presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Айтматов ааламы

Нукура дөөлөттү балдарыбыз кантип өздөштүрөт?
Элибиздин каны-жанынан жаралган "Манас" эпосу баштаган элдик чыгармаларга, улуттук философиялык ойлорго, нарк-насилдерге, адеп-актыкка сугарылган Чыңгыз Айтматовдун көркөм дүйнөсү - доорубуздун чыныгы сүрөткеринин түбөлүктүүлүктүн ички сырын өзүнө сыйдырган дүйнөлүк деңгээлдеги чыгармалары элибиздин руxаний кенчи, тиреги.

Эң жөнөкөй эл ичинен чыккан самарканддык абышка: "Жазуучу болсо ушундай болсун! Бүткүл дүйнөнүн кыйындыгын топтогон тура. Мына, сага эки Чыңгыз. Бири кылычын жалаңдатып, дүйнөнү жексен кылмакчы болгон эле. Биздин Чыңгыз болсо аалам кыдырып, тынчтык туусун желбиретип барат. Иши кылып өмүрү узун болсун", - дейт.
Ал эми француз жазуучусу, котормочу Пьер Фружъе болсо: "Чыңгыз Айтматов - Кыргызстандын дүйнөгө жасаган эң жакшы белеги, же болбосо Европада Чыңгыз Төрөкуловичти "Калем падышасы" деп аташат", - дейт.
Мына ушундай зор атакка жетишкен элибиздин сыймыгы, көптөгөн сыйлыктардын ээси Чыңгыз агайыбыздын чыгармаларын окуучулардын жүрөгүнөн түнөк таптыра албасак турмушка берген сабагыбыздын жугуму болбостур. Себеби жазуучунун чыгармачылыгынын негизи - адамзаттын чындыкка болгон тынымсыз умтулуусу.
Менин жыйырма алты жылдык иш тажрыйбамда улуу адамдын чыгармаларын окуучунун жүрөгүндө түнөк таптырууда бир топ түйшүккө салып келет. Жазуучунун берейин дегенин бере аламбы, жеткире аламбы, окуучу ушул турмуштук ар кандай сыноолордон, караөзгөй ойлордон каармандын таасири менен жол таап, жарык таап чыгып кете алабы деген ойлор жан дүйнөмдү кыйнап келет.
Жазуучунун чыгармаларын тааныштырууга окуу программасында 7-11-класстар үчүн 27 саат берилген. 7-класста "Эрте келген турналар" повестине 3 саат бөлүнгөн. 9-класста "Саманчынын жолу" повести 6 саат, 11-класстарды "Жамийла" 4 саат, "Делбирим" 3 саат, "Ак кеме" 2 саат, "Деңиз бойлой жорткон Ала дөбөт" 2 саат, "Гүлсарат" 3 саат, "Кылым карытар бир күн" 2 саат, ал эми "Кыямат" романы да 2 саат окутулат. Менимче, романдарга дагы саат көбүрөөк берилсе жакшы болмок. Ошол дүйнө белегинин чыгармаларын окутууну салттуу жана салттуу эмес типтерде уюштурса максатка ылайыктуу. Мисалга алсак: сабак-семинар, КВН-сабак, лекция-сабак, диалог-сабак, жалпылоо-сабак, конференция-сабак, кино-сабак, аңгемелешүү-сабак, сабак-кече.
Адабият сабагы "ыймандын жетилүү сабагы" деп бекеринен айтылбагандыр. Менин оюмча, адабият сабагында, айрыкча улуу жазуучубуздун чыгармалары менен окуучуну дүйнө таануу, адам таануу, адеп-аxлактык изденүүлөрдүн турмуштук ыйман жолун тандоонун жолуна алып келсек болот.

Чыгармалардан чыккан жыйынтыктагы ойлогон оюн, турмуштагы сүйүү менен жек көрүүсүн, кайгы менен кубанычын, окуучунун жеке идеал максаттарына умтулуусун образдардан издеп таап, ошол образдар менен кошо жашап, кошо күрөшүп, жаман жакшы жагын ылгап, улам өнүктүрүп баруусуна, өз багытын туура көрсөтүп турушу биздин негизги милдетибиз деп эсептеймин. Көп жылдык мугалимдик ишимде көбүнчө 9-11-класстарда сабак берип келе жатамын. Канчалаган "Саманчынын жолу" повесттин өттүм, көп жолу Толгонай эненин ролун саxнада аткарууга туура келди, бирок баары бир Касым менен Субанкулдун окко учканы жөнүндөгү кабарын, Майсалбектин апасына жазган катын окуучуларга жеткирүү мен үчүн өтө оордой сезилет. Канча жолу бул чыгармаларды өтүп, текст жат болуп калса да, балдарга жеткирүүдө мугалимдин жүрөгү эзиле каарман менен кошо кыйналып, ошол согуш абалындагы инсанга айланат. Ал эми ата-бабадан бери келе жаткан эң оор өкүм бул - каргыш. Ошол каргышка калган Жекшенкулдун эл - деп журттан куулушу, коомдон четтеши түбөлүк түрмөгө кесилген менен барабар эмеспи. "Адам сынынан чыгып, өмүрү жек көрүмчү болуп өтөрсүң. Сага факты да, жаза да ушул", - деген Толгонайдын сөзүн окуучуларга таамай жеткире билүү керек, талдоо керек. Ал эми Толгонай менен Алимандын ортосундагы байланыш - кадыресе бири-бирин түшүнгөн эне менен баланын мамилеси. Бири-биринин сырларын көз караштарынан, кыймыл аракетинен түшүнүп, сыйлап жашашы, Алиманга жасаган камкордугу - кайнене менен келиндин мамилесинин абдан бийик адамгерчиликке жана элдик педагогикалык салттарга негизделгендигин окуучуларга сиңирип баруу керек. Толгонай таалим-тарбия берген өзүнүн балдары биринчи муун, келини - экинчи муун болсо, үчүнчү муун - Жанболот. Толгонай эне аны карманат, ага каниет кылып жашайт. Ушул образ аркылуу окуучуларды сабырдуулукка, адамгерчилик бийик сапатка тарбиялоого болот. Муун аралык байланышка, адеп-аxлактын үй-бүлө мүчөлөрүнө өтүүсү деп аталган, жазылбаган жашоо мыйзамына үйрөтүү мугалимдин турмуш жана тагдыр алдындагы парзы болсо керек. Жазуучу айткан: "Эгерде сен адамдарга бүгүн керек болсоң, эртең да, бүрсүгүнү да керексиң", - деген ойду терең түшүнүүгө тийишпиз.
Жазуучу өз повесттерин опол тоодой ой-санаанын азабын баштан кечирип жүрүп анан жазса керек. Себеби чыгармаларынын көпчүлүгүндө неигзги өзөк болуп адамдын аруу сезими турат. Мисалы, арзыганынан жетерине жетип алып, бирок бактысын сактай албаган албуут кыялдуу Ильясты, Зарипанын ордун сыйпалап таппай калып, төөсүн сөгүп кубалап заманасы куурулган Эдигей аксакалды эстейли. Ал эми Жамийланын эски шинели менен тамтыгы чыккан өтүгүнөн башка дүнүйөсү жок Даниярды сүйүп, ээрчип кетүүгө мажбурлаган нерсе ошол адамда "ачыла элек сандыкта, бычыла элек кундуз бар" болуп катылып жаткан сүйүү деген асыл-нарк касиет эмеспи. Жамийланын жалжылдаган сулуу ажары, азоо кыял жоругу сандыкты ачып, кундузду бычып жатпайбы. Мына ушул көрүнүштөрдү талкуу түрүндө балдардын жүрөгүнө жеткиришке милдеттүүбүз.
Жазуучунун ар бир чыгармасын окуучуларга түшүндүрүүдө, улам кызыктырып, ойдон ой туудуруп, ошол ой учугуна жеткирбей, жогорулатып алып баруу керек. Окуучу "эми эмне болот, дагы кандай чара көрсө болот эле?" деген ойлор менен алпурушуп жүрүп олтуруу менен жазуучунун чыгармаларынын кемесинде сүзүшү керек.
Окуучуларды жазуучунун чыгармалары аркылуу азык берип бапестеп, талантына талант, шыгына шык кошууга бизде чоң мүмкүнчүлүк бар. Мисалы, 11-класста "Деңиз бойлой жорткон Ала Дөбөт" повестин өткөндө мугалим бир топ чайналышы мүмкүн. Тааныш эмес Айым-балык, тааныш эмес окуялар. Улуу Деңиз, улуу туман, ошол деңизде, арманда калган адамдар. Бул чыгарманын проблемасы, көркөмдүк түзүлүшү, философиялык негизи эмнеде экендигин төмөндөгүдөй чечмелеп түшүндүрүп барамын.
1. Проблемасы:
адам жана табият,
адамдын адамдык касиети - сапаты,
табият алдындагы улуулугу.
2. Көркөмдүк түзүлүшү
турмуш жана миф
реалдуулук жана шарттуулук
3. Философиялык негизи
адамдын жеңилбестиги
түбөлүктүүлүгү,
улуулугу.
Ушулар аркылуу чыгарманын мазмунун түшүндүрүп алып, жыйынтыгында каармандардын төмөнкүдөй сөздөрүн талкууга аламын.
- Бешенеге жазылган тагдырдан качып кутула албайсың. Кааласаң моюн сун, каалабасаң каршы тур, тагдыр ошонусу менен тагдыр.
- Мен ушул өмүрүмдө канча суу ичтим, аны сен билбейсиң, сен узак өмүр сүрүшүң керек, ошол үчүн….
- Өмүр жалган, өлүм ак. Өмүрдүн чеги жакын калганын билет карыя.
- Адам оозуна тамчы суу албай эки-үч күн жашай алат.
- Адам бекер жаралбайт. Ал тирүүлүктөн бир милдетти аткарганы туулат.
Тексттеги ушул ойлордун учугун улап ой-пикир жаратууга мүмкүнчүлүк берилет.
Ал эми "Гүлсарат" повестин өтүүдө, окуучуларга жеткирүүдө да көркөм тексттерден окуучуну ойлондура турган, жаңыча, туура жыйынтык чыгара турган абалга алып келүү керек. Чыгарманын мазмуну менен түшүндүргөн соң, каармандын сөздөрүнөн тарбиялык мааниси бар бөлүктөрдү алып аларды талкууга коюу керек.
- Картайыппыз. Мен да чуркагандан чаалыктым. Төрүбүздөн көрүбүз жакын калган тура… заман, коом, инсан.
- Жашоодо пенде көп, адам аз.
- Атанын ордун уул басат, уулдар тукум улайт. Атанын ишин улантат, бизден билимдүү, бизден бийик болушат, келечекте кем болбойт алар.
- Жакында элдин баары Европадагыдай болуп машина минип, бири-бирин машинесинин номурунан таанып калат го. Ата-бабанын өнөрүн унутат го…
Чыгармадагы жүүнү бош, бирок карьерист Танабайдын ташбоор уулу, өзүмчүл келини сыяктуулар мындан ары чыкпашы үчүн кандай иштерди жүргүзүү керек деген суроону окуучулардын талкуусуна коюу керек. Турмуш күрөшү: таланттуулуктун, талантсыздыктын, ак менен каранын, адилеттүүлүктүн, адамдын ыйык наамын, кыйроонун наркы менен келген жеңишти даңазалаган чыгарма экендигин ачып берүү керек.
Ал эми "Делбирим" повестинде баяндалган Ильястын, Аселдин татаал тагдыры канчалык даражада бүгүнкү күндүн турмуш проблемасын көркөм чагылдырылгандыгын чыгарманын киносун көрсөтүп анан талкууга аламын. Башка жазуучулардан зор айырмачылыгы менен баштан - аяк бүтпөгөн улуу талаш жүрөт. Жазуучу өзү белгилегендей, эзелтен чечилбеген улуу талашка окурмандарын чыгармалары менен ачып келди. Чыгармадагы:
"Бактылуу болгуң келеби? Анда эмесе, элден мурда кайгырганды үйрөн…
Жакшылык тилесек, баары жакшылык менен бүтөт… өтүнүч… үмүт…
Ишимден жолдошторуман, үйүмөн, элден айрылып жалгыз калганымда, кусаланып, эт-жүрөгүмдү эзилтип жүрдү.
Тагдырдын мага деген дагы бир жакшылыгы бар чыгар…
Алда апам ай, мени неге төрөдүң экен?
Ильястын ушул ойлору бүтпөгөн талашка алып келет. Адам өз бактысын өзү сактап кала албай, ажырап калышына өзү күнөөлүбү, же кандайдыр бир социалдык коомдук кырдаалдар ушундай оор тагдырга алып келдиби?"
Биз бул чыгармаларды 11-класстын окуучусуна же болбосо турмуш жолуна кадам таштап жаткан эртеңки келечек ээсине өтүп жаткандыктан ар бир каармандын кыймыл аракетин, сүйлөгөн сөзүн, турмушка болгон көз карашын жаап-жашырбай таасирдүү да, уккулуктуу да, тарбиялуу да жеткире билиш парзыбыз.
Так ушул чыгарманы өтүп бүткөндөн кийин "Делбирим - менин жан дүйнөм" деген дилбаян тапшырма берилген.
Дүйнө адабиятына аттын кашкасындай таанымал жазуучунун табиятынан акылга зиректиги, көп окуп, көп билүүгө аракеттенгендиги, ойчулдугун, изденүүчүлүк сапатын, сабырдуулугунун молдугунун өзү эле ар бир окуучуга өрнөк болору турган сөз.
Жазуучу өз чыгармалары менен: "Жаштык - табийгаттын эң кымбат белеги жана менин көз карашымда элдин кенчи. Ошондуктан бул жаштыкты бекер коротууга эч кимдин акысы жок, бул коомдук мүлктү ысыраптык менен түгөткөнгө барабар", - деген идеяны берет.
Айтматовдун ар бир чыгармасын окуп жатканда, өткөн күн менен бүгүнкү күн, учур менен келечек айкалышып келип, ал эч ким айта элек, эч ким кооздой элек турмуштун нечен кырдуу көйгөйүнө аралашып кетесиң. Өзүңө-өзүң суроо берип, жашоонун маңызын, турмуштун татаал табышмагын табууга, учурдун учугун улоого аракеттенесиң.
Улуу жазуучубуздун чыгармалары келечек муундарды өз каармандары аркылуу "Эгер сен адамдарга бүгүн керек болсоң, эртең да, бүрсүгүнү да керексиң", деген идеяны азык катары берип өмүр көчүн улай береринде шек жок.

Аширгүл Токтомаматова, Оштогу "Себат" кыздар лицейинин мугалими, Эл агартуунун отличниги.










??.??