Билим тутумдаштыгы

МАТЕМАТИКА менен ИНФОРМАТИКАНЫН БАЙЛАНЫШТУУлугу
Информатика сабагы кийинки жылдарда 10-11-класстардын мектеп программасынан алып коюлган. Себеби окуучу 9-класска чейин компьютер менен иштөөнү үйрөнүүсү, 10-11-класстарда өзүнчө иштөөсү керек. Бул туура, албетте, бирок 10 жана 11-класстарда компьютерден кантип пайдаланса болот?

Азыркы компьютер программалары ошондой мүмкүнчүлүктөргө ээ болуп түзүлгөндүгүнүн натыйжасында БЕЙСИК, Паскал же башка программалоо тилдерин үйрөнүү шарт эмес деген пикир көбөйүүдө. Туура, азыркы программалар ошончолук жакшы, жөнөкөй экендигин билебиз, бирок эмне үчүн кыргыз "бешбармак" же өзбек "аш" деп аталган тамактарды жакшы көрүүсүн америкалыкка түшүндүрүп болбогондой эле, биз каалаган программалар кайсы экендигин алар биле албастыгы анык. Ошондуктан биздин өзүбүздүн да керектүү программаларыбыз болушу зарыл.
Мисалы, математика жана информатика сабактарынын бири-бирине байланышы барбы?
Жооп алуу үчүн алардын аталышын карап көрсөк, бул предметтер бири-бирине кандай байланышта экендигин түшүнөбүз.

Эгер көңүл бурган болсоңуз ушул эки предмет бири-бирине кандай байланышта экендигин көрөсүз. Эми аларды туура пайдалануу гана керек. Мейли окуучу негизги программалоо тилдерин үйрөнбөй койсо да болот, бирок БЕЙСИК программалоо тилин үйрөнүүсү зарыл. Программалоо тилдерин үйрөнүү - бул негизги программалардын ички касиетин үйрөнүү деген сөз. Кишинин көңүлүн билбей ага жумуш буйруп болбойт. Мисалы, галстукчан кишиге күрөктү карматып, дыйканга документ иштерин берип көрүңүзчү, аткарабы!? Жок. Себеби алардын ички дүйнөсү буга жол бербейт. Жакшысы, ар кимиси өз ишин аткарганы жакшы, ал үчүн аларга туура тапшырма берүү керек. Туура тапшырма берүү үчүн аларды түшүнүү зарыл.

БЕЙСИК тилин жана математиканы бири-бирине байланыштырып, өтүүгө бир мисал:
10-класстын "Алгебра жана анализдин негиздери" предметиндеги бир теманы алабыз.
Ийри сызыктуу трапециянын аянтын табуу формулаларындагы Ньютон-Лейбництин формуласы. Бул теманы үйрөнүүдө биз жогорудагы китепке карайбыз. Бирок ошол теманы толугу менен түшүнүктүү болушу үчүн биз компьютерге программаны жүктөйбүз. Бизге анык болгон БЕЙСИК программалоо тилинен пайдаланабыз.
Бир мисалды карап көрөлү:
у1 = 1-x ва у2 = 3- 2х -х2 сызыктар менен чектелген фигуранын аянтын эсептөө керек!
Бул фигуранын графигин монитордо көрсөтүү жана көрсөтүлгөн жердин аянтын эсептөө программасы төмөндөгүчө болушу мүмкүн.
10 REM "Аянтты эсептөө"
20 SCREEN 7
30 COLOR 9, 7
40 LINE (100, 100)-(300, 100)
50 LINE (200, 50)-(200, 200)
60 INPUT "x тин 1-координатасы"; x
70 INPUT "x тин акыркы координатасы"; x2
80 GOSUB 1000
90 IF y1 < y2 THEN p = -.01 ELSE p = .01
100 FOR x = x TO x2 STEP .01
110 GOSUB 1000
120 PSET (x * 10 + 200, y1 * 10 + 100), 9
130 PSET (x * 10 + 200, y2 * 10 + 100), 11
140 FOR t = y1 TO y2 STEP p
150 PSET (x * 10 + 200, t * 10 + 100), 5
160 s = s - p
170 NEXT t
180 NEXT x
190 PRINT "бул фигуранын аянты="; s / 100
200 END
1000 REM "Формуланы ( ) ичине жазыңыз"
1010 y1 = -(1 - x)
1020 y2 = -(3 - 2 * x - x ^ 2)
1030 RETURN
F5 ти басканда экранда төмөндөгү натыйжа пайда болот.
1010 жана 1020 - катардагы формулалар алдыга коюлган минустун негизги себеби, компьютер экраны координатанын 4-чейрегинде жайгашкандыгында турат. Эми ошол катардагы формулалары өзгөртүлсө, жаңы фигуранын чиймеси жана анын аянтынын эсеби чыгат.
Мисалы: у1=х2-2х+2 жана у2=2+4x-х2 сызыктар менен чектелген фигуранын аянтын табуу зарыл.
Анда программага
1010 у1=-(х^2-2*х+2 )
у2=-(2+4*x-х^2)
формулаларды киргизип, натыйжа төмөндөгүдөй экендигин көрөбүз.
Китепте берилген натыйжа 9 эле. Демек компьютер андан да анык эсептеген.
Бул сабактан кийин окуучу координаталарда жайгашкан ийри сызыктуу трапециялардын аянтын формула аркылуу чыгаруу, алардын аянтын эсептөөдөгү ар бир пикселдин орду тууралуу түшүнүк ала алат. Башка формулаларды ошондой анализ кылып көрүүгө аракет кылат.

НЕРВДИ ТЫНЧТАНДЫРУУНУН ЯПОНЧО МЕТОДУ

Бизге белгилүү мугалимдердин нерви тез-тез бузулуп турат. Натыйжада көп мугалимдер психикалык ооруга кабылат, же болбосо өмүрүнүн кыскарышына алып келет. Нервдин бузулушу жакшы сапаттуу сабак берүүгө да тоскоол болот. Кыскасы зыяны көп.
Нервдин колго алуунун эң жөнөкөй усулу төмөндөгүчө. Кайсы жерде турган болушуңузга карабастан.
1- Ичиңизде 6 га чейин санап дем аласыз.
2- Ичиңизде 6 га чейин санап алынган демди кармап турасыз.
3- Ичиңизде 6 га чейин санап демди чыгарасыз.
Ушул машыгууну 2-3 жолу кайталаңыз. Бул машыгууну аткарып жатканыңызда сизди эч ким сезбейт. Балким бул учурда директоруңуздан катуу сөгүш угуп жаткан болсоңуз да ал сезбейт.