presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Улут дөөлөтү

КЫРГЫЗ КАСИЕТИ
Ар адам окчун өскөн дарактай болуп өзүнчө көрүнгөнү менен анын жан дүйнөсү адамзаттын улуу рухуна тамырлаш. Жалпы адамзаттын ошол рухуна жашоо берип, анын бир бөлүгү болуп түгөлдөп, адамга чыныгы кубат берген жана аны бүтүндөй аалам менен бириктирип турган касиети артык улуу күч эл-журтта, элдин жан дүйнөсүндө, салт санаасы менен маданиятында, намыс менен эркиндикти туу тутуп келген Манас баш болгон ата-бабалардын арбагында, Каныкей сындуу энелердин аруу тилегинде.
Азыркы жаш муундардын жанын арбап, акылын айнытып жаткан, улуттун тилин, улуу жомогун өзүнө жат кылып, бетке кармаган инсандарын шылдыңга алып көө сүртүп, касиетин кетирип келген ички жана сырткы күчтөрдүн башкы максаты мына ушул - биздин көкүрөктөгү духту өчүрүү.


Эмиль Каниметов, ф.и.к.

Ар бир адам болом деген инсан бул жашоодон өз ордун издейт. Ал эми анын ааламдан жана адамзаттын руханий дүйнөсүнөн ээлеген өз ордун табуусу үчүн алган чыныгы жолу улуттун жан дүйнөсү аркылуу өтөт.
Ар бир элдин жан дүйнөсү, маданияты - бул адамзаттын рухунун түркүктөрү. Элдин жок болушу, маданиятынын кыйрашы - адамзат дүйнөсүнүн жабыркашына, бара турган жолунан чыгып, талкаланышына алып келет.
Ошондуктан кулчулук менен көөдөндөн баскан көр тирликтен өйдө туруп чыныгы адам болом деген ар бир инсандын бир гана белгиси бар - ал өз эли-журтуна болгон чыныгы сүйүү, жан тартуу сезими. Адамкерчиликтин дагы, адилеттиктин дагы башаты ушул касиетте.
Элдин аруу сезиминен аттап өтпөй анын келечеги үчүн күрөшүү, дүйнөдөгү башка элдердин арасында өз ырыскысына өзү ээ болуп ордун табышын камсыз кылуу - бул адам болом деген ою көкүрөгүндө бар ар бир инсандын парзы.
Кыргыз элинин жалпы адамзаттын руханий жан дүйнөсүндө ээлеген өз орду, өз жолу бар. Анын орду да, жолу да улук.
Кыргыз эли башка өзүнө окшогон каны-жаны бир элдер менен бирдикте жер шарынын кургакчылыгынын так ортосунда орун алган, жердин өзөгүн түзүп турган тоо кыркаларында - Ала-Тоо, Алтай, Гималай (Кең Алай) үчилтигинде жайланышкан. Кыргыз элинин жана ага жакын элдердин географиялык жактан алган оруну адамзаттын руханий дүйнөсүнөн алган оруну менен аркалаш.
Аталган үчилтикте жайгашкан элдер руханий жактан дүйнөнүн тең салмактуулугун сактап, ары же бери чайпалып кетишине жол бербей теңдеп турган касиетке ээ.
Бул касиет акыркы кездерге чейин кыргыз маданиятында сакталып келген. Кыргыз руху ушул адамзаттын жан дүйнөсүн жолдон чыгып кетүүсүнөн сактоочу улуу касиетти алып жүргөн чөлкөмдүк маданияттын же улуу күчтүн өзөгүн сактап турат. Кара кыргыздар деп илгери ушундай улуу күчтүн өзөгүн жан дүйнөсүндө кармап турган түптүү элди айтышкан. Кыргыз элинин дүйнөгө болгон көз карашы, дүйнөтаанымы мына ушул касиетти, адамзаттын руханий дүйнөсүнөн алган орунду чагылдырат.
Элдин дүйнөтаанымына байланыштуу айта турган нерсенин биринчиси, кыргыз элинин улуттук структурасында, дүйнөтаанымында, жан дүйнөсүндө "оң" менен "сол", "катуу" менен "жумшак" сыяктуу категориялар бириккен. Анда адамдын жан дүйнөсүнүн түпкө карай кеткен ички аң-сезимдери, туюмдары менен акыл-эсин тең салмактуулукта сактап турган табигый касиет бар.
Жан дүйнөнүн түпкүрүнө карай кеткен ички аң-сезим-туюмдарды чыгарбай басып, илимий-практикалык иш аракеттерди башкы орунга коюу менен өнүгүү жолуна түшүү Батыш маданиятына мүнөздүү болуп, ал материалисттик-рационалдык маанайдын басымдуулук кылышына жана адамды дүйнөнүн борбору катары эсептеген солчулдуктун жеткен чегине алып келди. Алардын алган бул руханий багыты экологиялык кризисти ааламдык шартта курчутуп, ядролук курал-жарактын кескин көбөйүшүнө, адамзаттын, жаратылыштын табиятына зыян кылып, жер бетиндеги жашоону бузуп токтотуу коркунучун туудурууда.
Чыгыш, Күн чыгыш элдеринин маданиятына адамдын жан дүйнөсүнүн түпкүрүнө карай кеткен ички мистикалык аң-сезим-туюмдар, архетиптер басымдуулук кылып, адам ааламдагы мистикалык күчтөрдүн оюнчугундай эсептелип келген. Азыркы кездеги чыгыш элдеринин батыш цивилизациясынын артынан "сол" жакка оошу тең салмактуулукту калыбына келтире албайт.
Көп айтылып, жазылып келген көчмөндөр маданияты, дүйнөнүн өзөгүн түзгөн табият менен эриш-аркак болгон, түпкүлүгү туура маданият кыргыз элинин жан дүйнөсүндө, рухунда. Бул улуу касиет замандын шартына жараша жаңыланышы керек. Башкы маселе мына ушунда.
Азыркы замандын шартына жараша кыргыз маданиятында да ошондой руханий жаңылануу жана элдин улут катары дүйнөдөгү өз ордун, келечегин, тагдырын, өткөн-кеткенин таануу процесстери жүрүп жатат. Чоң нерсенин башы башталып, келечекке кетүүчү жолдун башаты ачылып жаткан кез. Кыргыз элинин руханий дүйнөсүнө чыныгы өзгөрүү алып келүүчү жаңылык жараткан руханий көрүнүштөр, көптөгөн адамдар күткөндөй академиялык чөйрөдө же официалдуу институттарда эмес, аз да болсо жазуу өнөрүнө аралашкан, салттуу эмес формада чыгарма жаратып, маалымат алууга тап койгон катардагы адамдардын арасынан байкалууда.
Кыргыз элинин келечеги бийлик, байлык, атак-даңк, акча жана өз башынын жыргалчылыгы үчүн башкалардын көңүл-жанын тепсеп, башын айландырып, алыскы-жакынкы "күчтүүлөргө", акчалууларга иштеген колдон суурулган шылуундарга байланыштуу эмес.
Эл тагдыры акты-караны ажыратып, чыныгы Кудай жолуна түшүүгө мүмкүнчүлүктөрү бар, жаратылышы аруу адамдарга жана алардын уюмдашып жалпы эл үчүн чогуу аракет кылуусуна түз байланышуу.
илгери мындай эл жакшылары, азыр "элита" деп аташкан журт тагдырын аркалаган адамдар 1916-1920-1930-жылдарда жана кийинки кезде гана эмес, илгерки заманда да ички-тышкы күчтөрдүн аракети менен жок кылынып келген жана келечекте мындай көрүнүш кайталанбайт, деп ишенип айтууга мүмкүн эмес.
Заман кандай болгон күндө да келечек жана актык үчүн күрөшүү ар муундун милдети, жашоо парзы. Азыркы дүйнөнүн өнүгүү багытын изилдеп, талдап караган адамдар үчүн дүйнөдөгү элдердин гана эмес жалпы эле адамзаттын тагдыры биз ойлоп, түшүнгөндөн да ары татаал, ары опурталдуу боло тургандай көрүнөт. Азыр биздин өлкөдө болуп жаткан оң-тескери көрүнүштөр көп жагынан ушул учурда дүйнөлүк коомчулукта болуп жаткан өзгөрүүлөр, ар кандай күчтөр жана мамлекеттердин аракеттери менен шартталууда.
Кыргыз элинин да көпчүлүккө сезилип сезилбей өз тагдыры, ата-бабадан калган аруу тилектери үчүн жүргүзүп жаткан күрөшү көрүнүп-көрүнбөгөн абдан чоң тоскоолдуктарга учуроодо.
Эл тагдырын боолголоп, заманасы тарып, кабыргасы кайышып турган кыргыздын уул-кыздары, алардын эл-журт бололук деп кылган аруу тилектери менен аракеттери дүйнөдөгү башка көптөгөн элдердин жана алардын алдыңкы адамдарынын караңгыдан жарык издеп адамзаттын келечеги үчүн кылган иштерине, "кылыч мизинде кырчылдаган" өмүрүнө тагдырлаш.
Дүйнөнүн ар кандай бөлүктөрүндө биздин боорлоштордун өз элинин тагдырын башка элдердин, адамзаттын келечегине байланыштырып, агымга каршы туруп кылган аракети, миң кубулган арамзаларды айланып өтүп, түз байланышка чыгуусу - бул биздин келечегибиздин өбөлгөсү.
Ушул кезде, кыргыз элинин салижандай сынчылардын ирониясына кабылып турушунун негизги себеби - интеллектуалдык жана рационалдык сапат-өзгөчөлүктөр башкы орунду ээлеп турган азыркы цивилизациянын шарттары менен талаптарына ылайык ички потенциалын жаңылантып, трансформациялап, дүйнөлүк маданият жеткен жаңы деңгээлде же формада жаратылышында жаткан духту ойготуп, өз жүзүн өзү ачып кете албай турган абалында.
Азыркы цивилизация жогорку деңгээлдеги ачык-айкын иштеген акыл-эс менен абстракциялык логика, темирдей такшалган ички дисциплина жана тактык сыяктуу касиеттери менен өзгөчөлөнгөн адамдары менен айырмаланууда.
Ал гана эмес, дене түзүлүшү, сезим органдары, организми да азыркы заманга, анын техника чөйрөсүнө жараша калыптанган, жаңыланган, өнүгүп-өскөн адамдарды талап кылууда.
Тилекке каршы, совет доорунда башталып, башаты ачылып, ушул багытта кетип бара жаткан жаңылануу процесстери толук кандуу улантылып, оргу-баргы болуп өрчүп кете албай турат.
Кыргыз маданиятын жана искусствосун терең изилдеген эмгектер көрсөтүп тургандай, элдин ички потенциалында жана жаратылышында абдан чоң мүмкүнчүлүктөр сакталып, катылып турат. Кыргыз маданиятына жана элине таандык башкы багыт, негизги айырмачылык - бул башка тилдүү адабияттарда дух (башкача айтканда, эрк, ички кубат, эрдик, баатырдык, аруулук ж.б.у.с. касиеттердин жыйындысы) деп аталган касиеттин өз өнүгүүсүнүн эң жогорку баскычка жеткендигинде.
"Манас - бул дүйнөлүк духтун туу чокусу" (Ч.Айтматов) же "Манаста" айтылгандай Манастан мурун да, кийин да андай болуп бийик чекке жеткен духу, эрдиги, баатырдыгы, айкөлдүгү ашкан адам төрөлгөн эмес деген сөздөр да, биринчи иретте, дал ушул жалпы элге таандык өзгөчөлүктү жана кыргыз эли менен бирге ага руху-духу жакын элдер аркалаган дүйнөлүк миссияны, руханий милдет менен орунду көрсөтүп кабар берип турат.
Кыргыз эли ар түрдүү себептерден улам, традициялык маданият деп аталган ошол көчмөн замандарда калыптанган бийик руханий касиетти, өзүнчө бир уникалдуу маданиятты жакынкы мезгилге чейин сактап келди.
Ушундай көкүрөктү аралап өтүп, каректен аккан жаш сымал жан-дилди дирилдеткен аруу нерсени сактап калып, жаңы формада жаңылантып ачып, келе жаткан көчтү улап кете алабызбы же деградация дагы улантылып, кумга сиңгендей жок болобузбу, бул жөнөкөй маселе эмес. Бул маселенин чечилишинин дүйнөлүк маданият менен, адамзаттын руханий дүйнөсү жана анын келечек тагдыры менен түздөн түз байланышы бар.
Кыргыз эли жок болсо, адамзат жок болот деген сөздүн түпкү төркүнү мына ушунда.









??.??