presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Адеп аңгемелери

o Класстан тышкаркы ишкердик
Бул дүйнөдө эмнелер бар жетиден
Кыргыз эли атам замандан бери 7 нерсени ыйык тутуп келген.
Бул дүйнөдө эмнелер бар жетиден? кана балдар, санайлычы четинен:
1. Жети ата
2. Жети күн
3. Жетиген жылдыз
4. Жети нан
5. Жети осуят
6. Жети түс
7. Жети үн
Ар биринин аталышына, маани-мазмунуна, касиеттүү сырларына токтололу.
1. Жети ата
Жети ата деген ал сенин ата тегиң,
Жети атаңды жерибей,
Ата тегиң билип жүр.
Жети атаң калтырган,
Ак калпагың кийип жүр.
Жети атаңдын салты бар,
Кулагыңа түйүп жүр.
Жети атаңды билбесең,
Туулган жерди сүйбөсөң,
Алты канат боз үйгө, аяр басып кирбесең.
Ала-Тоону аралап,
Азоо кармап минбесең.
Жети атаңдын сүрү бар,
Жакшысын иргеп билип ал.
Тегиң жакшы чыкса эгер,
Жаман болбойт түбү ал.
Элиң менен бирге бол,
Элден чыккан болот кор.
Өз ата, Чоң ата, Баба, Жото, Жете, Кубара, Тек.
2. Жети күн
Таң агарып, күн батчу,
Күндөр дагы жетиден.
Дүк-дүк дүкүлдөп,
Паровоздой түрү бар.
Жети күндү сүйрөгөн,
Дүйшөмбү билип ал.
Поезд жүрүп көрсөтөт.
Кызыктардын неченин.
Паровоздон кийинки,
Күндүн аты Шейшемби.
Бул вагондон көрөсүң,
Дүйшө, Шейше, Шаршенди.
Орусча аты - среда,
Кыргызча аты - Шаршемби.
Бейшемби дейт бул күндү,
Төртүнчүсү болот го.
Поезд барат катуулап,
Белетиңди жоготпо.
Шакылдаган паровоз,
Дүүт деп коюп тим болот.
Бейшембинин соңунан,
Жума деген күн болот.
Бейшен сурайт Жумадан,
Ушу жерден түшөмбү?
Жок дейт Бейшен токтотуп,
Бүгүн али Ишемби.
Поезд келип токтоду,
Жолду басып эң алыс.
Жерге түшүп ойнойлу,
Жекшемби - бүгүн дем алыш.
Дүйшөмбү, Шейшемби, Шаршемби, Бейшемби, Жума, Ишемби, Жекшемби.
3. Жетиген жылдыз.
Асмандагы жетиген,
Ал эмне үчүн жетиден?
Жетигенде жети сыр,
Мунун жайын билип жүр.
1. Астымда жерим
2. Үстүмдө асманым
3. Баштыгымда наным
4. Коломтодо отум
5. Өрүшүмдө малым
6. Жеримде суум
7. Артымда тукумум бар.
4. Жети нан.
Кыргыз эли жети токоч бабединди ыйык тутуп келген.
Алыс сапарга чыккан мезгилде, ар кандай коркунуч туулган мезгилде эр бабедин колдо деп тилеп келген.
Дандан улуу тамак жок,
Табылышы эл менен,
Тамырлашы жер менен.
Элибиз дандай тамырлуу болсун.
Тукуму көп болсун,
Чеги бек болсун.
5. Жакшылыкка жетелээр жети осуят.
Окуучулар ар бир осуятты чечмелеп беришет.
1. Эл-журттун ажырагыс биримдиги жана бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган ички биримдик.
2. Улуттар аралык ынтымак, достук жана кызматташтык.
3. Улуттук ар-намыс жана атуулдук ариет.
4. Арыбас мээнет, алдыңкы өнөр билим аркылуу, бакыбат дөөлөткө умтулуу.
5. Гумандуулук, айкөлдүк, кечиримдүүлүк.
6. Табигат менен таттуу мамиледе болуу.
7. Кыргыз мамлекетин чыңдоо жана көздүн карегиндей сактоо.
6. Түстөр
Табиятка көрк берген,
Түстөр дагы жетиден.
1. Ак
2. Кара
3. Кызыл
4. Жашыл
5. Көк
6. Сары
7. Күрөң
7. Үндөр
Түркүн жандык үн катчу,
Үндөр дагы жетиден.
(окуучулар ар бир жандыктын үнүн туурап беришет)
Жети саны ыйык сан,
Жети саны күлүк сан,
Жети санын пир туткан,
Биздин ата-бабалар.
Макал айтуу
"Жети өлчөп, бир кес",
"Жетинин бири кыдыр",
"Жети элдин тилин бил",
"Жети түрдүү билим бил".
Жыйынтыктоо.

Бурул Околоңова,
Нарын областы, Жумгал району, Рысалы Солтонбеков атындагы орто мектебинин башталгыч класстарынын мугалими, эл агартуунун отличниги. КР ардак грамотасынын ээси




  o Сандан-санга

Аманатка кыянат кылбоо адеби
Аманат деген бир инсандын экинчи бир инсанга башка бирөөгө айтуу үчүн ишенилип табышталган сөзү, же бирөөгө берип койчу буюму, же сактап берүү, карай туруу үчүн убактылуу калтырган нерселеридир. Ислам дининде пенде үчүн бирөөнүн аманатына кыянаттык кылуу эң чоң күнөөлөрдүн бири катары эсептелет. Пайгамбарыбыз Мухаммед алайхис-с-саламдын хадистеринде минтип айтылат: "Алла Таала айтат: үч түрдүү адам бар, кыямат күнү алар менен урушамын. Ким менен урушсам, аны жазалаймын:
1. "Мени ортого коюп аманат алып, кийин кыянат кылган киши.
2. Азат адамды сатып, пулун жеген киши.
3. Мандикер иштетип, акысын толук бербеген киши."
Кудайдын жазасына калчу мындай инсандар жыл өткөн сайын улам көбөйүп бараткандай. Канча бир банктар, жеке кишилер сүткорлук кылып, акчаңарды туудуруп беребиз деп, жарыясын келиштире берип, анан акча колго тийген соң качып жоголушат. Азыр ар бир экинчи болбосо да үчүнчү, төртүнчү киши ушинтип күйүп кеткенин айтып жүрүшөт.
"Кабуснаамада" жазылат, аманат берсең эки адил күбөнүн астында бергин деп, жана мындай бир икая келтирилет: Бир киши таң ата электе мончого барууга камынды да, досторунун бирине кошо барып келүүнү таклиб этти. Досу кошо барарын, бирок мончого кирүүгө убактысы кысталыш экенин билдирди. Экөө жолго чыкты. Караңгыда көчө айрылышына барганда кошо жүргөн киши экинчисине айтпай эле калып калды. Ошондо жанында ууру бараткан, ал билинбей мончого кетип аткан кишини ээрчип алды, тиги досу калып, анын ордуна ууру келатканын билген жок, досум экен деп эле мончо оозуна келгенде: "Сен муну кармап тур, мен жуунуп чыгайын, анан өзүмө бересиң"-деп, белине байланган жүз алтын теңгени ууруга таштап кете берди. Ууру бейтааныштын белинен чечип берген байлыгын колго кармап туруп калды. Мончодогу киши беймарал жуунуп чыкты, чыкты да, досун издеди, досу жок да, ошондо жанына ууру басып келип айтты:
- Ме, алтындарыңды ал, мен өз ишимди аткардым!
Алтын бергени таң калды:
- Кайдагы алтын, сен кимсиң?
- Мен - уурумун. Бул сенин мага калтырган алтындарың.
- А өзүң ууру болсоң, анан неге менин алтындарымды алып кетип калган жоксуң? - Тиги киши таң кала ууруну тиктейт.
Ууру айтат:
- Миң алтын теңге болсо да мен сага бир кылчайбай алып кетер элем. Бирок муну анте албайм, себеби сен муну мага аманатка тапшыргансың, а аманатка кыянат кылуу жеткен наадандык болор.
Ушундай бир икая айтылып келген. Ууру, өмүр бою бирөөлөрдүн артынан аңдып жүрүп, алардын буюм-тайымын, акча-мүлкүн катып алып, өзүнүкү кылып келген, ошо менен оокат-тиричилигин өткөргөн киши да аманатка кыянаттык кыла албаптыр.
Бирөөгө салам-дубай айттырасың, бирөөлөрдү жамандык-жакшылыкка чакырасың, кашайып ал кабарың жетпей калат, анан кийин ошол кабарчыңа жолугуп, эмне үчүн аманатың айтылбай калганын сурасаң, кыпкыргызча эле "унутуп калыпмын" же "жөн эле" деп коет. Ушул кантип болсун? Эң башкысы тиги кыргызбай кыянат кылдым деп кылчалык да ойлонбойт. Мындай окуялар менен тез-тез кездешип туруу биз үчүн көнүмүшкө айланып кетти. Инсандарга ишенбегендиктен көбүбүз аманат айтпай да калдык. Же канча убакыт, акча коротуп, өзүбүз убараланып барып жатабыз. Илгери аманат нерсеге адамдар жооптуулук менен карачу, ушунун аманат малы эле, ушунун аманат буюму эле дешип астейдил карап, анан ошол аманатын ээсине тапшырганда жеңилденип, үстүнөн бир оор жүктү алып ыргыткандай болчу. Азыр ушундай адамдар азая баштады.
"Ким кыянатчы болсо, ал бизден эмес" деп айтылат хадистердин дагы биринде, кыянаттын жайы тозок экендиги эскертилет.
Низамүлмүлк (1018-1092-жылдарда сулжуктар мамлекетинде увазир болуп иштеген тарыхчы жана саясый ишмер) мындай бир ибарат жазып кеткен: Бир киши Бузуржмехр (сусанийлер өлкөсүндөгү Хусрави Парвездин увазири) кабыл алчу бөлмөгө келет да, ага минтип даттанат:
- Көп жылдар бою адал иштеп эки миң динар акча жыйнагам. Анан сапарга чыгууга туура келип, ошол акчамды калтага салып, оозун бекем тигип, казыга аманатка калтырдым. Индистан жолунда жанымдагы акчамды ууру-кескиге бүт баарын шыпыртып, аргасыздан кайра тарттым. Келип казыдан аманатымды алып, үйгө келип ачсам, калтадагы алтын динарлардын ордуна жез чакалар чыкты. Кайра казыга барып, динарларымды талап кылдым.
- Калтаңды тапшырып атканда ичинде эмне бардыгын ачып көрсөттүң беле?-деди казы.
- Жок, көрсөткөн эмесмин,-дедим мен.
Казы сөзүн кайра улады:
- Аманатыңды менден алып атканда калтанын оозу бекем беле, же ачык туруптурбу?
- Ачылбаптыр.
Ушундан кийин казы мени акаарат айтып урушуп, айдап чыкты. Азыр менин жегенге наным да калбады. Мага жардам бериң?
Бузуржмехер бир аз ойлонуп туруп, анан калтасын алып калды, азыраак акча да берди.
Увазир даттануучу чыгып кеткен соң калтаны абдан абайлап карады, бир да сөгүлгөн да, кайра тигилген да жери билинбейт. Акыры казы алтынды жезге алмаштырып кайра билинбес кылып тигип койгон болуу керек, деген жыйынтыкка келет да ушуну сынап көрмөк болот. Өзүнүн алтындап тигилген шейшебинин бир жерин сөгүп коет, анан үч күнгө бир жакка кеттим деп чыгып кетет. Үй жыйнаштырган аял эртеси караса эле шейшеби жыртылып турат. Ал коркот, ыйлап да алат. Бирөө мага өчөшүп, атайын жасаган болсо керек дейт да, бул сырын досуна айтат. Экөө акылдашып туруп, базардагы эң чебер жамакчыга шейшепти алып барат, болгону жарым динарга уста бир күндө эч ким билбес кылып ишти бүтүрүүгө убада кылат. Ошентип шейшеп ордуна коюлат. Увазир кайтып келип, шейшепке көз жүгүртөт, айрылып кеткен эч жери билинбей бүпбүтүн болуп калган. Экөө чындыкты айтканча сүйлөшүшөт да увазир жамакчынын дайынын билет, аны чакыртат:
- Сенден да өткөн чебер жамакчы шаарда барбы?- дейт. Тиги жок экендигин айтат.
Ошондо Бузуржмехр баягы динарын алдырган киши таштап кеткен калтаны көрсөтөт да:
- Муну тааныйсыңбы?-деп сурайт.
- Тааныбагандачы! Муну эки жыл мурда эки динарга казыга жамап бергенмин. - Жамакчы сүйүнүп кетет.
Ошентип казынын калпы чыгат, аманатка кыянат кылган үчүн анын башы алынат.
Адамзаттын тарыхында мындай мисалдар өтө көп болсо да, мына ушундай таалим алар ибараттарды байыртан бери бабалар жазып келатат.
"Аманатка кыянат кылуучу адамдын ыйманы да жоктур" деп айтылат хадистердин биринде. "Мусулман киши кыянат кылбайт" делет дагы бир жеринде.
Калк ичинде "кыянатчыл" деген сөз эрчитип алуу эң эле уяттуу иш. Кыйсыл бир Чыгыш өлкөсүндө бирөөнүн аманатына кыянат кылган кишилерди эшекке тескери мингизип, бүт шаарды айлантып маскара кылып чыкчу экен.
Мухаммед Арфий (1172-1177-жылдар аралыгында Букарда туулуп, 1233-жылы Делиде каза тапкан) бир далдалчынын мындай бир окуясын жазат: Мага тааныш бир соодагер жыл сайын Хурасанга келип, көп мата (кездеме) жүктөп Багдадга алып кетет эле. Мен болсо ошол кишиге мал камдап, сатып берип, өзүмө жыл бою жете турган дарамат таап, алып калчумун. Кийинки жылы негедир келбей, мен болсо кыйын күнгө кабылдым. Күндөрдүн биринде көчөгө чыгып, башым оогон тарапка бастым. Аптапта салкындап дайра бойлой жүрдүм да, бир убак бутум кумга кирип кетти. Бутумду араң тартып алып карасам бир нерсе илешип чыкты, көрсө ал баштыктагы асыл таш, алтындар экен. Шашып үйгө барып калтырап аны ачтым, ичинен миң динар акча чыкты. Анан өзүмө минттим: "Карыптыгым өзүмө маалым. Бул алтындарды жакшысы сарп кылбай катып коем, ээси табылса берем, табылбаса..." Арадан жети жыл өттү. Ээси табылбады. Акыры корото баштадым. Байыдым. Жүз миң динардык дараметтүү болдум. Бир күнү ныксырап дүкөнүмдүн астында отурсам, бир кары өтүп баратып мени бир тиктеп, салам айтты, дагы бир нерсе демекчи болуп барып, анан тайсалдагандай кете берди. Мен кайыр сурай албай койду го деп ойлоп, ага тартуу берүүгө камындым. Тиги болсо мени дагы бир теше тиктеди да, жолун андан ары улантты. Жүрөгүм элеп-желеп болуп, артынан жете бардым. Карасам баягы мага тааныш багдаддык соодагер. Үстүнө үйрүлө түшүп, мончого алып барып кийиндирдим, ичиндирдим.
Ал мага мына буларды айтып берди: Көп журт араладым. Бир күнү вилаят акими чакыртып мындай деди: "Бир даана кымбат баалуу жакутум бар. Ага эч кимдин, кала берсе калыйпанын да күчү жетпейт, ошону Багдадга алып барып пулда, пулуна болсо керектүү нерселерди сатып алып кайт" Ошол жакутту баштыктын түбүнө салып, үстүнө миң динар койдум да, аябай бекиттим. Багдадда аптап. Акактап сууга түштүм. Баягы баштыкты дарыя боюнда унутуп калыпмын, бир сааттай өтүп кайра койгон жерине барсам - орду турат, өзү жок. "Жакуттун баасы көп болсо миң динардыр, барам да бир нерсемди сатып төлөп коем" дедим. Жакут ээси бир сөзүндө туруп алды: "Жакут баасы элүү миң динар, же ушунча пул, же жакут өзү". Айла жок, мен камакка түштүм, мал-мүлкүмдү тартып алды. Жети жыл камакта жаттым. Уламалар киришип атып акыры азат кылышты, бирок аерде жашоого болбоду. Бирден бир максатым сени учуратуу эле - мына кезиктим.
- Алла Таала сенин актыгыңа кепил болуп, мына бүгүн ошол жоготкон байлыгыңа жеткизди!- Мен анын астына баягы баштыгын таштадым. - Муну мен жети жыл мурда таап алган элем. Аны аманат катары сактап жүргөмүн, "ээси келсе - бээсин бер", мына ал.
Мен ага миң динарды санап бердим.
Ал баштыкты өтө тездик менен аңтарып, ичинен бир нерсе сууруп чыкты. Дүкөн ичи жапжарык болуп, кыпкызыл, анар ыраң жогорку сорттогу лаал жакут нур чачыратып чыкты. Тиги киши ошол жакутту көрөр менен эстен танып, аны бекем уучтап, өзүн жоготту да, бир сааттайдан кийин гана эси-жадына келип, жаратканга жалынып бата кылды. Миң динарды албаймын деп, мен ага болбой, акыры үч жүзүн гана алып, калганын мага калтырып, жакутту чөнтөккө салып көздөн кайым болду.
Бул риваят эмнеге ибараттайт? Ар кимдин аманаты акыры келип өзүн табат, аманатка кыянат кылбасаң өзүң да байлыкка жетесиң, жашооң да жакшы болот дегендик эмеспи.
Абдыкерим Муратов










??.??