presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Министрдин иш сапары

Билим берүү жана илим министри Ишенгүл БОЛЖУРОВА:
"КАНИКУЛДА БАЛДАР ДА, МУГАЛИМДЕР ДА БОШ КАЛБАСЫН"
Өткөн жуманын аягында Ишенгүл Болжурова Чүй облусунун Кемин жана Чүй райондорунда болуп, ал жердеги мектептердин абалы менен жеринен таанышып кайтты.

Министр баштаган топ Кемин районунун Кайыңды №1 мектебинде, Кызыл-Байрак орто мектебинде жана Кеминдин борборундагы №1 орто мектепте, ал эми Чүй районундагы Маданият айылында жайгашкан Калчы атындагы жана Дон-Арыктагы В.Марков атындагы мектепте болушуп, бул мектептердеги окуу тарбия процессинин жүрүшү менен таанышып, кенже класстардын балдарына берилип жаткан тамакты көрүштү. Кемин районундагы бир катар мектептерде башталгыч класстардын окуучулары үчүн бир маал тамак уюштурууда ашпозчулар жетишпей жаткандыгы белгиленди. Ашпозчунун штаттык бирдиги жана ашкана кызматкерлерине тиешелүү маселени айыл өкмөт башчылары чечип берүүлөрү тийиш болсо да, жергиликтүү бийликтин кээ бир өкүлдөрү али бул ишти созуп жатышкандыгы түшүнүксүз.
Сапары карып бара жаткан жыл - Айтматов жылы катары тарых барактарында калаары маалым. Министр И.Болжурова барган бардык мектептерде 12-декабрь - улуу жазуучубуздун туулган күнүнө карата атайын иш-чаралар, класстык сааттар өткөрүлүп, стенгазеталарда анын басып өткөн жолу, чыгармалары чагылдырылган.
Ишенгүл Болжурова чүйлүк мугалим журту менен жолугушууда мектептердеги окуу тарбия процесси жана кышка камылгалары туурасында аңгемелешип, агартуучуларды алдыда келе жаткан жаңы жылдары менен куттуктады. Ал өз сөзүндө балдарга билим-тарбия берүү майданында үзүрлүү эмгектенип жаткан агартуучулардын ак жүрөк аракетине жогору баа берип, бул тармакта өз кесибине күйгөн чыныгы патриот мугалимдер гана калышканын айтты.
- Мен жакында эле Билим берүү министрлеринин 48-конференциясына катышып келдим. Ага дүйнө жүзүнөн 140 министр катышты. Ошол конференциянын жүрүшүндө анын катышуучулары Кыргызстан өзүнүн экономикалык мүмкүнчүлүгүнүн жетишсиздигине карабай, билим жаатына өтө зор маани берип, чоң ийгиликтерге жетишип жаткандыгын баса белгилешти. Буга биз сыймыктанабыз, - деди министр.
Ал өз сөзүндө мамлекет тарабынан акыркы 3 жылда билим берүү системасына жакшы көңүл бөлүнүп жаткандыгын, айрыкча, президент К.Бакиевдин жеке демилгеси менен жаңы мектептер курулуп, жаңы окуу китептери басылып, жергебиздеги мектептердин дээрлик бардыгы компьютерлештирилип жаткандыгын белгиледи. Айрыкча "Билим берүү жөнүндө" мыйзамдын 32-статьясын иштетүү көзөмөлгө алынып, мугалимдер көп жылдан бери ала албай келишкен педстажы үчүн кошулган кошумча акчаларды ала баштаганы да кубанарлык жаңылыктардан экендигин айтпай кетүүгө болбойт.
Коомчулуктун кабылдоосу ыкчам өзгөрүп, өнүгүп бараткан ушул шартта билим берүү системасы да мезгил менен кадамдаш алдыга өнүгүшү зарылдыгын баса белгилеген И.Болжурова андан аркы сөзүндө билим берүү системасын реформалоо зарылдыгына токтоду. Анын баамында бул системадагы реформа жыйынтыгына, натыйжасына басым жасалып жүргүзүлүшү керек жана инновациялык жана өнүп-өнгөн методдору кеңири пайдаланылганда гана жогору карай өсүү болот. Мында жеке адамдын чыгармачылык потенциалын ачуу, калктын бардык катмары билим алышына жетишүү жана билим деңгээлин жогорулатуу негизги максат. Андыктан азыр мектепте билим берүүнү өнүктүрүүнүн негизги милдеттеринин бири - бул анын мазмунун жана окутуу методдорун жаңыртууга жетишүү.
Учурда Билим берүү жана илим министрлиги бардык күч-аракеттерин ушул багытта иш алып барууга жана бул тенденцияны сактап калууга жумшоодо. Министрдин айтымында ал билим сапаттуу да болушу талапка ылайык. Соңку мезгилде мугалимдердин колундагы окуу пландарына бир топ өзгөртүүлөр киргизилип, жаңы муундун мамлекеттик билим берүү стандарты иштелип чыкты. Бул бир нече жолу кайра каралып, өзгөртүлүп чыккан. Билим берүү саясатында жүргүзүлүп жаткан изилдөөлөр учурда пайдаланылып жаткан куррикулумдун структурасында жана маанисинде жетишсиз жактары бар экендигин айкындады. Бул - окутуунун конкреттүү максаттары жана белгилүү өлчөмдөгү натыйжалардын жоктугу, окуу программалардын ашыкча жүктөлүшү ж.б.
Учурда мектептеги окуу программаларынын бардык системасы Алкактуу улуттук куррикулумдун жанан предметтик куррикулумдарды разработкаларынын натыйжасына шайкеш которулушу приоритеттүү болуп саналууда. Азыр мектепте балдарга нагыз академиялык билим берүү эле, ал алынган билимди бала турмушта пайдаланышына жетишүүсүнө өбөлгө түзүү талапка ылайык.
Директорлор корпусуна кайрылган И.Болжурова аларды мыкты топ-менеджер болууга, проектилерди жазып, гранттарды утуп, ал каражаттарды мектепти өнүктүрүүгө, мектептерде бөбөктөр үчүн мектепке чейинки мекемелерди ачууга жумшоого, баланын окуу-тарбия иштерине ата-энелерди активдүү тартууга чакырды. Ал ошондой эле жергиликтүү айыл өкмөт башчылары менен тыгыз кызматташтыкта иштешип, мектептин инфраструктурасын жакшыртууга, жаш адистерге колдоо көрсөтүүгө, балдар үчүн сапаттуу тамак-аш уюштурууга жетишүү зарылдыгын белгиледи. Жаңы жылдан кийин башталган кышкы каникул учурунда мектеп директорлору окуучулар жана мугалимдер үчүн эс алуучу маданий иш-чараларды, ал эми тиешелүү мугалимдерге квалификациясын жогорулатуучу курстарды уюштуруулары зарыл.
Элет мугалимдери менен баарлашкан министр жолугушуунун соңунда республика боюнча өспүрүмдөрдүн кыймылын жандандырганда гана балдар керексиз иштер менен алагды болушпай, бош убактысын пайдалуу жумшаганга жетишмек деди. Бул иште мугалимдерге жардам иретинде учурда министрлик балдардын жана өспүрүмдөрдүн кыймылы жөнүндө токтом даярдап жатат. Мындан тышкары мыкты жетишкендиктери менен айырмаланган мугалимдерге колдоо көрсөтүү максатында ар кандай конкурстар өткөрүлүп турмакчы.

Айнагүл Кашыбаева,
"Кутбилим".










??.??