presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Өрнөк

Ташболот агай
Кезеги келгенде сөз алган ардагер мугалим Ташболот агайдын добушу илгеркисиндей эле анын кенен көөдөнүнүн тереңинен чыгып же бир ишарат, же бир кооз сөздөр менен коштолбосо дагы, чогулуштагы элдин баарынын көңүлүн өзүнө бурду:
- Канча мээнет, канча күч-каражат менен салынган имараттын бузулганына бир туруп ыйлагым келсе, бир туруп анын ордуна элди бага турган айыл өкмөтүнүн мындай жаркыраган үйүнүн турганына кубанам!
Албетте, анын сөзү бирөөнө жакса, бирөөгө жаккан жок, "ушундай жаан-жакшылыкта каяктагы ыйды айтат" деп. Бирок Ташболот агай чыны менен эле өткөндү эстеп жашый түшкөн, анткени 1952-жылы Таластагы Киров районунун Бакыян алты жылдык мектебине директор болуп келгенден тартып, ал кызматын мансап катары манчыркап алып жүрбөстөн, туура чейрек кылым бою мектептин материалдык-теxникалык базасын чыңдоо менен алпурушту. Башкача айтканда, мектептин имараты стандарттуу болбогондон кийин дайыма класстык же башка жайлар жетишпей, улам бир жерине шашылыш түрдө бир бөлүк курууга туура келип, акырында мектептин имараты чек арачылардын "блок-постторуна" окшош ондон ашык корпус болуп калды. Анан 1985-жылы Бакыян орто мектеби үч этаж болгон жаңы конушка көчкөндө, ал "блок-посттордун" эч кимге кереги болбой кароосуз калган. Ал эми 1995-жылдан тартып айылда мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү башталганда "үлүшүбүзгө тийген" деп ал корпустарды бирөөлөр энчилеп, экинчилери сатып алып, үчүнчүлөрү аны тополоңун чыгарып бузуп мындан 40-50 жыл мурун салынса да азыр бүгүнкүдөй сакталган кирпич, устун, тактай, шиферлери менен өзүмдүк үй салды. Жогоруда биз бул аңгемени ошол корпустардын бири бузулуп, анын ордуна жаңы салынган айыл өкмөтүнүн имаратын ачуу аземинен баштаганбыз. Бир кишинин курганын бир айыл эл али да бузуп бүтө элек; ортосунда кире бериши бар, эки жагында эки чоң класс окуучу түштүк жактагы бир чоң корпус азыр да турат.
1927-жылкы Ташболот Төрөгелдиевдин атына жараша заты да бекем болуп, сөөктүү узун бою али да 80 жашка моюн бербей ийилбеген боюнча; чоң мурундуу ормогой жүзү түктүйгөн кара каштуу сүрдүү көздөрү али да оттуу. Ал балалыгын жетимчиликте, жокчулукта өткөрүп жүрсө да тырышып жүрүп, Бакыян алты жылдык башталгыч мектебинин толук курсун бүткөндөн кийин өзүнө окшоп окуйм дегендерге илешип келип, Фрунзедеги №5 мектепти 1947-жылы бүтүрдү. Андан кийин Талас районунун Баркарык, Ключевка мектептеринде мугалим болуп иштеп жүрүп, 1951-жылы Бакыян алты жылдык мектебине окуу-тарбия иштеринин башчысы болуп келип, бир жылдан кийин директорлукка көтөрүлөт. Ал кезде кадрларды ошентип көп электен өткөрүшчү. Ошол учурда Бакыян мектеби "Бакыян" колxозунун контор, кампа-сарайларынын бир четинде жайгашып анан "Бакыян" колxозу ирилешип, "Бейшекеге" кошулганда анын бош калган имараттарын мектептин класс-комплекттерине, кызыл үй, спорттук аянтчалары, өнөркана менен көмүрканасына айландыруу жумуштары бир караганда оңой көрүнгөнү менен көзүндө гана эмес көкүрөгүндө да бар көрөгөчтүктү, ысырапка жол бербеген жоопкерчиликтүүлүктү жана жолдуу болчу жолоочудай табышкерлүүлүктү талап кылды. Бактыга жараша Төрөгелдиев Ташболотто ошондой касиеттердин баары бар болуп чыкты. Мугалимдердин баары да ошол учурдагы жалгыз пединституттан сырттан окушса да, билимдери бардык сабактардан бере турган көп профилдүү болуп чыкты. Оозунда сөзү бар, колунан көөрү төгүлгөн иштерман мугалимдер: Султанмуратов Ажымурат, Кабылбеков Сүйүтбек, Ажыбеков Нурманбет, Таштанбеков Өскөн, Акматов Канат, Токтогулов Айтназарлар Бакыян мектебинде ошондо иштешкен. Мындай мугалимдер өз заманын эң мыкты кадрлары эле. Алар сабак, учурунда балдарга жанын үрөп, билим берип, ал эми сабактан кийин мектептин курулушунда кара жумушчу: бири бригадир, бири уста-кыш койгуч, бири жыгач уста эшик-терезеге, көбү кара жумушчу, ылай ийлеп, кыш ташып… Директор өзүнүн үйүнө же бир мык, же такта албагандан кийин курулушчулар уурулукту ойлобостон, келишим менен акы алгандарына ыраазы. Мектептеги "улуу" курулуштан окуучулар да четте калбай жайкы каникулга өз "энчисин" бүтүргөндөн кийин гана кетет. Согуштан кийинки турмуштун тартыштыгы менен мектептин катуу тартибинен чыккан ошол окуучулардан кийин жалпы кыргызга белгилүү болгон күчтүү инсандар чыгат:
Абылгазиев Кыдыралы - СССРдин эмгек сиңирген финансисти;
Бошкоев Жоомарт - генерал, Афган согуштун ардагери;
Алтымышев Сейит - жазуучу, кыргыз тилинин Гимнинин сөзүнүн автору;
Сапарбаев Курманалы - жазуучу, Кыргызполиграфкомбинатынын башчысы;
Султанбаев Абдыкадыр - журналист, коомдук ишмер….
Ташболот Төрөгелдиев директор болуп турганда Бакыяндын мектебинин уясынан учкандарды "Булар бизде окуган" деп санай берсе, ошол учурдагы мугалимдердин сыймыктана тургандары адамгерчиликтери менен айырмаланып айылдын четинен чыгат. Тилекке каршы берген таалим-тарбиясы гана эмес, бүтүндөй өмүрү өрнөк болгон эски муундагы мугалимдердин көбүнүн көзү азыр өтүп кеткен, калгандары Ташболот агайга окшоп тагдырдын тамашаларына каяша берип келатат.
1976-жылы Бакыян жети жылдык мектеби орто мектепке айланып Төрөгелдиев Т. директорлук кызматынан түшөт. Бирок, ага чейин Ташболот агай Бакыян айылына 480 окуучу - орундук типтүү мектептин долбоорун ошол жылы жаңы уюшулган Ленинполь районунун курулуш планына киргизүүгө үлгүрөт. Т.Төрөгелдиевдин ал ою ишке ашып, 1985-жылы Бакыян орто мектеби үч кабаттуу типтүү мектептин имаратына көчөт. Тагдырдын буйругу менен бул мектептин имараты Совет доорундагы Таластагы акыркы салынган типтүү мектеп болуп чыкты.
Т.Төрөгелдиев 1991-жылы пенсияга чыккандан, мектепке мугалим болуп иштеген жок. Анткени анын принциби боюнча "Бөлөк замандын балдарын өзүнүн гана мугалимдери окутушу керек". Бирок мектепте өткөргөн өмүрүнө ыраазы. Бар сыйлыгы "Эл агартуу отличниги" деген төш белгиси болсо да аны менен абдан сыймыктанат. Себеби аны учурунда ысымдары легендага айланган мектеп директорлору: Раxманалы Осмонов, Амир Султанов, Нурия Жолоева, Сагын Абдылдаев, Бакир Миршакировдор менен иштеш, үзөнгүлөш, атаандаш болуп жүрүп "... мектептин материалдык - теxникалык базасын чыңдоодогу үлгүлүү эмгеги үчүн" болгон марафондук мелдеште жеңип алган.

Аскар Мамышев,
Кара-Буура району.




  Демилге

Барсыңарбы, Алыкулдун балдары?
Мектеп жана жогорку окуу жайлар программасына көп киргизилип, окуучулар менен студенттердин өтө кызыгуусуна арзыгандардын көч башында Алыкул Осмонов тургандыгына мезгил күбө. Бирок мунун да бир кемчилдиги бар. Ошол окуу китептериндеги гана чыгармалары, үзүндүлөрү жана эң жакшы дегенде мугалимдердин кошумча маалыматы менен гана чектелгендигинде. Себеби, акындын китептери тээ ХХ кылымдын 80-жылдарынан бери он миңдеген нускада жарык көрө элек. Бул жөнүндө канча айтылды. Же мамлекет, же жеке ишкерлер тарабынан тандалма томдугун, поэмалары менен уламыштарын, балдарга арнаган ырларын өз-өзүнчө, чекесинен чыгарууга чыгынуу деле болгон жок.

Ошол эле учурда "Ата Журтту Алыкулдай сүйөлү", "Сен ооруба, мен ооруюн Ата Журт" деген демдүү, бирок куру кыйкырыктар кулактын кужурун алат. Дагы кызыгы, "Ата Журтту" ырдап, обонун оболоткондорго эл артисти, лауреат деген наамдар ыйгарылып жаткандыгында. А эмне үчүн Алыкулду Алыкул кылып тааныткан, акындыгын кылымдан кылымга даңазалаган чыгармаларын ошол сыйлык, наам алып жаткандар XXI кылым окурмандарына тартуулоого көмөктөшпөйт? Ушул күйгүлтүктөн улам жана "Алыкул-95" мааракесине (2010-ж) карата бир ой, сунуш, максат, үмүт, тилек, ниет жаралып, ал жамы журттан болбосо да, Ала-Тоолук мүлдө агартуучулардан, адабият менен маданиятка күйгөн колу март ишкерлерден колдоо табар деп, ортого салып турган кербезибиз.
Мындан тышкары атактуу котормосу, кыргызчалап кайра жазган дастаны "Жолборс теричен баатырды" 7-ирет басып чыгаруу маселеси да маанилүү. Бул китебин жарыялоонун бир артыкчылыгы, мүмкүндүгү бардай туюлат. Кеп, анын турмушка ашар-ашпасында турат.
Чындык сүйүү-жарып чыгат зынданды,
Ал эскирбейт, жүздөп жылдап жол басат.
Ошондуктан, жети кылым өтсө да -
Чын ашыктык дайрасында ак чабак
Болуп сүзгөн күндөн сулуу Тинатин
Канат шилтеп дале кетип баратат - деп, Алыкул 1937-жылы жазгандан тарта котормого киришип, 1939-жылы апрель айында бүтүрүп, кол жазмасын басмага тапшырган. 1940-жылы "Жолборс терисин жамынган баатыр" Казань шаарында латын тамгасында басылып чыккан соң, тез эле кыргыз кыйырына таралат. Жыл айланбай Автандил, Тариэл, Нурадин, Асмат, Нестан, Тинатин аттуу бөбөктөр арча бешиктерге бөлөнүп, ата-энелерине жана Алыкулга өзгөчө кубаныч тартуулаганы маалым.
Акындын жүздөгөн башка адабий каармандарынын канчасынын ысымдары канчалык деңгээлде кастарланып келатканын билиш кыйын. Ал эми жолборс теричен баатырларынын аттары кыргыздыкынан айырмаланбай калганына, каарман балдары Алыкулдукуна айлангандыгына жетимиш жылдын санагы жакын калды. Соңку мезгилде деле ал ысымдар Ала-Тоо жергесинде көп коюлуп жаткандыгы чыгарманын улуттук руханий байлык деңгээлинде экендигине ынандырат.
Ошентип, Алыкулдун жети жаштан жетимишке чейинки балдарынын маалыматын топтоо, алардын социалдык абалын билүү, алардын атайын жолугушуусун адабий музыкалык кече же Каптал-Арык-Бишкек-Ала-Арча-Токмок-Чолпон-Ата-Жети-Өгүз багытындагы адабий сапар менен айкалыштыруу алыкултаануу тарыхындагы таалимдүү окуя болуп калмагы талашсыз.
Эң башкысы - ошол адабий каарман-балдарынын бардыгынын күчү же ишкер, ишмерлеринин каржылоосунда "Жолборс терисин жамынган баатырды" бастыруу ишке ашса, өзүнчө бир руханий тилектештиктин, Алыкул ашарынын улуттук биримдикти тастыктаган таасири күч тарбиялык сабак, үлгүгө айланмакчы. Ошондуктан, ушул улуу демилгени мугалимдер, окуучулар анын ичинде Алыкул атындагы жыйырма чакты мектеп жана жалпы эле окурман журту да колдоо менен эмитен өз үлүштөрүн кошууга аракеттениши абзел. Балким, акындын башка китептерин деле чыгарып жиберүүгө мамлекетибиз да көмөгүн көрсөтүүгө токтом алып жиберишине да жагымдуу жагдай түзүлүшү мүмкүн.


P.S: Алыкулдун жарым миңден ашык ырларында, ондогон поэмалары жана драмаларында жүздөгөн адам ысымдары, ошончо эле көлөмдө жер, суу, өлкө, шаар аталыштары учурайт. Аларды иликтөө өзүнчө эле кызыктуу машакат экендигин алыкултаануу илиминин азыркы өкүлдөрү, Алыкулдун жаңы күйөрмандары эсине алышса.

П.Казыбаев,
"Алыкул үй-борбору" коомдук бирикмесинин жетекчиси.










??.??