presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Омоктуу ой-азыгы

Дүйнөлүк туу чокудагы Айтматов
Алтын башат
Элестетсеңиз, бет алдыңызда-колоттун таманында айланасына жалбыз өскөн мөлтүр башат, ал "кайнар булак", "машат", "мөл булак" деп да айтыла берет. Үңүлүп башаттын көзүн тиктесеңиз, суу бүлк-бүлк этип, түбүнөн арууланып, түбүнөн асылданат.
Так ушул мөлтүр башат сыяктуу кыргыз элинин улуттук акыл-эси да ар дайым түбүнөн кайнап, түбүнөн тазарып турат. Болгондо да мындай тунукталуу, кайноо жана асылзадалануу тынымсыз улуу "Манас", макал-ылакаптар жана комуз күүлөрү менен жүрөт. Бул өзгөчө кубулуш, аны Батыштын, Чыгыштын таасирлери менен далдаалап, кунарын учуруп көрсөтүүгө болбойт. Мындай басмырлап көрсөтүү улутка жасалган текеберлик болуп саналат. Демек, улуттук акыл-эс, жашоо ыңгайы алтын башат сыңары түбүнөн кайнап, тунуп жана арууланып, мезгил-мезгили менен топ жарган, эли үчүн башын токмок, каруусун казык кылган, уулдун учуна, кыздын кыйырына чейин айтылар айкөл, теңиз, көсөм эр азамат уул-кыздарын жаратып турган. Алар чолуп-чолуп эле четинен айтсак: Акбалта, Бакай, Кошой, Чыйырды, айкөл Манас, Каныкей, Барсбек (Ынанчу Алп Билге), Жаңыл Мырза, Эр Солтоной, Сагымбай, Саякбай, Жусуп Мамай, Калыгул, Арстанбек, Жеңижок, Барпы, Атай, Ыбрай, Карамолдо... Ошолордун бири - Чыңгыз Айтматов!
Ошентип, Чыңгыз байкебиз улуттук кыртыштын өзөгүнөн тунуп чыккан улуу жаратмандык. Ошого карабай, Чыкебиздин чыгармаларын "Батыш менен Чыгыштын синтезинен (ширешүүсүнөн) бүткөн, ошондуктан адамзаттык деңгээлге көтөрүлгөн" деген сыяктуу ой жүгүртүүлөр, балким, улуу жазуучунун стилине тиешелүүдүр, бирок мазмунга карата алганда, суу кечпейт.
Мисалга бир эле маңкуртту жана маңкуртчулукту алсак, маселенин чоо-жайы ачык-айкын болот. Маңкурт - бүгүнкү күндө мүлдө адамзатка таандык, актуалдуулугун жоготпогон жана дүйнөнүн чартарабына кенен таралган түшүнүк. Маңкуртчулук адамды өз кыртышынан ажыратып, андагы улуттук рухту глобализация, цивилизация, массалык маданият сыяктуу көшөгө менен ачык да, жабык да жүргүзүлгөн каражаттар аркылуу соолтуп, анан кожоюндун буйругу боюнча эч ойлонбой, олку-солку болбостон өз энесине, өз элине, өз тилине ок аттырат. Мына ушундай сактандыруучу коңгуроону байма-бай кагып, дүйнө-элдерине таасир этүүчү өтө күчтүү бейне-Жоламандын маңкуртка айландырылган кебете-кешпири, аракети менен алып чыгып, улуттук табигый түр-түспөлдү, тилди, нарк-насилди, салт-санааны жок кылбай коргоп калуу идеясынын автору Чыңгыз Айтматов экени баарыбызга белгилүү. Мына ушул адамзаттык деңгээлдеги маңкуртчулуктун өзөгү да кыргыз элинин турмушунан улуттук мөлтүр булактын кайнар көзүнөн сузулуп алынган. Бирок 2007-жылы "Белый пароход" деген гезит "Айтматов маңкурт жөнүндөгү идеяны казак жазуучусу Абиш Кекилбаевден алган" деген жалган маалыматты тараткан экен. Чыңгыз Айтматов башка шири кийгизүү идеясын "Манастан" алганын өзү да бир маегинде айтып өткөнүн, улуу манасчы Сагымбайдын "Баланы кармап алалык, башына шири салалык" деген саптарынан алганын айтматовчу окумуштуу Абдылдажан Акматалиев белгилейт ("Чыңгыз Айтматов", Бишкек, 2008-жыл, 504-505-беттер). Ал эми манасчы Шапак Рысмендеевдин вариантында "Кан Ногойдун төрт уулун кармап алды бүпбүтүн. Зоолу салды мойнуна, кийирди коок башына, кишен салды бутуна" делет. ("Акындар чыгармачылыгынын тарыхынын очерки", 1988, 505-б.) "Коок кийгизүү" түшүнүгү "Манас" энциклопедиясында төмөндөгүчө чечмеленет: "Коок кийгизүү - адамды кыйноо максатында башка кийгизиле турган териден жасалган каптама, кептеп коймо жаргак. Коок негизинен чылгый териден жасалып, адамдын башына кийгизилет, ал кургаган сайын башты кысып, жанды кыйнайт". (1 том, 123-бет) "Башына коок кийгизип, Эр Эсендин алдына тирүү байлап баргыла!" деген саптар улуу манасчы Саякбай Каралаевдин варианттарында да кездешет. (СК, 1 том, 156-б.)
Демек, баса белгилеп көрсөтөр нерсе - Чыңгыз Айтматов кыргыз турмушунан адамзаттык маанилерди таап чыгып, аларды дүйнөлүк деңгээлде көтөрүп, жар салган. Алтын башаттар чыгармачыл ишке дүрмөт болуп, жазуучунун ишмердигинде байыркы да, кечээги да, келечек да жуурулушуп, муундан-муунга, улуттан улутка, материктен материкке өтүп турган айтматовдук кунарлуу дөөлөт, байманалуу асылдык пайда болгон. Ушул өңүттөн алып караганда, улуу жазуучубуз элдин 2-3 миң жылдык жашоо өрнөгүн өз өмүрүнө сыйгызып турат.

Айтматов - кристаллдашкан феномен

Албетте, Чыңгыз Айтматовго дүйнөлүк окурмандардын берген бааларын чогултуп чыгуу мүмкүн эмес. Бул ой-пикирлердин ар кандай тилде айтылгандыгында, массалык маалымат каражаттын бардык түрүндө кездешкенинде жана изилдөөлөрдүн өтө көптүгүндө. Алардын арасында казак жазуучусу Мухтар Ауэзовдун "адамдардын өз ара мамилесин ичтен, тереңден көрсөтө алгандыгын" (1958-жыл), француз жазуучусу Луи Арагондун "Жамийланы": "дүйнөдөгү сүйүү жөнүндөгү эң сонун баян" (1959-жыл), деп атагандыгын алгачкы ой-пикирлер катары бөлүп көрсөтсө болот. Бирок адегенде авторлору болсо да, анан жалпы окурмандардын пикирине айланып кеткен тыянактар да бар. Алар Чыңгыз Айтматовду: 1) 20-кылымдын генийи жана залкар жазуучусу;
2) бүткүл дүйнөнүн рухий дөөлөтү;
3) көрөгөч, көсөм, көрөсөн атуул жана залкар даанышман;
4) миң жылда бир кайталанган көрүнүш;
5) Евразия адабиятынын классиги;
6) доордун, мезгилдин, кылымдардын квитэссенциясы;
7) дүйнөлүк адабияттын гиганты;
8) дүйнөлүк цивилизациянын генийи;
9) түрк ааламынын ар-намысы;
10) дүйнөлүк маданияттын патриархы;
11) кристаллдашкан феномен деп аташат. Ал эмес, "Айтматов ааламы", "Айтматов империясы", "Адамзаттын Айтматову", "Айтматов биздин күндүн Навоиси", "Айтматовдун чыгармалары адам турмушунун улуу гимни", "Каерде болбойлу, Айтматов биздин улуттук мандатыбыз" ж.б. тыянактуу пикирлер да жашайт, алар кирди-чыкты эле арзан айтыла калган сөздөр эмес, окурмандардын жана Айтматовду таанып билүүнүн жемиштери.

Айтматов империясы

Айтматовдун чыгармалары аркылуу "багынткан" аймакты төмөнкү фактылардын негизинде, өз алдыңызча аңдасаңыз болот.
1. Чыңгыз Айтматовдун китептери 127 мамлекетте, 176 тилде, 80 миллион нускада чыккан. Бул анын көзүнүн тирүүсүндө жарыяланганы. Жазуучунун мындан аркы басар жолу али алдыда. Анткени, даңкы таш жарып, чыгармачылыгы гүлдөп турган кезде эле анын каармандары өз авторунан кол үзүп, дүйнө элдерин кыдырып сапарга чыгып кетишкен. Алар ушунчалык адамзаттын түпкү мүдөөлөрүнө төп келгендиктен, утуру керектүүлүгү жана зарылдыгы туулуп тургандыктан, сапары эч качан карыбайт. Ошондуктан, бир кезде Чыңгыз байкебиздин өз каармандарын башкара албай тургандыгын, алар ар дайым дүйнөлүк кан жолдо өз алдынча өмүр кечирип жатканын айтканы туптуура.
2. Айтматовдун чыгармачылыгы жөнүндө дүйнөнүн 47 мамлекетинде 328 китеп, 3740 илимий макала жарык көргөн (Муну да башка жазуучуларга салыштырып, өзүңүз тыянак чыгарыңыз)
3. Чыкебиз жер шаарынын 63 мамлекетинин 102 орден жана алтын медалын алууга татыктуу болгон.
4. Дүйнөнүн театрларында Айтматовдун чыгармаларынын негизинде сахналаштырылган 400 спектакль (бул сан так эмес, кээлери 500 десе, аны миңге чейин жеткиргендер бар, аларды тактоо келечектин иши) бар экендиги айтылып жүрөт. Буга чыгармаларынын кино тасмаларында чагылышын кошсок, алп Айтматовдун турпаты дагы даана тартылат.
Биздин, Сиздин - баарыбыздын Айтматовубуз ушундай.

Опол тоодой турпаттагы жөнөкөйлүк

Бирок, Чыңгыз байкебиз чыгармалары менен 127 өлкөнүн 176 тилинде сүйлөсө да, ошончолукка татыктуу өмүрдү кечирсе да, ал өз элиндей карапайым жана жупуну болгон. Башканы коюп, мен өзүм күбө болгон көрүнүштү айтып берейин: 1988-жылы Шекер айылында жазуучунун 60 жылдыгына арналган салтанаттуу кече өткөн. Ошого мугалим Чокойбек Сулайманов болуп Талас районундагы Арал орто мектебинин окуучуларын баштап бардык. Максатыбыз экөө: бири - Дүйшөндүн эски мектебинин ордунда сабак өтүү болсо, экинчиси - улуу жазуучунун чыгармаларынан үзүндү көрсөтүп, анан ага жылаажындуу бешик тартуулоо эле. Салтанаттын программасында биз жок болгондуктан, ойлогонубузду ишке ашырууга жол беришкен жок. Бир кыйла талаш-тартыштан кийин, кече аяктап бараткан кезде, окуучуларыбызга сахнага чыгууга уруксат алдык. Ошондо залдын ойгонгонун айтпаңыз. Талыкшып отурган эл дүр эте түштү. Сахнада Жер эне болуп кубулган Токтокан Турсункулова деген кыз тараз байлуу эле, ошондуктан байкагыс тездик менен үстөл кое коюп, үстүнө кыз чыгып, узун көйнөктүн этегин кое бергенде, ал үстөлдү да кошо жаап, көз жоосун алган узун тасма - ак шоола пайда болуп калды... Анан Сазаев Сатылган деген окуучу Орозкулчасынан маралдын башын балжа-булжа кылып бузуп, талкалай чаап, киркиреп да, жинигип да, зардуу үнү менен кыйкырып жатты. Алардын соңунан сахнада эне пайда болду. Ал Байсалбекова Зейнегүл деген окуучу болчу, кыз ар бир кыргыз уулу жаткан, айкөл Манас бөлөнгөн жана да Айтматов Чыңгыз жаткан, атайы чебер уста Азаматов Төлөнгөн жасаган жылаажындуу бешикти көкүрөгүнө кош колдоп көтөрүп, сый төрдөн түшүп, элдин ортосундагы тилке менен клубдун төрүнө Чыңгыз агабызды көздөй жай жылып жөнөдү. Эл ордунан туруп, кызуу кол чаап жатат. Бешик өз ээсине жакындады.
Ушул мааракелик салтанаттан мен эки нерсени байкадым. Бири - Айтматов агабыздын мактоолорду уккан сайын уялып, кызарып кетип жаткандыгы. Экинчиси - жылып келаткан жылаажындуу бешикти жаш баладай сүйүнө тиктеп, ордунан туруп, эки колун өйдө көтөрүп, кулачын кере кол чаап кубанганы. Бул элестер анын чыгармаларын окуурда да, окуучуларды Айтматов дүйнөсүнө баштап, сабак өтөрдө да, оболу, анын кайтыш болгонун уккан алгачкы мүнөттө да көз алдымда турду.
Ооба, биздин, сиздин - баарыбыздын Чыңгызыбыз: жөнөкөй, жупуну, жаш баладай баео, алпейим, карапайым, кылдай арамдыгы жок таптаза, ошол эле учурда көлкара, теңиз, айкөл, акылы "Деңиз бойлой жорткон Ала дөбөт" повестинде сүрөттөлгөн океан сыңары бурганактап, материкти чапчыган, өзү жазган Жер эне сыяктуу баарын чыдап көтөргөн күчтүү, салт-санааны, дөөлөттү тушаган чынжырды - Гүлсараттын бутуна салынган темир кишенди, тушамышты талкалоочу күрөшкер да, ошол эле учурда, бүткүл адамзатка жарыгын чачкан, гуманисттик ойлорун, идеяларын үрөн катары сепкен мээр-шыбагалуу жаран.

Жеңилүүдөн жеңишти жаратуучу

Чыңгыз агабыздын дүйнөдө өтө белгилүү болгондугунун себептеринин бири - жөнөкөй адамды "ичтен аңтарып, тереңдетип" (М.Ауэзов), алардын түпкү максат - мүдөөлөрү менен ширештире чагылдыргандыгында. "Бетме-бет" повестиндеги Сейдеден тартып, "Сардал кыз" романындагы Арсен Саманчинге чейин жөнөкөй эле кыргыздын уул-кыздары. Бирок ошол жеке адамды изилдеп, алардын жан дүйнөсүн ачып жатып, ошол аркылуу кыргыз элинин жаратмандык улуу күчүн ачат. Мисалы, Сейдедеги ойгонгон күчтөн, айбаттан ууру, качкын, эч кимди аябаган жанкечти күйөөсү жалтанат, Ысмайыл беш атар мылтыгын ташка чаап, өз аялынан өзүн кармамакчы болуп келаткан солдаттарга корголойт. Бул эмне деген октон да жалтанбаган күч. Мындай күчкө Каныкей, Жаңыл Мырза сыяктуу кыргыз кыздары эгедер болушкан. Оболу, жакында эле болуп өткөн калмак доорунда душманга бүлүк салган нечен кыргыз кыз-келиндеринин ысымдары тарыхта сакталып калган.
Дагы бир кызык, эгер "Бетме-бет" повести башкача нукта өнүгүп, Сейдеге ок жаңылып, набыт болуп, ал жеңилди деп коелу. Бирок ошондо да, жеңиш окурмандын жүрөгүндө жетилет. Айтматовдун көпчүлүк каармандары, эң акыркы Арсен Саманчинге чейин жеңилишке дуушар болушат. Бирок окурман ойлонуп жатып, өз өмүрү үчүн жеңиштүү тыянактарга келет. Бул Айтматовдун көп чыгармаларындагы укмуштуу касиет жана өзгөчөлүк. Демек, жеңилүүдөн жеңиш өсүп чыгат, бөксөрүүдөн толот, үзүлүүдөн уланат. Муну калыптандыруучу жаратмандык деп эсептесе болот.

Келгиле, кеңешели

Бул тикеден тике гезит окурмандарына кайрылуу. Өткөндө китеп окуучулардын конференциясында да кеп кылгам. Урматтуу туугандар! Келгиле кеңешели. Сиздерге төмөндөгүлөрдү окурман катары сунуш кылам.
Биринчиси: Айтматовдун китебин ар бир үйдө жаңы төрөлгөн наристеге ыроолоп арнап, анын бешигине-жаздык астына ырымдап коюп турууну турмушубузга салт катары кийрийли. Илгери да, кечээ жакында да мындай салт болгон. Баланын башына баатыр болуп эл коргосун деп бычак, көпчүлүккө токчулук алып келген дыйкан болсун деп нан жаздашкан. Ошол сыяктуу тукумубуз Чыңгыз сыяктуу кеменгер, эр азамат болсун деп, перзенттин башына анын китебин жаздоого неге болбосун, Болот. Бул - ар бир үй-бүлөнүн, ар бир ата-эненин, улуулардын колунан келе турган, оңой эле аткарыла турган иш. Бул Айтматовго табынуу, сыйынуу эмес, өзүңүздү өзүңүздүн кадырлооңуз болуп саналат. Мейли, ошол башына жаздалган китептер баланын өз китеби, акыл шериги болуп калсын. Менчик китепканасынын төл-башы, кастарлап окуган китебинин биринчиси болсун. Буга эмне дейсиз? Макулсузбу?
Экинчиси: Айтматов Чыңгыз агайыбыздын китебин (же томдорун) балдардын энчисине, кыздардын себине кошуп берүү салтын баштап берели. Энчи менен септе "Манас" китеби, кыргыз күүлөрүнүн кассетасы жана Айтматовдун китептери болсун. Бул энчини элдин, тууган-туушкандын көзүнчө, септе саймалуу куржунга салып кастарлап берели.
Албетте, сепке кошуп китеп берүү жөнүндөгү ойлор жаңы деле эмес, буга чейин кеп болуп жүрөт. Бирок айтып коюу менен артынан сая түшүп турмушка ашыруунун ортосунда асман-жердей айырма бар. Ошондуктан жогорку "Манас" кыргыз күүлөрүнүн кассетасы, Айтматовдун чыгармалары - ушул үчөө сепке жана энчиге кошуп берүүнү салтка айландыралы. Мында кайдыгерлик, камырабастык жана мококтук кылууга болбойт. Ушул жерде Айтматовдун досу, казак акыны Мухтар Шахановдун "Керек десең түшүнбөстүк күнөө эмес, кылмышка тең-түшүнүүгө тырышпоо" деген саптары эске түшөт. Чынында, түшүнүүгө тырышпоо жана чыгымсыздык - экөө тең эле кылмышка барабар нерсе. Ал эми жогоруда кеп болгон эки сунушту тикеден-тике салтка айландыруу колдон келерлик эле жумуш да. Ким тоскоолдук кылат? Муну биз, мугалимдер, окуучуларыбыз жана студенттерибиз аркылуу ата-энелерге, массалык маалымат каражаттары аркылуу коомчулукка байма-бай таратсак болот. Демек, эң биринчи нерсе - баарын кабардар кылуу, ушундай салт бар экендигин көкүрөккө түйдүрүү.
Балким, "Талас турмушу", "Кут билим" гезиттери жар салып жаткан бул салтты башка маалымат каражаттары да колдоого алар. Ошентсе да, бул иштин демилгечилери - мугалимдербиз. Өзүбүз баштап берели. Келгиле, сүйлөшөлү. Эмне дейсиз? Сөз кезеги Сизде. Ой-пикириңизди "Кут билим" гезитинин дарегине же кат-кабар аркылуу билдирип коюңуз. Телефон: 62-04-68, 62-04-93, 62-11-96 (Электрондук дарек: KutbilimS@mail.ru)
Ошентип, Айтматов боюнча ураалап, даңазасын көтөрө берүүдөн тышкары да сиз менен биздин-баарыбыздын ортобузда ийри отуруп, түз кеңешүүчү, чакандыгына карабай, унутпай, чыгымдуулук менен ишке ашыруучу жогоркудай иштер бар.

Бектур Исаков,
Кыргыз Республикасынын Эл мугалими, Талас району, Арал орто мектеби.




Кыргызым,
ураган жок -
тооң бүтүн!

Жаткан эле, Дүйшөн берип сабагын,
"Алиппе" эмес дүйнөнүн
бүт кабарын,
Чынгыз ата көз жумуптур дегенде,
Алтынайлар калды бүркөп кабагын.

А, Сейделер, чындык издеп
"Бетме-бет",
Ысмайылды кубалашты кеткин деп.
Дал ошондо угуп ушул кабарды,
Туруп калды селдейишип эмне! - деп.

Жоготууга дагы төгүп көз жашын
Акбаранын уулуганы басылбай,
Кол кармашып Данияр да, Жамийла,
Ыйлап жатты жаштан көздөр аарчылбай.

Саам токтоп "Ак кеме" да жүрбөдү,
Танабайлар "Гүлсарыны" чү! - деди.
Кабар берип ааламдын төрт бурчуна,
Ошол күндү "аза күтүү" күн - деди.

Комуз коштоп "Маxабаттын дастанын".
Өмүр жолун ырга айлантып басканын.
Жоламан да эске келип акыры,
Сездирди го кейип ыйлап жатканын.

Бийик учпай "Эрте келген турналар",
"Ак жаан" төгүп, "Кылым бир күн карыды".
Бегимай да: "Ага жаным, ага!" - деп,
Боздоп ыйлап эс уч билбей талыды.

Толгонайлар көз жаш төгүп буркурап,
Жерге ыраа көрбөй бүгүн эл турат.
"Фудьзямада кадыр түндө", Сабырың,
Калем алып жазып кирди ыр курап.

"Канткенде Адам уулу, Адам болот,
Адамзат качан чечет, качан коет?"
Эзелтен чечилбеген бул талашты,
Чыгарманын ар биринен тапсак болот.

"Деңиз бойлоп ала дөбөт жүгүрүп",
"Кызыл алма" жерге түшпөйт бүлүнүп.
Чыгармалар жоктоп өзүн турганда,
Калбайт элим Чынгызынан түңүлүп.

Кыргызым, ураган жок тооң бүтүн,
Жар салат чыгармалар түрө түтүн.
Кылымдардан кылымга өмүр сүрүп,
Чынгыз дайым жашайт эми кыргыз үчүн!
Үрүнса Кадыралиева,
Бишкек шаары, №46 мектеп.










??.??