email • архив • редакция 



Кышкы каникул уюшкандыкта өтсүн
Билим берүү жана илим министрлиги электр менен жылытылган мектептерде узарт ылган кышкы каникулдун талаптагыдай өтүшүнө такай көзөмөл салууда.
Жаңы жылдын алгачкы күндөрүндө эле министрдин орун басары А. Г. Иванников Чүй областындагы райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн башчыларын жыйнап, кеңешме куруп, кышкы каникулду уюштуруу маселесин талкуулап, тийиштүү көрсөтмөлөрдү берди.
Министрдин орун басары ушул эле маселе боюнча 10-январда Каракол шаарында райондук жана шаардык билим берүү жетекчилерине жыйын курду. "Кутбилимге" жеткен маалыматтарга караганда, Ысык-Көл областында жергиликтүү бийлик электр менен жылытылган мектептерде кышкы каникулду февралдын аягына чейин узартып отурбай, 19-январдан окуу процессин баштай берүүнү чечкен. Министрликтин жетекчилиги бул чечимге каршы болуп, натыйжада көл зонасындагы мектептерде кышкы каникул мурда министрлик бекиткен тартипте жана мөөнөттө өтмөй болду.
Быйыл электр каатчылыгынан улам ББИМ электр менен жылыган мектептерде кышкы каникулду 1-январдан 28-февралга чейин узартууну чечкен. Анткени электр кубаты үзгүлтүккө учурап жаткандыктан мектептерде суук болуп, балдардын саламаттыгына залака тийиш коркунучу бар эле. Экинчиден, бүтүн республика боюнча электр кубатын үнөмдүү пайдалануу зарылдыгы курч турган маселе болуп саналат.
Январь жана февраль айындагы сабактарды окуучулар жазгы жана жайкы каникулдун эсебинен окуп, кубалап жетишмекчи. Кышкы каникул узартылган мектептерде бүтүрүүчү класстар үчүн ( 9-11-12) сабактар 6-июнда аяктоого тийиш. Бүтүрүү экзамендери 8-25-июнда өткөрүлөт. Ал эми 1-4, 5-8, 10-класстарда сабак 13-июнга чейин созулат. Жыйынтыктоочу экзамендер 15-20-июнда жүргүзүлөт.
Министрликтин эсебинде, кышкы каникул республика боюнча электр менен жылыган сегиз жүздөн ашык мектепте узартылды. Кышкы каникул узартылган мектептерде мугалимдер областтык методикалык борборлор уюштурган курстарга барып кесиптик чеберчилигин өркүндөтүү менен алек болмокчу. Ал эми окуучулар да күндөрдү бош кетирбей мектептен тышкаркы ар кандай маданий-спорттук иш чараларга катышып, саламаттыгын чыңдап, мектеп программасына кирген көркөм адабияттарды окуп, кругозорун кеңейтип, каникулду пайдалуу өткөрүүгө тийиш.

К.Чекиров,
"Кутбилим"