mainkaptal

Пользовательский поиск
 8-март - Аялдардын эл аралык күнү

АЯЛ ЖАКШЫ - ЭР ЖАКШЫ
8-март - Аялдардын эл аралык күнү жаңы жылдан кийинки эле үй-бүлөлүк майрам катары эсептелинет. Агартуу тармагындагы аттуу-баштуу жетекчилердин өмүрлүк жарын кантип майрамдатып, кандай белек тартуулары жалпы эле окурмандарыбыз үчүн кызык болсо керек. Ошондон улам Бишкек шаарындагы көрүнүктүү агартуу ишмерлерге майрамдык маанайдагы суроо салып көрдүк.

Кыргыз билим берүү академиясынын президенти Абакир Мамытовдун отуз жылдан бери жамандык-жакшылыгын, оор-жеңилин бирге көтөрүшүп жүргөн жубайы Өмүрзакова Бурулкан жөнөкөй адамдардан эмес. Ал милициянын полковниги, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент, ИИМ Академиясында факультеттин начальниги болуп иштейт. Келечектеги укук коргоочу жаштарга таалим-тарбия берип, темирдей бекем талаптарды койгону менен, үйдө эң жакшы, ак көңүл, жайдары жар, мээримдүү эне.
Бурулкан эже дайыма 8-март майрамында өмүрлүк жолдошу Абакир агайдын жылуу сөзүн, каалоо-тилектерин, ыраазычылыгын угуп, чын жүрөктөн берген белегин алат.
- Мурда жашыраак кезибизде дайыма гүлдесте берчү элем, эмнегедир жаш өткөн сайын антпей да калдым. Бирок сөзсүз түрдө даярдап койгон чакан белегимди берем. Себеби анын 23-февралда берген белегине жооп беришим керек да. Ал эми майрамды дайыма үйдө жубайым, балдарым, неберелерим менен өткөрөбүз. Кызымдын эки баласы бар. Ошолор менен эки жакка чыгып ары-бери басып, неберелерим менен жыргалчылыкка батам. Үйгө кирип алар ойносо кошо ойнойм, тоголонсо кошо тоголоном, кыскасы, биздин үй үчүн бул майрам үй-бүлөлүк майрам болуп калган,- дейт А.Мамытов.


Сонунбү Кубатбекова - Кыргыз агрардык университетинин ректору Кубатбеков Турсунбайдын өмүрлүк жары. Кызматтык себептерден улам бул үй-бүлө бул жылкы майрамды бирге өткөрүшпөйт. Анткени буга чейин Кубатбеков Турсунбай үй-бүлөсү менен Россияда жашачу. Жаңы кызматка өткөндөн бери үй-бүлөсүн көчүрүп келүүгө жетише элек. Анын үстүнө Сонун эженин Россияда чакан бизнеси бар.
Сонунбү эже Турсунбай агай үчүн эң мыкты, акылдуу, ажарлуу жубай. Себеби ал агайга чырактай болгон төрт кызды төрөп берген.
- Азыр, тилекке каршы, экөөбүз эки жакта болуп жатабыз. Негизи бул майрамда жубайыма, кыздарыма өзүңөр каалаганды сатып алгыла деп акча эле берип койчумун. Себеби мен берген белектин бири жакса бири жакпай калат. Албетте, бул майрамда деле телефон чалып, жылуу сөзүмдү айтып, майрамы менен куттуктайм. Мурда болсо кечкисин ресторанга, күндүзү кыздарыбыздын көңүлүн ачуу үчүн балдар борборлоруна барчубуз, - дейт Турсунбай Кубатбеков.
Демек, бул жетекчинин төрт кызына жубайын кошкондо бешөө болот экен. 8-март майрамында агайдын чөнтөгү бир топ эле жукарат окшобойбу.

Бишкек шаарынын тургундарына таанымал "Береке" соода үйүнүн башкы директору Молдобаева Зинаида - Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Аскар Бекбоевдин сүйүктүү жубайы. Бул эженин расмий аты, ал эми аны жакындары Айгүл дешет. Ал Киев Соода экономикалык институтун ийгиликтүү аяктап келип, ошол мезгилдеги Соода министрлигинде жооптуу кызматкер, ордо калаабыздагы омоктуу ашканалардын биринде директор, башкы инженер-технолог, кийинчерээк Фрунзе шаарынын ресторан-кафелер бөлүмүнүн начальниги болуп иштеген. Акыркы он беш жылдан бери "Береке" соода борборун жетектейт.
З.Молдобаева - сүйүктүү жар, мээрман эне, иш билги жетекчи. Тууган, дос, тааныштардын, кесиптештеринин сый-урматына ээ. Зинаида эжебиздин Аскар агайдын орус тилинде жарык көргөн айрым эмгектеринин редактору болгонго да кудурети жетет. Анткени ал татаал философиялык түшүнүктөрдү айрым адистерден түзүгүрөөк түшүнөт.
- 8-мартта балдарымдын апасын мен жалгыз куттуктабайм. Менин катарыма уулум - Акбар кошулуп, экөөбүз Зинаидага, кыздарым Наргиза, Айзадага, неберелерим Медина, Аруукеге жага турган гүлдесте жана белектерди тартуулайбыз. Белек тандоодо неберем Бексултандын пикирин эске алабыз. Албетте, белектин эң мыктысын тандагыбыз келет, бирок эң башкысы - көңүл, - дейт Аскар Бекбоев.
Майрам күнү бул үй-бүлө адаттагыдай эле чогулуп, конок үйүндөгү чоң столго дастаркон жайып, белек-бечкектерин тапшырып, кезектешип каалоо-тилектерин айтып өткөрүшөт. Бул күнү Аскар агай баш болуп, уулу, күйө балдары - Бакыт, Алтынбек ашпозчунун, тейлөөчүнүн милдетин аткарышат.

Чыгыш университетинин ректору Асан Ормушевдин өмүрлүк жубайы - Асина Сатибекова. Асина эжебиз Ат-Башынын кызы. Тарыхчы. Өмүр бою мектепте мугалимдик кесипте иштеген. Кожоюнунун айтымында, ал өмүрлүк жар, балдарынын апасы, неберелеринин чоң энеси катары абдан жакшы, акылгөй, даанышман адам.
- Калп айткан менен болобу Ат-Башынын кыздары жаман болбойт. Эжеңердин мыктылыгынан ушунча жашка келгенчекти бир үйдөн түтүн булатып келебиз деп ойлойм,- дейт Асан Ормушев.
Асан агай менен Асина эже эки уул, эки кызды тарбиялап эрезеге жеткиришкен. Азыр беш неберенин сүйүктүү чоң ата, чоң энелери. Майрамда бул үй-бүлөнүн үйү өзүнчө эле чоң майрамга айланат. Себеби уул-келиндери, кыз-күйөөсү неберелери менен келип апасын куттуктап, белек-бечкектерин берип кетишет. Бул алар үчүн салтка айланган.
Майрамда үй-бүлөнүн атасы дагы балдарынын арасында болуп, жубайына адаттагыдай эле гүлдесте тартуулайт. Эң кызыктуусу Асина Сатибекова күтүлбөгөндөй белектерди алганды жакшы көргөндүктөн, учурда А.Ормушев агай баш оорутуп жаткан кези.

Бетти даярдаган Чолпон Кийизбаева, "Кутбилим".





Куттуу болсун 8-мартыңар!
Бүт дүйнөдө музыкалар таңшыган,
Куттуу болсун 8-мартыңар.
Баарыңарга узак өмүр каалаймын,
Каныкейдин сиңдилери аялдар.

Музыканын коштоосунда ыр ырдап,
Бий бийлесин эркек менен аялдар.
Же эркектер, же аялдар аз келсе,
Шаңсыз өтмөк бардык эле майрамдар.

Аял жокто жүрөбүз үйгө кирбей,
Тамак жесек, оозго даам бербей.
Жаратканым бекем ширеп койсо керек,
Бири-бирине тартылышкан планеттей.

Эркектер үйдүн ээси деп аталат,
Үйдүн куту өркөнү өскөн аял зат.
Кандай жыргал неберелер, балдарың,
Окуп келип сабагын жазып олтурат.

Евро, доллар мурас эмес адамга,
Колдон качат аңтар, теңтер заманда.
Анык мурас, неберелер, балдарың,
Атыңды улайт кылымдардан кылымга.

Эркекти жер деп койсом жүк көтөргөн,
Аялды Күнгө теңейм жашоо берген.
Күнсүз жерде жашоо жок болгон өңдүү,
Аялсыз кимге кызык бул дүйнөң.

Өзүңөр менен кошо карып алганың,
Жаз гүлүндөй жайнап турсун балдарың.
Ак кайыңдай жүз жыл өмүр сүргүлө,
Өмүр берсе, көрөрсүңөр калганын.

Жунусалы Мураталиев,
Көлмө айылы.





Поздравление

С 8 мартом поздравляем директора лицея при БГУ Сейиткожоеву Замиру Аттакожоевну.
Желаем Вам крепкого здоровья, счастья,
В чест праздника - искренние пожелания,
Чтоб радостей больше судьба подарила,
Успехов в работе, здоровья и силы,
Всегда замечательного настроения,
Всем планам скорейшего в жизнь воплощения.
С наилучшими пожеланиями и с любовью и признательностью
10 "a" класс.





меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси
Яндекс.Метрика