email • архив • редакция 



Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри
Абдылда Мусаев:
"БИЛИМ КАЗЫНАБЫЗДЫ САПАТТУУ ЖАНА САРАМЖАЛ КАРМАЙЛЫ"
Филология илимдеринин доктору, профессор Абдылда Мусаев Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри болуп дайындалганына бир айдан ашты. Мамлекет жана коомчулук жаңы жетекчиге стратегиялык мааниси зор билим берүү тармагын азыркы кейиштүү абалдан алып чыгып, туруктуу өнүгүү жолуна салат деген чоң ишенимде турат. Министр мырза өзүнө жүктөлгөн маанилүү тармакты өнүктүрүү программасынын орчундуу багыттары жөнүндө маанилүү маек курду.

2-3-бет





Эң күчтүү окуучулар аныкталат
Борбордо 25-марттан 29-мартка чейин мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасы өтөт.
Билим берүү жана илим министрлигинин мектепте, мектепке чейин жана мектептен тышкары билим берүү башкармасынын башкы адиси Самара Умралиеванын билдиргенине караганда, 400дөн ашуун мектеп окуучулары сынакта күч сынашат. Алар региондук мелдештерде биринчи орундарды ээлешкендер. Олимпиада мектеп программасынын 12 сабагы боюнча эң күчтүү окуучуларды аныктайт.
Республикалык олимпиаданын жеңүүчүлөрү эл аралык мектеп олимпиадаларына катышмакчы.
- Республикалык сынактын жыйынтыгы менен математика сабагы боюнча 16 эң күчтүү деген окуучуларды жазгы мектепке алып калып, эл аралык олимпиадаларга даярдык көрүлөт. Курама команданын ичинде 6 күчтүү окуучу болушу керек, - дейт С.Умралиева.
Айтмакчы, апрелдин аягында Ашхабадда эл аралык Менделеев олимпиадасы өтмөкчү. Ага төрт кыргызстандык мыкты окуучулар катышып, Кыргызстандын намысын коргошот.

Г.Алыбаева, "Кутбилим".





Нооруз майрамыңыздар
кут болсун!
Карлар эрип, күн нур чачып жаркырап,
Сай-сайлардан суулар агат жаркырап.
Кары-жаштар жаз кийимин кийишсе,
Жер да өзгөрүп көк тукаба жамынат.
Ушул мезгил бардык чыгыш элинде,
Жаңы күн, же жаңы жыл деп аталат...

10-бет




Кмту туруктуу өнүгүү жолунда
Үстүбүздөгү жылы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин уюшулгандыгына 55 жыл толот.

8-9-бет













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan