Өрнөк

"Себат" - Сапаттуу билимдин очогу
Адам баласы жарык дүйнөгө келген учурдан баштап, тарбияга жана тарбиячыга муктаж. Жаш наристе өзүнүн тегерегиндеги тарбиячылары аркылуу коомду аңдап билип, акырындап инсанга айланат. Ошондуктан турмуштун эң алгачкы окутуучусу - тарбия экендиги талашсыз. Улуу кыргыз эли жаш улан-кыздарга таалим-тарбия берген адамды улуу устат катары сыйлап келишкен. Нарктуу элибизде: "Ата-эне - солк этпес тирек, мугалим соолбос булак",- деп жаштарга терең билим берген жана үлгүлүү жүрүш-туруш эрежелерин үйрөткөн адамды өтө кастарлашкан.
Кыргыз Республикасы эгемендүүлүккө ээ болгон жылдардан баштап билим берүү багытында көптөгөн өзгөрүүлөр, жаңылануулар болуп өттү. Ошолордун бири катары Кыргызстанда чет өлкөлүк мамлекеттердин орто мектептерде окуган окуучуларга бүткүл дүйнөлүк окутуу ыкмасында билим берүүнү айтууга болот. Өзгөчө Түркия Жумуриятынан келген "Себат" эл аралык билим берүү жеке менчик мекемеси баштаган жакшы саамалык кыргыз жергесинде 15 жылдан бери өздөрүнүн мактоосуна, колдоосуна татыды. Ошол 15 жылдан берки "Себат" билим берүү мекемеси тарабынан мектеп окуучуларынын арасында жүргүзгөн окутуудагы алдыңкы ыкмалары жөнүндө тарых илимдеринин кандидаты А.С.Ормушевдин, "Себат" эл аралык билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инанды жана Ататүрк-Алатоо университетинин мугалими Талант Асан уулунун калеминен жаралган "Себат - билим берүү уясы" аттуу эмгекке өз пикирибизди билдирүүнү туура көрдүк.

Басмадан жарык көргөн китепте Кыргыз Республикасы менен Түркия Жумуриятынын ортосундагы түзүлгөн достук келишимдин негизинде билим берүү тармагында иштеп жаткан Эл аралык "Себат" билим берүү бирикмесинин Кыргызстандагы билим берүү системасындагы алган орду, мектеп окуучуларына дүйнөлүк деңгээлде билим жана тарбия берүүдө зор эмгек жумшап келе жаткан кыргыз-түрк лицейлеринин иш ыкмалары сыяктуу олуттуу маселелер камтылган.
Авторлор тарабынан жазылган китеп Кыргызстандагы орто мектептерде чет мамлекеттик инвестициянын жардамы менен жаңы типтеги окуу имараттардын курулушу, ал мектептердин класстары жаңы технологиялар менен жабдылып, окуучулар бүткүл дүйнөлүк алдыңкы ыкмалардын негизинде окутулуп жатканы ар тараптуу, кеңири изилденген алгачкы илимий эмгек болуп эсептелет.
Китептин баш жагында авторлор "Себат" бирикмеси жөнүндө өтө тыкан жана кыскача маалымат беришет. Натыйжада, окурмандар аталган бирикме менен жеткиликтүү деңгээлде тааныша алышат. Андан соң, Ч.Айтматов атындагы эркек балдар жана "Айчүрөк" кыздар лицейлеринин педагогикалык-окутуучулук ишмердүүлүгү ар тараптуу жана кеңири талдоого алынат. Мында авторлор архивдик бай материалдарга конкреттүү талдоо жүргүзүү менен, жогорудагы лицейлердин иштери, жараткан ийгиликтери жана өзгөчөлүктөрү тууралуу кенен-кесири сөз кылышат.
Китепте көрсөтүлгөндөй кыргыз-түрк балдар лицейлери аз убакыттын ичинде эле Кыргызстандагы мектеп окуучулардын чоң сүймөнчүлүгүнө, ишеничине ээ болуу менен, бул лицейлерге тапшырып, окуусун улантууну каалагандардын саны жылдан жылга болуп көрбөгөндөй өсүп-өнүгүүгө жеткен. Авторлор белгилегендей эле 2002-жылы тестирлөө сынагына катышам деп арыз жазгандардын саны 54 186 га чейин жеткен.
Өзгөчө белгилеп кете турган жагдай китепте окутуунун максатына жетиш үчүн жүргүзүлгөн окуучу менен мугалимдин ишмердүүлүгүндөгү окутуунун инновациялык методдору тууралуу да кенен сөз кылынганында. Мындан сырткары авторлор окуу жана тарбия иштерине тиешелүү орчундуу окуяларды, таблица, диаграмма түрүндө берүү менен, аларга илимий жыйынтык чыгаруу жана кээ бир баалуу сунуштарды берүүгө аракеттенишкен.
Булардан сырткары китепте кыргыз-түрк лицейлеринде окуган окуучулар ар кайсы улуттун өкүлдөрүнөн түзүлгөндүгү жөнүндө атайын сөз козголот. Ошол көп улуттун өкүлдөрүнөн турган жаш өспүрүмдөргө бир туугандыктын, достуктун, биримдиктин духунда таалим-тарбия берүү иштери бул лицейлерде билгичтик менен колго алынганы белгиленет. Авторлордун иликтөөсүндө лицейлерде окугандардын көпчүлүгүн кыргыздар түзүп, алар жалпы окуучулардын 74 пайызын, ал эми орустар 13 пайызды, ал эми өзбектер болсо 6 пайызды камтыганы айтылат.
Ошондой эле авторлор 13 пайызды түзгөн орус улутундагы окуучулар, негизинен, Бишкек, Токмок, Каракол, Ош шаарларында жайгашкан лицейлерде окугандыгын белгилешет. Ал эми 6 пайызды түзгөн өзбек улутундагы окуучулар Ош, Жалал-Абад, Кадамжайдагы лицейлерде окушарын аныкташкан.
Авторлордун далилдөөлөрүнө таянсак, анда кыргыз-түрк лицейлеринде билим алган алдыңкы окуучулар республикалык жана дүйнөлүк олимпиадаларда байгелүү алдыңкы орундарга ээ болушу, бул окуу жайларда билим берүү деңгээли дүйнөлүк мелдешке катышкан окуучулардын жетишкен ийгиликтери таблицалар аркылуу даана, так берилип, алардын жыйынтыктарына илимий талдоо жүргүзүлгөндүгү менен баалуу.
Ошондой эле "Себат" тармагынан жүргүзүлгөн билим сынактарга кимдер, кай жактан келгени атайын иликтөөгө алынган. Алсак, "Себатка" тапшырып, сынактан өткөндөрдүн 51 пайызы шаардык мектептеги окуучулардан, 28 пайызы райондордун борборлорунан келгендерден, ал эми 21 пайызы айылдык орто мектептерден ийгиликтүү өтүп, окууларын улантып жатышканын тастыкташат. Натыйжада, авторлордун иликтөөсүнө таянсак, шаардагы орто мектептерде окуган өспүрүмдөрдүн билим деңгээли, жөндөмдүүлүгү, эске тутуму жогору экендиги аныкталды. Авторлор билим берүүнүн сапаты шаардык мектептерде кандайдыр бир даражада көзөмөлгө алынып, талапка жооп берерин аныкташса, ал эми айылдагы орто мектептерде окуу, тарбия иштерине дагы көбүрөөк көңүл буруу керектиги бүгүнкү күндүн башкы талабы экендигин баса белгилешет.
Китептеги дагы бир орчундуу маселе бул улан-кыздардын акы төлөп окуунун шарттары жөнүндөгү ачык маалымат. Көрсө, "Себат" мекемеси бүгүнкү экономикалык абалын, үй-бүлөлүк шартты жана башка ушул өңдүү жагдай-абалдарды эске алуу менен акы төлөө баасы ар кандай коюлган. Мисалы, Нарында - 8-10 миң сом, Кадамжайда - 200 доллар, Караколдо - 300-400 доллар болсо, ал эми Бишкекте - 1000 долларга чейин жетет. Демек, айырмасы бар. Ошол жердеги элдин жашоо-шарт мүмкүнчүлүгүнө карашат. Азыркы күндө 150гө жакын окуучу бекер билим алышат, 180ге жакыны 75 пайыз, 100дөн ашыгы 100 пайыз жеңилдиктен пайдаланышат.
Ошону менен бирге кыргыз-түрк лицейлерин бүтүргөн улан-кыздардын жогорку окуу жайларга тапшырып өтүшүнүн жыйынтыктарына атайын иликтөө жүргүзүүнүн натыйжасында таблицалар, диаграммалар түзүлүп, ал фактылар архивдик материалдардын тактоосу аркылуу баамдоо бергенге аракеттер жасалган. Эң негизгиси лицейлерди ийгиликтүү бүтүргөн улан-кыздардын көпчүлүгү Кыргызстандагы жана чет мамлекеттердеги эң алдыңкы окуу жайларга өз аракеттери, билими менен өтүшүн авторлор туура тактаган. Бул жеңиш Эл аралык "Себат" билим берүү тармагында көп жылдардан бери тынымсыз, үзүрлүү эмгектенген мугалимдер жамаатынын ак эмгеги экендигин архивдик материалдар менен даана, так тастыкталган.
1992-жылдан тартып 2004-жылга чейин Эл аралык "Себат" билим берүү мекемесинин Кыргызстандын дээрлик бардык аймактарын камтыган 14 кыргыз-түрк лицейи ачылып, анын ичинде 9 (тогузу) эркек балдар, 5 (бешөө) кыздар үчүн арналган. Бул лицейлерде бүгүнкү күндө 4616 окуучу окуйт.
Ошондой эле Кыргызстанда 1996-жылдан бери "Себат" мекемесинин алдында түзүлгөн эл аралык Ататүрк-Алатоо университетиндеги окуу-тарбия иштери, бул жаатта жаралып жаткан ийгиликтер жөнүндө да жетиштүү деңгээлде маалыматтар берилген. Белгилей кетчү бир жагдай - авторлор студенттердин жетишкен зор ийгиликтери менен чектелип калбай, алардын негизинде илимий тыянактарды чыгарууга да жетишкен.
Китепте Түркиядан Кыргызстанга билим тармагына келип жаткан инвестиция Кыргыз Республикасынын президенти К.Бакиев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан колдоого ээ болуп жатканы жөнүндө кеңири баяндама дагы берилет.
Сөз болуп жаткан китепте эң жакшы ийгиликтер менен эле оош-кыйыштуу жагдайлар да бар. Анын бири - авторлор Ч.Айтматов атындагы эркек балдар лицейи, "Айчүрөк" кыздар лицейи жана Эл аралык Ататүрк-Алатоо университетинин мисалдарына гана кайрылышып, ал эми Кыргызстанда кыргыз билим берүү системасынан эбак эле өз ордун аныктап алган 14кө жакын кыргыз-түрк лицейлеринин педагогикалык ишмердүүлүктөрүнө, окуу-тарбиялык иштерине кененирээк токтолушкан эмес. Ушундан улам келечекте, кийинки эмгектерде мына ушундай жагдайларга көңүл бурулса деген тилекти билдиребиз. Ошондой эле китепте берилген эң жакшы диаграммалар, таблицалар ар түрдүү түс менен берилгенде окуучуларга кененирээк түшүнүк берип, ары кызыктуу болмок. Мындан сырткары биз кеп кылып жаткан китепте кээ бир техникалык каталардын кетип калгандыгы кезигет. Бирок, буга карабастан, Кыргызстанда эл аралык деңгээлде окуу ыкмаларын колдонуп жаткан "Себат" билим берүү мекемесинин улан-кыздарга сапаттуу билим, татыктуу таалим-тарбия берүүдө өздөрүнүн орду бар экендигин тастыктаган, анын ишмердүүлүгүн ар тараптуу изилдөөгө аракеттенген алгачкы тарыхый, педагогикалык илимий эмгек өз баалуулугун жоготпойт.

М.Ж.Чоров,
педагогика илимдеринин доктору, профессор, А.Т.Калдыбаева, педагогика илимдеринин доктору, профессор.