Устат

Жакында белгилүү педагог окумуштуу Исак Бекбоевдин сайты Интернетте ачылды. Бул жаңылыкты окурмандарга тааныштырып коюу үчүн биз Исак агайды эки ооз кепке тарттык.
Профессор Бекбоевдин өнөрканасы Интернетте
- Сайт ачуу идеясына кандайча келип калдыңыз?
- "Жоктун жону катуу" дегендей, окуу китептеринин, усулдук колдонмолордун жарык көрбөй же өтө чектелүү нуска менен чыгып жатканы баарыбызга белгилүү. Башкасын айтпаганда да, кыргыз тилдүү мектептер окуу китептер менен 35 %дан ашпаганы эле кайдигер эмес ар бир инсанды ойлонтууга тийиш. Окуучуларды бүгүнкү күндүн талабына шайкеш келген билимге кандыруу үчүн мугалимдер дайыма кесиптик чеберчилигин жогорулатып турууга тийиш. Бир нече жылда бир өткөрүлүүчү ар кандай курстарга катышуу да керек. бирок баары бир педагогдордун муктаждыктары жетиштүү даражада канааттандырылбай кала берүүдө. Жалпы билим берүүчү мектептерде окуучулардын билими төмөндөп баратышынын негизги себептеринин бири ушул. Эки жыл илгери ПИЗАга катышкан 57 өлкөнүн эң аягында калыптырбыз деп уу-дуу болуп жүрдүк го.
Окуу китептерден тышкары балдардын сабакка даярдануусуна, өз алдынча билим алуусуна көмөктөшүүчү иштелмелер жарык көрбөй жатат. Мугалимдин колунда окуу программасы менен жетишсиз сандагы окуу китептери гана бар. Ар бир окуу китеби менен кандайча иштөө керектиги, китептин усулдук өзгөчөлүктөрү боюнча көрсөтмөлөр, кошумча дидактикалык материалдар жок. Бул жагдай айрыкча алыскы мектептерде өтө оор. Мамлекеттин акчасы жетиштүү болсо, китептерди бир нече эсе көп чыгарып иштесек кана!
Эми каражат жок деп эле отура бербестен, кырдаалдан чыгуунун башка жолдорун издөө керек. Азыр дээрлик бардык мектептерде компьютер бар, атүгүл кээ бирлери Интернетке да кошулуп алышкан. Президент Курманбек Бакиев да улам барган сайын мектептерди компьютер менен толугураак камсыздоого умтулушубуз зарыл, ар бир райондогу эч болбосо ири мектептерди Интернетке кошуубуз керек деп дайым баса белгилеп айтып жүрбөйбү. Биз техниканын ушул жетишкендигин пайдалануубуз керек. Мисалы, математика боюнча колдо болгон бардык материалдарды мугалимдерге жеткирүү үчүн сайт ачыш керек деп чечтик. Бул идеяны эң оболу менин окуучум, Кыргыз улуттук университетинин профессору, математик Бекмамат Келдибаев сунуш кылды. Сайтты иштетүүнүн техникалык жагын ал өзү колго ала турган болду. "Профессор И.Бекбоевдин методикалык өнөрканасы" деген сайт ушундайча жаралды. Кесиптик чеберчиликти жогорулатуу курстарына келип жаткан мугалимдерге сайтта кандай бөлүмдөр, материалдар бар экендигин көрсөтүп, аларды кантип пайдаланууга болорун үйрөтүп жатабыз. Эми бул жаңылыкты мектептер кандай кабылдап жатканын билүү үчүн Сокулук районундагы айылдык мектепке бардык. Шопоков шаарындагы окутуу кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлүүчү мектепте болдук. Сайттын Интернеттеги аталышы: www.ibekboevnarod.ru
- Интернетке кошула элек мектептер кантет?
- Сайттагы материалдарды дискке же флешкага көчүрүп барып пайдалана берсе болот.
- Сайтка чыккандарда кандайдыр бир суроолор пайда болсочу?
- Бул сайт интерактивдүү негизде түзүлгөн. Түшүнбөй калган нерселерин сурап, жооп алса болот.
- Сайтта жалаң эле математиканы окутууга байланышкан материалдар барбы?
- Жалпы эле педагогикалык маселелерге арналган эмгектер да жайгаштырылган. Көп жылдар бою мугалимдерге лекция окуп, китептеримди жазып жүрөм. 2000-жылы окутуунун инсанга багытталган усулдары дегенди орус мектептеринен көрүп алып, мугалимдер сурангандыктан бул багытта "Инсанга багытталган окутуунун теориялык жана практикалык маселелери" деген атайын эмгек жаздым. Көлөмү 22 басма табак. 500 гана нускада чыккан, суроо-талап күчтүү болгондуктан, 2004-жылы экинчи ирет жарык көргөн ошол китепти эми менин сайтымдан алып окууга кеңири мүмкүнчүлүк пайда болду. Китеп түрүндө канча чыгарса, ошончо керектелет, бирок дайым эле өз эсебимден чыгара албайм.
- Албетте, сиздин табылгаларыңыз абдан көп, казынаңыз бай. Өзүңүздөн башка да авторлордун эмгектери сайтка коюлабы?
- Чындыгында бул сайт менин эле жеке өзүмдүкү эмес. Анын иштешине кызыккан окуучуларым бар. Математика боюнча усулдук эмгектерин башкалар да сунуштаса болот. Тилекке каршы, башка предметтер боюнча материалдарды камтый албайбыз. Бирок жалпы педагогикалык маселелер боюнча кызыктуу табылгалар авторунун адистиги кайсы экендигине карабастан сайтка жайгаштырыла берет.
- Биздин гезиттин "Кутбилим-сабак" методикалык тиркемесине жарык көргөн материалдардын ичинен бир жыл ичинде жок дегенде бир нече эң оригиналдуусу болушу мүмкүн. Ошолорду да сиздердин сайтка койсо болобу?
- Албетте, болот. Ошол "Кутбилим-сабак" - абдан жакшы тиркеме, бирок ал деле мугалимдерге кеңири жетпей жатат. Бул сайтты каалаган адам үйүндө болобу, мектепте болобу, көчөдө болобу, каалаган убакта ачып алып пайдалана алат.
- Сиздин канатташ казактар менен да тыгыз кызматташып жүргөнүңүз белгилүү. Соңку жылдары алар менен биргеликте кандай жаңы иштерди бүтүрдүңүз?
- Казакстандын экономикалык мүмкүнчүлүктөрү зор. Андыктан окуу китептерин, методикалык колдонмолорду чыгарып жайылтуу жаатында алар көп иштерди жасап жатышат. Илимий конференцияларга чакырып, менин макалаларымды жыйнактарга киргизип жүрүшөт. Бизде академик Үсөн Асанов бардык тармактар боюнча сөздүктөрдү, энциклопедиялык окуу китептерин чыгаргандай, казактар да ушундай китептерди көп чыгарууда. Мына бул "Билим берүү жана илим" (орус тилинде) деген энциклопедиянын редакциялык кеңешине мүчө болгом. Соңку үч жылдан бери окуучум Алмамбет Абдиев жана казактардан эки адис биргеликте 8 окуу китеп, ошол окуу китептери боюнча 9 усулдук колдонмо жаздык. Бул китептер Казакстанда казак, орус, өзбек, уйгур тилдеринде чыгарылып, мектептерде колдонулуп жатат.

Ж.Турдубаев,
"Кутбилим.




Эл мугалими Исак Бекбоев жөнүндөгү эмгек
Жакында белгилүү профессор Исак Бекбоев жөнүндө замандаштарынын, илимпоз-педагогдордун бөлүшкөн ой-пикирлерин камтыган "И.Б.Бекбоев - мугалимдердин мугалими" деген китеп жарык көрдү. Бул жарык көргөн китеп Исак Бекбоев Бекбоевичтин кыскача өмүр жолун баяндап, агайдын педагогика илимине арнаган зор эмгегин шурудай тизмектеп, замандаштарынын агайдын бийик адамгерчилигине, эмгектерине берген бааларын баяндап берди.
Албетте, китептин түзүүчүлөрү С.Рысбаев, А.Абдиев агайлардын бул китепти жаратууда эмгектери зор.
Сулайман Рысбаев агай жөнүндө төмөнкүчө кеп салат: "Ар убак агайга ыраазы болуп келем. Агайдын мага окшогон көптөгөн окуучулары бар. Агайдан алган тарбия, билим, насаат менен ошол окуучулары колдон келишинче элге кызмат кылып, илим-билимге салымдарыбызды кошуп келе жатабыз".
И.Бекбоевдин дагы бир окуучусу Кыргыз улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, философия илиминин доктору Теңдик Аскаров: "Фрунзе шаарындагы №5 мектепте окуп жүргөм. Ошол учурда Исак Бекбоев мектепте мугалим болуп иштечү. Иштегенде да чыныгы жигер менен, накта педагогдук такт, устаттык менен окуучулардын психологиясын кылдат тескей, талдай билүү менен, алардын шыгын, жөндөмүн таразага салып, баамдай алуу менен иштеген. Мен мектепте окуп жүргөндө алгебра, геометрия, тригонометрия сыяктуу предметтерден жалпысынан "орто" деген баага билчүмүн. Бирок буга карабастан Исак Бекбоевичтин: "Мен берген сабактарды жакшы билбейсиң", - деп мени тилдегени, жемелегени, жекиргени болгон эмес". Педагогика илиминин кандидаты Абдыкерим Муратов: "И.Бекбоевдин жетекчилиги астында кыргыз мектептери үчүн математика окуулуктары жазылып келатат, булардын бир артыкчылыгы "кыргыз математикасы" түзүлгөндүгүндө, б.а. дүйнөлүк математикага кыргыздын калпагын кийгизгендикте.
XXI кылымда калкыбыз канчалык билимдүү болсо, ошол үчүн биз, кыргыздар, биринчи кезекте Исак агайга милдеткер болобуз".
Бул эмгекти окуп отуруп, элибиз сыймыктана тургандай уулдары бар экенине дагы бир ирет кубанасың.
Ак жол, сиздерге ардактуу агайлар!