mainkaptal

Пользовательский поиск
  Окуялар, фактылар

"Айтматов жана азыркы доор"
Ушундай аталыштагы эл аралык форум Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинде болуп өттү.
Бул форум КМШ өлкөлөрүндө "Адабият жана китеп окурманы" жылынын жыйынтыгына жана улуу жазуучубуз Ч.Айтматовдун 80 жылдык юбилейине арналды. Мында КМШга кирген өлкөлөрдүн мамлекеттик жана коомдук ишмерлери, илим-билимдин, маданияттын, искусствонун өкүлдөрү жана аталган университеттин профессорлору, окутуучулары катышып, доклад жасашты.
Форум КМШ өлкөлөрүндөгү окурмандардын аудиториясын кеңейтүү жана басма сөз ишинин сапатын жогорулатуу, гуманитардык багыттагы коомдук жана мамлекеттик стратегиялардын өнүгүүсүн жакшыртуу, көркөм котормо, журналдык-басма сөз ишмердигине жардам кылуу жана улут аралык чыгармачылык асыл мүлктү сактап калууга багытталган.
Университеттин Аймактык славянтаануу институтунун директору Михаил Рудовдун айтымында, биздин азыркы жаштардын көбү компьютерге көп берилип, китеп окууну унутуп коюшту. Ошондуктан адабий китепти окуунун маданиятын көтөрүш керек.
Ушул эле форумдун дагы бир бөлүгү Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде өттү. Анда "Дружба народов" журналынын башкы редактору Александр Эбонаидзе университеттин студенттери жана окутуучулары менен кызыктуу маектешти.
Жолугушуунун аягында Александр Эбонаидзеге университеттин "Ардактуу профессору" наамы салтанаттуу түрдө ыйгарылды.

Эльвира Какиева, "Кутбилим".

Кайраты күчтүү - Каныбек

Оор атлетика боюнча дүйнөнүн төрт жолку чемпиону Каныбек Осмоналиев И.Арабаев атындагы КМУнун студенттери менен жолугушту.
Жолугушууда спорт чебери, 1980-жылкы Москвада өткөрүлгөн олимпиаданын чемпиону, Алтын медалдын ээси, СССРдин спортуна Эмгек сиңирген чебер өзүнүн башынан өткөргөндөрү, кыйынчылыктары тууралуу айтып берди. Ал мындай деңгээлге күнүгө машыгып, бир минут дагы тыным албай эмгектенүү менен жетишкендигин баса белгиледи.
"Адам өзү барын жасайт, адам өзү барын бузат. Адам окуса дагы, иштесе дагы барын пландап жасоо керек. Азыркы жаш муундардын арасында көп эле спортчулар бар. Алар: Канат Бегалиев, Руслан Түмөнбаев жана башкалар", - дейт Каныбек Осмоналиев. - Ал эми мени аялдардын спортко көп кызыкпагандыгы өкүндүрөт.
Азыр жаш муундарды спортко тартуу максатында атайын спорттук борбор ачылып, ага К.Осмоналиев директор болуп шайланган. Бул мастер учурда келечектеги спортчуларга өзүнүн билгендерин, топтогон тажрыйбаларын үйрөтүүдө. Студенттердин "Эмнеге спортсмендер криминалга ооп кетип жатышат", - деген суроосуна, ал "Бекер акчага көнгөн адам каякка болсо кетип калат", - деп жооп берди.
Жазгүл Урмамбетова,
"Кутбилим".

Түрк дүйнөсүнүн Студенттик кеңеши түзүлдү

Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Студенттик кеңешинин демилгеси менен Түрк дүйнөсүнүн Cтуденттик кеңеши түзүлдү.
Мындай чечим Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Студенттик кеңеши өткөргөн Түркия, Казакстан жана Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын Студенттик кеңештеринин жетекчилери менен болгон жолугушууда түзүлдү.
Бул кеңештин негизги максаты - түрк дүйнөсүнүн студенттерин бириктирип, билим алуудагы орток идеяларын бирдиктүү ишке ашырууну камсыз кылуу болуп саналат.
Иш-чарада университеттин ректору Сулайман Кайыпов жана биринчи проректору Угур Орал келечек жаштардын колунда экендигин баса белгилешип, татыктуу келечекти куруу үчүн эң негизгиси сапаттуу билим алып, улуу муундан да билимдүү болуу азыркы күндүн талабы экендигин айтышты. Түрк цивилизациясы дүйнөдөгү алты доминант цивилизациянын катарына кирип, азыркы учурда жашап жаткан улуу цивилизация экендигин белгилеп, студенттердин мындай иш-чараларын бул цивилизациянын өнүгүшүнө кошкон чоң салымы катары баалашты.
Жолугушууга жалпы 48 Студенттик кеңештин жетекчилери катышты.

Ч.Кудайбергенова,
"Кутбилим".


o Жаңы китептер
Усулчунун устаканасын аңтарганда...

Кыргыз адабиятын окутуу боюнча таанымал адис, педагогика илимдеринин кандидаты Абдыкерим Муратовдун эки монографиясы жарык көрдү.
"Усулчунун устаканасы" деп аталган сериядагы китептердин бири, "Кыргыз адабияты сабагында көркөм тексттин маңызын ачуу" деп аталса, экинчиси - "Көркөм чыгарма жана анын ички сырлары" деп аталат. Эки китеп азыркы учурдагы адабият сабагынын милдеттерин көрсөтүп, көркөм адабий тексттерди интерпретациялоо проблемаларын көтөрөт. Сабакта кайсыл чыгармаларды кандай жол менен окуучуларга жеткирүү керектиги айтылып, адабият программасына жаңыдан кошулган чыгармаларды окутуунун жолдору жана ыкмалары сунушталат.
Усулчу салттуу усулдук ыкмаларга көбүрөөк таянуу менен көркөм чыгармадагы эстетикалык баалуулуктарды окуучулар өздөштүрүшү үчүн мугалим кандай жолдорду тандап алышы керектиги айтылат.
Китептер кыргыз адабияты мугалимдерине арналып чыгарылган.
Г.Алыбаева

Мектеп жетекчилер семинары өттү

Балыкчы шаарынын А.Макаренко атындагы мектебинин базасында мектеп жетекчилерге "Окуучулардын таанып билүү кызыкчылыгын арттырып, көркөм өнөрчүлүгүн өркүндөтүү мүмкүнчүлүгүн колдонууда ресурстук борборду пайдалануу" деген аталышта семинар өткөрүлдү.
Аталган мектептин директору Н.Карабакированын айтымында, семинар "Айылдык билим берүү" долбоорунун жардамы менен өткөрүлдү. Анда компьютердик технологияларды, көчүрмөлөрдү пайдалануу менен сабактардын үлгүсү слайд-шоу аркылуу көрсөтүлдү. Ошондой эле электрондук жана мультимедиялык материалдарды колдонуу ыкмасы көрсөтүлдү. Семинарда "Айылдык билим берүү" долбоору аркылуу ачылган "Орус маданияты" борборунун ишине жалпы педагогикалык жамаат, ата-энелер жана окуучулар ыраазычылыгын билдирди. Борбор мультимедиялык окутуу системасы, билим берүү программалары, электрондук китептер, дептерлер, электрондук хрестоматия жана китепкана менен жабдылган. Ал мугалимдин билим берүүсүнө жардам берип, окуучулардын тапшырмаларды эффективдүү аткарышына көмөкчү болууда.
Бул семинар заманбап окутуу ыкмалары менен окуу процессин рационалдуу жүргүзүүгө, тексттик көнүгүүлөрдү уюштурууга жана билим сапатын көтөрүүгө да жардам берди. Сабактардын үлгүлөрүн көргөзүүдө мультимедиялык усулдун колдонулушу балдарды кызыктырып, аларга материалды тез кабыл алууга мүмкүндүк берди.
Таланттуу, өзгөчө окучуулар - 9-класстын окуучусу Дуйшеева Айжамал жана 11-класстын окучуусу Доктурбекова Бермет семинарда алгебра сабагынын электрондук китебин жана жумуш дептерин олимпиадага даярданууда колдонулушун көрсөтүп беришти.

Ж.Урмамбетова,
"Кутбилим".


айтматов калеми менен дүйнөнү багындырган
Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Чыңгыз Айтматовдун 80 жылдыгына карата өткөргөн ""Саманчынын жолу" турмуштук ой-толгоо" аттуу эскерүү кечесинде Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын каармандары авторун жоктоп, сыздап, ага болгон ыраазычылык сөздөрүн айтып турушту.

Улуттук филармонияда өткөн бул иш-чарада Ч.Айтматовдун "Саманчынын жолу", "Кылым карытар бир күн", "Гүлсарат" жана башка чыгармаларынан үзүндүлөр коюлуп, алардын каармандары улуу жазуучуну жоктоп, кайгыга батып, анын жараткан ар бир чыгармасы кыргыз элинин жүрөгүндө түбөлүккө сакталып калаарын зар какшап айтып жатышты. Өзгөчө Толгонай менен Жер Эненин Ч.Айтматовду жоктоп, ботодой боздоп тургандагы монологу көрүүчүлөрдүн жүрөгүнүн түпкүрүнө жетип, көздөрүнө жаш айландырды.
Иш-чарада окуу жайдын мурунку ректору Карыбек Молдобаев жазуучуга болгон жылуу сөздөрүн айтып, анын кыргыз элине калтырган мурастарын түбөлүккө сактап калууда жаштардын ролу чоң экендигин баса белгиледи.

Сулайман Кайыпов, Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин ректору:
- Ушул жерде жүздөгөн киши баш кошуп, чогулуп отурабыз. Эгерде арбактын бар экендиги чын болсо, Чыңгыз Айтматовдун арбагы бизди көрүп ыраазы болуп жаткандыр. Кудай ар бир кылымда бирден даанышман адамды жерге жиберет окшойт. Мисалы, өткөн кылымда Түркия кыйроонун, жоголуп кетүүнүн алдында турганда Ата-Түрктү жиберди. Ал азыркы Түрк Республикасын куруп кетти. Андан көп өтпөй Кыргызстан үчүн Чыңгыз Айтматовду жиберди. Ал өзүнүн чыгармалары, баскан-турганы, керек болсо кийген кийими менен бизге өрнөк болгудай адам болду.
Университет катары бул улуу жазуучуну эскерип жүрүү, атын түбөлүккө сактап калуу үчүн жасай турган бир топ пландарыбыз бар. Бир гана мисал, азыр жаңы курулуп жаткан Кампуска Ч.Айтматовдун атын бердик.





Карыбек Молдобаев:
- Мен Чыкем менен көп жылдар бою өтө жакын жүрүп, достошкон кишимин. Ага мындан бир аз мурун биздин окуу жайдын "Ардактуу профессору" наамын ыйгарып жатканда, ал менден "Эми мен лекция окушум керекпи?", - деп сурап калды. Мен болсо "Сиздин биздин арабызда аман-эсен жүргөнүңүз, ар бир сүйлөгөн сөзүңүз, айткан акыл-кебиңиз эле биз үчүн канча байлык", - деп жооп берген элем. Чындыгында ал кишинин ошол кезде айткан ар бир сөзү студенттер үчүн бир топ эле өрнөк болду.
Ч.Айтматов адамдын рухун, ички дүйнөсүн унутулгус кылып, адамзаттын жүрөгүнө отургузуп кетти. "Саманчынын жолундагы" Толгонайдын образы, "Кылым карытар бир күндөгү" Маңкурт, деги эле анын ар бир чыгармасынын каармандары бүтүн дүйнөгө жол көрсөттү деп айтсак болот. Анын каармандарынын негизги касиеттери - эч бир сынбас, майтарылбас, эрки күчтүү, адамдык сапаты жогору турган адамдардан. Мисалы, Толгонайдын эле образы кандай сонун, кандай керемет. Ошондуктан студенттерге Чыңгыздын каармандарындай өчпөс, сынбас, майтарылбас, айтканынан кайтпаган адамдардан болушуп, Кыргызстанды азыркы замандын талабына ылайык бутуна тургузуп кеткиле демекчимин.




меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси
Яндекс.Метрика