presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Изилдөө

Кыргызстандын Окуучуларынын Үмүттөрү жана Кооптонуулары
Киришүү
Бул илимий изилдөө 2006-жылы Канада, Гамбия, Кыргызстан, Пакистан, Түштүк Африка Республикасы, Испания, Швеция, Украина жана Британия мамлекеттеринде өткөзүлгөн изилдөөнүн бир бөлүгү болуп, Кыргызстандагы изилдөөнүн жыйынтыгынын негизинде жазылып жатат. Проекттин максаты 11-12 жаштагы окуучу балдар-кыздардын келечекте өз жеке турмушу, өз жергеси жана бүткүл дүйнө жөнүндө кандай үмүт-тилектери бар, аларды эмне кооптондурарын билүү болчу. Изилдөө окуучулардын мүмкүнчүлүгүн жана өздөрү жашап жаткан шарттарды өзгөртүүгө кандай салым кошоорун аныктоо мүмкүнчүлүгүн берди. Ошондой эле, биз Кыргызстандын окуучулары өздөрүнүн келечегин кандай элестетишет, алардын үмүттөрү өздөрүнүн чөйрөсүндө жана дүйнөдө болуп жаткан окуялардын таасириби деген суроолорду изилдегенге аракет жасадык. Бул проектте биз окуучулардын турмушуна таасир тийгизген негизги проблемаларды жана окуучулардын келечекте активдүү жаран болуп даярдануусун карадык. Изилдөөнүн жыйынтыктары глобалдык жарандык боюнча жана жалпы билим берүү тармагында иштегендерге пайдалуу деген ойдобуз.

Өлкө келечегине үмүттөр
жана коопсуздануулар

Изилдөө көрсөткөндөй, Кыргызстандын окуучулары өздөрү жашаган аймактарынын жана өз өлкөсүнүн келечеги жөнүндө да көп ойлонгондугу маалым болду. Окуучулардын жооптору анализделип, төмөнкү темаларга топтолуп жазылды: айлана чөйрө жана ден соолук, тынчтык жана стабилдүүлүк, өнүгүү жана бейкуттук.

Айлана чөйрө жана
ден соолук

Окуучулардын өздөрү жашаган аймактарынын жана өз өлкөсүнүн келечегине болгон тынчсызданууларынын жана коркунучтарынын эң көбү айлана чөйрө проблемаларына байланыштуу болду. Алар келечекте табият кырсыктары болушунан коопсузданышат. Аларды өзгөчө зилзала болуу мүмкүнчүлүктөрү коркутат. Ошондой эле, окуучулар суу ташкыны жана көчкү сыяктуу табият кырсыктары тоолуу жерине тиешелүү экенин айтышты. Кээ бир окуучулар өз тынчсыздануусун климаттын өзгөрүшү менен байланыштырышты. Мисалы, аларды Кыргызстан тоолорундагы мөңгүлөрдүн эрип коркунуч туудурары абдан тынчсыздандырат. Ошол эле учурда, окуучулар жергелеринин жана мекенинин табияттын кырсыктарынан сак болушуна үмүттөнүшөт. Кээ бир окуучулар өз үмүттөрүн адамдардын билимдүү жана илимдүү болуп табият кырсыктарынан коргонушту жана алдын ала билүүсү менен байланыштырышат. Жана да, алар келечекте өздөрү жашаган аймактары таза болушуна жана көптөгөн жашыл бактардын курулушуна үмүттөнүшөт.
Окуучулар айлана-чөйрөнүн начарланышын Кыргызстандын элинин ден соолугуна таасир берип жатканын баяндашты. Ошондой эле, өздөрү жашаган аймактардын жана өз өлкөлөрүнүн келечегин айтып жатып, окуучулар ар түрдүү ооруларга байланышкан коркунучтары жөнүндө айтышты. Алар СПИД, куш тумоосу сыяктуу оорулардын көбөйүшүнөн коркушат. Алардын ойлору боюнча ден соолуктун начарлашына ичкилик, тамеки тартуу жана баңгилик себеп болот.

Тынчтык жана
стабилдүүлүк

Окуучуларды дагы бир тынчсызданткан маселе алардын өз жергелеринде жана өлкөсүндө келечекте тынчтык болушуна байланыштуу. Алар келечекте тынчтык болуп, эч кандай согуш жана башка конфликттердин (зордук-зомбулук, криминал, терроризм) болбошуна үмүт кылышат. Анан дагы, башка чоң мамлекеттер Кыргызстанды басып алып, натыйжада башкаларга баш ийип калуудан аябай коркушат. Бир нече окуучулар 2005-жылы мартта болгон окуялар, баш аламандык жана талап тоноолордун кайрадан болбошун каалаганын билдиришти. Окуучулар өлкөдөгү саясат жөнүндө да маалыматтары бар экенин көргөзүштү. Алар Жогорку Кеңештин депутаттарынын урушуп кетишинен жана ал саясатчылардын урушу өлкөдөгү ар региондордун конфликтине алып келишинен коркушат. (Баса айтып кетиш керек, изилдөө Жогорку Кеңешке шайлоо кодекси өзгөргөнгө чейин өткөзүлгөн).
Окуучулар өлкөдө жашаган ар улуттардын ортосунда достук жана тынчтык болушуна абдан ишенишет. Бир нече окуучу келечекте конфликттер болушу мүмкүн деп коркушат. Мисалы, бир нече кыргыз эмес улуттагы окуучулар кантип кысымга алынганын айтышса, ал эми кыргыз улутундагы окуучулар "Кыргызстан региондогу башка мамлекеттерден кыйла толеранттуу өлкө" экенин белгилешти. Алар мисал кылып кыргыз жарандарынын башка өлкөлөргө (өзгөчө Россияга) иштөө максатында барып, бирок ал жакта алар кантип кысымга алынып, тонолуп жана скинхеддерден таяк жеп, кээ бирлери каза болгонун да билдиришти. Бир нече окуучулар өз туугандары да жабыр тартканын айтышты.
Бир нече окуучулар, өзгөчө айыл балдары, стабилдүүлүктү алардын өз тилинин жоголуп кетишинен коргоо менен байланыштырышты. Башка тилдер басымдуу кылып өз тилинин жоголуп кетишинен коркушат. Дагы бир окуучунун ою боюнча анын жашаган жериндеги жаман касиеттердин көбөйүүсүнө арак ичимдиги себепкер. Ал бала: "адам дин менен гана туура жолду таба алат жана ал үчүн мен адамдарды намазга чакырам, себеби көпчүлүк арак ичип, жаман жолго барууда" деп айтты.

Өнүгүү жана бейкуттук

Окуучулар Кыргызстандын экономикасынын өсүшүнө үмүт кылышат. Анткени аларды учурдагы абалдар эч канааттандырбайт. Алар экономиканын өсүшү менен инфраструктуранын жакшырышына ишенишет, жана жаңы мектептер, үйлөр, бак зарлар, спорт аянттары жана башка нерселердин курулушуна үмүттөнүшөт. Ошентип окуучулар болгон кыйынчылыктарга карабастан, келечекке оптимисттик сезимдери бар экенин көрсөтүштү.
Келечектин атуулдары катары, окуучулар өлкөдө өнүгүү жана бейкуттук болуш үчүн саясий абалдын жакшырышын жана саясатчылардын таза болуп өлкө үчүн жан күйгүзүп иштешин каалашат. Окуучулардын 2005-жылы мартта болгон окуяларды абдан жакшы билгенин байкадык. Мурдагы ажо Аскар Акаев жөнүндө бир топ ойлор айтылды, алар негизинен терс ойлор болду. Мисалы, окуучулар Акаевдин башкаруусу элди жакырчылыкка алып келгенин айтышты. Бир окуучу "Акаев биздин жерлерди сатты жана Кыргызстандын алтындарын уурдады. Ошондуктан адамдар ага чыдай алышкан жок" деп белгиледи. Ошентип, көптөгөн окуучулар жаңы ажо Курманбек Бакиевдин бийлигине чоң үмүт кылышат. "Бакиев жакшы жашоого алып келем деп сөз берди. Ошондуктан эл аны бийликке алып келди. Ал - эркек, сөзүндө турушу керек. Болбосо Акаевдей болуп ал дагы кулайт", - деп айтышты.
Кыргызстан стабилдүү болушу жана өнүгүүсү үчүн, окуучулардын ою боюнча, башка өлкөлөр менен достук мамиледе болушу зарыл. Алар Россия, Казакстан, Өзбекистан, Кытайга окшогон мамлекеттер менен тыгыз экономикалык кызматташуу керек экендигин айтышты. Ал эми бир окуучу болсо Кыргызстан өнүгүү үчүн Европага кошулуш керек деп ойлойт.

Аалам келечеги

Окуучулар аалам келечегине арналган суроолорго кызыгуу менен жооп беришти. Алардын аалам келечегине арналган тынчсыздануулары жана коркунучтары абдан көп экени далилденди. Төмөнкү таблица эмнелер көбүнчө окуучулардын тынчын ала тургандыгын көрсөтөт.
2-Таблица. Окуучулардын аалам келечегине арналган тынчсыздануулары
Таблицада берилгендей, Кыргызстандын окуучуларын жаратылыш кырсыктары көп кыжалатка салат. Андан кийин аларды ден соолукка, конфликттерге, криминалга жана зордук-зомбулукка байланышкан проблемалар ойлонтот. Окуучулардын көпчүлүгү улуттар аралык биримдиктин анчалык жакшы эместигин айтышты. Алардын дүйнө келечегине арналган үмүттөрү жана коркуулары төмөндөгү темалар боюнча анализделинет: айлана чөйрө (жаратылыш), ден соолук жана коопсуздук, өнүгүү жана бейкуттук. Бул темалар башка-башка сүрөттөлгөнүнө карабастан, бири-бири менен тыгыз байланышта турушат жана алардын бири-бирине болгон таасирлери зор.

Айлана чөйрө (жаратылыш)

Окуучулардын аалам келечегине болгон көп тынчсыздануулары жана коркунучтары айлана чөйрө проблемаларына байланыштуу болду. Аларды кар көп түшүү, цунами, зилзала, өрт, ташкын жана селге окшогон жаратылыш кырсыктары кыжалат кылат. Окуучулар 2005-жылы Пакистанда болгон зилзаланы, 2004-жылы түштүк-чыгыш Азиядагы цунамини белгилеп өтүштү. Бир топ окуучулар кыямат-кайың болушу жөнүндөгү чоочулоолорун айтышты. Мисалы, бир баланын жазуусуна караганда, жер "жылдыздардын же метеориттердин чабуулуна дал келиши мүмкүндүгү" аны көп коркутат экен. Ошондой эле: муз доордун кайра келиши, озон катмарынын жукарып түгөнүшү, климаттын бузулушу, мунай зат кризиси жана деңиз деңгээлинин көтөрүлүшү сыяктуу кырсыктарга байланыштуу коркунучтар белгиленди.

Ден соолук жана коопсуздук

Аалам келечегин айтып жатып, окуучулар ар түрдүү ооруларга байланышкан коркунучтары жөнүндө да айтып беришти. Алар СПИД, куш тумоосу сыяктуу оорулардын көбөйүшүнөн коркушат. Алар, ошондой эле, кээ бир күрөшө алгыс эпидемиялардын бүт ааламды каптап кетишинен чочулашат.
Окуучулардын жооптору алардын аман-эсендикке жана коопсуздукка болгон бир топ үмүттөрү жана коркунучтары бар экендигин көрсөттү. Алардын ааламда тынчтык болушуна болгон үмүттөрү негизгилерден болуп турду. Окуучулар согуш, стабилсиздик, кылмышкердик, терракттар жана зордуктоолор болбоосуна үмүттөнүшөт. Улуттардын бири-бири менен чатакташпоосуна ишенишет. Мисалы, окуучулар 2006-жылда болгон Украина менен Россиянын ортосундагы газдын негизинде болгон курч мамилени айтышты. Ошентип окуучулар ааламда жер ресурстарына байланыштуу конфликттер жана согуштар көбөйөт деп коркушат. Бир окуучу ушул пикирди далилдеш үчүн, Американын Иракка басып киришин, "алар (АКШ) ядролук курал табабыз деп айтышканы менен, чындыгында Ирактын нефтиси үчүн келишти" деген баа берди.
Башка бир бала болсо, ааламдагы болуп жаткан башка проблемалар тууралуу айтты. Ал, "Товарлардын жана азык-түлүктөрдүн баасы өсүп жатат. Мисалы, картошканын бир килосу азыр 20 сом турат, ал эми былтыр болсо 5 сом турчу эле. Канттын килосу 24 сом болсо, азыр 35 сомдон ашат", - деп айтты. Окуучулар кымбатчылык келечекте конфликттерге алып келет деп коркушат.

Өнүгүү жана бейкуттук

Кантсе да, окуучулар келечекке негизинен оптимисттик көз карашта. Алардын үмүттөрү экономикалык өсүп-өнүгүү менен байланышкан. Окуучулар келечекте байыраак жашаарына, тамак - аштын жетиштүү болооруна жана жакырчылыктын азайышына үмүттөнүшөт. Алар башка өлкөлөр менен соода-сатык жана достук мамилелер дагы жакшырышына ишенишкен. Кээ бир окуучулар бай өлкөлөрдүн жакыр өлкөлөргө жардам берүү парзы жөнүндө жазышкан. Ошол эле мезгилде окуучулардын бир топ бөлүгү күчтүүрөөк мамлекеттердин башка мамлекеттерди баш ийдирип алуу коркунучу жөнүндө айтышкан. Улуттар арасындагы достуктун жана биримдиктин жоктугу окуучуларда бир кыйла коркунучту жаратат, алар мындай көрүнүш уруш-жаңжалга же согушка алып келет деп ойлошот.
Көптөгөн окуучулар техникалык прогресс элдин жашоосун жакшыртат деп үмүттөнүшөт. Эң кызыгы, техникалык өсүү жөнүндө эркек балдардын жана кыздардын жооптору айырмаланып турат. Көп эркек балдар учуучу машиналар, Марска учуучу космостук кораблдер жана башка ачылыштар болоруна үмүттөнүшөт. Ал эми бир кыз клондоодон коркоорун жана "эгер клон жасала турган болсо, баары бири-бирине окшошуп, роботтой болуп калышат", - деп жазган.
Окуучулар ааламда айлана чөйрөнүн таза жана кооз болооруна үмүттөнүшөт. Кыздарды адамдардын биримдикке, достукка, кайрымдуулукка, тазалыкка байланышкан мамилелери тынчсыздандырат. Элдин маданиятынын жана тилдеринин сакталышы жөнүндөгү пикирлер көбүнчө айылдык окуучулар тарабынан айтылды. Окуучулар улуттук жана регионалдык тилдердин сакталышы жөнүндө көбүрөөк кыжалат болушат, себеби алар өздөрүнүн эне тилинин келечекте жок болуу коркунучу бардыгын айтышат.
Окуучулардын глобалдык суроолор боюнча, айрыкча өз өлкөлөрүнө байланышкан суроолор боюнча, кандайдыр бир деңгээлде түшүнүктөрү бар экендиги байкалып турду. Окуучулар глобалдык конфликттердин көбөйүшү башка проблемаларга, мисалы: айлана-чөйрөгө байланыштуу проблемалар, жакырчылык, зордук-зомбулук, кылмыш жана башкаларга өзүнүн таасирин тийгизет деп ойлошот.
Биз окуучулар бул информацияларды кайдан алынгандыгын сураштырбасак да, мындай пикирлер менен көз-караштар жергиликтүү басма булактардан жана мектептен алгандыгы билинип турду. Мисалы, окуучулар "сүмөлөк кылам" деп отун үчүн дарактарды кыркуу чөйрөгө кандай зыян алып келерин мектепте "Жаратылыш" сабагынан уккандыгын айтышты.

Жыйынтыктар жана
сунуштар

Бул проект Кыргызстандын окуучуларынын келечекке болгон көз-караштарын изилдеди.
Окуучулардын келечекте өз жеке турмушу, өз жергеси жана бүткүл дүйнө жөнүндө кандай үмүт-тилектери бар, аларды эмне кооптондураарын билүүгө аракет кылдык. Алардын турмушка кандай деңгээлде даяр экендигин жана өздөрү жашап жаткан шарттарды өзгөртүүгө кандай салым кошоорун аныктадык.
Изилдөөнүн жыйынтыгы, окуучулардын келечекке болгон көз-караштары учурдун социалдык жана глобалдык маселелерин көрсөтүп жатты (Хикс жана Холден, 1995). Биз 11-12 жашар окуучулардын өздөрүнүн жеке келечеги үчүн абдан оптимисттик көз карашта болуп, ал эми өлкөлөрүнүн жана ааламдын келечеги үчүн оптимисттик көз-карашта эместигин билдик. Изилдөөнүн тыянактары мугалимдерге жана билим берүү тармагында иштеген кызматкерлерге, жоопкер жана активдүү атуулдарды даярдоо үчүн тарбиялоонун жана окутуунун жолдорун кайрадан карап чыгуу зарыл экендигин көрсөттү. Бул үчүн мектептеги билим берүүдө өзгөртүүлөрдү киргизүү керек. Азыркы учурда мектептер окуучулардын жекече үмүттөр менен коркунучтарына анчалык деле көңүл бурушпайт. Мектептер окуучуларга өздөрүнүн ой-пикирлери жөнүндө терең ойлонуп текшерүүгө жардам берип, аларга келечек жөнүндөгү альтернативдик көз караштарды өнүктүрүүгө көмөк кылышы керек. Мындай нерселерге жетиштүү көңүл буруу мектеп мугалимдери үчүн маанилүү кадам болуп саналат. Мугалимдер ушундай темаларды класстык сааттарга кошуп өтүүсүн да сунуш киргизебиз, себеби ошондо окуучулар келечекте өз үмүттөрүн ишке ашырууну үйрөнүшөт.
Жогоруда айтылгандай, окуучулардын азыркы учурда жакшы коомчулукту түзүү үчүн алгылыктуу салымдары жок экендиги аныкталды. Окуучулар кокустан жана каймана түрдө жасалган мисалдарды беришти жана алардын көпчүлүгү мугалимдердин үгүттөрү аркылуу гана жасалуучу иш аракеттери. Окуучулардын өз өлкөсүн жана ааламды кантип жакшы кылып өзгөртүү жөнүндөгү айткан мисалдары анчалык деле канааттандыраарлык болбоду. Алардын көпчүлүгү кылган иш-аракеттерин жазында курчап турган айлана-чөйрөнү тазалоо жана кары-картаңдарга жардам берүү менен эле чектеп жатышты. Биздин коомчулукта мындай кыска жана үзүлүңкү кыймыл-аракет окуучулардын жоопкерчилигин анчалык деле өстүрө албайт. Ошондой эле, көпчүлүк окуучулар активдүү атуул катары өзгөртүү киргизүүдө өз салымдарын жакшы билбегендиги жана атуулдардын жеке жана топтук чоң күч экендигин сезбегендиги айкын болду. Дагы кызык жери, кээ бир окуучулар өздөрү президент, министр же депутат болуп анан гана чоң өзгөрүүлөрдү киргизерин жазышты.
Демек, мектеп окуучуларга жергиликтүү жана глобалдык проблемалар жөнүндө көбүрөөк үйрөтүп, алардын ошол кыйынчылыктарды жеңүүдөгү ролдорун айтып, аларга ийгиликке жетүүнүн жолдорун да үйрөтүш керек деген ойдобуз. Окуучулардын өз өлкөсүнүн жана ааламдын активдүү атуулу болуш үчүн эмне кылуу керек экендигин жакшылап үйрөнүүсү шарт. Алардын өзгөртүүлөр киргизүү керектиги тууралуу пикирлери, ааламдын активдүү жараны болууда мектептин, билимдин маанилүү экендигин тастыктайт. Изилдөө көрсөткөндөй, мектептер окуучуларга үстүртөн гана билимдерди берип жаткандай, ошондуктан окуучуларды алгылыктуу чечимдерди кабыл алууга үйрөтүш үчүн жакшы-ойлонулган сабактардын өтүлүшү зарыл. Ошондо гана окуучулар чоңоюп жетилишкенде, жоопкерчиликти сезген атуул боло алышат жана бул алардын мектепте ошол нукта тарбиялангандыгынын себебинен гана болот (Хикс жана Холден 1995). Эгер биз окуучуларга ушундай мүмкүнчүлүктөрдү түзө албасак, анда алардын оптимизми акырындап пессимизмге өтүп пассивдүү өспүрүм болуп жетилүү коркунучу күтүп турат.

Окуучуларды глобалдык атуулдукка үйрөтүш үчүн, аларды коомдогу азыркы мезгилде болуп жаткан, мисалы: этникалык уруш-талаштар, кысым жасоолор, аялдардын коомдогу орду, айлана-чөйрөнүн булганышы жана башка проблемалар менен тааныштырып, жана аларды талкуулоого үйрөтүү керек. Өзгөртүүлөр жалпы билим берүүчү программаларына да, сабактан тышкаркы иштерге да киргизилиши зарыл. Окутууга сынчыл ойломду киргизүү менен фактыларды пикирлерден айырмалоону үйрөтсө болот, ошондой эле, чыдамкайлык, теңдик, адилеттүүлүк жана плюрализм өңдүү түшүнүктөрдү атайын басым жасоо менен үйрөтүү зарыл. Аларга гезиттерден жана башка булактардан алган маалыматтарды кандайча кабыл алууну үйрөтүш керек. Окуу материалдары жана класстан тышкаркы иштер окуучуларды өздөрү жашаган аймакка жакшы өзгөртүүлөрдү киргизүүгө даярдашы керек. Андан сырткары мындай аракеттер жергиликтүү чөйрөгө жардам берүүгө да тарбиялайт.
Изилдөөнүн тыянактары көрсөткөндөй, окуучулар өздөрү жашаган өлкөнүн саясий абалын, Кыргызстандагы башкаруу системаларын, ал гана эмес дүйнөдөгү башка өлкөлөрдүн башкаруу системаларын да билишет, аларды массалык маалымат каражаттардан алышаарын көрсөттү. Анткен менен, биз алар маалыматтарды эч кандай терең, сынчыл анализсиз эле алаарын сездик. Окуучулардын глобалдык проблемалар боюнча айткан ойлору, алардын бул проблемалар жөнүндө болгон билимдери тайкы экендигин көрсөттү. Ошондуктан, сабак окуткан мугалимдер глобалдык проблемаларга байланышкан темаларды кошуп окутушу зарыл, себеби, булар окуучулардын арасында талкуу жаратып, алардын өз билимдерин өстүрүүгө түрткү берет жана аларды альтернативдүү чечимдерди чыгарууга даярдайт. Эгер окуучулар коомдогу проблемаларды талкуулоодо аналитикалык сынчыл ойломдорун өстүрүшсө, алар өнүгүү, адилеттүүлүк, теңдик, чыдамкайлык жана башкалар жөнүндөгү коомдук дебаттарда Кыргызстандын активдүү атуулдары катары өздөрүнүн баалуу пикирлерин билдире алышат. Хикс менен Холден (1995) белгилегендей, "Бүгүнкүнүн начар даярдалган окуучулары, эртеңкинин маалыматсыз шайлоочулары" болуп калышы мүмкүн.









??.??