presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Көз караш

Орто мектептер үчүн кыргыз тилинин куррикулуму
(5-9-класстар)
Анын максаты, милдети жана мазмуну тууралуу жалпы маалымат
Жалпы билим берүүчү орто мектептерде кыргыз тили эң маанилүү, негизги предметтердин бири болуп саналат. Учурда орто мектептерде жалпы билим берүүнүн, анын ичинде кыргыз тили предметин окутуунун деңгээлин көтөрүү менен, жаңыча багытка буруу милдети турат. 5-9-класстарда кыргыз тили предметин окутууда көбүнчө грамматикалык материалдарды окутууга басым жасалып, баланын оозеки, жазуу байланыштуу кебин, кеп маданиятын, кеп ишмердүүлүгүн калыптандыруу иши экинчи планга сүрүлүп калууда. Натыйжада окуучу бүгүнкү күн талап кылып жаткан социалдык муктаждыктарга - ар кыл турмуштук кырдаалдарга ылайык, ар кыл темада сабаттуу, логикалуу, аргументтүү сүйлөшө билүүнүн, маектешүүнүн, пикир алышуунун, баарлашуунун (социалдашуунун) ыкмаларына ээ боло албай жатат.

В.И.Мусаева,
КББАнын Мамлекеттик тил жана лингводидактика лабораториясынын ага илимий кызматкери, педагогика илимдеринин кандидаты


Бизге азыр коммуникабелдүү, мобилдүү, коомдогу өтө тез өзгөрүүлөргө бат ылайыкташа алган жаштар керек экендиги белгилүү. Бул көз караштан алганда да ортоңку класстарда кыргыз тилин окутуунун учурдагы деңгээли бул суроо-талаптарга толук жооп берет деп айта албайбыз. Эң негизги себептеринин бири катары мурунку союз мезгилинен бери келаткан окутуунун тажатма, бир типтеги (окугула, чийгиле, көчүргүлө, жаттагыла) механикалык түрдөгү салттуу ыкмалары болуп саналат.
Ал эми окутуу ишин жаңыча чыгармачылык багытка буруу инновациялык ыкма, методдорду колдонуу, куррикулум түзүү жолу менен гана ишке ашырылуусу ыктымал. Бул иш-чара бир кыйла өнүккөн өлкөлөрдө практикаланып, өзүнүн жемишин берүүдө. Мында эң башкы көңүл теориялык маалыматтарга басым жасалбастан, алган билимин практикада колдоно алганга бурулат. Куррикулумду ишке ашыруунун эң алдыңкы жолу бул - окуу планынан баштап, окуу стандартын, окуу программаларын куррикулумдун идеяларына ылайыктоо менен алардын ийкемдүүлүгүн арттыруу, окутуу ишин баланын чыныгы турмушуна жакындатып, кызыктуулугун, жугумдуулугун, натыйжалуулугун, практикалык жактан керектүүлүгүн күчөтүү. Куррикулумдун касиети биринчиден, анын коомдон артта калбастан, өзгөрүп, жаңыланып тургандыгында, экинчиден, мурдагыдай жогорку тараптан түзүлбөстөн, практик-мугалимдердин тикелей катышуусу аркылуу жаралгандыгында, үчүнчүдөн, аймактык өзгөрүүлөрдү эске алуу менен, окуучулар алган билимдерин өзү жашаган чөйрөдө кеңири колдоно алгандыгында.
Ар кыл аймактагы балдардын эне тилине кызыгуусу да ар кандай болгондуктан, бул түзүлгөн куррикулум ошол проблемаларга жооп табуучу алдыңкы окуу-нормативдик документтин милдетин аткара алат.
Кыргыз тилинин 5-9-класстар үчүн куррикулуму кыргыз тилинин лексикалык байлыгын, аларды колдонуу үчүн зарыл болгон грамматикалык түзүлүшүн, сөздүн тике, кыйыр, өтмө маанилерин, омоним, синоним, антонимдерди, орфографиялык,пунктуациялык эрежелерди, синтаксистик конструкцияларды, фонетикалык өзгөчөлүктөрдү оозеки, жазуу байланыштуу кебинде, кеп ишмердүүлүгүндө орундуу, туура колдонууга көнүктүрүүнү максат кылып коет. Ата-бабалардан бери кылымдар бою сакталып келген макал-лакаптан баштап, улуу "Манаска" чейинки маданий мурастардын тил байлыгын, көркөм сөз берметтерин сактоого, байытууга машыктырат. Кыргызстандагы жашаган бардык элдердин ортосундагы достуктун, биримдиктин карым-катнаш, социалдашуунун каражаты катары улуттук жана жалпы адамзаттык баалуулуктарды камтуу менен, кыргыз тилинин кайталангыс асыл сапаттарын ачып берет.
Кыргыз тили боюнча куррикулумда:
- кыргыз тили предметинен билим берүү иши жаңыланууга туш болот;
- окутуунун технологиясын жаңы идеялар, методдор, ыкмалар менен байытууга жол ачылат;
- ар бир мектептин, мугалимдин, окуучунун өз алдынча иштөөсүнө шарттар түзүлөт;
- балдардын жекече коммуникативдик активдүүлүктөрү, чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрү күчөйт;
- окутуу ишинде жергиликтүү аймактык өзгөчөлүктөр эске алынат;
- педагогикалык кызматташтыкты, инсанга багыттап окутууну ишке ашырууга мүмкүнчүлүктөр ачылат.
Кыргыз тилинин куррикулумун төмөндөгүлөр өз иштеринде пайдаланышат:


- билим берүү тармагындагы кызматкерлер;
- окуу программа, окуу китеби, методикалык колдонмолордун авторлору;


- кыргыз тил, адабияты мугалимдери;
- филолог студенттер, аспиранттар, докторанттар;
- кыргыз тил илими жаатында изилдөөчүлөр, методисттер, окумуштуулар.
Кыргыз тилинин куррикулуму төмөндөгүлөрдү өз ичине камтыйт:
- кыргыз тилинен билим берүүнүн максаттары, милдеттери жана натыйжалары;
- кыргыз тилинен билим берүүнүн мазмунун түзүүнүн негизги принциптери;
- кыргыз тилинен билим берүүдө компетенттүүлүктү калыптандыруучу методдор жана технологиялар;
- кыргыз тилинен окуучулардын билимин баалоонун талаптары;
- кыргыз тилинен билим берүүнү башкаруу системасын уюштуруу принциптери.
Бул куррикулумга таянуу менен кыргыз тили боюнча окуу планы, стандарттар, окуу программа, окуу китептери жана методикалык колдонмолор иштелип чыгууга тийиш.

Кыргыз тилинин куррикулумундагы билим берүүнүн максаттары, милдеттери жана натыйжалары

Кыргыз тилинин (5-9-класстар үчүн) куррикулуму Кыргыз Республикасындагы билим берүүгө жана кыргыз тилине байланышкан бардык документтердин жол-жоболорун жокко чыгарбастан, кайра өркүндөтөт. Бул куррикулум кыргыз тилин окутууда кеп ишмердүүлүгүнө, коммуникативдик-практикалык максатка багытталгандыгы менен айырмаланат. Коммуникативдик багыттагы куррикулумду түзүүнүн негизги максаты - бул коомдогу тез өзгөрүүлөргө, социалдык турмуштагы жаңыланууларга ылайыкташуу, бүгүнкү глобалдаштыруунун шарттарында тилди окутуп-үйрөтүүдө дүйнөлүк билим берүү деңгээлинен артта калбоо, азыркы муундун коомдук-социалдык муктаждыктарын өз убагында толугу менен камсыздандыруу, окуучунун активдүү кеп ишмердүүлүгүн камсыз кылуу. Окуучунун коомдук турмуштун түрдүү тармактарына чыгармачылык менен мамиле кылып, аларга активдүү катышуусу үчүн зарыл болгон тилдик өбөлгөлөрдү практикалык жактан өздөштүрүүсүнө жетишүү. Демек, баланын коммуникативдик жөндөмүн, көндүмдөрүн жана кеп маданиятын керектүү деңгээлге жеткирүү. Мезгилге шайкеш билим-тарбияга ээ болгондо гана жаштардын активдүүлүктөрү күчөп, мектептен алган билгичтик, көндүмдөрүн турмушунда натыйжалуу пайдалануу менен, мамлекеттин өсүп-өнүгүүсүнө өзүнүн салымын кошо алат.
5-9-класстар үчүн куррикулумдун негизги милдеттеринин бири - аталган класстарда кыргыз тили предметин окутуу ишин мазмундук жактан жаңылоо менен бүгүнкү күндүн талабына ылайык инновациялык методдорду практикалоо, улуттук жана дүйнөлүк баалуулуктарга таянуу менен жогорку деңгээлге көтөрүү. Бул жерде тилди окутууга тиешелүү окуу-нормативдик документтерди кайрадан иштеп чыгуу менен бирге эле өз эне тилинин тил каражаттарын колдонуу менен баарлашууну, маектешүүнү, кеп ишмердүүлүгүн жалпы адамзаттык маданий-этикалык деңгээлге көтөрүү вазийпасы турат.
Демек, окуучулар сабакка катышып гана тим болбостон, кийинки турмушунда кереги тийе турган зарыл практикалык көндүмдөргө мектеп партасынан ээ болуу зарылдыгы туулуп жатат. Турмуш далилдегендей, он бир жылдык өмүрүн арнап, 16-17 жаш курактагы улан, кыздар эч кандай турмуштук тажрыйбага ээ болбостон, мектепти аяктоодо. Бул абалдан чыгуунун бирден бир жолу кыргыз тилин окутуунун мазмунун жаңыртуу, технологиясын өркүндөтүү, эне тили баланын бүткүл коммуникативдик муктаждыктарын канааттандыруу менен, анын өз алдынча иштөөсүнө шарт түзүп, оозеки, жазуу байланыштуу кебин, кеп ишмердүүлүгүн, кеп маданиятын, турмушка көз карашын, адеп-ахлагын калыптандыргандай, аларды турмушта пайдалана алгыдай деңгээлге жеткирүү. Бул багытта иш алып барууда окуучулардын билимин баалоонун нормалары да кайрадан өзгөрүлүп түзүлүүсү бул - турмуштук зарылдык болуп саналат.
Кыргыз тили боюнча (5-9-класстарда) билим берүүнүн предметтик куррикулуму жалпы билим берүүчү улуттук куррикулумдун тармагына кирүү менен предметтик билим берүүнүн алкагына кирүүчү өзүнө гана тиешелүү мазмунун, максаттарын, натыйжаларын, принциптерин камтыгандыгы менен өзгөчөлөнүп турат.

Куррикулум аркылуу
кыргыз тилин окутуунун башкы принциптери

Куррикулум ортоңку класстарда кыргыз тилин окутууга тиешелүү төмөнкү принциптерге таянат:
- кыргыз тили предмети сүйлөшүүнү, баарлашууну, текстти талдоо аркылуу лексикалык, грамматикалык материалдарды өздөштүрүүнү үйрөтөт. Тактап айтканда, окуучуда жашоодо кездешүүчү ар кыл кырдаалдарга ылайык түрдүү темаларда маданияттуу, адептүү сүйлөшө билүү көндүмдөрүн калыптандырууну максат кылып коет;
- куррикулум мектепте кыргыз тилин окутууга жаңыча мамилени, тактап айтканда, кырдаал, текст, кеп ишмердүүлүгү аркылуу тилдин категорияларын үйрөтүүнү талап кылат. Кыргыз тилин лексикалык, грамматикалык темалар, эрежелердин топтому эмес, ал балада өз эне тилинде бардык учурда оюн эркин, сабаттуу, орундуу, маданияттуу, негиздүү, далилдүү сүйлөй алуу көндүмдөрүнө, зарыл коммуникативдик ыкмаларга калыптандыруучу предмет катары карайт;
- куррикулум башка окуу-нормативдик документтерден айырмаланып, кыргыз тилин кеңири планда карап, аны окуучулардын рухий-коммуникативдик, өз алдынчалуулук, өз ой-пикирлерин ар кыл чөйрөлөргө ылайык оозеки, жазуу жүзүндө баяндай алуу сапаттары сыяктуу социалдык зарыл көндүмдөрдү өнүктүрүүнүн да түздөн-түз каражаты катары эсептейт. Кыргыз тилин предмет катары гана эмес, башка бардык билимдерди өздөштүрүүнүн зарыл каражаты катары карайт;
- куррикулум кыргыз тили сабагында ар бир баланын жеке кызыкчылыктарын эсепке алуу менен ар бир балага өз-өзүнчө мамиле кылууга, ар бир баланын кеп ишмердүүлүгү ар кыл деңгээлде болгондуктан ошого ылайыктап көнүгүү иштерин аткарттырууга, тактап айтканда, дифференциалдык окутуу менен инсанга багыттап окутууга басым жасалат;
- кыргыз тили сабагындагы көнүгүүлөр үчүн тандалган тексттер, дидактикалык материалдар аркылуу кыргыз элинин жана дүйнө элдеринин адабий, маданий мурастарын, баалуулуктарын окуп-үйрөнүү менен алардан таалим-тарбия алууга, аларга кастарлап мамиле жасоого ак-караны айырмалап билүүдө турмушка карата көз караштары калыптанат, туура кадам жасоого машыгышат;
- куррикулум боюнча ортоңку класстарда кыргыз тили сабагында грамматиканы курулай жаттатуу эмес, тескерисинче, баланын турмушунан алынган мисалдар, тексттер аркылуу тилдин системалык курсун окутуу натыйжада сүйлөөгө, оозеки, жазуу тексттерди түзүүгө, эне тилинин көркөмдүүлүгүнө, элестүүлүгүнө, ийкемдүүлүгүнө сыймыктанууларын жаратуу менен кепкорлук, сөзмөрлүк, куйма кулактык, чечендик ыкмаларын жаратуу;
- сүйлөтүү аркылуу тилди үйрөтүүдө окуучуда өз алдынчалуулукту, демилгелүүлүктү, чыгармачылык шыкты, жекече чечим кабыл алуу менен атаандашып иштөөчү ишмердүүлүктү пайда кылуу максатында мугалим интерактивдүү ыкманы (экиден же топ менен иштөө), сынчыл ойломдун стратегияларын пайдалануусу жемишин берет;
- "чыгармачыл окуучу", "чыгармачыл мугалим" деген түшүнүктөр өзүнүн нукура маанисине ээ болуу менен тил сабагындагы ар бир иш-аракет кийинки тиричиликте кандайдыр бир деңгээлде пайдасы тийгидей, алга сүрөгүдөй деңгээлде уюштурулуусу, ушул багыттагы сабактын типтерин, формаларын, түрлөрүн практикалоо зарыл;
- куррикулумдагы окутуунун стратегиясы кыргыз тили предметин окуп-үйрөнүү менен кандай муктаждыктары канааттандырылып, кандай натыйжаларга жетише ала тургандыктарын окуучуларга ачык-айкын билдире алгандыгы, окутуу ишин баланын турмушуна жакындата алгандыгы менен да өзгөчөлөнөт;
- кыргыз тили мугалими чыгармачылык маанайда эмгектенүү менен балдарды кептик, тилдик касиеттерге гана эмес, жалпы адамзатка мүнөздүү адеп-ахлакка, эстетикалык-интеллектуалдык, ишкердик сапаттарга, көндүмдөргө ээ кылуусун, өлкөнүн эртеңки ээлерин даярдоосу бүгүнкү күндө абдан актуалдуу.
Куррикулум боюнча окуучулардын эмгегин баалоону да инсанга багыттап жүргүзүү менен мугалим ар кыл ыкмаларды колдоно алат. Баалоонун үч түрү бар:
1. Диагностикалык баалоо;
2.Формативдик баалоо;
3.Суммативдик баалоо.
Мындай баалоодо окуучу жаттап алганы боюнча эмес, алган билимдерин канчалык өлчөмдө турмушунда колдоно билээрин турмуш өзү далилдейт. Окуучунун алган билимин төмөнкү багыттарда кароо зарыл:
1. Портфолио - окуучунун жеке иштери сактала турган папка.
Портфолиодо окуучунун бардык эмгеги тиркелип,өсүш барбы же жокпу көрүнүп турат. Окуучунун эмгегин, билимин баалоодо портфолио эсепке алынбаса, анда балага туура баа берилбей калат. Папкада баланын жыл бою жасаган эмгеги саналып, көрүнүп турат.
2. Үй тапшырмасы - окуучунун билими, эмгеги канчалык экендигин анын үй тапшырмаларын аткаргандыгынан көрүнүп турат. Баланын эмгегин баалоодо сөзсүз түрдө үй тапшырмасы да эске алынуусу абзел. Анткени ал баланын алган билимин турмуш менен жакындатат.
3. Долбоор түзүү - ар бир окуучунун өз алдынча чыгармачылык эмгеги анын бир темада долбоор менен иштөөсүндө айдан ачык билинет. Мында да алган билими турмуш менен байланышат. Билимди курулай жаттаган окуучу эч убакта долбоор түзүп иштеп, билимин өз алдынча пайдалана албайт. Ошол үчүн мугалим балдардын билимин баалоодо долбоор түзүүсүн да эске алууга тийиш.
4. Жуп менен, топ менен иштөө - кыргыз тили сабагында жуп менен, топ менен иштөөдө окуучулар коомдон өз ордун табууга, маектешүү, баарлашуу, пикирлешүүгө көнүгүшөт. Билимди баалоодо экиден иштөөдө, топ менен иштөөдө жөндөмдүүлүгүн көрсөткөндүгү да роль ойноосу зарыл.
5. Базистик окуу планында кыргыз тили предметинин ээлеген орду.
Базистик окуу планында кыргыз тили предметин 5-11-класстарда окутуу көрсөтүлгөн. Окуу планында кыргыз тилине 5-класста жумасына 5 сааттан, 6-класста 4 сааттан, 7-8-класстарда 3 сааттан ал эми, 9-класста 2 сааттан бөлүштүрүлгөн. Өбекстандагы, Тажикстандагы кыргыз мектептеринде кыргыз тилин окутуунун сааттарын аталган республикалардын министрликтери түзүшөт.Бул куррикулум ортоңку класстарда кыргыз тили курсун окутуунун мазмунун чагылдырып турат.

Кыргыз тилин окуп-үйрөнүүдөгү компетенттүүлүк.
Компетенттүүлүк жөнүндө жалпы түшүнүк

Компетенттүүлүк - латын тилинен алынып, "шайкеш, туура келүү" дегенди туюндурат. Адамдын белгилүү бир кырдаалда, чөйрөдө кандайдыр бир адистиктер боюнча билим, ыкма, билгичтиктерге ээ болуусу, алар аркылуу турмушта жемиштүү ийгиликтерге жетишүүсү. Компетенттүүлүккө өз алдынчалуулук, жоопкерчиликтүүлүк, коммуникабелдүүлүк, толеранттуулук, маселени жекече жана топто чече билүүчүлүк, бат кабыл алуучулук, керектүү маалыматты таап пайдалана алуучулук, демилгелүүчүлүк, натыйжалуу эмгектенүү кирет. Адам өзүнүн жекече,кесиптик жана коомдук турмушундагы жаңы өзгөрүүлөргө бат ылайыкташа алуу менен максатына жете билүүсү зарыл.

Компетенттүүлүктүн
түрлөрү

Кыргыз тилинен билим берүүнүн бул куррикулумунда компетенттүүлүктүн төмөнкү үч түрү сунуш кылынды:
1. Маалыматтык компетенттүүлүк;
2. Социалдык-коммуникативдик компетенттүүлүк;
3. Өз ишин уюштуруу жана маселелерди чече билүүчүлүк компетенттүүлүк.
1. Компетенциянын маалыматтык бөлүмүндө ар бир өздөштүрүлгөн билимдин практикалык жактан зарылчылыгы, керектүүлүгү тастыкталат, тактап айтканда, кыргыз тилинен маалымат алуу менен окуучу аны өз турмушунда канчалык деңгээлде пайдалана ала тургандыгы башкы орунда турат. Кыргыз тилинин практикалык ролу, окуучулардын өз эне тилинде туура сүйлөөсү, өз оюн башкаларга ачык, так жеткире билүүсү, баарлашуу чеберчилиги, оозеки кеп ишмердүүлүгү, диалог, монолог, маектешүү, пикирлешүү, жазуу жүзүндө баяндама, дилбаян, эссе. Кептин ар кыл стилдери жана түрлөрү боюнча практикалык иштерди аткара алуусу, кырдаал, шартка ылайык логикалуу, аргументтештирип, далилдүү сүйлөй билүүсү, иш кагаздарынын үлгүлөрүн даярдай алуусу, тактап айтканда, кыргыз тили предметинен алган билгичтик, көндүмдөрүн өзүнүн турмушунда кенен пайдалануу менен, муктаждыктарын канааттандыра алуусу эң маанилүү экендигин компетенциянын маалыматтык бөлүмү аныктайт.
2. Компетенциянын социалдык-коммуникативдик бөлүмүндө кыргыз тилин турмушта колдонуунун негизги принциптери чечмеленет. Кыргыз тили предметин окутууну ар бир окуучуда аз-аздан социалдык коммуникативдик-практикалык көндүмдөр жыйналгандай шартта уюштуруу талап кылынат. Ар бир сабакта окуучу башкалар менен мамиле кылуунун, сүйлөшө билүүнүн, улууну урматтап, кичүүнү ызаттоонун, маектешүүнүн, баарлашуунун, бири-бирин баалап, сыйлашуунун этикетине, лексикалык, грамматикалык материалдарды пайдалануу менен оозеки, жазуу байланыштуу кебинин, кеп маданиятынын ыкмаларына, башкаларды уга билүү менен, өзүнүн ой-пикир, көз карашын далилдеп, коргой алуунун көндүмдөрүнө үйрөнүүсү сыяктуу проблемаларды камтыйт.



3. Кыргыз тилин окутуу процессинде компетенциянын өз ишин уюштуруу жана маселелерди чече билүүчүлүк бөлүмүнүн да өзүнчө ээлеген орду бар. Кыргыз тили предметинде (башкалардан айырмаланып) элдин адабий, маданий мурастарын кеңири өздөштүрүү менен бирге өз алдынча иштөөгө толук шарттар бар. Көнүгүү, машыгууларда, тексттер менен иштөөдө, дидактикалык материалдарда, практикалык жумуштарда кыргыз элинин жана дүйнө элинин асылзат маданий баалуулуктары, көркөм эстетикалык рухий-маданий жетишкендиктери чагылдыруу менен балдарды аларды таанып билүүгө, өз алдынча иштөөгө, өз ишин уюштуруп, маселелерди чече билүүгө жалпы билим деңгээлдеринин калыптануусуна өбөлгөлөр түзүлөт. Кыргыз тили бардык тармактагы билимдерди өздөштүрүүнүн негизги булагы экендиги, алардын баары байланыш-катнаштын куралына айланган кызыл тил аркылуу гана үйрөтүлөөрүнө басым жасалып, карым-катнаш жасоодогу, маалыматтарды алуудагы тилдин коммуникативдик-практикалык барк-баасын окуучуларга жеткирүү менен өз ишин уюштурууга шарттар түзүлөт. Натыйжада ар бир окуучу тилдин касиеттерин терең үйрөнүү менен өз жашоосунда пайдалана алгыдай, өз алдынча маселе чече алгыдай деңгээлге көтөрүлөт. Бул стандарттын маңызы - кыргыз тилин окуп-үйрөнүү менен ар кыл турмуштук кырдаалга жараша өз алдынча колдоно алууга, жекече же топ менен биргеликте чечим кабыл алууга, өз ишин уюштура билүүгө үйрөнөт.
Кыргыз тилин билүү ар бир кыргыздын атуулдук парзы. Кыргыз тилин мектепте окутуп-үйрөтүү менен маектешүү, баарлашуу, сүйлөшүүнүн, пикир алышуунун, оозеки, жазуу байланыштуу кебинин, кеп ишмердүүлүгүнүн, кеп маданиятынын, кырдаал, шартка ылайык орундуу, туура, так, далилдүү, негиздүү сүйлөшө билүүнүн этикетине, ал аркылуу коомдук турмушка аралашып (социалдашып) коомдун, мамлекеттин өнүгүүсүнө белгилүү өлчөмдө салым кошо алуу маселеси мектептеги ортоңку класстардан башталганда гана оң натыйжа чыгара алабыз.










??.??