"Эл эмгегин жер жебейт"

Көмөкчү чарбанын өрнөгү
Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Чалдовар мектеп-интернатынын чарбачылык иштери мактоого арзып, аны республика боюнча жайылтуу сунушу буга чейин айтылган. Себеби бул интернаттын карамагындагы тогуз гектар жер тилкеси ойдогудай иштетилип, анын натыйжасында 14 саан уй сатылып алынып, интернаттагы тарбияланып жаткан балдар таза сүт, каймак, быштак менен камсыз болушуп, нан, тамак-ашка кор болушпайт.

Бул интернаттын иши тууралуу гезитибиздин 26-сентябрдагы санында "Жетим балдар атасынын" иши мактоого арзыды" деп учкай кеп кылып кеткен элек. Анда интернаттын чарбачылык иштерин республика боюнча жайылтуу зарылдыгын министр И.Болжурова баса белгилеген. Ал тургай Мугалимдер профсоюзунун төрагасы Асылбек Токтогулов "Интернаттын директору Ормотоев Сматбектин үй кийимин кийип алып, уйларына чөп салып жүргөнүн өз көзүм менен көргөм, интернаттын кампасына кирсең азык-түлүктүн көптүгүнөн орун жок" деп айтканы да эсибизде. Чындыгында интернаттын чарбачылык иштери жакшы жолго коюлуп, балдары мыкты тарбия-таалим алып жаткандыгына директор Ормотоев Сматбек менен баарлашкандан кийин ынандык.
Ормотоев Сматбек бул интернатта 1991-жылдан бери директор болуп иштеп келет. Ал интернатка директор болуп келгенде эле алгач мекемеге тиешелүү 9 гектар жерге фасоль айдап, анын түшүмүн сатып, акчасына алты уй сатып алган. Балдарга алты уйдун сүтү толук жетпегендиктен "МерсиКого" долбоор жазып, анын негизинде 5 уй сатып алган. Азыр болсо ошол 14 уйду саап, сүтүн балдарга берип, төлүн алып сатып интернаттын керектөөсүнө жумшап келишет.
- Негизги чарбачылыкты колго алып, саан уйду кармаганыбыздын себеби, түшүм алуу, андан пайда табуу эмес. Союз тарагандан кийин чоң чарбалар жоюлуп, саан уйлар азайганы мал догдурлар жок болуп, уйлар текшерүүдөн өтпөй калды. Чарбалардын жоктугунан бизге да сүттү элден алууга туура келди. Бирок элдер уйларын 2-3 жылга чейин кароодон өткөрбөйт. Анын кесепетинен балдар ар кандай инфекциялык оорулар менен ооруп калышчу. Ошондон улам биздин максат - биринчиден, балдарды таза сүт менен камсыз кылуу болду, - дейт С.Ормотоев. - Азыр болсо уйлар өзүбүздүкү болуп мөөнөтү менен ветеринардык кароодон өткөртүп, балдарды таза сүт менен камсыз кылууга далалат жасап жатабыз.
Мындай жол интернатты чыгымга алып келген жок. Себеби, балдардан ашкан сүттү сатып, интернаттын күнүмдүк керектөөсүнө зарыл болгон - айна, самын, тряпка, бор сыяктуу майда-бараттарын алып алышат. Ал тургай интернат жайгашкан айылда ишсиз жүргөн төрт үй-бүлөнү да багат. Тактап айтканда, эки уйчу менен эки саанчыны жумуш орду менен камсыз кылган.
Интернат фасоль өстүрүүнү да өздөштүрүп алган. Мекемеге тиешелүү тогуз гектар жерге кошуп, айыл өкмөтүнүн сугарылбай жаткан жерин 10 жылга ижарага алып, ага генератор менен суу чыгарып алышкан. Ошол жерге жыл сайын фасоль айдап, түшүмүн сатып тиричилик кылып келишет. Андан түшкөн каражатты окуучуларга майрамдарда белек-бечкек бергенге, мугалимдерди сыйлаганга, олимпиадаларда орун алган окуучуларды сыйлаганга, коомдук иштерге активдүү катышкан окуучуларга, мугалимдерге, техникалык кызматчыларга белек-бечкек берип турганга жумшашат. Мындай сыйлыктарды берүү үчүн интернаттын профсоюз уюму атайын жобо иштеп чыккан. Анда мугалимдердин кандай иштеп жатканын билиш үчүн алар ар бир чейрек сайын, ар бир мугалимге, кызматчыларга баа коюп чыгышат. Ошол баанын жыйынтыгы боюнча 1-2-3-орундарды алган мугалимдер сыйланып турушат. Ага жыл сайын 60-70 миң сомдун тегерегиндеги каражат жумшалат.
Белгилүү болгондой, башка мектеп-интернаттардын жетекчилеринин шалаакылыгынын кесепетинен чарбалары сатылып кетип, мал бакмак түгүл, балдарга жер-жемиш өстүрүп бере албаган интернаттар четтен чыгат эмеспи. Ошондон улам бул интернатты иштин көзүн билген жетекчи жетектеп жатканына ынанасың.
Интернаттын жетекчиси эмгек жамааты менен биргеликте чарбачылык иштерин гана карап отура бербестен, ар кандай чет мамлекеттен келген уюмдарга долбоор жазып, анын натыйжасында интернаттын короо-жайын оңдоп алууга аракет кылып келишет.
- Биз көп эле уюмдар, донорлор менен иштешүүгө аракет кылабыз. Бирок, чындыгында Таласка алар көп барбайт. Болгону "МерсиКо" барчу. Ошол уюмга долбоор жазып, беш уй алганга жана жаңы даараткана каздырып, салдырып алганга жетиштик. Жатакананын үстүн ачтырып кайра жаптырып, шыбактатып алдык. Андан сырткары бүтпөй калган мончобузду салдырганбыз, азыр балдар айына эки, үч жолу түшүп турушат. Быйылкы окуу жылында "Айылдык билим берүү" долбооруна катышып, 100 миң доллар грант алып, үстүнө өзүбүз акча кошуп 200 миң долларга актовый залды куруп бүтөлүк деп калдык, - дейт С.Ормотоев.
Интернат мамлекет тарабынан бөлүнгөн каражатты сарамжалдуу пайдалануу максатында нан бышыруучу жай да ачып алган. Унду кап-кап кылып сатып алышат да, нанды өздөрү жасашат. Балдар дагы нанды каалашынча жеп, тамак-аштан кем болушпайт. Анын үстүнө балдарга төрт маал тамак берилет. Жылдын төрт мезгилинде тең балдардын ден соолугуна кам көрүү максатында жаңы жасалган салатты үзгүлтүксүз беришет. Интернат облустун борборунан 30 километр алыстыкта, эки айылдын ортосунда, ээн жерде жайгашкандыктан азык-түлүктү дайыма алдын-ала камдап алышат. Чейрек сайын тендер өткөрүп, ошонун негизинде азык-түлүк алып турушат. Балдар этти күндө жешпесе да күн алыс, болбосо ордуна котлет жеп турушат. Жогоруда "кампасы дайыма азык-түлүккө толуп турат" деген Профсоюз уюмунун төрагасынын айткан кебинин сыры мына ушунда экен.
Мындай жогорку сапаттагы тамак-аш менен камсыз болгон балдардын ден соолугу чың болоорун айтпасак деле түшүнүктүү. Бирок, "Сактыкта кордук жок" дегендей, заманбап техникалары менен жабдылган тиш догдур, медициналык бөлмөлөрүн ачып коюшкан. Анда бир догдур, эки мед айым иштейт. Анча-мынча сыркоолоп калган балдарды ошолор эле айыктырып коюшат. Ал үчүн медициналык каражаттар жакшы бөлүнгөн.
- Кыздарга төрт, балдарга төрт орундуу изоляторубуз бар. Сыркоолоп калган балдар ошол жерде жатып дарыланышат. Тамакты ингаляция кыла турган эки аппаратыбыз, тиш догдурубуз да бар. Сентябрда балдар жаңы келгенде таразага тартып, боюн өлчөп туруп анан алабыз. Анан кайра окуу жылы бүткөндө таразага тартып, боюн өлчөп кетиребиз. Ошондо кадимкидей бойлору өсүп, салмак кошуп калышат, - дейт С.Ормотоев.
Жетекчинин айтымында, интернатка келген балдардын тарбиясы да жакшырып, ден-соолугу да чыңдалып калат. Билим алууга да ынтызарлыгы артып, келечекке түз карап калышат. Интернатта болсо балдардын бош убактылары текке кетпейт. Баардык сабактардын кружоктору бар, атайын "Акыл-карачач", "Уздар", "Усталар" сыяктуу клубдар иштейт. 2000ден ашык көркөм адабияттары бар окуу залы болсо эртең мененки жетиден кечки тогуз жарымга чейин дайыма ачык болуп турат. Дене тарбия сабагы боюнча да кружоктор бар. Грек-рим күрөшү боюнча залы иштеп, балдар дайыма машыгып турат. Андан сырткары, заман талабынан артта калбаш үчүн компьютердик классы да бар.
Интернаттын тарбиялануучулары билим жагынан да артта калышпайт. Райондук, облустук олимпиадаларга катышып жыл сайын алдыңкы орундарды камсыз кылып турушат. Жыл сайын бүтүрүүчүлөр болсо жалпы республикалык тестирлөөдөн өтүп, жакшы ийгиликтерге жетишип келишет. Мисалы, былтыркы окуу жылында 15 окуучу бүтсө, анын 12си жалпы республикалык тестирлөөгө катышып, сегиз окуучу 120дан жогору упай топтой алышкан. Мурунку жылы да ушундай болуп, анда эң жогорку көрсөткүч 183-баллга жеткен. Мындай жыйынтыктан улам интернатта билим берүү жагы кандай жолго коюлгандыгын аңдап билсе болот.

Негизги чарбачылыкты колго алып, саан уйду кармаганыбыздын себеби, түшүм алуу, андан пайда табуу эмес. Союз тарагандан кийин чоң чарбалар жоюлуп, саан уйлар азайганы мал догдурлар жок болуп, уйлар текшерүүдөн өтпөй калбадыбы. Чарбалардын жоктугунан бизге да сүттү элден алууга туура келди. Бирок элдер уйларын 2-3 жылга чейин кароодон өткөрбөйт. Анын кесепетинен балдар ар кандай инфекциялык оорулар менен ооруп жатышты. Ошондон улам биздин максат - биринчиден балдарды таза сүт менен камсыз кылуу болду.

Маалымат үчүн:
Учурда Чалдовар мектеп интернатында 18 тоголок жетим, 92 жарым жетим, 180ге жакын ата-энеси ажырашкандардын, майыптардын 10 дон ашык, 20 мамлекттик кызматчылардын: токойчу, суучулардын балдары жана аз камсыз үй-бүлөлөрдүн балдары болуп отуруп жалпы 320 бала тарбияланууда.


Чолпон Кийизбаева, "Кутбилим".