email • архив • редакция 



Жаз майрамыңыздар кут болсун!
Кымбаттуу мугалим эжейлер, карындаштар! Сиздерди чыгыш календары боюнча жыл жаңырар мезгилди утурлаган ажайып майрамыңыздар менен куттуктайм. Кышкы тоң жибип, табигат ойгонуп, бак-даракка жан кирген, чабалекей сыяктуу ыйык куштар кайтып келген бул учур чындыгында эле аялзатынын мүнөзүнө, жан дүйнөсүнө, жашоону улантып перзент төрөгөн касиетине абдан жарашып турат. Ырас, мектепте эркек мугалимдердин иштегени эң жакшы, бирок жаш муунга билим берген адистердин көпчүлүгү аялзатынан экендиги да кокусунан эмес окшойт. Энелик мээримиңиздер менен кесипкөй эмгегиңиздерди айкалыштырып, билим очогун Сиздер өчүрбөй сактап келесиздер. Ар бир баланын мыкты таалим алышына, татыктуу инсан болуп өсүшүнө бар күчүңүздөрдү жумшап, бардык жаштардын, демек бүтүндөй өлкөнүн келечегине Сиздердин сөзүңүздөр, сабагыңыздар, жекече өрнөгүңүздөр эң зор таасир тийгизет. Андыктан ден соолугуңуздар чың, көңүлүңүздөр ачык болсун. Үй-бүлөңүздөрдөн ынтымак менен ырыс кетпесин. ишиңиздерди ар дайым жаңы ийгиликтер коштоп жүрсүн.
Дагы бир ирет - Жаз майрамыңыздар кут болсун!
Билим берүү жана илим министри
Абдылда Мусаев.




Аял жакшы -эр жакшы
8-март - Аялдардын эл аралык күнү жаңы жылдан кийинки эле үй-бүлөлүк майрам катары эсептелинет. Агартуу тармагындагы аттуу-баштуу жетекчилердин өмүрлүк жарын кантип майрамдатып, кандай белек тартуулары жалпы эле окурмандарыбыз үчүн кызык болсо керек. Ошондон улам Бишкек шаарындагы көрүнүктүү агартуу ишмерлерге майрамдык маанайдагы суроо салып көрдүк.

6-бет




Агайдын аты айылда жаңырды
Ноокат районундагы Дары-Суу орто мектеби тоо түбүндөгү, борбордон алыс, жаңы ачылган, чакан жана эски типтеги имаратта жайгашкан билим уясы. Эми ошол мектептин кыргыз тили жана адабияты каанасына "Абдыкерим Муратов атындагы" деген сөз кошулуп айтыла турган болду.
Ысымы ыйгарылган билим ордосуна агай бир компьютер принтери менен, телевизор DVDси менен тартуу кылды. Ошондой эле өзүнүн жазып, чыгарып жүргөн китептерин белекке берди. Бул салтанатка Ош, Кызыл-Кыя шаарындагы жогорку окуу жайынын окутуучулары, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы жана жалпы жамааты да катышып, алар да кабинетке китептерин берип, билим берүү ишине көмөктөшөрүн убада кылышты.
Г.Алыбаева, "Кутбилим".












Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan