presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Портрет

эр эмгегин эл баалайт
Адамдар ар кыл болот эмеспи: бири кичипейил, бири төрөпейил, бири иштерман, бири "билерман", бирөө өз көмөчүнө күл тарткан өзүмчүл, дагы бирөөлөр элдин "көмөчүн" да ойлогон жапакеч дегендей... Анан ошого жараша алардын жалпы коомдук ишке салымы да ар кандай - бирөөлөрдүн алганына жараша бергени болсо, айрымдар бергенинен ашырып алты эсе, алы жетсе алтымыш эсе көп пайда өндүрүп алсам дегендер да бар, ошондой эле "адамтаануунун" (М. Горький көркөм адабиятка ушундай аныктама берген) анык алпы Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын каармандары Танабай, Едигей, Казангаптай элдин иши, эртеңки муундун пайдасы үчүн деп, жоопкерчилик, милдет деп түгөнбөгөн түйшүктөн качпай, каруусун казык кылып тоодой жүк көтөрүп, эл үчүн, коом үчүн ак кызмат өтөгөн ак жүрөк атуулдар да бар. Айтматов өз каарманына "дүйнө ушундай адамдар менен кармалып турат" деп баа берет. Андай адамдар канчалык зор иштерди аткарып койбосун, эч убакта "мен - кыйын", "мен мындалап" кыйкырып, бирөөлөргө тыңсынып, бирөөлөргө колко кылбайт. Ар убак эл үчүн пайдалуу деп ишенген ишин алдыга жылдыруунун аракетинде. Мына ушундай үзүрлүү, асыл мээнет аркалап, албан-албан иштерди бүткөрүп жүргөн адамдардын бири Абдылдажан Акматалиев.
Абдылдажан Акматалиевдин бүгүнкү күнгө чейин кыргыз адабиятына жана маданиятына, ушул тармактагы илим, билимдин өнүгүшү үчүн өтөгөн ак кызматы, кошкон салымы өтө зор. Илим, билим, окумуштуулар үчүн абдан ыңгайлуу шарт түзүп келген советтик система урап, заман оошуп, рыноктук катаал мамилеге туш келген чакта оор мезгилдерге карабастан анын жетекчи катары демилге көтөрүп, жоопкерчиликти мойнуна алып баштап, бүткөргөн иштерине карап отуруп таң калбай да, ыраазы болбой коюшка да мүмкүн эмес. Алар: "Манас" эпосунун академиялык басылмалары, "Эл адабияты" (30 том), "Залкар акындар" сериялары, "Кыргыз адабиятынын тарыхынын" 7 томдугу, "Кыргыз адабият таануу илими жана сынынын" 2 томдугу, окумуштуунун жеке өзүнүн илимий-изилдөөчүлүк иштери ж.б. "Көз коркок кол баатыр"деген ушу. Албетте, анын мыкты жетекчилик ишмердиги, илимий эмгектери жөнүндө бир топ макалалар өз убагында жарык көргөн. Бул макалада биз Абдылдажан Акматалиевдин ошол көп кырдуу коомдук жана чыгармачылык ишмердиги, аткарган иштердин кыргыз адабият таануу илими жана фольклористикасынын өнүгүшүнө кошкон үзүрлүү салымдары, илимий-практикалык мааниси туурасында азыноолак сөз кылууну туура таптык.

Ошентип заман оошуп, Кыргызстан өз алдынча эгемендүү мамлекет катары "жаңы тирлигин" баштаган тушта Абдылдажан Акматалиев 1992-жылы Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын жаңы уюшулган Адабият жана искусство институтуна директор болуп шайланып, ошол күндөн тартып "Манас" эпосунун академиялык басылмаларын Сагымбай Орозбаков менен Саякбай Каралаевдин варианттарында даярдоо, чыгаруу жөнүндө Окумуштуулар Кеңешинде демилге көтөрүп, эки вариант боюнча эки илимий топ түзүп, эпостун текстин түп нускадан тактап, кайрадан түзүп чыгуу, аны илимий түшүндүрмөлөр менен жабдуу маселелерин алдыга коюп, өзү көзөмөлдөп, мезгил-мезгили менен Окумуштуулар Кеңешинде иштин жүрүшүн талкуулап, топтун жетекчилеринин (С. Мусаев, А. Жайнакова) пикирлерин угуп турган. Совет учурунда жарык көргөн "Манастын" тексттеринде идеологиянын таасиринин негизинде көп эпизоддор кыскартылып, саптар оңдолуп, түзөлүп чыкканы белгилүү эмеспи. Мына ушул жагдайды, илимдин келечек алдындагы милдетин туура түшүнгөн А. Акматалиев элибиз эгемендүүлүккө жетишээри менен манастаанууну туура илимий багытка бурган. Натыйжада, бүгүнкү күнү С. Орозбаковдун вариантында 6 китеп, С. Каралаевдин вариантында 3 китеп академиялык басылышта окурмандардын колдоруна тийип отурат. Албетте, "Манас" эпосунун академиялык басылышын даярдоо, аны чыгаруу өтө көп кыйынчылыктарды, тоскоолдуктарды жаратканын басма сөздөргө чыккан А. Акматалиевдин "Манас" эпосуна байланыштуу ("Кыргыз Туусу", 1993. - 4-март); "Мурас -байге эмес, мурас - "Манас" ("Кут билим", 1995. -8-15-март), "Манас Манас болгону" ("Кыргызстан маданияты", 1998, август), "Гансиден түшкөн 300 млн. доллардын кымындай бөлүгү "Манаска жумшалса" ("Кыргыз туусу", 2007. - 7-12-ноябрь) ж.б.у.с. макалалардан, маектерден окуса болот. Даанышман жазуучу Чыңгыз Айтматов "Манас" эпосун "кыргыз рухунун туу чокусу" деп айтканындай, баарыбыз эле улуттук сыймык катары эпосту мактаныч туткандайбыз. А бирок, А.Акматалиевдин ошол күйүп-бышып жазган макалаларын окуп, бирок "Манаска" бүгүн да реалдуу камкордук жоктугун көрүп коомчулугубуздун, маселе чечээр мамлекеттик чиновниктерибиздин кайдыгерлигине намыстанып да, нааразы болуп да кетесиң. "Манас" эпосунун 1000 жылдыгы учурунда "Манасты" чыгарып коюуга болот эле го?! А. Акматалиев бүгүнкү күнгө чейин "Манасты" чыгаруу жөнүндөгү оюн толук иш жүзүнө ашыра албай, ар кандай жыйындарда какшап айтып, басма сөздөргө жазып келе жатат. Ал С.Мусаев менен демөөрчүлөргө да, бийликтегилерге да (Президент, премьер-министр, вице премьер-министр, мамлекеттик катчы, финансы министри ж.б.) да бир нече жолу официалдуу кат менен да, оозеки жүзүндө да кайрылып келе жаткандыгын коллектив жакшы билет. Ал гана эмес, "Кыргыз туусу", "Эркин тоо" газеталарына чыккан "Баарын коюп "Манасты айт", "Түшкөн акчанын негизинде кийинки томдорду чыгаралы десек укпай коюшпадыбы", "Манас" - улуттук руханий символубуз" сыяктуу маек-макалалары аркылуу жалпы калайык-калкка "Манас" үчүн 1 сомдон чогулталы" деп, ар намысты ойготоор деген үмүт менен ураан таштап да көрдү. А. Акматалиев айла кеткенде өзүнүн үйүн кредитке коюп, "Манасты" аягына чейин чыгаруу сунушун аксакал манастаануучу агайыбыз Самар Мусаев "Сенин ак ниет менен жасаган ишиңди эч ким түшүнбөйт, үйүңөн ажырайсың" деп болбой койгондугун жакшы билебиз. (Ушул жерден аргасыздан кыргыздын чыгаан жазуучуларынын бири Ашым Жакыпбеков да "Теңири Манас" романын басмадан чыгара албай, "кол жазмамды Ак үйгө алып барып өрттөсөмбү?"-деп жаны кашайганы эске түшөт).
Анын сыңары кыргыздын "Битке өчөшүп көйнөгүңдү отко салба" деген орой макалы бар. А. Акматалиев да деми сууп, манастаануу багытындагы иштерди кашаңдатып таштап койгон жери жок. Өмүр бою "Манас" боюнча иштеп, көзү каныккан тажрыйбалуу адистер С.Мусаев, А.Жайнаковаларды "Сиздер бүткөрчү иштерди кийин миң эсе жакшы заман келсе да кийинки жаштар бүткөрө алабы?" - деп шыктандырып иштетип отуруп бүгүнкү күндө "Манас" трилогиясын (С. Орозбаков -7, 8,9-том, С. Каралаев "Манас" 4-том, Семетей - 1,2,3,4,5-том, "Сейтек" 1-том) толук илимий комментарийлери менен басмага даярдатып, бастырып бүтүп, басмадан чыгаруунун аракетин кылып жүрөт. Жакында анын түздөн-түз демилгеси менен С. Орозбаковдун 5-6 томдору Билим жана илим министрлиги аркылуу республиканын мектептерине жана жогорку окуу жайларына бекер таратылып берилди. Бул идеясы үчүн Бишкек шаардык сотуна чакырылып, бирок А. Акматалиевдин демилгеси коомчулук үчүн өтө орчундуу жана пайдалуу болгондугу белгиленди.
"Манас" эпосунун 1000 жылдыгы демекчи, илгери бул маселе көтөрүлүп (1945-жылы) бирок ишке ашырылбай жүргөн маселени "Манас" эпосунун 1000 жылдыгын өткөрүү жөнүндөгү бул маселе боюнча эгемендүүлүктүн алгачкы мезгилинде биринчилерден болуп демилге көтөрүп чыгып, Илимдер академиясынын жалпы чогулушунда, 1992-жылы, март айында сунуш айта коем деп экс-президенттин ачуусуна тийип кала жаздаганы да бар. (Караңыз: "Жакшылык кылуу-адамдык парз...", "Поднял дух народа").
А. Акматалиев "Манас эпосунун 1000 жылдыгын өткөрүү боюнча Улуттук уюштуруу комитетинин мүчөсү катары: "Манас" (Б. Сазанов, М. Чокморов), "Семетей (Ыса Жумабек уулу, У. Мамбеталиев), "Сейтек" (Ы. Абдрахманов), "Алп манасчы С. Каралаев", "Манас"эпосунун сөздүгү, "Манас - эпос океан", "Манас" жана искусство, "Манас", "Семетей", "Сейтек" (кара сөз түрүндө) деген ж.б. китептерди басмага даярдатып, жарык көрүшүнө түздөн-түз себепчи жана катышуучусу түзүүчүсү болгон. О.э. "Манас" эпосунун юбилейлик сессиясын, С. Орозбаковдун 125 жылдыгына, С.Каралаевдин 100 жылдыгына арналган эл аралык конференцияларды уюштуруп өткөргөн жана өзү да бир топ докладдар менен чыгып сүйлөгөн. Манастаануучулар С. Мусаевдин, Э. Абдылдаевдин, К. Кырбашевдин, А. Жайнакованын эпоско байланышкан монографияларынын чыгышына камкордук кылып, демөөрчү таап, окурмандарга тартуулаган да А. Акматалиев болуп саналат.
Ал эми анын жетекчилик демилгеси, уюштуруучулук жөндөмдүүлүгү аркасында жүзөгө ашырылган "Кыргыз адабиятынын тарыхы" аттуу жети томдук фундаменталдуу эмгектин жалаң "Манас" эпосу, анын бөлүмдөрү болгон "Семетей", "Сейтек" жана элге кеңири белгилүү манасчылар менен семетейчилердин өмүр жолу, чыгармачылык өзгөчөлүктөрү, улуу мурастын алар жараткан варианттары жөнүндөгү маалыматтарга арналган 2-тому манастаануу илиминин келечеги, ушул багыттагы билим берүүчүлүк, илимий-изилдөөчүлүк иштер үчүн илимий практикалык мааниси жогору эмгек болуп калаары тууралуу айта кетүү да ашыктык кылбайт деп ойлойбуз.
А. Акматалиев манастаануучулардын тарбияланып чыгышына көп көңүл бөлүп келе жатат. Ал жетектеген Диссертациялык кеңеште ондон ашуун илимдин жаш мууну "Манас" эпосу боюнча кандидаттык диссертацияларын жакташкан. Өзгөчө, таланттуу окумуштуу Райкул Сарыпбековго көрсөткөн камкордугун айтпай кетүүгө болбойт. Ал көп жылдар бою үй шартына байланыштуу илимий ишин жактай албай кыйналып жүргөн учурда А. Акматалиевдин улгайып калган илимий кызматкеринин диссертациясынын кол жазмасын, авторефератын бастырып, коргоп кетишине жакындан жардам көрсөткөнү көпчүлүктү ыраазы кылган. Ал эми өзү болсо "Манас" эпосундагы жалпы адамзаттык мааниге ээ мүнөздөр жана сыпаттар" (Д. Гүлпынар) "Манас" эпосунда көз карандысыздык идеясынын көркөм чагылдырылышы (С. Дүйшембиев) сыяктуу бир топ кандидаттык диссертацияларга жетекчилик кылган.
А. Акматалиевдин илим адамы жана илимий мекеменин жетекчиси катары, өмүрүнүн көп убактысын ыйык "Манаска" жумшап жатканын биз накта атуулдуктун жана көрөгөч жетекчиликтин белгиси деп түшүнөбүз.



Акындардын арбагы ыраазы...

Совет учурунда ошол жаңы доорго чейинки жашап өткөн, чыгармачылыгы көпчүлүккө дайын болгон көп эле даңазалуу акындардын (мис., "Замана " агымынын өкүлдөрү Калыгул, Арстанбек, Молдо Кылыч ж.б.) чыгармачылыгы жаңы саясатка туура келбегендиктен жарыяланбай, изилдөөгө алынбай, а эгер сөзгө алынса "бай - манапчыл, динчил" деген гана жарлыктар менен коштолуп айтылып келген. Оозеки көркөм сөз өнөрүнүн бир чоң салаасын түзгөн бул акындар поэзиясы кандай көркөмдүк кубулуш, өнүгүштөргө, поэтикалык наркка ээ болгондугун туура баалап, ар тараптуу изилдөө үчүн эң биринчи алардын мурастарын текстологиялык жактан тактоо жана тексттерин чыгаруу милдети турган. Мына ушул багытты да А. Акматалиев көз жаздымга калтырбай, "Залкар акындар" деген сериянын алдында 7 томдук жарык көрүп, Кетбука, Асан кайгы, Токтогул ырчы, Калыгул, Арстанбек, Музооке, Калмырза, Чоңду, Эсенаман, Жеңижок, Үмөтаалы, Айтике, Коргол, Эшмамбет, Тоголок Молдо, Алдаш Молдо, Калык, Осмонкул, Алымкул, Токтонаалы, Ысмайыл сыяктуу акындардын чыгармалары окурмандарга тартууланды. Бул сериянын жарык көрүшү үчүн жетекчи катары ишти уюштуруп, өзү да түзүү иштерине активдүү катышып, демөөрчүлөрдү тапты. Кийин бул акындардын айрымдарынын өмүрү, чыгармачылыгы "Улуу инсандар" сериясынан да орун алды. Акындардын чыгармачылыгы боюнча илимий конференциялар өткөрүлүп, жаңы проектилер иштелип, илимий макалалар байма-бай чыгып жатты. "Залкар акындар" сериясы карапайым окурмандар, студенттер, филологдор үчүн гана эмес, жалпы маданий-илимий чөйрөбүз үчүн да эң керектүү эмгектерден болуп калды. Ал серияга философ, тилчи, тарыхчы, педагогдор, илимпоздор кайрылышып, алардын негизинде жаңы илимий эмгектер жаралды, мектеп жана жогорку окуу жайлары үчүн окуу китептерин, окуу куралдарын жазышты, жаш төкмө акындарда мына ошол бай мурастардан чыгармачылык таалим-тарбия алышына шарт түзүлдү, ошондой эле алар жарыяланган акындардын чыгармалары, тарыхыбыздын айрым актай барактарын тактоого да мүмкүнчүлүк түзүп берди.
"Залкар акындар" сериясынын чыгарылышы казак илимпоздор үчүн да олжо болду, алар өздөрүнүн "Замана" агымынын өкүлдөрү деген Шортоңбай, Мөңке сыяктуу акындары менен салыштырып изилдешип, жалпылыктарды жана өзгөчөлүктөрдү белгилешти. Мисалы, Бауржан Оморов "Замана агымынын генезиси" деген докторлук диссертациясында Калыгулдун, Арстанбектин, Молдо Кылычтын чыгармаларын кеңири талдоого алган.
А. Акматалиевдин илимий жетекчилиги астында "Жазгыч акындардын калыптанышы жана өнүгүшү" (К. Койлубаев), "Табият көрүнүштөрүнүн акындар поэзиясында көркөм сүрөттөлүшү" (А. Зулпуев), "Молдо Кылычтын чыгармачылыгы жана иликтөө тарыхы" (Ш.Искендерова) деген темалардагы кандидаттык диссертациялар жакталган.
(Уландысы бар)

М. Мукасов, Г. Орозова, А. Кадырмамбетова,
филология илиминин кандидаттары, Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаттары.










??.??