Автордук долбоор

демократиялык идеалдар менен катар жаштарды өз улутунун, өз мамлекетинин баалуулуктарына тарбиялоого багыттар ачык-айкын жазылат. А Кыргызстандын билим берүү мыйзам-концепцияларында мындай улуттук кызыкчылыктан чыккан тарбия мүдөөлөрү ачык көрүнбөй жатат.
Кыскасы, өз буту басып турган кыртыштын улуттук талап-милдеттерин анча элес албаган биздин билим берүү системабыз, негизинен жалпы эле билимдүү, маалыматтуу адамды окутуп тарбиялоого ыңгайлашкан. Билимдүүлүк жакшы. Бирок жалгыз билимдүүлүк эле тагдырды чечпейт. Билимдүү болуу адам болуу дегенди дайыма эле түшүндүрө бербейт. Турмуш практикасы көрсөтүп отурат, айланабыздан канчалаган дипломдуу коррупционерлерди, жогорку маалыматтуу криминал "авторитеттерди", жогорку маалыматтуу маңкурттарды, трайбалисттерди, уруучулдарды, чоочун диндердин идолдоруна сыйынган интеллигенттерди, өзүнүн "Бугу энесине" ок атып, өз бешигин бүлүндүргөн билимдүү "орозкулдарды" көрүп жатабыз. Ата-журтубуз ушундай илдеттерден азап чегип, ордунан очорулуп тура албай жаткандыгы жалганбы?
Демек жалаң жалгыз билимдүүлүк, маалыматтуулук, жалаң гана кесипкөйлүк бизге гарант эмес экен. Демек доктрина, концепцияларыбызда, мыйзамыбызда басым коюлуп жаткан ошол билимдүүлүк түздөн-түз бийик адамдык аруу сапаттар, атуулдук бийик ар-намыс, эл-жерим деген граждандык азаматтык, уулдук күжүрмөн дух-кайрат, калкыбыздын социалдык генетикасында илгертен жашап келген айкөл Манастын, Курманжан датканын улуу патриотизми менен айкалышуусу эгемендүү жаш жумуриятыбыз үчүн аба менен суудай зарыл.
Төмөнкү тарбия мазмунунун уютку-негизин түзүүдө концепциянын автору азыркы глобалдашуунун жана массалык маданияттын чабуулунун шарттарында этникалык нарк-дөөлөттөрдү, салтты жана улуттук иденттүүлүктү сактоонун зарылдыгын жана "Маданияттардын диологу философиясын жетекке алды, башкача айтканда, Кыргыз Республикасынын Конституциясындагы улуттук менен жалпы адамзаттыктын биримдиги жөнүндөгү принцибин тутунду. Улуттук кыртышка таянбаган тарбиянын келечеги бүдөмүк. Дүйнөлүк акылмандардын бир мындай деп туура насааттайт: "Улуттук көрөңгөсүз, элдик аңызсыз эч нерсе өспөйт жана эч кандай мөмө болбойт. Ар кандай мөмө-жемиш өсүш үчүн өзүнүн топурагы, өзүнүн климаты, өзүнүн тарбиясы болуш керек. Бутуңдун алдындагы бекем кыртышсыз алдыга ийгиликтүү жылуу мүмкүн эмес". Бүгүнкү мектептеги таалим-тарбиянын мазмундук базасын калыптоодо мындай акылман ойду жетекчиликке албай коюу мүмкүн эмес.
Борбордук Азиядагы эң байыркы элдердин бири кыргыз калкы сан кылымдарды карыткан тарыхый жолунда өз тулкусуна өзөк болуп тамырлаган, ич жактан мотор сындуу айланып, жүрөк болуп кагып, жамаатка күч-кубат, өмүр-жашоо берип келген өзүнүн улуттук идеясын, көөнөрбөс акыл-ой, рух дөөлөттөрүн, менталдуулугун иштеп чыккан.

1. Улуттук казынадагы эки ыйык дөөлөт - таалим-тарбиянын мазмундук булагы жана башкы урааны катары

Биринчиден. Ошондой улуттук ыйык дөөлөттөрдүн бири - бул Ата Мекен идеясы. Кыргызстандыктын ыйык дөөлөтү - Ата - мекен, Алатоо. Ата - журт улуттук идеясынын символу - бул улуу "Манас". Атажурттун азаттыгы, өз алдынчалыгы, бөлүнбөс бүтүндүгү, бакыбаты үчүн карууну казык, башты токмок кылып кызмат кылуу, кара башты курман чалуу идеясы, каарман күрөш өрнөгү, мекенге карата толуп-ташкан сүйүү сезими "Манаста" берилген.

Манас бабабыздын анты

Алты сан аман турганда,
Ыйык кыргыз жеримди,
Душмандын буту баскыча,
Асыл кыргыз элимди,
Тебелетип бөтөнгө,
Кор кылып карап жаткыча,
Туулбай туна чөгөйүн,
Тирүү жүрбөй өлөйүн,
Аткарбасам антымды,
Төшү түктүү жер урсун!
Көкө Теңир өзү урсун!!!

Манас атанын ушул улуу идеясы менен мекенибиздин уул-кыздары Барсбектен тартып Курманжан даткага чейин аба менен дем алгандай дем алып, тарыхта жашап, күрөшүп келишкен. Ата - журт менен камыр-жумур болуп жуурулушкан биримдиктен Ала-Тоо атуулу өз өмүрүнүн маңызын көргөн. "Алатоомсуз, мен киммин? Ата-энесиз жетиммин!" - деген ал. Ата - журт улуттук идеясы жогоруда айтылгандай, Алатоолуктун канында, социалдык-маданий генетикасында жашайт. Азыр да элдик менталитеттин тереңинде "жүрөк кагып" турат.
Дал ушул мекенчил менталитет, тагдырды Ата - журт кызыкчылыгына байлаган патриоттук принцип, эл-журттун эгемендүүлүгүн ыйык санаган улут идеясы бүгүнкү таалим-тарбиянын негизинде жатууга тийиш.
Экинчиден. Таалим-тарбиянын пайдубалында жата турган дагы бир улуу дөөлөт бар. Бул - биримдик, ынтымак философиясы. Өзүнүн тарыхый тагдырында калкыбыз ички бытырандылыктан, бөлүндүлүктөн, өз ара уруу чабыштарынан далай азап чеккен, бүгүн да трайбализм, жер-жерлерге бөлүнүүчүлүк илдетинен жабыр тартып отурат. Бирок ошондой болсо да, "Бөлүнсөң бөрү жеп кетет, бөлүнүп калды кыргыз деп, бөлөк элге кеп кетет", "өлсөк бир чуңкурда, тирүү болсок бир дөбөдө бололу" ("Манас") деген патриоттук даанышмандык кыргыз социумунун ички өзөгүн тепчип өткөн дайымкы улут идеясы болуп келген. Дал ушундай философиядан улам кыйын-кезең кырдаалдарда калайык-калк бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып, бир туунун алдында биригишип, тарыхтын бороон-чапкындарынан аман-эсен чыккан учурлары көп болгон. IX кылымда Азияда өкүм сүргөн айтылуу кыргыз империясынын ийгилиги биримдик улуттук идеясына негизденгендигинде болгон. Алдыңкы акылман акыл-эс өз ара коюн-колтук алышкан, күмүштөй оролушуп, жездей чырмалышкан улуттук биримдиктин, калк аралык ынтымактын ("Бирдик болбой - тирдик болбойт" - эл макалы. Өз ара ыркыбыз кетсе, "Пил да болсок жыгылдык, миң да болсок кырылдык" - Бакай. "Ырыс алды ынтымак, ынтымагың жок болсо, алдыңдан таяр алтын так" - Калыгул. "Бакыт - чыгаандардыкы - бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгаргандардыкы" - Нурмолдо) идеясы улут тагдыры үчүн фундаменталдык мааниге ээ экендигин терең туюнган. Биримдик идеясын бүгүн республиканын ички монолиттүүлүгүн чыңдоонун фактору катары таалим-тарбия ишмердигинин идеологиялык ориентири жана мазмундук философиялык базасы катары мектепте активдүү жашатышыбыз зарыл.
2. Мамлекеттик тил - таалим-тарбиянын мазмундук пайдубалы

Улуттун улут экенин, билгизген башкы көрсөткүч - эне тил. Кыргыз тилибиз - улутубуздун жүрөгү. Кан тамырында жүгүрүп, көөдөнүндө согуп турган эне тили - жүрөгү токтосо, улут улут катары жашоосун токтотот. Эне тилин жоготкон, унуткан адам - тирүү өлүк, маңкурт, экономикалык макулук. "Эне тилин билбеген, элин сүйүп жарытпайт" (Байдылда) деген накыл бекеринен эмес. "Тилиңди бурба" - деген насаат ата-бабалардын муундарга айткан биринчи насааты болгон. Демек түп маанини туюнсак, эне тилибиз ар бир алатоолук атуулдун ар намысы, сыймыгы, жашоосунун маңызы, дүйнөгө көрсөтө турган "улуттук паспорту" (Э. Ибраев). "Күчтүүбүз ата - журттун кучагында, калкымдын уюткулуу дили менен, биз элбиз, биз инсанбыз, биз улутпуз, алатоолук кыргыздын тили менен!". Дал ушундай философияны, улуттук идеяны бекем тутунуп жашаган, мамлекеттик тилдин кызматы үчүн тикесинен тик турган намыскөй атуулдарды өстүрүп чыгаруу мүдөөсү тарбия ишинин өзөгүн аныктап, ар дайым активдүү аракетте турса, анда мындай менталдуулук - республикабыздын дүйнөлүк цивилизация көчүнө өз жүзүн сактап кошулушунун өбөлгөсү болмок.
Кыргызстандагы боордош калктардын чүрпөлөрүнүн Мамлекеттик тил жана өз эне тили жөнүндөгү бекем билими анын ички атуулдук маданиятынын көрсөткүчү болгону мүдөөгө төп келмек.

3. Тарбиянын уюткусу - калктын улуу тарыхы

Тарбия ишинин негизине алынып, мазмунун аныктай турган кенч - бул улуттук тарых. Ушул жерден эске түшүп турат. Россиянын батыштын таасирине баш оту менен кирип кеткендигине байланыштуу 1867-жылы атактуу Герцендин ачууланып мындайча жазганы бар: "өзүбүздүн көйнөгүбүздөн жана сакалыбыздан тартып, баарынан ажырагандыгыбызды көрүп отурабыз. Бизди өзүбүздүн энебизди жек көрүүгө жана ата конушубуздун коломтосун шылдыңдап күлүүгө үйрөтүштү. Бизге чоочун тараптардын бөтөн салттарын таңуулашты". Герцендин бул сөздөрү түздөн-түз кыргыздарга айтылгандай дегибиз келет. "Эски дүйнөнү кыйратабыз!", - деген большевиктик, нигилисттик ураанга жамынган тоталитардык система бизди да өткөн тарыхыбызга түркөй сабатсыздардын жана ташбоор эзүүчүлөрдүн кайгы-муңга толгон караңгы тарыхы катары кароого, улуттук салттарыбызды чириген феодализмдин "калдыгы" катары түшүнүүгө үйрөтүп, көбүбүздү өз бешигин балталап бүлүндүргөн, өз "Бугу энесине" каршы ок аткан Орозкулдар менен Момундарга (Ч.Айтматов) жана маңкурттарга айландырууга үлгүргөндүгү чындык. Бирок улутубуздун чыныгы тарыхы башкача, баскан жолу бөлөкчө. Кыргызстандын тарыхы - сыймыктана турган тарых. Кыргыздар Азияда биринчилерден болуп өзүнүн жазмасына ээ болгон эл. Кыргыздардын биздин эранын V кылымында эле рун жазуусун колдонгондугун Чыгыш менен Батыштын окумуштуулары эбак эле далилдеп көрсөтүшкөн. Борбордук Азия калктарынын ичинен байыркы тарыхта аты биринчи учураган кыргыздар илгерки доорлордо алгачкылардан болуп алтын, темир кендерин иштеткен, өзүнүн хандыгына, мамлекеттүүлүгүнө эгедер болгон (кытай жазмаларынын далилдери), а түгүл Азияда өзүнүн империясын түзгөн (IX кылым), темирден аскердик куралдарды жасоо жагынан алдына киши чыгарбаган, кытай жазмаларынын жана орто кылымдагы саякатчылардын берген маалыматы боюнча чептерди, шаарларды (маселен, "Алакчын", "Кыргыз хан" шаарлары) курган, башка тайпалар, калктар менен дипломатиялык мамилелери өнүккөн, эпостордо айтылгандай "Эрендер менен маңдайлаш, чечендер менен таңдайлаш, беттеп адам барбаган, ар душман жеңип албаган" жоокер, эмгекчил, баатыр эл болгон. Соңку тарыхий даректер кыргыздардын ата-бабалары байыркы сактар жана Чыгыш менен Батышты титиреткен илгерки Гундар экенин кабарлап жатат. Манас атабыз, Барсбек, Алп Сол, Тагай бий, Кубат бий, Жаңыл Мырза, Курманбек, Атаке, Бердике, Жайыл, Ормон хан, Тайлак, Курманжан датка, Искак хан, Балбай, кийинкилерден Абдыкерим Сыдыков, көкүрөгүн окко тоскон Чолпонбай сыяктуу улут ар намысы жана боштондугу үчүн кара жанын садага чапкан жүздөгөн, миңдеген баатырларыбыз улуттук тарыхыбыздын мактанычы жана сыймыгы. Кыскасы, биздин бүгүнкү тукумдарыбыздын духун көтөрө турган, көкүрөгүн сыймыкка бөлөп, улуттук ар намыс сезимин (чувство национального достоинства) бийиктете турган даңктуу тарыхыбыз бар экендигин эч ким тана албайт. Кыргыз тарыхынын бай жана баатырдык мазмуну - тарбиянын соолбос булагы. Патриотизм үчүн, улуттук өзүн-өзү аңдап түшүүнүнү (национальное самосознание) өстүрүү үчүн керектүү орошон мазмун ушул жерде жатат. "Өзүнүн тарыхын ийне-жибине чейин билип, аны жаш муундардын энчисине айландырып жаткан улут бактылуу улут" (Махатма Ганди).

4. Тарбияга омок болуучу орошон байлык - этникалык маданияттын казынасы

Тарбия ишине чоң азык-көрөңгө, омок болуп берчү дагы бир байлык - бул этникалык маданияттын казынасы. Калкыбыздын боз үйү, түркүн буюмдарга чөгөрүлгөн, түшүрүлгөн не бир керемет оюулар менен кыял-көчөттөр дүйнөдө сейрек кездешкен эстетикалык сулуулук экендиги бардыгына маалым. Калк зергерлеринин, уздарынын, жез оймокторунун, усталарынын колунан бүткөн буюмдар, жасалгалар өзүнүн ажайып кооздугу жана чеберчилиги менен илгертен Туран аймактарында даңкталып келген. Көз жоосун алган алтын-күмүш билерик, шакектерди, керемет кемер курларды, жаркыраган жүгөн-куюшкандарды, койкойгон ээрлерди, колодон жасалган кумураларды, "шиберге койсо өрт кеткен, шилтегени мүрт кеткен" кылычтарды кимдер таңданып карабаган. Археологиялык казуулардан табылып, дүйнөгө белгилүү болгон алтындан уютулуп жасалган бугу, куш, жейрен алган илбирс сыяктуу көркөм эстеликтер жалаң эле байыркы сактарга эмес, кыргыздарга да тиешелүү болгон. Кыскасы, элдин байыртан өнүгүп келген керемет кол өнөрчүлүгү, материалдык маданияты Борбордук Азия аймагындагы уникалдуу феномен. Мындай өнөргө эгедер ата-бабаларыбыз менен кийинки тукумдар сыймыктанууга акылуу жана ошондой эле, бул өнөрдү унуткарбай татыктуу улантууга, өстүрүп-өнүктүрүүгө милдеттүү. Этникалык маданият - мектептеги тарбия булагы. Кыргызстандын элдеринин этникалык маданияты - тарбия мазмунунун ажырагыс элементи.

5. Океандай "Манас", улуттук музыка жана элдик оюндар - тарбиянын соолбос кенчи

Элибиз Азияда эң бай фольклордук адабиятты жараткан. Океандай "Манастын" дүйнөдө теңдеши жок. Кайсын Кулиев айткандай Кыргызстан - ырдын, поэзиянын мекени. Арстанбек, Жеңижок, Токтогулдай ак таңдай акын-булбулдар Европанын түшүнө да кирбейт. Кыргыздардын адабияты жана искусствосу биздин заманга чейинки эзелки коло доорунда эле башталган. Тогузторо аймагындагы он гектардай жерди ээлеген миңдеген таштардагы сансыз оймо-чийме сүрөттөр, байыркы тиричиликти баяндаган тематикалык, сюжеттүү түркүн картиналар "Саймалуу таш" деген жалпы ат менен белгилүү. "Саймалуу таш" - байыркы бабалардын ташка жазылган адабияты, тарыхы. Атактуу "Саймалуу таш" менен "Манас" дүйнөлүк маданиятка кошулган улуу салым.
Карамолдо, Ниязаалы сыяктуу шаарлар комузга кол ойнотуп черткен, "кулактан кирип бойду алган" сандаган залкар күүлөр, Боогачы, Мусалар созгон керемет обондор улуттун гана эмес, жалпы адамзат музыка казынасынын асыл кенчи десек эч жаңылышпас элек. Бир сөз менен айтканда, элибиздин кылымдап жараткан адабий-музыкалык маданияты, кыргыздын духун, философиясын, идея-идеалдарын, каада-салтын көтөрүп алып жүргөн көркөм өнөрү, тарбиячылар үчүн пайдалана турган баа жеткис гүлазык, орошон маани-маңыз, табылгыс педагогикалык курал экени ырас эмеспи. Мынакей, тарбия үчүн суудай сузуп ала турган мазмун кайда жатат?
Тарыхый маалымат боюнча байыркы кыргыздардын өзүнүн цирки, эки жүздөн ашык элдик оюндары болгон. Ал оюндардын бир тобу (ордо, көкбөрү, кыз куумай ж.б.) азыр да эл арасында ойнолуп, өзүнүн кайталангыстыгы менен кимдин да болсун көңүлүн бурат. Ал эми кымыз, бешбармак баш болгон, жүздөгөн түркүн тамак-аштын атын камтыган кыргыздын кулинардык искусствосу бүгүн үйрөнүүнүн объектиси, пайдалануунун предмети болууга тийиш. Бул фактылар кыргыздардын бай маданияты бар, канат-бутагы жайылган түптүү журт экенин айгинелейт. Түптүү журттун көөнөрбөс көптөгөн элдик оюндары менен, тамшанткан ашкана даамдарын ойной, жасай билүү өнөрүн өздөштүрүү өсүп жаткан муундардын социалдашуусуна өзүнчө этномаданий колоритти киргизип, улуттук аң сезимдин дагы да бекемделишине сүрөө болмок.

6. Ата-бабаларыбыз түзгөн улуу моралдык кодекс - тарбия-таалимдин гүлазыгы

Тарбия ишинин мазмундук пайдубалына уютку болуп жата турган дагы бир кубаттуу ресурс - бул күнүмдүккө эмес, түбөлүктүүлүккө эсептелген, калктын тарыхый тажрыйбасынан жаралып, доорлор сыноосунан өткөн көөнөрбөс элдик этикалык нарктар, адеп-ыймандык мурастар.
Биздин кыргыз менталитетинде индивидуалисттик батыш небак жоготуп койгон жакшы бир касиет бар. Бул - коллективизм. Айдоого тукум сээп жатканда Баба дыйкан бизде мындай дейт: "Жылуу жерден конуш тап. Мунусу - жетим-жесирге, мунусу - алсыз карыпка, мунусу - курт-кумурскага, мунусу - сурамчы-тилемчиге, саламчыга, сизге, бизге, мага". Мынакей, жалпынын кызыкчылыгын көздөгөн элдин улуу коллективисттик этикасы. Тоолук менталитетибизде меймандостук, кайрымдуулук, күйүмдүүлүк, өз ара кол кармашкан, жардамдашкан боордоштук салты өнүккөн. Мындай асылзаада сапат-касиеттер чын-чынында рынокту, жеке менчикти, жеке кызыкчылыкты, акчаны, пайданы, культ кылган буржуазиялык, капиталисттик коомдун мектебинен өткөн батыштык социумга көп жагынан чоочун экени ырас. Ал жактарда инсандар аралык алака-катыштын мүнөзүнө негизинен прагматикалык, коммерциялык, бухгалтердик дух таандык экендигин социологиялык изилдөөлөр ырастаган. Биз не бир аруу адеп-ахлак касиеттерди акырындап астыртан жемирип, бүлүнтүп жок кылып коюучу рыноктун жапайы стихиясына өзүбүздүн улуттук эркибизди каршы коюп, өйдөкүдөй коллективисттик айкөл нарк-насилибизди, кенен жан дүйнөбүздү коргоп, сактап, асырап багып, аны аң сезимдүү түрдө үгүттөп, жайылтууга тийишпис. Биз адамдык жүзү бар рынок коом курушубуз керек.
Дагы бир жолу айталы. Кыргыз элинде руханий байлык, материалдык байлыктан ар качан жогору коюулуп келген. Ошон үчүн акын: "Карайлычы, кечөөкү өткөн бабама, жашай билген жетип өмүр баркына, атаң көрү, бу опосуз дүйнө деп, кызыкпаган акча менен алтынга, кызыккан ал адеп-ахлак наркыңа, бекем турган адамчылык шартына" деп туура ырдап аныктап жатат. Рухка биринчи маани берген калкыбыз өзүнүн тарыхый жашоосунда кош аяктуу пендеге адам болуунун жолун, шартын көрсөткөн моралдык-этикалык дөөлөттөрдүн бүтүндөй бир системасын иштеп чыккан. Эл жазуучусу Кеңеш Жусупов бизге жеткен улуттук тарыхый-көркөм маданий мурастарды, адеп-ахлак нускаларды, осуяттарды жана калкыбыздын моралдык практикасын терең талдай отуруп, ошол дөөлөттөр системасын төмөндөгүчө жалпылап, жыйынтыктап, алдыбызга тартат. Таанышалы:"Жер - Сууну ыйык тут, боордоштой ылым сана, шайкеш жаша. Жер-энени көзүң менен көрүп, жүрөгүң менен таанып, аны ыйык сакта. Тең бөлгөндү Теңирим сүйөт, ата-бабанын арбагына, улуу касиеттерине сыйын! Алар сенин колдоочу жана жол көрсөтөрүң. Бабаларга жана келечек муунга төлөмөрсүң. Берегилерди жадыңа түй: дайыма кишичилик милдеттериңди (адамкерчилик) бил. Адал жаша. Оюңду тазарт. Адептүү бол. Ичиң тар болбосун. Бар-жокко каниет, топук кыл. Ыймандуу, боорукер, жоомарт, ак көңүл бол. Арам ойдон, арамдыктан кач, карасанатай болбо. Намыскөй бол. Намысты өлгөнчө колдон түшүрбө. Жерди корго, тууңду сакта. Дос, душманды айыр. Бал сөзгө, жалтырак дүнүйөгө алданба. Антты бузба. Салт, наркты сакта. Атаны, улууну урматта. Улууга сый, кичүүгө урмат көрсөт. Акылмандык - калканың. Акылга баш ий, жакшыга жанаш. Сөз кунун баркта. Кан сөзүн, эл сөзүн, атанын жана улуунун сөзүн жерге таштаба. Башканын никесин бузба. Энени, аялзатын сыйла. Калыс бол. Чынчыл бол. Өзгө, жатка болсун акыйкаттан тайба, ушак, калп айтпа. Ач көз болбо. Башканын дүйнөсүнө көз артпа. Сабырдуу бол. Кыялыңды оңдо. Ачууңду бек карма. Ниет пейлиңди таза алып жүр. Жаман ойдон, жаман жолдон кайт. Адамга, кыбыр эткен тирүү жанга жакшылык жаса. Тирүүлүктү ая. Жабык көзүңдү ач, устатыңа ишен. Акыл көкүрөгүңдү өзүң жар. Дүйнөнү өзүң тааны, өзүңдүн оюң менен ишиңди тең, таза алып жүр. Аалам жашоосу чексиз. Адам өмүрү кыска, узак да. Сен өз жолуңду тап. Теңир колдосун!" (Кеңеш Жусупов. Кыргыздардын байыркы маданияты. - Бишкек, 2006, 63-64-б.) Мына, кыргыз элинин моралдык улуу кодекси. Өзүнүн универсалдуулугу менен айырмаланган бул кодекс, жалпы адамзаттык мааниге ээ асылнарктар. Ушул кодекс кечөөкү патриот, гуманист ата-бабаларыбыздын жүрүм-турумунун регулятору болуп келген жана тарыхтын "аяздуу бороон-чапкындарында" улутубузду аман-эсен сактаган башкы тиректерден болгон. Бүгүн да ушул кодекс таалим-тарбиянын мазмунун аныктоого тийиш жана эгер ушул моралдык баалуулуктар менен тарбиялануучуларыбыздын жан дүйнөсүн асылдандырууга жетише алсак, анда бул суверендүү ата журтубуздун нраваларынын жакшырышынын жана анын жаркын болочогунун кепилдиги болмок.
Оң сапаттарга тарбиялап жатып, ошону менен катар эле жаштардын жан дүйнөсүндө терс сапаттарга, жорук-жосундарга каршы нравалык иммунитетти, антипатияны калыптандыруу кажет. Балдарды элдик педагогиканын адамдык терс сапаттар, жорук-жосундар жөнүндөгү бүтүм-корутундулары менен куралдандыруу зарыл. Маселен, Арстанбектин туу туткан этикалык көз карашы адам жамаатында кездешкен пас, жаман, терс, маскара, былгытма жорук-жосундарды таптакыр кабыл кылбагандыгы жана алар менен келише албагандыгы менен айырмаланып турат. Терс жосундарга карата акындын кескин бүтүмү төмөнкүдөй:

Арзанды кымбат баалаган,
Сүткордун жайы - кара жер.
Айылга бүлүк чыр салган,
Анткордун жайы - кара жер.
Алсызга кайрым кылбаган,
Залимдин жайы - кара жер.
Өмүрүн кыйган адамдын,
Канкордун жайы - кара жер.
Ушак-айың сүйлөгөн,
Уяттын жайын билбеген,
Жамандын жайы - кара жер.
Адамга жок пайдасы,
Ач көздүн жайы - кара жер.

Ошондой эле Арстанбек акын өз ара мамилелердеги оройлукту, жетим козуну жоготтуң деп жетим баланы урган катаалдыкты, сүттү төгүп алдың деп жесир аялды сыздатып сөккөн акмакчылыкты, сөздүн ыгын билбей сөөдүрөп сүйлөгөндү, аркырап беттен алган ажаандыкты, азаматтын баркын билбес наадандыкты, жакшылыкты көрө албас ичи тардыкты, үй-бүлөсүнө, бала-бакырасына корсулдап, аларды жакшылап бакпай, бекерчи болуп, түтүн чыккан үйдөн тамак аңдып басып жүргөн намыссыздыкты, күнү уктап, түнүндө ууру кылган уятсыздыкты, табакка түп калтырбай баардыгын шыпырып жеген сугалак жетесиздикти, эмгектен качкан эринчээктикти, өзүн өзү мактаган көйрөңдүктү, жолдошун жолго таштаган жосунсуздукту өзүнүн жектей тургандыгын "Терме" ырында ачык жарыялаган. Ал бул өңдүү жаман сапаттардан жана каадасыздыктан алыс болууга замандаштарын үндөгөн жана мындай терс, жагымсыз илдеттер адам деген ардактуу атка көлөкө түшүргөн, жамаатты ичинен ирите турган көрүнүштөр деп түшүнгөн жана мындай жосундарга күйүп-бышып дайыма каршы ырдаган. Ал эми улуу ойчул акын-агартуучу Тоголок Молдо чыгармаларында ошондой эле ушакчылык, уурулук, калпычылык, алдамчылык, мактаанчактык, пайдакечтик, карамүртөздүк, зулумдук, сараңдык, арамзалык, саткынчылык, жатыпичерлик ж.б.у.с. (Караңыз: маселен, "Эркектердин мүнөзү", "Манаптардын залимдиги", "Адам мүнөзү", "Жанбакты", "Бөрү менен түлкү" чыгармалары ж.б.) көптөгөн нравалык терс көрүнүштөрдү айыптап, мындай терс адамдык сапаттардын жамааттагы инсандар аралык мамилелерди астыртан иритип, "ууландырып", коомдун адеп-ахлак саламатчылыгын жабырлантып, зыян алып келерин ("Эл арасын ушактап, бузуп жүрөт ушакчы, арасын бузуп адамдын, акылы жок наадандын адамга тиет кесири" "Эркектердин мүнөзү" поэмасынан) кайра-кайра айтып жана мындай жаманатты илдеттерден алыс болууга ар кимди үндөп келген. Биздин муундар да ушундай илдеттерге каршы тарбияланыш керек.

7. Элдик казынадагы эмгек идеологиясы - таалим-тарбия уңгусу

Бизге эмгек идеологиясы зарыл. Бирок ушул эмгек идеологиясына келгенде, эмне үчүн муну Америкадан же Япониядан көчүрүп алып келишибиз керек? Эмгек идеологиясы өзүбүздүн казынабызда, "Манасыбызда" турат. Кыргыз элинин башына алаамат түшүп, Алтайга сүрүлүп барганда, жакырчылыктын айынан ошол жактагы калмак-манжууга кул болуп, жок болуп кетпөөнүн амалын акылман Акбалта биринчи иретте, жер казып, күн-түн эмгек кылуудан көрүп, "Керүүгө тиккен багың жок, керсейип жүрөр чагың жок, талаага тиккен багың жок, дардайып жатар чагың жок", "Эмгек кыл, балдар, эмгек кыл, ачкан курсак тоюнат, арыгыңар семирет", - деп ураан көтөрүп, кыргыздар Акбалтанын артынан ээрчип, колдоруна жапырт кетмен-күрөк алып, жерге жабышып, алтындын кенин казып, мунун аркасында аман калышып, акырында байлык күтүшүп, өздөрүнүн элдүүлүгүн сактап калат. Улуттук казынабызда керек болсо, азыркы экономикалык идеологдор үйрөнө турган сабактар, насааттар бар. Мына караңыздар, кыргыз эли илгертен эле"Жоктун жону катуу", "Аргымак мойнун ок кесет, азамат мойнун жок кесет", "Ач киши урушчак, арык кой тырышчаак" "Өрүш малдуу - досторкон майлуу", "Даны жоктун - наны жок, наны жоктун - жаны жок" деп жакырчылыкка жамандык катары караган. Ушундан улам элибиз "Ачтын аңы жүрбөйт" деп, өп-чап жашоодон, итке минген кедейчиликтен кутулуунун аргасын издеп, бардар турмушка, майкөл-сүткөл жашоого, ырыс-кешиктүү оокатка умтулуп келген. Ошондуктан "Эки бээлүү эл сактайт, жалгыз бээлүү жан сактайт" "Эсиң болсо эчки бак, эчки тууйт эгизди, эки жылда сегизди", "Эгин айдоо - байлык айдоо" деген насыйкаттар бизге калган. "Манаста" Кошой баатыр жаш Манаска жоого алдырбас алдуу-күчтүү болом десең "Ок жетпеген ат камда, ок өтпөгөн тон камда" деп бекеринен кеңеш берген эмес. Ал эми жетиштүү, мартабалуу турмушка жеткире турган байлыкты табыштын, күтүштүн жолун калкыбыз күн-түн тер төккөн чаалыкпас эмгектен, талыкпас мээнеттен көргөн. "Манаста" айтылган "Талаага тиккен багың жок, дардайып жатаар чагың жок" деген сөздөр адамдын намысына тийип турат. Калк акылмандыгы "Кулча иштеп, бийче же", "Мээнетиң катуу болсо, татканың таттуу болот", "Байлыктын атасы - эмгек, энеси - жер", "Эмгеги аздын өнмөгү аз", "Күн караган суукка тоңот, бай караган ачтан өлөт", "Саргара жортсоң, кызара бөртөсүң" деп бакытка ээ болуунун айла-амалдарын ачык-айкын көрсөтүп турбайбы.
Элибиздин коломтосунда кандай асылбаа ойлор бар. Байлыкка, бакытка жетүүнүн жолун эбак эле ата-бабаларыбыз көрсөтүп койгон. Ушул эмгек идеологиясын небак эле жарандарыбыздын, жаштардын, балдардын канына сиңирген болсок, экономикалык кризистен кечикпей чыгып кетмекпис. Аракечтикти, жалкоолукту, камырабастыкты кесип кылбай, эмгиче дүйнөлүк технологиянын көп нерселерин өздөштүрүп кетпейт белек. Ким качан грант, инвестиция берет, деп чет өлкөлөр жакты оозду ачып карагычакты, коломтобуздагы эмгек идеологиясы менен атуулдарыбызды, жаш муундарыбызды тарбияласак.
Бакытты өз очогубуздан, өз үйүбүздөн тапсак. "Басканча бөтөн жердин көк шиберин, басайын өз жеримдин тикенегин" деп акын туура жазган. Бейиштей Алатообузда канча береке жатат? "Жер соорусу турбайбы, жердеген адам тунбайбы" деп кыргыз жерин Манас атабыз бекеринен даңктаган эмес. Манас ажобуз "Кулаалы жыйып куш кылса, курама жыйып журт кылса", биз бүгүн өзүбүздөн өзүбүз туш-тушка тентип, чачыраганыбыз кимге жагаар иш?

8. Жалпы адамзаттык жана инновациялык дөөлөттөр - тарбия ишинин дагы бир мазмундук булагы

Бүгүнкү социалдык динамикага карк жаңы заман салттык менталдуулуктан башка да, жаңы менталитетке эгедер болууну талап кылып отурат. Мезгилдин ритминен артта калбаш үчүн биздин муундардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүк, билимдүүлүк, профессионалдык компетенттүүлүк, ишкердүүлүк, социалдык мобилдүүлүк, укук сыйлоо, мыйзам сыйлоо көнүмүшү, демократиялык принциптерге берилгендик сыяктуу ж.б. жаңы инновациялык сапаттарды күтүшү зарыл болуп турат. Ошондой эле, басым коюп айта турган нерсе, бүгүнкү адамзаттын алдыңкы гуманисттик акыл-эси цивилизациялардын, маданияттардын бири бирине үстөмдүк кылышы, конфронтация идеясына эмес, маданияттардын өз ара диалогуна, кызматташтыгына артыкчылык берип отурат. Маданияттардын диалогу - биздин Кыргызстан да жетекчиликке ала турган методология. Ушул өңүттөн караганда дүйнөлүк прогрессивдүү маданияттын өрнөктөрүн, эл аралык этиканы өздөштүрүү, башка улуттардын дөөлөттөрүнө түшүнүү менен мамиле жасай билүү касиетине ээ болуу - улуттук өнүгүүбүздүн шарттарынын бир экендигин туюнуу зарыл нерсе. Кыскасы, жалпы адамзаттык баалуулуктарга жана жаңы инновациялык сапаттарга ээ болуу багыты таалим-тарбиянын мазмунуна органикалык түрдө кириши керек.
Жалпы адамзаттык деген маселеде бир сабак аларлык өрнөккө көңүл бөлгөнүбүз оң. Россиянын эл мугалими В.А. Краковскийдин Москвадагы № 825-мектеби Кыргызстандын педагогдоруна жакшы тааныш. В.А. Краковскийдин мектебинин таалим-тарбия системасынын пайдубалында жер үстүндөгү жалпы адамзатка таандык түбөлүктүү моралдык баалуулуктар жатат. Бул мектепте балдарды адепке төмөнкүдөй базистик түшүнүктөрдүн негизинде тарбиялашат:
Жер эне - адамзат балдарынын жалпы үйү;
Ата журт - адамдын жападан жалгыз мекени;
Үй-бүлө - адамдын очогу жана тиреги;
Эмгек - адам турмушунун негизи;
Билим - адамдын өнүгүшүнүн зарыл куралы;
Маданият - адамдын рухий байлыгы;
Тынчтык - адамзаттын жашоо-турмушунун башкы шарты.
Адам - эң жогорку асылнарк.
825-мектепте ар бир окуучунун ушул жалпы адамзаттык мүнөздөгү универсалдуу башкы баалуулуктарды өздөштүрүшү үчүн тарбия ишинин бүтүндөй бир системасы иштелип чыгып, практикага киргизилген. Бул тарбия системасы аркылуу ар бир бала өзүнүн тобуна, өлкөсүнө гана эмес, бүтүндөй планетага таандык экенин, улутуна да, жалпы адамзатка да кызмат кылууга, мекенинин чегинде гана эмес, планетардык масштабда да ойлонууга милдеттүү экендигин терең туюнуп чыгышат. Атактуу педагог В.А. Краковский ишке киргизген жалпы адамзаттык ушул базисттик нравалык түшүнүк-дөөлөттөр биздин Кыргызстандын мектептеринин да тарбия ишмердигинин мазмундук корун түзүүгө акылуу.
Ошондой эле, дагы бир ирет белгилейли, титулдук улуттан башка Кыргызстандын боордош калктарынын этникалык маданияттарынын баалуулуктары да жалпы адамзаттык дөөлөттөрдүн бир салаасы катары тарбиянын мазмундук структурасына кирет.
(Жогорудагы рухий-адептик мазмунга ар бир мектеп өз алдынча кошумчаларды, толуктоолорду киргизип, байытып, берилген мазмундук багыттарга негизденип, өзүлөрүнчө план-программа түзүп, чыгармачылык менен иш алып барса, максатка ылайык болмок).
Сөз жыйынтыгы. Кыскасын айтканда, кеп башында аныкталып айтылган эгемендүү мамлекетибиздин таалим-тарбия стратегиясынын башкы максатын - мекенчил, патриот, гуманист атуулду, анын жарандык болумушунун улуттук иденттүүлүгүн калыптандырууга жөндөмдүү көрөңгө-мазмун, рух гүлазыгы, уютку-казына биздин өзүбүздүн бир боор кыртышыбызда бар экен. Биз мунун негизгилерин өйдөтө атайылап санап көрүп өттүк. Бул мазмун мектептердеги тарбия иши үчүн идеологиялык фундамент болуп саналат.
Адамдардын аң сезимин дайыма эле "бытие" аныктай бербейт. Адам да, улут да керек болсо шартка, жагдайга багынып бербей, кырдаалга, кыйынчылыкка өзүнүн эркин каршы коюп, өз тагдырын өзү жасап, көздөгөн мүдөөсүн ишке ашырат. Биз азыркыдай таалим-тарбиянын тизгинин стихиянын колуна карматып коюп, агым менен томолонуп кете бербей улут катары, патриот атуулдар катары өзүбүздү өзүбүз уюштуруп, муундардын тарбиясын чечкиндүү колго алышыбыз зарыл. Мектеп гана эмес, мамлекет баш болуп, алды жакта айтылгандай, өлкөбүздүн ичиндеги бардык институттар баш кошуп, биргелешип ырааттуу аракеттенсе, тарбия ишинде болбогонду болтурушубуз мүмкүн. Анткени ар тарабынан ойлонулуп ырааттуу жолго коюлган тарбиянын колунан көп нерсе келет. Ар бир жаш адамдын руху, адеби ушул улуттук жана жалпы адамзаттык дөөлөттөрдүн кыртышынан терең тамырлап өсүп чыкса, анда калкыбыз ар кандай чоочун маданий экспансиянын, сырткы терс таасирлердин бийлигине алдырбай, дүйнөлүк миграциянын жана интеграциянын ассимиляциялап жиберүүчү өкүм күчүнө туруштук берип, улут катары өз бетинчелигин сактап, жалпы адамзаттын көчүнө татыктуу кошула алмак.
(Уландысы кийинки санда)

Концепциянын автордук вариантын иштеп чыккан Советбек Байгазиев,
Кыргыз Билим берүү академиясынын вице-президенти, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, Россиянын Эл аралык социалдык жана педагогикалык илимдер академиясынын академиги.