email • архив • редакция 



Курманбек Бакиев:
"Кыргызстанда жылыштардын жышааны бар"
Президент Курманбек Бакиев Бишкекте 11-февралда журналисттер үчүн маалымат жыйынын өткөрүп, өлкө турмушундагы орчундуу маселелер боюнча республикадагы маалымат каражаттарынын жетекчилеринин суроолоруна жооп берди.

Курманбек Бакиев суроолорго жооп берип жатып, президенттик экинчи мөөнөт үчүн ат салышууга барарын, буга конституциялык толук укугу бар экенин билдирди.
"Президенттик шайлоого барамын, себеби Конституция ошондой укук берет, мен ошол укугуман пайдаланам. Экинчиден, мына төртүнчү жылга баратат, жасаган иштерибизден жыйынтык чыкпай, саясый стабилдүүлүк болбой, начар жыйынтыктар болгондо кетиш керек окшойт деп ойлонсок болот эле. Мына бир гана 2008-жылы толук саясый туруктуулук болду. Ошондон бери дүйнөдө эмнелер болуп жатат, ошого карабай Кыргызстанда аз-аздан болсо да жылыштар жышааны байкала баштады", - деп айтты мамлекет башчысы.
Президент ошол эле учурда президенттик шайлоонун мөөнөтү жөнүндө маселеге кайрылып, бул боюнча Конституциялык Сот кандай чечим чыгарса, ошол чечимге баш ийерин баса белгиледи.
Курманбек Бакиев ошондой эле азыркы дүйнөлүк каржылык кризистин залакасы Кыргызстан үчүн анчалык оорчулук алып келбесин айта кетти. Анткени Кыргызстан каржылык кризиске батып кеткен мамлекеттер менен тыгыз экономикалык байланышы жок. "Кыргызстан дүйнөлүк экономикага өтө катуу интеграция болбогондугунун жакшы жагы да бар экен, көрүп атпайбызбы. Эгерде биз Россиядай же Казакстандай болуп тыгыз алакага кирип кеткенибизде, бизде азыр өтө оор болмок. Мунун ыңгайлуу жагын дагы пайдаланыш керек экен. Мына мунайзаттын баасы төмөндөп кетти. Күйүүчү майдын, бензиндин баасы төмөндөп жатат. Демек темир-тесектин баалары төмөндөш керек. Биз муну пайдаланышыбыз керек, турак жайларды курушубуз, жолдорду оңдошубуз керек. ...Биздин экономикабызга өтө оор залакасы тийип, кризис болуп, жумушсуздук көбөйөт дегенден алысмын", - деди президент.
Мамлекет башчысы бардык саясый партиялар менен, анын ичинде радикалдуу оппозициялык күчтөр менен кызматташууга даяр экенин баса белгилеп, эң оболу конструктивдүү идеялар үчүн эшик ачык экенин билдирди: "Оппозиция менен кызматташууну каалабаган бийлик, андан корккон бийлик натыйжалуу иштей албайт. Мен оппозициядан эч качан корккон эмесмин жана азыр да коркпойм. Анын себеби мен мурда оппозициянын башында жүргөнүмдөн гана эмес. Мен учурунда завод директорунан баштап премьер-министрге чейин жетип, бийликте жүргөнүмдү силер унутпашыңар керек. Ошондуктан мен конструктивдүү позицияны колдоймун".
Президент соңку учурларда эл аралык уюмдардын Кыргызстанда сөз эркиндигинин абалы начарлап кетти деген билдирүүлөрүнө кошулбай турганын, сөз эркиндигине келгенде жоопкерчилик жагын да кошо ала жүрүү кажеттигин да айта кетти. "Сөз эркиндиги ар бир сөзгө жоопкер мамилени да коштоп жүрүшү кажет. Сөз эркиндиги бизчелик кимде бар? Коңшу мамлекеттерди көргүлө, башкаларды көргүлө. Менимче, маданияттуу алым-сабак алышууга үйрөнчү кез келди", - деп баса белгиледи.
Курманбек Бакиев суроолорго жооп берип жатып, элет жеринде билим жана маданий очокторду өнүктүрүү жөнүндө маселеге да кайрыла кетти. "Мына биз айылдарды компьютер менен камсыз кылуу маселесин чечип бүтүп калдык. Жаңы мектептерде спорт залдары менен кошо компьютердик класстарды ишке берип жатабыз. Жаштарды да түшүнсө болот. Алар телевизордон Бишкекти көрөт, Европаны, Американы көрөт. Билимге кызыккан, өсүп-өнгүсү келгендери мен биякта эмне кылам, андан көрө шаарга барып, билимге, кесипке ээ болоюн дейт да. Ошондуктан, өндүрүштү, маданий очокторду жандандыруу, өзгөчө ар бир айыл өкмөтүнө, ар бир айыл мектебине интернетти жеткирүү менен жаштардын агымын азайтууга өбөлгө түзсөк болот", - деп айтты мамлекет башчысы.

К.ЧЕКИРОВ,
"Кутбилим".




ЖАҢЫ МИНИСТР - КЕСИПКӨЙ ЖЕТЕКЧИ
Абдылда Мусаев Президенттин Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри болуп дайындалды.

Билим берүү жана илим министрлигине жетекчи болуп эми ким келер экен деп бизден кызыгып да, тынчсызданып да сурап жүргөндөр көп болду. Президенттин Жарлыгы менен бул кызматка филология илимдеринин доктору, профессор, Билим берүүгө эмгек сиңирген кызматкер, Кытай таануу ассоциациясынын президенти, Эл аралык "Түгөлбай ата" коомунун президенти, Кытай Эл республикасында басылып чыгуучу "Контимост" журналынын аткаруучу директору Абдылда Мусаев дайындалды деген кабарды тармактын маселелерин ичкериден жакшы билген көпчүлүк агайлар, эжейлер кубанып угушту окшойт. Чындыгында Абдылда Инаятович мыкты педагог, тажрыйбалуу уюштуруучу, чоң илимпоз, билим берүү чөйрөсүн башкаруунун бардык баскычтарында татыктуу жетекчи катары коомчулукка таанымал. Ал буга чейин жетектеп келген Бишкек гуманитардык университети республиканын алдыңкы жогорку окуу жайларынын бири болуп калгандыгы жалпыга белгилүү. Чыгармачыл даремети, интеллектуалдык деңгээли, инсандык кадыр-баркы бышып жетилген кесипкөй (профессионал) жетекчинин жаңы кызматында да зор ийгиликтерди жаратуусуна тилектешпиз!

"Кутбилим" гезитинин жамааты













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan