presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Аракет-берекет

Мектеп бүтүрүүчүлөрүн педагогикалык адистиктерге тартуунун жолдору
Билим берүү тармагындагы оор кырдаал дайыма түрдүү деңгээлде көтөрүлүп, күн тартибинен түшпөй актуалдуулугун жоготпой келет. Акыркы эле 3-4 жылдын аралыгында агартуу кызматкерлерине өкмөт тарабынан камкордуктар көрүлүп, материалдык жардамдар көрсөтүлүп жатканына баарыбыз эле күбөбүз. Мамлекет башчысы өзүнүн кезектеги кайрылуусунда, ага чейин деле эл менен болгон жолугушууларында бул маселеден четтеп кетпегенин билебиз. Бүгүнкү заманда билим берүү системасын патриоттук, куру чакырыктар менен оңдоого болбой тургандыгы айтпаса да түшүнүктүү.

Улуу Комменский тээ ХVI кылымда эле "Эгерде айыл чарбаны, мамлекетти гүлдөтөлү десек, биринчи кезекте мектепти оңдойлу" деген экен.
Бирок биз мугалимдин кандай ардактуу, сыймыктуу экендигин даңазалап форумдарды өткөрүп ыр, музыкаларды жазбайлы, мугалимдик кесипке жаштарды тартуу өтө кыйын болуп калды. Мен муну иш тажрыйбамдан көрүп, көптөн бери өз башымдан өткөрүп келе жатам.
Түштүк Кореяда Билим берүү министрлигинин казынасына улуттук кирешенин 22,3% түшүп, бюджети Коргоо министрлигинен кийинки орунду ээлейт деген маалымат окугамын. Андай күнгө али жакында жеткидей эмеспиз... Бирок унчукпай отура берүү да туура эмес. Кыргызда "Бала ыйламайын упчу жок" дейт. Бирок канча мезгилден бери эле ыйлап эле жаткандайбыз.
Мен эки жылдан бери үгүттөө иштери менен алектенип келем. 2007-жылдын июнь айларында ОшМУнун педагогика жана дене тарбиясы факультетинин жети студентинен турган команда түзүп, Ош областынын беш районун велосипедчен кыдыруу менен бир жумалык "Вело марафон" уюштуруп чыктым. Эл жыш жашаган чоң-чоң айылдык пунктарда түнөп, токтоп жергиликтүү командалар менен волейбол боюнча спорттук таймаш өткөрүп, мектеп бүтүрүүчүлөрү менен жолугушууларды уюштуруп, ОшМУ жөнүндө баяндамаларды жасап, буклеттерди таратып, кыскасы, бир топ үгүттөө иштерди аткаргандай эле болдук. Чындыгында ОшМУнун символикалары чагылдырылган спорттук формаларыбызды кийип, велосипедчен айыл аралап жүргөнүбүз - көргөндөргө, айрыкча, элет тургундарына дурус эле таасир калтырды десем жаңылышпайм. Жолду катар мектеп жетекчилери, мугалимдер, райБББ, ал турсун айыл өкмөттөрүнүн башчыларына чейин кирип, алардан биздин бүтүрүүчүлөр жөнүндөгү пикирлерин угуп, мындан ары кайсыл предметтерге, дисциплиналарга басым жасоо керек деген сунуш, кеңештерин кагазга жазып, топтоп келдик.
Эң негизги максатыбыз, 3-4 жылдан бери педагогикалык кадрларды даярдоонун жаңы формасын: мектеп, айыл өкмөтү, ЖОЖ ортосунда үч тараптуу келишим түзүү аркылуу жергиликтүү тургундарга педагогикалык адистиктерге окутуу идеясын түшүндүрүү, жайылтуу жана колдоочуларга ээ болуу эле. Аткарылган иштердин жыйынтыгы боюнча ректоратка, областык жетекчилерге, ал турсун министрликке чейин билдирдик.
Быйылкы жылы да ушул миссиянын өркүндөтүлгөн жаңы формасын жүзөгө ашыруу аракетинде болдук.
Эми, төрт тараптуу: мектеп, айыл өкмөтү, райондук билим берүү башкармалыгы жана ЖОЖ ортосундагы келишимдин негизинде мугалимдерди даярдоо идеясы менен чыктык. Ректораттын колдоосунун натыйжасында союз мезгилиндегидей студенттерден, ОшМУнун методист окутуучуларынан турган үгүт бригада түзүп, үгүттөө иштерин уюштурдук. Биздин программада: концерттик бөлүм, спорттук мелдеш жана мектеп мугалимдерине методикалык, практикалык жардам иретинде лекция окуу иштери каралган. Алдын ала белгилей кетчү нерсе, иштин быйылкы формасы да бир топ жемиштүү болду.
Баланы мектепке даярдоо боюнча 100 сааттык көлөмдө окутуу маселеси коюлганы менен аны кантип ашыруу тууралуу конкреттүү, программа алигиче иштелип чыга элек. Улук окутуучу З.Абдраимованын илимий иликтөө иши ушул багытта болуп, анын "Окугум келет" сыяктуу бир топ эмгектери басмадан жарык көргөн. Анын ушул темадагы лекциясы чоң кызыгууну жаратып "Баланы мектепке кантип даярдайбыз" деген методикалык китебин тез эле талап кетишти.
Биз мурда, ОшМУнун педагогика факультетин бүтүрүүчүлөрүнө кошумча "англис тили" деген адистикти дипломуна жазуу менен ыйгарчу элек. Бул идея И.Арабаев атындагы КМУда да практикаланып келген. Бирок негедир кошумча адистик берүүгө министрлик тарабынан тыюу салынгандыктан бүтүрүүчүлөргө сертификат тапшыруу менен гана чектелип келүүдөбүз. Белгилей кетчү нерсе, башталгыч класстын мугалимдерин даярдоочу университеттерде ушул эки окуу жайдын тажрыйбасын тартынбай эле практикаласа болот. Буга далил, бүтүрүүчүлөрүбүздүн бүгүнкү күндө башталгыч гана эмес жогорку класстардын окуучуларына да ийгиликтүү сабак өтүп жаткандыгы жана алар тууралуу мектептерден келген официалдуу пикирлер боло алат. Бул фактыларды азырынча өзүнчө топтоп, сактап жүрөбүз. Мезгили келгенде, азыркы каатчылыктан чыгуунун бир жолу катары универсал мугалимдерди даярдоо маселесин көтөрсөк дейбиз. Ал турсун атайын иликтөөгө ала турган максатыбыз бар экендигин кошумчалагым келет. Айтайын дегеним, улук окутуучу Р.Чокобаеванын "Башталгыч класстарда англис тилин окутуу" жөнүндөгү методикалык лекциясы да зор кызыгууну жаратып, анын жазган китептери да каалоочулардын баарына жетпей калды.
Баса белгилеп кетүүчү жагдай, биздин спорттук мелдешибиз жөн эле топ ойноо менен чектелип калган жок. Катышкан команда мүчөлөрүнө кызыктыруучу сыйлыктарды ыйгаруу менен жаштарды университетке окууга чакырдык. Дене тарбия факультетинин деканы ошол эле жерден, "Сен дене тарбия адистигине экзаменден өттүң, келе бер", - деп жарыялашы катышуучулар арасында бир кыйла жагымдуу резонанс жаратты.
Айтмакчы, агитбригаданын курамында ОшМУнун быйылкы окуу жылындагы кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы, үч факультеттин деканы кошо болуп, болочок абитуриенттердин кызыккан суроолоруна кеңири түшүндүрмөлөрдү беришти. Мындай ар тараптуу, нары кызыктуу жолугушуулар Ош областынын Кара-Суу районунун Отуз-Адырында, Өзгөн районунун Ийри-Суу орто мектебинде, Жалал-Абат областынын Сузак районунда жана Кара-Кулжанын Калинин айылында өттү.
Сузак районундагы Тажибаев орто мектебинде болуп өткөн иш-чарага райондун дээрлик бардык окуу бөлүм башчылары чакырылып, жогоруда биз баян кылгандарга толук күбө болуп кетишти. Жыйынды райондун билим берүү башкармалыгынын жетекчиси өзү алып барып, айыл өкмөтүнүн төрагасы аймагындагы мектептерге колдоо көрсөтөөрүн айтты. Чогулушта республиканын элине, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу бөлүмдөрүнө жогорку окуу жайларынын жетекчилерине, дегеле агартуу тармагына кайдыгер карабаган бардык жарандарга кайрылуу кабыл алынды. Өзүм мугалим болгусу келген бир мектеп бүтүрүүчүсүнө үй-бүлөлүк каражатымдын эсебинен бир жылдык контрагын төлөп берүүгө эл алдында убадамды бердим. Бирок ушул идеяны жалгыз ишке ашыруу мүмкүн эместигин, ал үчүн пикирлештерге таянуу керек экендигине ынандым. Жалпы иштин кызыкчылыгы үчүн түрдүү рычагдарды пайдалануу зарыл экендигин жон теримден сезип, туйгандай болдум.
Урматтуу замандаштар! Бүгүн Кыргызстан саясий, экономикалык кризистен кем эмес коркунучтун кырында турат. Эй бурадар, бизнесмен, депутат, илимпоз, министр! Бүгүнкү күндө сен билим алып окуган, сени эрезеге жеткирген мектеп сенин колдооңо муктаж. Эгерде ар бир атуул бирден айылдашын окутуп берүү милдетин мойнуна алса, мектеби да өз мээнетине миң, мертебе ыраазы болоор эле!

А.Исаев,
ОшМУ, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент










??.??