Элитардык мектеп

Элеттик мугалим эмнеге муктаж?
же "Ноокат" билимканасынын 20 жылдык иш тажрыйбасы, билим сапары эмнени көрсөттү?

1989-жылдын август айында Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы К.Абдрахмановдун колдоосу менен райондогу Т.Чынкараев атындагы пионер лагерине таланттуу балдар чакырылып, жайкы математикалык мектеп уюштурулган. Ошол кездеги Кыргыз ИАсынын ага илимий кызматкерлери О.Мамаюсупов, А.Чылымов жана Ош пединститутунун улук окутуучусу М.Абдижалилов райондогу билим берүүнү уюштурууга чоң жаңылык алып келишти. Натыйжада О.Мамаюсуповдун иштеп чыккан окуу программасы менен окутуу-тарбиялоо иштерин жүргүзгөн "Ноокат" билимканасы түзүлүп, ошол кезде солгундап бара жаткан окутуу системасына рынок шарттарын эске алган жаңы багыттагы өнүгүү жолу сунуш кылынды.

Айыл жеринде төрөлүп, окуп билим алган О.Ш.Мамаюсупов Новосибирск шаарындагы СССР ИАсынын Сибирь бөлүмүнүн аспиранты катары Орто Азия республикаларындагы мектептик олимпиадаларга өкүл болуп катышып жүрүп, улуттук азчылыктардын балдарын окутуп тарбиялоо системасындагы өксүктөрдү өз убагында туура баамдайт. Кыргызстандын башка элдердин балдарынан кем калбаган таланттарын өнүктүрүп өстүрүү максатында Кыргыз ИАсынын математика институтунун алдында таланттуу балдар үчүн сырттан окутуучу математикалык мектеп уюштурат. Бул демилгени колдогон Кыргыз ИАсынын мүчө-корреспонденти И.А.Боташев атайын өтүнүч-жолдомо кат даярдап, Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнөн билимкана уюштурууга жардам сурайт. Жергиликтүү жетекчилердин көмөгү менен 1989-жылы эки класстан турган айылдык "Ноокат" билимканасы уюштурулуп, ага жайкы математикалык мектепке чакырылган Ноокат районунун мектеп окуучулары аңгемелешүү сынактарынын негизинде тандалып алынат. Мектептин каражат фонду ачылып, аны жумшоо эрежеси ата-энелерден түзүлгөн топко тапшырылат. Эл аралык уюмдарга долбоор-өтүнүчтөр жөнөтүлүп, билимкананын мезгил талабына ылайык окутуу базасы түзүлөт. Республиканын дээрлик бардык булуң-бурчтарынан өкүлдөр келип, билимкананын иш-тажрыйбасын үйрөнүп, республикага жайылтышат. Ошентип "Ноокат" билимканасы республикага О.Мамаюсуповдун автордук мектеби катарында белгилүү болуп, 20 жылдын ичинде 500гө жакын окуучулар бүтүрүшкөн, алардын 70%дан ашыгы жогорку билимге ээ болушуп, өлкөбүздө, жакынкы жана алыскы өлкөлөрдө эмгектенип келишет.
"Ноокат" билимканасынын ачылышы кыргыз билим берүү системасынын өз алдынча жашап кетүү доорунун башталыш этабына туура келип, 90-жылдары О.Ш.Мамаюсупов төрага жана демилгечи катарында баштаган республиканын эң биринчи эгемендүү билим берүү Концепциясын иштеп чыгууга негиз болгон. Концепция иштелип бүткөн соң ага төрайым болуп расмий түрдө билим берүү министри Ч.Жакыпова бекитилген. Бул нормативдик документ айрым кемчилдиктерине карабастан Кыргызстандын эгемендүүлүк жылдарындагы билим берүү саясатын аныктап, тиешелүү иш-чараларды жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берди. Бирок жогорку окуу жайларга кабыл алуучу жалпы республикалык тестирлөөнү киргизүүнүн улам кечеңдеши таланттуу балдардын мектептен кийинки окуусунун коррупциялашкан системага кабылышына, алардын таза ишенимдеринин булганышына, мектептин жана лицейдин ак ниет мугалимдеринин эмгектеринин тебеленишине алып келип, коомчулукта лицейлердин кадыр-баркын бир топко түшүрдү. Бул мезгил эксперттер тарабынан кыргыз билим берүүсүнүн тарыхындагы чөгүү мезгили катары бааланып жүрөт. Чынында эле жалпы республикалык тестирлөө киргенге чейин "Ноокат" билимканасын бүтүрүүчүлөрдүн саналуулары гана ата-энелеринин тааныштары аркылуу пара берип ЖОЖдун бюджеттик бөлүмүнө өтүшөт деп келишсе, тестирлөө кирген жылы 36 бүтүрүүчүнүн 32си бюджеттик бөлүмгө окууга кире алышкан. ЖОЖдордогу кирүү экзамендеринин коррупцияланышына ар бир ЖОЖдун тест өткөрүүсүндөгү адилетсиздиктер негиз болуп, абитуриенттердин тест баракчаларындагы "ооба" же "жок" деген белгилерин оңдоонун жеңилдиги же кабыл алуу сынактарын "компьютерлештирүү" деген модалуу ат менен ашыкча формалдаштыруу себеп болуп калды. Кантсе да чөгүү мезгили окуучуларда жана ата-энелерде жашоодо билим эмес, акча керек турбайбы деген сезимди пайда кылууга үлгүрдү. Ошондой болсо да "Ноокат" билимканасы өңдүү республикабыздагы лицейлер окуунун баркын, билимсиз жакшы жашоо болбосун түшүндүрүп, өткөөл мезгилде мектептик билим берүү кризисин болтурбоого чоң салым кошушту.
"Ноокат" билимканасы ачылган күндөн баштап эле Ош мамлекеттик университетинин математиканы окутуунун методикасы кафедрасында профессор М.Назаров башында турган илимий топ билимкананын окуу программаларын талдап, анын окуучуларына байкоо жүргүзүп келди. Натыйжада бир канча илимий макалалар, окуу-методикалык колдонмолор жарык көрүп, кандидаттык диссертациялар даярдалды. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, билимканада окутууну уюштуруунун негизги принциби болуп мугалимдер менен окуучулардын тең укуктуу өнөктөштүк мамилеси эсептелип, ар бир окуучу мугалимди кыйнап окутуучу эмес, ага жардам берүүчү жакын адамы сыяктуу сезип андан качпастан, тескерисинче артынан издеп жолугууга кызыктар. Билимканага келген окуучулардын дээрлик баарынын негизги максаты терең билим алуу болуп сабак учурунда тартип бузуулар же окууга көңүл бурбай олтурган окуучулар жокко эсе.
Билимкананын окутуу усулундагы негизги өзгөчөлүктөр болуп
o ар бир окуучу күн сайын өзү кызыккан үч предмет боюнча ондон суроо же маселе түзүп (же китепти таап) ага жооп жазышы; жооптор жана мисалдар жазылган дептерди мугалимдердин, төмөнкү класстын окуучуларын жогорку класстын окуучулары үзгүлтүксүз текшерип турушу;
o ар бир окуучу жаңы сабакта өтүлүүчү темага даярданып, ал боюнча түшүнбөгөн суроолорун алдын-ала даярдап келиши;
o жогорку класстын окуучулары төмөнкү класстын окуучуларынын окуусун көзөмөлгө алуу процессинде өз билимдерин бышыкташы;
o артта калган окуучулар жалпы класстын окуучулары тарабынан көзөмөлгө алынып, өздөштүрүүнүн сапаты жеке окуучуга эмес, жалпы класска карата чыгарылышы;
o окутуу процессинин айыл турмушу менен айкалышы: бир окуучуга же окуучулардын тобуна айылдагы аярлуу катмарга кирген үй-бүлөлөр бекитилип, айына жок дегенде бир жолу күч эмгеги менен жардамдашуу милдеттендирилет, муну менен Кыргызстан жана анын карапайым эли аларга муктаж экендиги, өлкөнүн өнүгүшү үчүн алардын билими, күчү зарыл экендиги эскертилип турулат;
o мугалимдердин көбүнчө орто мектептин математика боюнча программасын тереңдетүүчү адабияттар менен иштеши, окуучулардын улам кошумча окуу китептерине болгон муктаждыктарын канааттандыруу үчүн издениши;
o предметтерди окуп үйрөнүүдө окуучуга өз алдынча тандоого мүмкүнчүлүк берилиши: эгерде окуучу сабакка канааттанбаса ага катышпай өз алдынча же башка мугалимди тандап окууга мүмкүнчүлүк берилип, мугалимдер жана жетекчилик тарабынан өз кемчилдиктерин оңдоого аракеттердин жасалышы сыяктуу эрежелердин так сакталышы эсептелет.
Окуучуларга чын дилден үйрөтүүнү каалаган мугалимдин бай болбосо да орточо жашоосун камсыз кылуучу айлык акысын төлөө эсептелет. Өз кесибинен үй-бүлөсүн багууга жетерлик акы албаган мугалимдин жакшы иштешин талап кылуу мүмкүн эмес окуя десек да болот. Ошондуктан айрыкча айыл мектептеринде пенсия жашындагы гана билимдүү мугалим калбаса, ортодон төмөнкү жаштагы, өз предметин мыкты билген мугалимдер жалпы мугалимдердин 5%ынан ашпайт. Бул мугалимдер да өздөрүн мектепте үй-бүлөлүк шарттарга байланыштуу убактылуу иштеп жатабыз деп түшүндүрүшөт.
Эгемендүүлүк жылдарынын өткөөл мезгилин өз башынан кечирип жаткан учурда мамлекеттен мектептерге ашыкча каражат талап кылуу мүмкүн эмес болчу. Бүгүнкү Кыргызстан өткөөл мезгилден чыгып реалдуу экономикалык өсүү жолунун босогосун аттаган күндө да ашыкча каражат табылбашы чындык. Ошондуктан эң өнүккөн деп эсептелген АКШ, Япония, Германия сыяктуу өлкөлөрдүн билим берүү системасындай эле мамлекеттик (бюджеттик) жана менчик (коммерциялык) окутууну айкалышта алып кетүүчү билим берүү жолуна түшүү зарыл. Анткени окутууну каржылоого мамлекеттин акчасы жетишпей жатат дегенибиз менен экинчи жактан билим берүү ишкердүүлүгүнөн пайда таап, белгилүү бир капитал топтогон уюмдарды жана жеке адамдарды өз көзүбүз менен көрүп турабыз. Билим берүү системасына рыноктук мамилелерди расмий киргизүү маселеси О.Мамаюсуповдун жетекчилиги менен түзүлгөн эгемендүү Кыргызстандын биринчи билим берүү Концепциясында көтөрүлгөнү менен ушул күнгө чейин жалган болсо да "теңдештирүү" принцибин жетекчиликке алган бийлик өкүлдөрү тарабынан кеңири уруксат берилбейт. Бирок билим берүү системасындагы гумандуулуктан пайдаланып менчик же жеке, ортоктош деп аталган мектептер пайда таап, өздөрүн билим берүүнүн туу чокусундабыз деп рекламалап келишет. Ошол эле учурда арзыбаган белектерине азгырылган айрым чиновниктер аларды инновациялык усулдарды колдонгон алдыңкы мектептер деп ырастап жүрүшөт.
Мен бул жекече пикирлерди колдоо же четке кагуу максатын күн тартибине койбостон, айыл мектептеринин проблемаларын чечүүдө мамлекеттен бөлүнгөн каражаттан сырткары кошумча резервдерди, мүмкүнчүлүктөрдү толук пайдалануу жагын айтмакчымын.
Мамлекетибиздин президенти К.Бакиев билим берүү жаатындагы инвесторлордун ар бири менен расмий жолугууда шаар жерлеринде жасаган ийгиликтерине ыраазычылык билдирүү менен аларга айыл жеринде да ушул жетишкендиктерди жаратсаңыздар деген каалоосун дайыма айтып келет. Бирок инвесторлор ата-энелердин ыңгайына, төлөө мүмкүнчүлүктөрүнө жараша жер тандашып, биринчи орунга төлөөчү кардардын кызыкчылыгын коюшат. Эмне үчүн өкмөт да төлөө мүмкүнчүлүгү бар ата-энелердин муктаждыгын канааттандыруучу класстарды айылдагы мамлекеттик мектептерде ачууга расмий уруксат бербейт. Кантсе да айылдык мектепте кошумча каражат топтолуп, мугалимдердин айлыгына салым болот эле.
Ошентип "Ноокат" билимканасынын 20 жылдык тарыхындагы өсүү, төмөндөө, дымуу динамикасын карап, андан окуп бүткөн окуучулардын, иштеген мугалимдердин мурдагы жана азыркы абалдарын анализдеп, бүгүнкү мектептеги окутуу жана тарбиялоо иштерин жөнгө салуу жана айылда билимдүү мугалимдерди сактоо максатында төмөндөгү маселелерди чечүү зарылдыгын байкадык:
1. Ар бир айыл мектептеринде бюджеттик класстар менен кошо коммерциялык класстарды ачууга, түшкөн каражатты иштетүүнү ЖОЖдор сыяктуу эле мектеп жетекчилиги тарабынан жүргүзүүгө уруксат берүү.
2. Мектептин мугалимдеринин айлыктарын кошумча каражаттардын эсебинен көбөйтүү маселесине сырттан кийлигишпөө жана аны коллективде чечүү.
3. Мектептерге өз алдынча чарба күтүүгө, акча фондун түзүүгө мүмкүнчүлүк берүү.
Бүгүнкү күндө өкмөттүн мектептерди толук каржылоого мүмкүнчүлүгү жетпей жаткан учурда жалпы билим берүүчү мектептерден пайда таап ишкердүүлүк жүргүзгөн чет элдик жана ата мекендик жүздөгөн уюмдар бар экенин сөз кылдык. Бирок бардык коммерциялык мектептерде негизги предметтерди жергиликтүү мугалимдер окутушат. Бул мектептерде айылдан келип окуган балдар көп, алардын ата-энелери төлөөгө жөндөмдүү. Ошондуктан алар каалаган классты өз жеринде ачуу менен төлөнгөн каражатты айылда же райондо калтырып, билим берүүдөгү ишкердүүлүктүн пайдасын алууга жеке менчик мектептер менен катар мамлекеттик мектептерге да укук берүү менен кайсы бир деңгээлде билимдүү мугалимдерди жер-жерлерде сактап калууга болот. ЖОЖдордун коммерциялык бөлүмдөрүнүн тажрыйбасы көрсөткөндөй, окутуучулар бюджеттик жана контракттык группаларда бирдей окуу программасын колдонушуп, акча төлөгөн студенттерге артыкчылык бергени байкалган эмес. Канчалык патриоттуулукка үндөп, аз айлык акыга мугалимдерди иштөөгө чакырсак да турмуш чындыгы аларды мектепти таштап кетүүгө мажбурлап жаткан учурда калыптанган окутуу системасынын сапатын жана деңгээлин сактап калуу бардык агартуу кызматкерлеринин, өкмөттүк чиновниктерден баштап катардагы карапайым элдин көңүлүндөгү биринчи маселе болууга тийиш.

Биз бул иликтөөдө "Ноокат" билимканасын мактоо, жетишкен ийгиликтерин саноо же кемчилдиктерин көрсөтүү максатын көздөбөй, анын айыл мектептерин сактап калууга өрнөк катары жасаган кызматын, 20 жылдык басып өткөн билим сапарынын мисалында келип чыккан сунуштарды жана проблемаларды талкуулоо менен аларды чечүү боюнча пикирибизди билдирдик. Саны аз болсо да сапатын жоготпогон "Ноокат" билимканасынын мугалимдеринин 20 жылдык эмгеги аз болсо да эгемендүү Кыргызстандын билим берүү системасынын өнүгүшүнө салым кошконуна, алардын апрель айынын башында Ош МУнун математиканы жана информатиканы окутуунун методикасы кафедрасы менен бирдикте профессор М.Назаровдун урматына өткөрүлүүчү "Назаровдук окуулар" регионалдык илимий-методикалык конференцияга даярданып жатканына кубандык. Жолдо кайтып жатып балдары Москвага ишке чакырганынан улам кызматтык ордун тапшырууга адам табылбай жатканына кейиген айылдык мектептин директоруна жолугуп маанайыбыз кайра чөктү. Кантсе да кыйчалыш мезгилде каражат таап, ачылган күндөн баштап "Ноокат" билимканасына жатак жеринен бери уюштуруп берген жетекчилерге, баарынан да Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн мурдагы жана азыркы жетекчилерине билим жаатындагы эксперимент катары уюштурулган билимкананын чыгармачыл жамаатын колдоп келгендиктери үчүн өзгөчө ыраазылык билдирүү сезими көңүлүбүздү кайра көтөргөнсүдү.