Рух дүйнөсү

Залкарга арналган ыр тасма
Жакында адабиятчы Абдылдажан Акматалиевдин улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун элесине арналган ырларынын негизинде тартылган "Чыгаан уул Чыңгыз чыккан кыргыздан" кинотасмасынын жүзачары болду.
Автор Манас ааламына кеткенден бери бир нече поэтикалык чыгармаларды жазып, аларда дүйнөлүк жазуучунун жаркын элесин чагылдырып келет. Түркиянын Элазык шаарына барганда (2008-жылы 4-июлда) "Айтматов бар Аалам толук көрүнчү", Баку шаарына барганда (5-6-октябрда) "Аалам атын Айтматовго беришип", Алма-Ата шаарына барганда (2-3-ноябрда) "Өмүрдөн Сиз кетпей деги койсоңуз", Каракол шаарына барганда (15-16-декабрда) "Ата-Бейит Фудзияма сезилип" деген көлөмдүү ырлардын топтомдорун жазган. Чыгармалар "Кыргыз Туусу", "Эркин Тоо", "Адабий Ала-Тоо", "Аалам" газеталарында жарык көрүп, Улуттук телерадионун көрсөтүүлөрүндө, уктурууларында берилип келди. Окурмандар жылуу кабыл алышты. Автор ал ырларында жазуучунун турмуштагы жашоосу, адамгерчилиги, абийири, айкөлдүгү, жөнөкөйлүгү, адамдар жана жаратылыш менен болгон мамилеси, атак-даңкы, генийлиги, ойчулдугу, даанышмандыгы, ошондой эле повесть-романдардагы маселелер, каармандардын психологиясын поэзия аркылуу кеңири планда ачып берген.
Абдылдажан Акматалиевдин бул ыр топтомдорунун негизинде режиссер Медин Учукеев "Чыгаан уулу Чыңгыз чыккан Кыргыздан" деген 30 мүнөттүк документалдуу тасма жараткан. Режиссер жазуучу менен адабиятчынын мамилесин көрсөтүү менен, Айтматовго байланыштуу архивдик материалдарды жана көркөм тасмаларды пайдаланган.
Көркөм тексттерди белгилүү артисттер Дүйшөн Байдөбөтов менен Эгемберди Бекболиевдер окушкан.
Режиссер Медин Учукеев бул тасмага чейин А.Акматалиевдин лирикалык ырлары боюнча Улуттук телер-радио тарабынан тартылган тасмада автор-лирикалык каармандын образын жараткан болчу.
Дегеле поэзиянын негизинде кино тасма тартуу сейрек көрүнүш. А.Акматалиевдин ырларынын чынчылдыгы, сырдашчылдыгы, ак ниеттүүлүгү, жөнөкөйлүгү киночулардын да, артисттердин да көңүлүн бурса керек. Өткөндө, Т.Сатылганов атындагы филармонияда өткөн 12-декабрь күнү - Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө арналган кечеде да кеченин башынан аягына чейин Абдылдажан Акматалиевдин ырынын диктор тарабынан окулуп, жаңырып турушу да ырларынын мазмундуулугун айгинелейт.
А. Акматалиевдин ыр топтору түрк тилине которулуп, Стамбул басмасынан чыккан. Азыр орус тилине которулуп жатат.

А.Кадырмамбетова.




Жаштар китеп окубай калдыбы?
Жаштар көркөм чыгарма окубай калды. Орто мектепти бүткөндөрдү мындай коелу, жогорку окуу жайын аяктагандар чоң акын-жазуучулардын чыгармаларын эмес, аты жөнүн да билбей калышты.

Мындай караганда бул маселе боюнча баш оорутпай койсок деле болчудай сезилет. Анткени убагында Чыңгыз Айтматовду дүйнө жүзү окугандай эле жакында "Гарри Поттерди" бүт дүйнө жүзү талашып окушту. Ушунчалык суроо-талап болгондуктан, орус жазуучусу Т.Крюкованын "Костя+Никасын" Россиянын басмаканалары талашып басышты. Ал эми кыргыз жазуучусу Казат Акматовдун "Архат" романы башка тилдерге которулду.
Демек, маселе эмнеде?
Китеп окубай калуунун негизги себептеринин бири - эл жан багуунун көйгөйүндө жүрүп калганынан деген божомолдор бар. Андай дейли десек, шарты бар туруп китеп окубай шапар тээп жүргөндөр четтен чыгат. Илгерки ата-энелеринен жашынып чөптүн үстүнө жатып алып, "Манасты", "Сынган кылычты", "Жамийланы" окуган муун азыр жок.
Жаштар көркөм чыгармаларды окубай коюу менен өздөрүнүн жан дүйнөсүнүн өксүп каларын билбей жатышат. Антип айтып жатканыбыздын да себеби бар. Замандын кескин өзгөрүшү менен социализм урап, ар ким алды алдынан тал кармаган мезгилде, көртирликтин айынан айлыктар жетишпей, илимдин кандидаттары, докторлору базарда отуруп калды. Анан окусаң да, окубасаң да баары бир базарга барасың деп ойлогон жаштардын кээ бирлеринин дарманы жетпей, а дарманы жеткени акча табууну гана ойлоп, билим алууга маани бербей жүрөт. Натыйжада сабатсыз муун пайда болгон. Азыр ошол муун жетилди. Ал эле турсун артынан китеп окубаган муунду ээрчитип келди...
Билим алып көзү ачылып, бир нерсени түшүнүү деген бир, ал эми көркөм чыгарма окуп, жан дүйнө сокурлугун ачуу деген башка тура.
Азыр үйүндө бир китеп жокторду көрүп таң каласың. Ал үйдө ушак-айың гана өкүм сүрүп, реалдуу турмушка караганда имиш-имиштерге берилүү пайда болот. Натыйжада улуттун, тилдин, элдин келечегин эч ким ойлобойт.
Дүйнөлүк глобалдашуу саясаты болсо сен даярсыңбы, даяр эмессиңби, ага карабай баарын өзүнө сиңирип жатат.
Мурдараак китептин ордун телевизор ээлеген эле. Азыр интернет пайда болду. Бирок биздин республикабызда компьютери жок, интернет жетпеген айылдар, үйлөр, мектептер толтура. Ал тургай компьютердин заманы келгенин али түшүнө албагандар бар арабызда.
- Интернеттен башка тилге өзү которгон программаларды, китепкана ж.б. эмне кааласаң, ошону тапсаң болот. Биздечи?! Биздин сайттардан китепкана, сөздүк тапмак тургай керектүү маалымат ала албайсың.
Ошентип, элибиз жалпы сабатсыздыктын сазына батып бараткансыйт.
Жаштардын китепке болгон кызыгуусу бала чагынан, бала бакчалардан баштоо керектиги, балдар үчүн китептин жоктугу, болсо да сапатынын начардыгы жөнүндө какшап эле келе жатабыз, бирок азырынча чеке жылытарлык жылыш байкалбайт. Азыр профессионал жазуучулардын алдына кайсы темада, кандай жазуу керектиги жөнүндө чоң маселе турат. Жакшы китеп сөзсүз өз окурманын табат эмеспи. Ал эми автор менен окурмандын ортосундагы тыгыз мамилени күчөтүү максатында жогорку окуу жайлары кызыктуу жолугушууларды уюштуруп, чыгармага талдоо жүргүзүү аркылуу, пикир алышууларды жандандыруу зарыл деп ойлойм.





Көркөм чыгармасыз
жан дүйнө жардыланат
Мугалими адабий китептерди, газеталарды окубай отурса окуучусу окуйт бекен. Албетте, жок. Өмүрүндө бир адабий китеп окуп көрбөгөн окуучулардын саны абдан арбын. Ушул көрүнүш өзгөчө тынчыбызды алчу болду. Анысы аз келгенсип мектеп, айылдык китепканаларда кыргыз тилиндеги жаңы адабият китептери жокко эсе. Болсо да орус тилинде. Аны элеттик балдар окуй алышпайт. 10-класста окуучу эмес, мугалим табалбаган адабий чыгармаларга төмөнкүлөр кирет: Молдо Нияз "Сапаттар", "Даткайым", Осмонаалы Сыдыков "Шабдан казалы", Казыбек Мамбетимин "Түрмөдөгү ырлары", Касым Тыныстанов "Жаңыл Мырза", Мукай Элебаев "Узак жол", А.Токомбаевдин "Лирикалары", "Кандуу жылдар" романы, Ж.Турусбековдун "Ажал ордуна", К.Маликов "Балбай" поэмасы, К.Жантөшев "Каныбек" романы - бир сөз менен айтканда, программадагы көрсөтүлгөн адабий чыгармалардын дээрлик бардыгы жок. 11-класстын адабияты деле ушундай көрүнүштө. Мектептин китепканасынан программадагы бир-эки китепти тапса болот. Көпчүлүк китептер илгери союз учурунда анча көп эмес нускада басылып чыккан. Кийин кайталап чыгарылган эмес. Көпчүлүгү эскирген, жоголгон. У.Абдукаимовдун "Майдан" романын, Б.Сарногоевдин "Ашуудан берген отчетун" ("Байдылда" деген ырлар жыйнагын атайын Бишкекке барып сатып келдим), С.Эралиевдин "Лирикаларын", Т.Абдумомуновдун "Абийир кечирбейт" драмасын, М.Байжиевдин "Төрт адамын" Б.Алымовдун, С.Байгазиевдин публицистикаларын, Ш.Абдрамановдун "Полот ханын", М.Ауэзовдун "Абай" романын эч жерден таппайбыз. Сурабаган жерибиз калбады. Ошондой кейиштүү абалда калган мугалим адабият сабагын окуу китеби менен гана өтүп чектелет. Мындай көрүнүш эч качан сабакты сапаттуу кылбайт. Программадагы көрсөтүлгөн адабий көркөм чыгармалар кайтадан көп нускада басылып чыкпаган соң, 10-11-класстарга хрестоматия китебин басып чыгарышса болмок. Жакшы заманга жеткиче ошондон пайдаланат элек да. 11-класстарга (мурдагысы деле жаңы эле болчу) жаңы кыргыз тили жана адабияты китептери басылып чыгып, окуучулардын колуна тийди. Төшөгүбүзгө карап бутубузду сунсак жакшы болмок экен. Аталган жаңы китептердин ордуна көп санда хрестоматия китебин чыгарышса эң сонун болот эле го.
Айтып коелу, балдарга тарбия берүүдө адабият сабагынын мүмкүнчүлүгү өтө зор. Керек болсо ушул багытта калган предметтерди басып кетет.
Туура, мектеп китепканасында орус тилинде Ч.Айтматовдун 2 китеби бар. Кыргызчасы жок. Орто эсеп менен алганда 11-класстарда 60 окуучу окуйт дейли. Ч.Айтматовдун 2 китебин ар бир окуучу бери дегенде он күндөн кезектешип окуганда 300 күн талап кылынат. Ч.Айтматовдон башка акын-жазуучулардын китептери кана? - Жок. Аларды эмне кылабыз? Эмне үчүн хрестоматия китеби эмдигиче жок? Биздин колубузда качан болот? Тийиштүү адамдар жооп беришсинчи. 5-9-класстарга хрестоматия түрүндөгү адабият окумалдары чыгарылат. Аларда эч кандай проблема деле жок.
Адамдары көркөм адабий китептерди окубаган мамлекетке айландык. Өткөндө кыргыз тилиндеги адабий китептерди сатып алайын, неберелерибиз окусун деп, Каракол шаарына бардык. Китеп саткан дүкөндө көркөм адабий чыгармалар батпай турат. Тышкы жасалгасы көздүн жоосун алат. Бирок бардыгы орус тилинде. Арасында бир да кыргыз тилинде китеп жок. Өзүмдү Кыргызстандын эмес Россиянын дүкөнүндө жүргөндөй сездим. Түшүнгөнгө бул жакшы көрүнүш эмес. Көркөм адабий китепсиз адамдын ички дүйнөсү байыбайт. Материалдык жактан эмес, адамдын ички дүйнөсүнүн жардыланышы эң жаман жосунсуз жоруктарга түртөрүн көрүп эле жүрбөйбүзбү.
Бекболот Өмүралиев,
Ысык-көл облусу.