presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Окуу жана тарбия

КЫШКЫ КАНИКУЛДУ ПАЙДАЛУУ УЮШТУРАЛЫ
Кыргызстанда быйыл электр кубатынын каатчылыгынан чыккан кризистен улам республика боюнча электр менен жылытылган мектептердин бардыгы 1-январдан 28-февралга чейин каникулга тарады. Кышкы каникулу узартылган мектептерде мугалимдер убакытты текке кетирбей кесип өркүндөтүүнүн үстүндө иштешмекчи. Окуучулар үчүн мектептен сырткаркы маданий, спорттук ар кандай иш-чараларды уюштуруу каралган.

Бишкек шаарындагы мектептердин көбү шаардык жылытуу системасына кошулгандыктан, бул мектептерде окуу процесси мурдагы система боюнча эле жүргүзүлөт. Ал эми борбор шаардан башка аймактарда электр кубаты менен жылытылган сегиз жүздөн ашуун мектепте кышкы каникул 28-февралга чейин узартылды.
Кышкы каникулга чыкпаган мектептер кадимкидей эле кышкы, жазгы каникулдарга чыгып, окуу 25-майда токтотулат. Эки айлык эс алууга чыккан мектептерде окуу июнь айына чейин созулуп, бүтүрүүчү болгон 9-11-класстар үчүн окутуу 6-июнда, 1-4, 5-8, 10-класстар үчүн 13-июнда токтотулат. 5-8, 10-класстардын класстан класска көчүрүү сынактары 15-20-июнга чейин жүргүзүлсө, 9-11-класстардын мамлекеттик экзамендери 8-25-июнда жүргүзүлөт.
Кышкы каникулу узартылган мектептерде мугалимдер жана окуучулар убакытты текке кетирбөөгө тийиш. Кышкы каникулду узартуу боюнча Билим берүү жана илим министрлиги чыгарган буйруктун талабы боюнча окуучу-мектеп-мугалим ортосундагы байланыш үзүлбөөсү керек. Каникул учурунда мугалимдер мектептин эшигин жаап коюп кетип калбай, ар кандай семинар, тренингдерди өткөрүп, кесиптик чеберчилигин жогорулатышып, алдыңкы мугалимдердин ачык сабактарына катышып, тажрыйба алмашып туруусу зарыл.
Мектептеги жүргүзүлгөн иш-чаралардан тышкары мугалимдер райондук, облустук деңгээлде билим өркүндөтүүчү курстарга катышууга тийиш. Бардык аймактарда облустук билим берүү институттары мугалимдерге өздөрүнүн кызматын көрсөтүшөт. Өткөн жылы министрлик ар бир областтын борборунда методикалык борборлорду уюштуруп, алардын окуу-материалдык базасын талаптагыдай чыңдап берген. Ошондуктан мугалимдердин бир бөлүгү өзү жашаган аймакта кесиптик чеберчилигин жогорулатып жатышса, экинчи бөлүгү Бишкекке келип Кыргыз билим берүү академиясынын Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуучу борборунда окуп жатышат. Бул жолку агымда билимин жогорулатууну каалаган мугалимдердин саны арбып, коюлган чектен эки эсе ашып кеткен. Мисалы, мектеп директорлорунун жана орун басарларынын семинарына 13 адамдын ордуна иш жүзүндө жыйырмадан ашык адам катышууда, ал эми кыргыз тили жана адабияты боюнча курста окуган мугалимдеринин саны эки эсе көп. Бишкекте курска келип окуп жаткан орус тили, англис тили, математика, физика, башталгыч класстардын мугалимдеринин да саны эсептен ашып кеткен. Бул каникул учурунда убактысын текке кетирбей билимин өркүндөтүүнү каалаган мугалимдердин саны арбын экендигин айгинелеп турат.
Каникул учурунда окуучулардын да убактысын туура пайдалануу үчүн атайын иш-чаралар уюштурулган. Алар үйлөрүндө бош жатпастан тез-тезден мугалимдери менен байланышып, ар кандай тапшырмаларды аткарып, көркөм китептерди окуп, илимий долбоорлорду жазуу менен алектенишет. Андан сырткары спартакиада, олимпиадалар өткөрүлүп, мыкты окуучулар республикалык сынактарга даярданышат. Мектептер аралык ар кандай мелдештер уюштурулат.
Мисалы, Ала-Бука районунун мугалимдери жана окуучулары каникул учурунда бир күн да бош калышпайт экен. Бул райондун мектептери "Үйдөн окуу" программасын колдоого алып, 9-январда жалпы окуучуларды чогултуп, бардык предметтер боюнча эки айлык, бир айлык жана он беш күндүк тапшырмаларды беришти. Андан сырткары адабий китептерди окуу, "Чыңгыз Айтматов жылы" боюнча дил баяндарды жазууга окуучулар арасында сынак жарыялашты. 1-4-класстар үчүн сүрөт тартуу, дил баяндарды жазуу тапшырмалары берилген.
Саламат жашоо жана окуучулардын ден соолугун чыңдоо үчүн 19-январдан тартып бул райондун окуучулары арасында спартакиада башталып, февраль айында мугалимдер ортосунда спорттук мелдештер жүргүзүлөт.
Мугалимдер арасында тажрыйба алмашуу максатында аталган райондо 10-январдан тартып ар түрдүү семинар, тренингдер өткөрүлө баштады. 14-февралдан тартып секциялык иштер башталып, ал райондук китепканачылардын семинары менен ачылды. 20-январда мектеп директорлорунун, 27-январда завучтардын, андан соң уюштуруучулардын семинарлары өтөт. 15-19-январда бардык предметтердин мугалимдери үчүн, 2-февралда бала бакчалардын жетекчилери үчүн тажрыйба алмашуу жыйындары жүргүзүлөт. Райондогу мыкты мугалимдер арасында "Чыгаан тарбиячы - 2008", "Чыгаан мугалим - 2008" сынактары 10-20-февралда өтөт.
Балыкчы шаарынын мугалимдери да бул учурду куру кетирбөө үчүн болгон аракеттерин жумшоодо. Аталган шаардын педагогдору 2-январдан бери Кыргыз билим берүү академиясында жана областык билим берүү институтунда окуп жатышат. Учурда мугалимдердин январь кеңешмесинде "Бүгүнкү жаңы социалдык-экономикалык шарттарда мектептерде окуучу жаштарды рухий-адептик жактан тарбиялоонун мазмунун жана усулдарын жаңылоонун жолдору" педагогикалык окуусу өтүүдө. Андан сырткары шаардык мугалимдердин тобу биргелешип "Жалпы билим берүүчү мектептердеги 5-9-класстары үчүн окуу китептери жана окуу программалары, билим берүүнүн сапатын баалоо боюнча куррикулумду" иштеп чыгуунун үстүндө иштөөдө.
Мектеп окуучулары болсо шаардагы "Жалын" балдар уюмунун, "Солнышко" куурчак театрынын өнөрпоздорунун өнөрлөрүнө күбө болушуп, "Биз таланттарды издейбиз", "Өнөр минутасы" ("Минута славы") сынактарына катышууда. Жогорку класстар арасында спартакиада, олимпиада өткөрүлүп, кыздар арасында "Кана эмесе кыздар!" кол өнөрчүлүк сынактары болот. Андан сырткары ар бир мектептин мугалимдери окуучуларына жеке тапшырмаларды берип, окуусуна жетишпеген окуучулар менен иштешүүдө.
Башка бардык райондордун мектептеринде дагы узартылган кышкы каникул ушундай иш-чаралар менен коштолуп, текке кетпөөгө тийиш. Айыл жеринде мектеп окуучулары тоого чыгып, чана, лыжа тээп, кышкы спорттук оюндардын түрлөрү боюнча мелдештерди өткөрүшүүдө. Мисалы, Түп районунда "Жаратылыш менен гармонияда" деп аталган экскурсия уюштурулуп, окуучулар анда коньки, лыжа боюнча жарышып, эң чоң, эң мыкты кар киши жасашты. Башталгыч класстын окуучулары үчүн "Кышкы пейзаж", жогорку класстар арасында "Кышкы сыйкыр" сүрөт сынагы жана "Мен кышты эмне үчүн жакшы көрөм" деген темада дилбаяндар конкурсун өткөрүү каралган.











??.??