9-декабрь - Коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү

ЖОЖДОРДОН КОРРУПЦИЯ ЖОГОЛСУН!
9-декабрда Кыргызстандын жогорку окуу жайларында коррупцияга каршы ар кандай иш-чаралар өткөрүлдү.
Билим берүү жана илим министри Ишенгүл
Болжурованын буйругу боюнча бардык билим берүү мекемелеринде "Мен коррупцияга каршымын" деген темада дубал газеталардын, окуучулар арасында "Мектепте коррупция барбы? Ага кантип каршы турууга болот", студенттер арасында "Биз таза сессия үчүн" деген дилбаяндардын сынагы өткөрүлүүдө. Коррупцияга каршы күрөшүү акциясынын негизинде 9-декабрда Бишкек шаарындагы бир топ жогорку окуу жайлардын студенттери паракордун сөлөкөтүн өрттөштү.
Каршылык акциясына Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин студенттери да кошулуп, паракордун сөлөкөтүн жасап алып, окуу жайдын башкы корпусунун алдында өрттөштү. Анда чогулган студенттерге окуу жайдын жетекчилиги жана алдыңкы студенттер түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, студенттерди алдыда келаткан кышкы сынакта коррупцияга жол бербөөгө чакырышты. Алар мындай иш-чара алдыдагы кышкы сессияга кичине болсо да таасирин тийгизет деп эсептешет.
КУТУнун жетекчилиги коррупцияны алдын алуу боюнча көп чаралар көрүлүп жаткандыгын белгилешти. Мисалы, окутуучулар жана студенттер курамынан турган Коррупцияны алдына алуу комитети түзүлгөн. Ал комитет жылына төрт жолу, ар бир сессиянын алдында жана бүткөндөн кийин студенттер арасында "Окутуучу студенттин көзү менен" деген сурамжылоо жүргүзүп турушат. Сурамжылоонун жыйынтыгында кайсы окутуучунун деңгээли төмөн болуп калса ошол окутуучу менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, кийинки окуу жылында ошол мугалим менен келишим түзбөй коет. Ал эми сессия жүрүп жаткан кезде дайыма "Адилет сессия үчүн" деген кутучалар коюлуп, ишеним телефондору иштеп турат. Айрым учурларда окуу жайдын Коррупцияны алдын алуу комитетине студенттер өздөрү келип, "тигил же бул окутуучу акча сурап жатат, же акча чогултуп жатат" деп өз ыктыярлары менен келип, айтып турушат. Кээ бирлери "Мен сабактардын баарын билем, бирок мугалим ага карабай акча сурап жатат, менден экзаменди комиссия менен алгыла" деп да келген учурлары кездешет.
Окуу жылынын башында болсо ректор М.Жаманбаев өзү 1-курстун бардык студенттери менен жолугушуп, анда алгач эле студенттерге "Өз күчүңөр менен окугула, окутуучуларга акча бербегиле, эгерде алар акча сурашса бизге келип айткыла" деп айтып турат. Сессия учурунда университеттин китепканалары кечки саат жети-сегизге чейин, ал тургай дем алыш күндөрү да иштейт.
Аталган окуу жайдагы көңүлгө ала турган жагдай, быйылкы кышкы сессия 1-курстун студенттери үчүн мурунку калыптанып калган салттан башкача өтөт. Университеттин жетекчилиги коррупцияны алдын алуу үчүн эксперимент катары экзамен, зачетторду компьютердик тестирлөөдөн өткөрүшөт. Анда экзаменди окуткан мугалим эмес экзамендик комиссиянын мүчөлөрү алат. Себеби, экзамен учурунда сабакты окуткан мугалим менен студенттин байланышы жок болгондо гана студенттин чыныгы билими, окутуучунун өткөн сабагынын деңгээли билинип, акча алган мугалим болсо студентти кыйнай албай, акча ала албай калат. Окуу жайдын жетекчилиги мындай ыкма аз да болсо коррупциянын жолуна бөгөт коет деп эсептешет.
Дагы бир паракордун
сөлөкөтү Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинде өрттөлдү. Бул окуу жайдын студенттери да жаман илдеттен кутулуунун убагы келгенин, аны менен баарылап күрөшө тургандыктарын билдиришти. Аталган университетте коррупцияны алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери кышкы сессия бүткөнгө чейин жүргүзүлөт. Студенттер арасындагы "Мен коррупцияга каршымын" аттуу дубал газета жана "Биз таза сессия үчүн" деген темадагы дил баяндар сынактарынын жыйынтыгы декабрь айынын аягында чыгарылат.
Эми кышкы сессия жакындап калгандыктан түшүндүрүү иштери күч алып, "Адилет сессия үчүн!" аттуу акциясы улантылат. Албетте, сессия учурунда студенттердин баардыгы эле пара алып жаткан окутуучуларынын атын ачык айтканы менен өздөрүнүн атын жашырышат. Ошондой учурларга атайын ишеним кутучасы, ишеним телефондору жыл бою иштеп турат. Аларга түшкөн каттар жашыруун болсо дагы окуу жай жетекчилиги иликтөөгө алып, "паракор" аталган окутуучуга катуу чара көрүп, эмгек жамааттын жыйындарына салып, уяткарышат. Бул университетте дагы студенттер сессияларын жазуу түрүндө жана компьютердик тестирлөө боюнча беришет. Окуу жайдын жетекчилеринин айтымында, мындай ыкма аз болсо да коррупциянын алдын торогонго салымын кошуп келет.

Билим берүү жана илим министрлиги коррупция менен күрөшүү боюнча жыл сайын бир топ чаралар көрүп келет. Былтыркы окуу жылында кышкы жана жайкы сынактарда бул илдеттин жолуна бөгөт коюу үчүн "Адилет сессия үчүн! Билимди сатып ала албайсың" деген акция жүргүзгөн. Акциянын алкагында сессия учурунда министрликте бир ай бою ишеним телефондору, студенттердин жашыруун кайрылуу каттары үчүн атайын ишеним кутучасы иштеген. Акциянын алкагында билим берүү жана илим министри Ишенгүл Болжурованын буйругу менен сессиянын жүрүшүн көзөмөлгө алуу үчүн атайын үч текшерүүчү топ иштеген. Алар массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен бирге бөлүнгөн тартип боюнча региондордогу, борбордогу мамлекеттик, мамлекеттик эмес жогорку жана кесиптик окуу жайлардын бардыгын текшерүүдөн өткөрүшкөн. Текшерүү сессия учурунда экзамен, зачетторду алууда ар бир окуу жайда ар кандай кемчиликтер, тартип бузуулар көп экендигин көрсөткөн. Өзгөчө экзамен, зачеттор учурунда алынбай, ведомосттор учурунда жабылбай, өз каалагандарындай кылып жаткан фактылар катталган. Мындай фактылар боюнча министрлик тарабынан ар бир окуу жайга эскертүүлөр берилген.
Ал эми сессия учурунда министрликте иштеген ишеним телефондоруна эмнегедир телефон чалуулар аз болгон. Баарыбызга белгилүү болгондой, ар бир окуу жайда акча топтомой, ар кандай белек-бечкектерди бермей адаттар бар. Бирок бардык эле студенттердин же ата-энелердин бул туурасында министрликке так, толук маалымат бергенге кудурети жетпей келет. Ишеним телефонуна жана кутучага жашыруун маалыматтарды бергенден да коркушат. Министрликтеги ишеним телефондоруна түшкөн жашыруун доо, арыздар дагы иликтенери эскертилсе да эч ким батынып, маалымат бере алган эмес. "Ооруну жашырсаң өлүм ашкере кылат" дегендей, эч качан, эч нерседен коркпой баарын ачык айтып, ортого салсак бул илдеттен кутулуу кол алдыбызда.
Билим берүү жана илим министрлиги маалымдагандай, бул жылы дагы акция улантылып, сессия учурунда бардык окуу жайлар көзөмөлгө алынып, ишеним телефондор, ишеним кутучасы иштейт. Министрлик студенттерди жана окутуучуларды, окуу жай жетекчилерин алдыдагы кышкы сессияны таза, адилет өткөрүүгө чакырат.

Чолпон Кийизбаева, "Кутбилим".