mainkaptal

Пользовательский поиск
  Семинар

Академиялык чынчылдык -сапаттуу билимдин гаранты
"Айрым окутуучулардын сабатсыздыгы, студенттердин билимин туура эмес баалашы, жердешчилик мамилеси, сабакка кечигип келиши же сабактын өз учурунда өтүлбөй калышы сыяктуу проблемалар жогорку билимдин сапатын артка тартууда", - деп баса белгилешти өткөн жумада Кыргыз экономикалык университетинде өткөн "Жогорку мектептеги академиялык чынчылдык" аттуу семинардын катышуучулары.

Аталган семинарга катышкан аймактык окуу жайлардын, Билим берүү жана илим министрлигинин, Коррупцияны алдын алуу боюнча улуттук агенттигинин өкүлдөрү академиялык чынчылдык боюнча КЭУда 2004-жылдан бери иштеп жаткан долбоордун тажрыйбалары менен таанышып, ар бир окуу жайда аталган проблема боюнча жүргүзүлүп жаткан иш аракеттер тууралуу маалыматтар берилип, тажрыйба алмашуу болду.
"Жогорку мектептеги академиялык чынчылдык" долбоору боюнча республикадагы жогорку окуу жайлардын ичинен жалгыз Кыргыз экономикалык университети иш алып барат. Бул долбоор 2004-жылдан бери, АКШнын элчилигинин каржылоосу менен иштеп келет. Биринчи долбоор "Окутуучунун академиялык чынчылдыгы" деп аталып, 2004-2005-жылдары иштеген. Экинчи долбоор болсо 2007-жылдан бери иштеп келет. Эки долбоордун алкагында окуу жайда Кесиптик этика кодекси кабыл алынып, Этика комитети түзүлгөн. Учурда университетте иштеген ар бир окутуучу ушул Кодекстин негизинде иш алып барат.
Этика комитети окутуучулардын билимин өркүндөтүүчү семинар, тренингдерди өткөрүп туруу үчүн педагогикалык өнөркана ачкан. Анда окуу жайдын бардык окутуучулары акысыз кесиптик чеберчилигин жогорулатып турушат. Аларга атайын чакырылган квалификациясы жогорку окутуучулар же болбосо ушул эле университеттин мыкты мугалимдери сабак өтүшөт. Андан сырткары Борбордук Азия Америка университетинин Критикалык ой-жүгүртүү лабораториясы менен тыгыз иштешет. Бул лаборатория КЭУнун 72 окутуучусунун кесиптик чеберчилигин жогорулатып берген. Эми алар алган тажрыйбасын кесиптештери менен бөлүшүп келишет.
Этика комитети жыл сайын сессия учурунда студенттерден сурамжылоо жүргүзөт. Ал ачык да, жашыруун да болот. Андан чыккан жыйынтык биринчи ректоратка, андан кийин коомчулукка жарыяланат. Окуу жайда ушул долбоордун негизинде "Параллель" газетасы ачылган. Ошол газетага сурамжылоодо аныкталган окутуучулардын рейтинги эч бурмалоосуз жарыяланат. Мындай ыкманын өзгөчөлүгү ар бир окутуучунун чыныгы жүзү ачыкка чыгып, билиминин деңгээли аныкталат.
Окуу жайда жыл бою ишеним кутучасы иштеп, ага түшкөн тоголок, тике жазылган арыздардын эч бири калбай кызматтык изилдөөгө алынат. Кызыктуусу, бул кутучага студенттерден сырткары окутуучулардан да ар кандай маанидеги каттар түшөт. Мисалы, окутуучулардын ортосундагы пикир келишпестиктер, студент менен окутуучунун, окутуучу менен студенттин ортосундагы чатактар.





Семинардын ишинен

Семинардын негизги максаты - жогорку окуу жайлар ортосунда тажрыйба алмашуусу жана академиялык чынчылдык, окутуучунун кесиптик этикасын сактоодо эффективдүү жолдорду издөө болуп саналгандыктан ага республика боюнча жогорку окуу жайлар тартылган. Семинардын кызыктуусу окутуучулар өздөрү академиялык таза эместиктин себептерин аныктап, ачык айтып чыкканы болду. Алардын айтымында, айрым окутуучулардын сабатсыздыгы, паракорчулукка малынышы, кырс мамилеси, окуу китептерин сатуусу, студенттин кадыр-баркына шек келтирүүсү, илимий иш уурдоочулук сыяктуу проблемалар академиялык чынчылдыктын колун байлап жатат. Чындыгында окутуучулар тарабынан аныкталган бул көрүнүштөр ар бир окуу жайда орун алгандыгы жашыруун эмес. Айрым окутуучулар жазган илимий иштеринин брошюраларын, авторефераттарын, китептерин студенттерге зордоп сатып, айрымдарынан зордоп акча алып, өздөрүнө жакпаган же мамилеси төп келбеген студенттерди кысымга алып, кагып-силккен учурлары да бар. Ал тургай айрым кара мүртөз, жалган илимпоздор китептерди же илимий иштерди уурдап, россиялык же башка чет мамлекеттик китептерди толугу менен көчүрүп жазып алып "Мен жазган китеп" деп төш кагып жүргөндөрүн жашырып деле болбойт.
Жогоруда аныкталган себептерди окутуучулардын добушуна койгондо, биринчи орунга - окутуучулардын сабатсыздыгы, билимди туура эмес баалоосу жана жердешчилик мамилеси чыкты. Экинчи орунга болсо, сабактардын өз убагында өтүлбөй калышы же кечигип келүү, кырс мамиле чыкса, үчүнчү орунду - окуу китептерин сатуу, коррупция алды.
Катышуучулар мугалимдерди таза эместикке түрткөн биринчилерден болуп студенттердин өзү деп белгилешти. Себеби студенттер өздөрү сабакка келбейт, окушпайт. Алар окууга биринчи орунду койбой күнүмдүк акча табуу менен алектенишет. Керек болсо окутуучудан көп акча табышат. Ал эми акча көп тапкан студент сөзсүз түрдө сабакка келбейт, сессиясын акча менен бүтүрөт.

АКШнын жогорку окуу жайларынын иш тажрыйбасынан

К.Бердибаева, КЭУнун окутуучусу, аталган долбоордун жетекчиси:
- АКШ менен Кыргызстандын билим берүү системасынын ортосунда чоң айырмачылык бар. Эки өлкөнүн окуу процессине болгон көз караштары такыр башкача. Өзгөчө, колледждерди аккредитациядан өткөрүүдө талап жогору турат. Бул өлкө академиялык чынчылдыкты сактоодо ресурска өтө бай. Алардын окутуучулары биздей болуп коррупцияны ортого салып талкуулайшпайт.
АКШнын абитуриенттерди кабыл алуудагы бир жаман өзгөчөлүгү - спортсмен балдарды билиминин деңгээлине карабай кабыл ала беришет. Себеби алар спорт жагынан окуу жайдын намысын коргойт деп эсептешет. Мындай ыкма АКШнын окуу жайларында бир топ талаш-тартыштарды жаратып келет. Кошмо штаттардын ар бир окуу жайында окутуучунун, студенттин жүрүм-турумунун тартибин камтыган кодекси, ар кандай кеңештер болот. Студенттер болобу, окутуучулар болобу ошол кодекстин негизинде иш алып барышат. Эгерде ар кандай тартип бузуулар болуп калса, ошол кодекстин негизинде жазаланып, коомдук иштерге тартылып калышы мүмкүн.
АКШда академиялык таза эместикке биринчи орунда илимий иштерди уурдоо, же маалымат уурдоо болуп эсептелет. Өзгөчө Интернет булактарынан алынган маалыматтардын негизинде мындай талаштар көп болот. Белгилей кетүүчү жагдай АКШнын жалпы билим берүү системасынын сапаты коомчулукту гана эмес, мамлекет башчыларын да канааттандырбайт. Алар бул системаны баштан аяк өзгөртүү керек деп эсептешет.
Аларда жогорку окуу жайда бизге окшоп баардык эле каалоочулар окуй беришпейт. Чындап билим алууга берилгендер гана окуйт. Мунун себеби, биринчиден, аларда билим алуу кымбат, экинчиден, жожго тапшырууда коррупция жокко эсе. Үчүнчүдөн, аларда жожго тапшырууну каалабаган окуучулар кесиптик билимди мектептен эле ала алышат. Бүтүрүүчү класстар мектепте окуп жатып эле каалаган окуу жайынан кредиттик сааттарды тандап алып окуй беришет. Бул дагы кесиптик билим алууга чоң жардам берет.




Сунуштар жана ой-пикирлер

Төлөбек Камчыбеков, Кыргыз экономикалык университетинин ректору:
- Биз азыр барылап бул кырдаалдан чыгуунун жолдорун издеп жатабыз. Бул маселе мамлекеттик деңгээлге чыгып, бардык тараптан күрөшүү жүрүп жатат. Бирок биздин дагы эле күчүбүз жетпей жатат. Ал үчүн өнүккөн мамлекеттердин тажрыйбалары зарыл экен. Анын үстүндө азыр өткөөл мезгилде төрөлүп, же ошол учурда балалыгын өткөрүп, тарбияланып калган жаштарды окутуп жатабыз. Мен азыр алардын алдында уялам. Айтайын дегеним, алар бала кезинен белек берип, белек алып, бир ишти чөнтөккө акча салып бүтүрүүгө көнүп калышкан. Мен аларга эч кандай күнөө койбойм, себеби алар ошондой чөйрөдө тарбияланып калган. Ошондуктан биз азыркы муундун аң сезимин, көз карашын башка нукка бурушубуз керек. Ал үчүн биздин окуу жай колдон келген аракетти кылып жатат. Биз топтогон аздыр-көптүр тажрыйбаны башка окуу жайларга жайылтууну максат кылуудабыз.
Бул проблеманын үстүндө биринчилерден болуп студенттер иштеп башташкан, ошондон улам окутуучулар дагы колдоо көрсөтпөсө болбойт деген чечим чыгарганбыз. Биз ишти жогорудан ылдый эмес, ылдыйдан жогору, ректораттан эмес, окутуучулардын сабаттуулугунан баштадык. Академиялык таза эместикке жеке эле коррупция кирбейт. Коррупция, академиялык чынчылдык, мугалимдин этикасы бары бири-бири менен байланыштуу.


Гүлчахра Сабитова, Кыргыз-Өзбек университети:
- Кыргыз-Өзбек университети дагы 2003-2007-жылдары ушул долбоор менен иштеген. Анын негизинде биздин окуу жайда дагы бир топ иштер жасалган. Мисалы, ар кандай жолугушууларды, семинар, тренингдерди өткөрүү, коомчулукка маалымдоо иштери жүргүзүлгөн. Анын негизинде 56 окутуучу билимин жогорулатып, тажрыйба алышкан. Алар алган билимин кайра башка окутуучуларга үйрөтүшкөн. Ректораттын демилгеси менен Ой-жүгүртүү лабораториясы түзүлгөн. Биздин эң негизги максатыбыз - коомчулукту маалымат менен камсыз кылуу болгон.
Ал эми академиялык таза эместиктин эң биринчи себеби - студенттердин сабатсыздыгы болууда. Мага ушул өтүп жаткан семинарда дагы ушул маселени көтөрүп чыкканы жакты. Негизи окутуучуну акча алууга студенттер өздөрү мажбурлашат. Азыркы абитуриенттердин билим деңгээли өтө начар. Алар мектептен эле чала сабаттуу болуп келишүүдө. Айрымдары окугусу келбесе, кээ бири окугусу келет, бирок колунан келбейт. Мисалы, менимче мыкты окуган студенттен окутуучу эч качан акча ала албайт. Ал жалаң сабакка келбеген, окуй албаган студенттен алышы мүмкүн. Эми биз ушундай студенттерден да тазаланышыбыз керек болууда.


Сагынбүбү Алаева, Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин окутуучусу, Би-би-си радиосунун журналисти:
- Жогорку окуу жайларда академиялык чынчылдык боюнча күрөшүүдө мен бир гана нерсени көрөм. Ал - окутуучунун социалдык абалы, финансылык мүмкүнчүлүктөрү. Мугалимдер үчүн ушул мүмкүнчүлүктөрү абдан чектелүү. Ойлоп көрсөңөр мугалим айына жогору дегенде 3-4 миң сом алып иштейт. Аны менен бир ай бою кантип жашайт. Менимче айрымдарыныкы ага да чыкпаса керек. Окутуучунун азыркы социалдык-экономикалык абалы аларды академиялык тазалыкты сактабаганга түртүүдө. Ушундай айлык менен окутуучу бир эле окуу жайда иштебейт. Мисалы, эртең менен Улуттук университетке, түштө БГУга, түш оой дагы башка окуу жайга барып лекция окуйт. Мынчалык жүктөм менен иштеген мугалимдин ою бир жакта болбойт.
Ошол эле учурда студент дагы ушундай абалда. Алар да иштейт, акча табат, көр тиричиликтин айласын кылышат. Андай студент, албетте, сабакка келбейт. Окуганга мүмкүнчүлүгү да, убактысы да жетпейт. Аларга андан көрө акчага баа сатып алган жеңил. Көрдүңөрбү, студенттер өздөрү эле мугалимди таза болбогонго түртүп жатат. Бул кырдаалдан чыгуунун бир гана жолу - мугалимдин коомдогу социалдык статусу өзгөрүш керек. Качан гана алардын айлык акысы көбөйүп, ал акчасы тазалыкты сактоого же жумушуна башкача мамиле кылууга мүмкүнчүлүк түзүп бергенде гана бул проблема өзүнөн-өзү жоголот. Мисалы, АУЦАда, Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде мындай проблема жок. Анткени ал жактарда окутуучунун статусу өтө жогору. Ойлонбой иштегенге шарты бар, айлык жакшы. Аларды мен бир мамлекеттин ичиндеги эле башка мамлекеттей сезем.




меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси
Яндекс.Метрика