Методика

"Ак кеме" повести ыйманга чакырат
Адабият, 11-класс

Сабактын темасы: Ч.Айтматовдун "Ак кеме" повестин жыйынтыктоо.
Сабактын мотиви: Чыгарманы жыйынтыктоодо "Ыйман-ынсаптуулук" деген девиздин негизинде окуучуларды ар түрдүү турмуштук кырдаалдардан туура жыйынтык чыгара билүүгө, татыктуу жашап, доордун агымында коомдо өз ордун туура таба билүүгө багыттоо.
Сабактын милдети:
1. РАФТ стратегиясын пайдалануу менен ар бир окуучунун аталган тема боюнча жекече көз карашка ээ болуусуна шарт түзүү.
2. Окуучуларды топто иштөөгө, бири-биринин пикирин уга билүүгө, талдоого, туура кабыл алууга, баалай билүүгө, жалпы бир жыйынтыкка келүүгө көмөктөшүү.
Сабак учуру:
Чакыруу стадиясы: Балдар, биз бүгүн силер менен Ч.Айтматовдун "Ак кеме" повестин жыйынтыктоо максатында "Ыйман-ынсаптуулук" деген темада оюбузду жазабыз. Бул чыгарманы окуп чыккандан кийин кандай ойдо калдыңар, кандай сезимдер пайда болду?
Түшүнүү стадиясы: Азыр текст жазуудан мурда чыгармачылык менен өзүңөр эмнеге жөндөмдүү болсоңор, ошого карата форма тандап алып, сөздү чечмелеп алалы.
(Р.А.Ф.Т. деген сөз чечмеленип, маркер менен доскага жазылат)

Кана эмесе балдар, азыр өзүңөргө роль, аудитория, форма тандап алып, аталган тема боюнча чыгармачылык менен бирден сап калтырып жазгыла (жаңы ойлорду, түзөтүүлөрдү киргизүү максатында). Жазган тексттерибизди автордук креслодо отуруп окуйбуз. (Класска атайын автордук кресло даярдап коебуз).
Ойлонуу стадиясы
1. Окуучулар текст түзүшөт: (болжол менен 10-15 мин убакыт берилет).
2. Текстти жазып бүткөндөн кийин окуучулардын санына жараша топторго бөлүнүшөт (3-4 ж.б.).
3. Жазган тексттерин топтордо окуп, талкуулап, өзүлөрүнүн чечими менен бир окуучу чыгарманын текстин автордук креслодо окууга сунуш кылышат. Кимдин ролун тандап, кандай аудитория үчүн жазылган, кандай форманы тандап алганын айтып темасын окушат. Айрым окуучулардын чыгармаларынан мисал келтиребиз.
Ырыстай: Роль - акын
Аудитория - элге
Форма - ыр
Тема - ыйман - ынсаптуулукка карата
Ырыскы берчи
Ырыскы берчи
Сүзүп келчи, ак кеме мага.
Керемет көлдө ак балык болуп.
Орозгул оен семирип бүттү,
Бугу эненин этине тоюп.
Көтөрө келчи арчадан бешик,
Көгөргөн токой купулга толсун.
Момпосуй берип момурап багып,
Момун атам бактылуу болсун.
Агарган таңда турнабай салып,
Аябай күтөм ак кеме сени.
Ак чабак болуп бооруңа кысып,
Жаныңа алгын дос кылып мени.
Карагай менен кайыңды сатып,
Орозгул деген xан болуп алды.
Буулугам ыйлап кайгыга батып,
Бугу эненин териси калды.
Күүгүмдөп көңүл муң зарга батып,
Күтөмүн жазда, күтөмүн жайда,
Ырыска бөлөп, бак таалай берип.
Алтындай жарк дээр ак кеме кайда?
Акакка бөлөп көгөргөн көлдү,
Ак чабак болуп ак кеме келчи.
Ботодой мени боздото бербей,
Ый эмес мага ырыскы берчи!
- Раxмат, Ырыстай. Кана балдар Ырыстайдын ырын уктуңар, эми ырга карата ой-пикирлериңерди айтсаңар болот.
Окуучулар ой-пикирлерин айтып жатканда, окуучу автордук креслодо отуруп угат. (Ой-пикир сылык, авторду сыйлоо менен, бирок ачык-так, туура айтылышы керек).
Изат: Менин оюмча, Ырыстай темасына жараша ырды жакшы жазган, баланын Ак кемеге аябай баргысы келгенин, күткөнүн жана Орозгулга карата жек көрүү сезими жана Момун атасынын бактылуу болушун тилейт. Ылайым эле ырыскы берчи элдин керегине жараган акын болсун деп айткым келет.
Максат: Роль - окуучу
Аудитория - жаштарга
Форма - чакырык
Тема - ыйман-ынсаптуулук
Ар бир адам ыймандуу, ынсаптуу болууга тийиш. Бул жазуучунун повестиндеги башкы маселелердин бири арабызда Орозгулдай адамдар болушу мүмкүн. Албетте, анын терс сапаттары көп. Анын паракор экенин, араккор экенин өзүнүн ордуна кайын атасы Момунду иштетип коюп, чоңдор келсе кордон кыдырып аң кыларын, үй салуучулар анын көзүн карап, алдына келип турарын, ал болсо карагайларды акчага, аракка айырбаштап сатарын, баласыз экенин, мас болгон күндөрү ошону шылтоолоп аялы Бекейди сабаарын, кайын атасына тил тийгизээрин, повестти окуп алып, кинотасмадан да көрүп, аябай бушайман болдум. Кыргызда "Жакшы болуш аста-аста, жаман болуш бир паста" деген эң сонун макалы бар. Келгилечи замандаштар, жаман жолго барбай, адам деген атты бийик сактап, ыймандуу-ынсаптуу бололу!
- Кана, Максаттын чакырыгына эмне демекчисиңер?
Мээрим: Менимче, Максаттын жазган тексти талапка жооп берет. Угуп отуруп Максаттын чакырыгына баардыгыбыз кошулгубуз келет.
Сабина: Роль - жазуучу
Аудитория - калайык калкка
Форма - дилбаян
Тема - ыйман-ынсаптуулук
Баланын эң сонун идеалы бар болгон, ал Бугу Эне жөнүндөгү жомок, бул жомокту таятасы Момун чал канча бир даярдык менен, убаракерчилик менен балага жеткирди. Баланын дүйнөсүндө биздин ата-бабаны кандай кыйын кезде Бугу эне сактап калганы жөнүндө, эми ага тийбеш керектиги жөнүндө, биз ага өмүр бою карыздар экендигибиз жөнүндө эң сонун ойду кабыл алып, ага ишенген Момун чал кайра өзү талкалап албадыбы. Кашыктап чогултканын чөмүчтөп чачып ийбедиби. Мына эми баланын ишенген эч кимиси жок жалгыз калды. Экинчиден баланын чөйрөсүндө Орозгул жашайт. Ал күчтүү, ушул жердегилердин өтүмдүүсү, ага эч ким кыңк эте албайт, айтканы айткан, дегени деген. Акырында баланын жомогунун эң сонун каарманы - Мүйүздүү Бугу эненин тукумун өлтүрөт. Бала аны менен күрөшүүгө азырынча алсыздык кылат. Ушундан көрө деп, Ак кемесине кетип калат. Бул повестти окуп баштаганыбызда балалыктын ажайып кооз дүйнөсүнө кирип, баланын романтикасына кошулуп, "ээр ташын", "таңке ташын" минебиз, китеп кабын колго алып кармалап көргөнсүйбүз, чөптөр менен сүйлөшөбүз, дүрбүсүн талашып, баланын Ак кемесин көрөбүз, чын эле ошол Ак кемеде атасы матрос экенине ишенип алабыз. Бала балык болуп алабыз. Ошол сүйүктүү каарманыбыз, бала жөн гана өлбөгөнүн, анын өлүмү эң зор күчкө ээ экенин сезебиз. Жаман нерселерге каршы кыянатчылыкка, жапайычылыкка, булганычтыкка, жаратылышты талап-тоноочулукка, ыймансыздыкка каршы келишпес күрөшкө көтөрүлөт.
- Кана Сабинанын дилбаянына эмне демекчисиңер?
Тынчтык: Менимче Сабинанын дилбаяны талапка жооп берет. Келечекте жакшы журналист, жазуучулардан бол деген тилекти айтмакчымын.
Сауле: Роль - окуучу
Аудитория - Мугалимге
Форма - Жомок
Тема - ыйман-ынсаптуулук
Бар экен, жок экен, илгери өткөн заманда көгүлтүр көлдүн жээгинде, Ала-Тоонун боорунда чакан токой кордону болуптур. Ал жерде үч түтүн эл жашаптыр. Ак ниеттүүлүк менен кара ниеттүүлүктүн ортосунда күрөш жүрөт экен. Ак ниеттүүлүктүн үлгүсү - Бала болуптур, таятасы Момун чал Балага кыргыздын ата-бабасынын өткөн күндөрүн айтып ыймандуу-ынсаптуу болууга тарбиялайт. Бала Бугу Эненин боорукерлигине, адилеттигине баш ийип аны өтө ыйык сезет. Кара ниеттүүлүктүн үлгүсү - Орозгул болуптур. Ал улууларды урматтап, кичүүлөрдү ызаттап, аялдарды сыйлаганды билбейт экен. Бала Орозгулдун айбанчылык иштери менен эч келише албайт. Таятасы Момун чалдын аң-сезими чектелүү, бир кезде Балага ак ниеттүүлүктү, ыймандуулукту үйрөткөнүнө карабастан, Орозгулдан коркуп касиеттүү Бугу Энени канга боеду. Момун чал көп учурда Орозгулдан коркот. Токой кордонунудагы жумуштан бошотуп жиберсе, кантип тиричилик кылам деп ойлойт. Бала дайыма таятасынын дүрбүсүн алып жүрөт экен. Мектебин, Ысыккөлдү дайыма карайт. Ал көлдү караганда баарын унутат, кайгысын да, коркконун да унутат. Ак кемесин көргүсү келет, көрбөй калса кусаланат. Тигине, Ак кеме! Арыба, Ак кеме! Мен сени көрүп турам, а сенчи... сен да мени көрүп турасыңбы? Бала кыялында балык болуп матрос атасына сүзүп кеткиси келет. Бала Орозгулдай адамдар менен келише албай дүйнөгө кандай таза абийир, менен келсе, так ошондой тазалык менен кетет экен.
Сауленин жомогуна да пикирлер айтылат. Сүрөтчүлөр "Ак кеме" повестине карата тарткан сүрөттөрүнө анализ беришет. Дээрлик бардык окуучулардын ойлору, пикирлери айтылат.
Синквейн
Ак кеме
Кооз, ыйык
Сүзөт, күттүрөт, келет,
Бала дүрбүсү менен караган
Ишеним
Үйгө тапшырма: Классташтарынын берген пикирлерин эске алуу менен тексттерин иштеп бүтүрүп келүү. Орозгул менен Момун чалга Вендин диаграммасын түзүү. Чакан дилбаян жазып келүү, элестетип сүрөтүн тартып, каалоочулар ыр чыгарып келүүгө уруксат берилет.

Мира Кыдырбекова,
Ысык-Көл областы, Ак-Суу району, Жаңы-Арык орто мектеби.