүктөр кездешет?
1-жооп: - бирдей үнсүздөрдүн кайталанышы (аллитерация);
2-жооп: - бирдей үндүүлөрдүн кайталанышы (ассонанс);
3-жооп: - уйкаштык, муун өлчөмдөрү;
4-жооп: - табыш тууранды сөздөр, туунду сөздөр;
5-жооп: - троптун түрлөрү (салыштыруу, эпитет, гипербола, метафора, метонимия, синегдоха) кеңири пайдаланылат.
Лексикалык көнүгүүлөр, сөз, сөз айкаштарын талдоо: Сөздөр өтмө мааниде келгенде, бир мааниси алдыңкы планга чыкса, экинчиси арткы планга сүрүлүп, сүрөттөлүп жаткан нерсе, буюм, окуя жекече мүнөзгө ээ болот. Мисалы, "бал" деген сөздүн түз мааниси: 1) таттуу тамак 2) аарыдан алына турган продукция. Коноктор бал менен чай ичишти десек, түз маанисинде келди. Ал эми "анын тили балдай таттуу" десек, анда биринчи мааниси алдыңкы планга чыгып, экинчи мааниси экинчи орунга сүрүлөт. "Бал" деген сөздүн өтмө мааниси" (метафора) баалоо касиетине ээ болуп, ширин сүйлөгөн чечен адамды туюндурду. "Бала тили бал" да ушул сыяктуу. "Бармагынан бал тамган" - өтө чебер, абдан устат, колунан көөрү төгүлгөн. Сөздөр түз мааниде айтылганда баалоо касиетине ээ болбойт. Көркөм чыгармадагы образдуулук конкреттүү маанидеги сөздөр аркылуу да туюндурулат. Мисалы, ийрим - кызыкчылыктары, чыгармачылыктары төп келишкен адамдардын тобу, нуска - китептердин жалпы саны, тираж дегенге караганда бир кыйла түшүнүктүү.
Көркөм стилдеги текст менен иштөө: Көркөм чыгармалардагы конкреттүү жана абстракттуу сөздөр сөз, сөз айкашы, сүйлөм, тексттердин жардамы менен лексика-семантикалык мааниси жактан такталып, ошол нерсени көрүп, угуп тургандай сезимди жаратат. Мисалы: "калың оор келген төөнүн моюн терисин сыйрып ала коюп, аны устаралап кырып ийип, анан туткундун башына кийгизет. Азыркы суучулдар кийүүчү кеп такыядай болуп калат. Шири ысык күнгө кургаган сайын кысып, туткундун үнү кудайга жетип, көзү чанагынан чыгып, тартпаган азапты тартат да, өлгөнү өлүп калат. Өлбөй калганы өткөн өмүрүн, ата-тегин такыр эстей алгыс маңкурт кул болуп кала берет". (Мугалим текстти үнү мыкты окуучуга көркөм окуттуруп, жаздырып, угузганда таасирдүүлүгү артат) "Кылым карытар бир күн" романындагы Айдар көкүл жуңжаңдардын колго түшкөн туткундардын башына кандайча шири кийгизип, эс-акылын жоготкон маңкурт кулга айландырганы көз алдыга элестейт.
Текст боюнча талкуу
Суроо: Бул үзүндүдөн көркөм стилдин, көркөм кептин, чечендиктин кандай белгилерин жана адеп-ахлакка жат көрүнүштү байкадыңар?
1-окуучу: Залкар жазуучу Ч.Айтматов бул эпизодду көркөм сөздүн күчү менен сүрөткө тарткандай, өтө эмоционалдуу-экспрессивдүү, курч сүрөттөгөн.
2-окуучу: Эгерде "жуңжаңдар туткундарды кыйнап, башына шири кийгизишкен" деп гана баяндалса, анда эч кандай элестөө, образдуулук сезилбей, чыгарманын мазмуну да жардыланып, эмоционалдуулук касиеттеринен ажырайт эле.
3-окуучу: Мында автордун оюн жеткире билүүдө пайдаланган жекече табылгалары, стилдик бөтөнчөлүктөрү, тилинин чечендиги, ой жүгүртүүсүнүн ар тараптуулугу, сөз байлыгынын молдугу, сүйлөмдөрдү орундуу куруудагы ишмердүүлүгү өзгөчө ролду ойногон. Ошону менен бирге адамдардын үстүнөн үстөмдүк кылуу сыяктуу адеп-ахлакка жат, терс көрүнүштөрдү ашкерелеген.
Мугалим менен окуучулардын биргелешкен талдоолору жана жыйынтыктары: Көркөм стилдеги сүрөттөөнү, баяндоону ар бир эле акын-жазуучу жогорку деңгээлге жеткире албайт. Алардын сүйлөм куруудагы стилдик ыкмалары да бири-биринен айырмаланып турат. Көркөм стилдеги эмоционалдуулук-экспрессивдүүлүк каармандарды портреттик сүрөттөөлөрдөн, алардын кулк-мүнөзүнөн, жүрүш-турушунан өтө таасын билинет.
Мугалим: Буга ким кандай мисал келтирет?
1-жооп: Мисалы, Чыңгыз Айтматовдун сүрөттөөлөрүн алсак: "Жамийла өзү шыңга бойлуураак, белдүү келин. Эки өрүмгө батпай, дүркүрөп өскөн калың чачын кысып туруп, бир байлам ак жоолукту маңдайына кыйгачтатып, шарт буунуп алса, кызыл торусунан келген, балкылдаган төгөрөк жүзүнө ак жоолук эп келише калат. Жамийла күлгөндө, анын чымкый кара сүйрүрөөк көзүндө ден соолуктун, жаштыктын ашып-ташкан күчү ойт берет".
2-жооп: Ушул эле "Жамийла" повестиндеги жазуучунун Даниярды сүрөттөөсү: "Тартайган москоол боюна жараша Даниярдын бет түзүлүшү шылынып чап жаак, кабагы дайыма чарчаңкы жыйрылып, көзү бир калыпта салмактуу тиктейт. Анын жүзүн өзгөртүп, кыймылга келтирген ийкемдүү кашы. Кээде ал бир үн салгансып, сестээ калганда, канат серпкендей кашы өйдө боло берип, көзү жалжылдап, бир нерсеге сүйүнгөн өңдүү болот. Кээде анын кашы бийик серпилип, көзү жайнап, ичинде демиккен бир зор күч бардай, ал чыңала түшүп, сыягы азыр өйдө тура калып, кулачын жая, айланадагы көз көргөндүн баарын кучактап, көкүрөгүнө бекем кысчудай сермелет".
3-жооп: Ошондой эле, "Манас" эпосундагы сүрөттөөлөрдөн:

Бакай менен Жолойду көркөм сүрөттөө үчүн манасчылар оозеки чыгармаларга мүнөздүү салыштыруу, эпитет, гипербола, метафораларга таянып, алардын портреттерин көз алдыга келтиришти. Биз Бакайды оң каарман катары жактырып, Жолойду душман деп жек көрүп жатабыз. Аларды бири-биринен айырмалап турган көркөм сөздүн күчү. Образдуу, элестүүлүктү жаратууда элес тууранды сөздөр жана алардан жасалган туунду этиштер (локуйган, лакыйган, заңкайган, зыңкыйган, зоңкоюп, ырсаңдап, делдеңдеп) роль аткарат. Көркөм стилдеги чыгармаларда каармандар өздөрү жашаган доорго, социалдык абалына, өнөр, кесибине ылайык сүрөттөлгөндүктөн, зарылдыгына жараша архаизмдер, историзмдер, жаңы сөздөр, кесиптик сөздөр, диалектилик сөздөр, фразеологизмдер тандалат. Кай бир учурда башка стилге тиешелүү өзгөчөлүктөр ар түрдүүчө өзгөртүлүп дал өзүндөй болбосо да пайдаланылат.
Мисалы, илимий стилдеги терминдер илимий стилде такталган түшүнүктөрдү туюнтса, көркөм стилде каармандардын образын ачуудагы элементтердин бири болуп келет. Жазуучулар аларды ар кыл максаттарда колдонушат. Мисалы: "… программаланган аппараттар, машиналар ошентип иштейт, мезгили келгенде алиги аппараттарды башкаргандай кылып, адамдарды да радио менен башкарат. Түшүндүңөрбү, бала дебей, чоң дебей, бүт адамзаты радио менен башкарган кез да келет, илимий көзөмөлдөр азыртан даяр. Эң жогорку кызыкчылыкты көздөгөн илим да буга жетишип отурат…" ("Кылым карытаар бир күндөн"). Мында автор Сабитжандын образын ачууда илимий стилди пайдаланды. Сабитжан илимпоз же окумуштуу эмес экендиги белгилүү, бирок ал карапайым айылдык адамдарга өзүн баарын алдын-ала билген, билерман адам катары көрсөттү.
Деги эле, чыгармадагы тарыхый шарт, кырдаалга окуянын кайсыл мезгилге тиешелүүлүгүнө ылайык тил каражаттары тандалат. Т.Касымбековдун романдарында историзмдер, диалектилик сөздөр, архаизм, эскирген сөздөр кездешет. Мисалы: "Фрунзе: - Мына көрдүңөрбү, силердин азаттыгыңар төрөлөрдүн оюнда да болгон эмес. Силерди адаштырып, ушул убакта жаңы курал болуп турган кеңеш өкмөтүнө каршы коюп, ынкылаптын душманы адмирал Колчакка быяктан таяныч жасамакчы болушкан. А кеңеш өкмөтү жөнүндө айткандары жалган" ("Келкел" романынан). Бул, биринчиден, чыгарманын окуясы баяндалган доорго жараша сюжет-мазмундун окурмандарга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылса, экинчиден, көркөм чыгарманын тилин историзмдер менен байытып, чыгарманын окумдуулугун арттырат.
Көркөм адабияттын тили жана стили, көркөм адабий чечендик кеп жалпы элдик, улуттук тилдин сөз чеберлери тарабынан иштелип чыккан, ата-бабалардан такталып-сакталып келген кептин стилдеринин эң жогорку үлгүсү. Лексикалык, грамматикалык материалдардын, сөздүк кордун байыгандыгы, толукталгандыгы көркөм адабий чыгармалардан алынган бай мисалдардан улам даана байкалат. Анткени аларда жалпы элдик, улуттук тилдин бай казынасы, рухий-адептик көркөм дүйнөсү, кыргыз элинин чечендик кеби бугуп жатат. Аларды окуучулар оозеки, жазуу байланыштуу кебинде туура, орундуу, так, логикалуу, көркөм, маданияттуу, образдуу, элестүү пайдалана алуу менен чечендик өнөргө, риторикалык ыкмаларга ээ боло алгыдай деңгээлге жеткиришибиз биздин милдет.