Педагогикалык окуулар

IV. Тарбиянын технологиясы

Тарбиянын максаттык (целевой), мазмундук тарабынан башка да процессуалдык жактары бар эмеспи. Максат, мазмун жөнүндө алдыда айттык. Эми тарбия ишинин процессуалдык жагына келели. Тарбиябыздын башкы максаты, ала турган түпкү натыйжасы - мекенчил атуул, адептүү, ыймандуу, гумандуу инсан. Бирок мындай инсанды кантип тарбиялайбыз? Көздөгөн мүдөөгө кайсыл жол менен жетебиз? Ошол башкы максатты жүзөгө ашыруу үчүн көрөңгө, гүлазык, база катары аныкталган, программага салынган мазмунду окуучу баланын аң-сезимине жана жан-дүйнөсүнө кандай аспаптар аркылуу жеткиребиз, сиңиребиз? Бул маселе бизди "метод" деген категориянын тегерегинде акыл калчап, терең ойлонууга алып келет. Тарбиячы өз предмети боюнча сабак жүргүзүп жатабы, класс жетекчи катары тарбия саатын өтүп жатабы, кандай гана таалим-тарбия ишмердигин жүргүзүп жатпасын анын колунда "методика" деген ийкемдүү, эффективдүү курч аспап болуш керек. Бул куралсыз мугалим калагы жок кайыкка окшош. Кылымдап өнүгүп келаткан педагогика өзүнүн казынасына далайлаган түркүн методикалык "курал-шаймандарды" топтоду. Аңгеме, түшүндүрүү, лекция, этикалык маек, диспут, проблемалуу кырдаалдар, үйрөтүү, көнүктүрүү, машыктыруу, ынандыруу, өзүн-өзү тарбиялоо, доклад, адептик үлгү-өрнөк көрсөтүү, көрсөтмө, тапшырма берүү, талап коюу, кызыктыруу, мелдеш, жекече мамиле, интерактивдүү аракеттенүү, оюн, сынчыл ойлом, тематикалык, суроо-жооп кечелери, тегерек үстөл, конкурс, көргөзмө, класстык саат, экскурсия, ийримдер, окуучулар уюмдары, мамлекеттик майрамдар жана даталуу күндөргө байланышкан иш-чаралар, окурмандар конференциясы, тарбия кызыкчылыгын аркалаган жумалыктар, фестивалдар, декадалар жана башка толгон-токой усулдар, методикалык ыкмалар, каражаттар, формалар бүгүн педагог-тарбиячылардын карамагында. Ошондой эле поэзияны, ар кандай притчаларды, тамсилдерди, накыл сөздөрдү, ичине маанилүү турмуштук сабактарды камтыган икаяларды пайдалануу да тарбия практикасында түшүм берип келе жатат. Педагогиканын ушундай усулдук казынасынан ким эмнени алып, кайсыга колдонот, кайсы методикалык амалды кандай конкреттүү кырдаалга кантип чыгармачылык менен пайдаланат, тигил же бул ыкманы кантип айласын таап иштетип, көздөгөн натыйжаны алат, өзү тарабынан кандай табылгаларын кошумчалайт? Муну тарбиячы-мугалимдин өзүнүн чеберчилиги билет.
Биз бул жерде бир чоң педагогикалык методологиялык жагдайга тарбиячылардын көңүлүн бурмакчыбыз. Азыркы кризистүү учурда өткөнгө карата ностальгия бар экени чын. Бирок өткөн административдик-буйрукчул системанын тушунда "бардыгы адам үчүн" деген ураан жашаганы менен, массалык адамдын зор мамлекеттик машинанын "тетигине", ("винтик") айландырылып, кишилердин ой жүгүртүүлөрүнүн үстүнөн полициялык көзөмөл жүргүзүлүп, Амонашвили айткандай, коммунисттик идеологиянын камчысын чапкан авторитардык-императивдик педагогика кээде "окуучунун личносту" дегени менен, негизинен баланын ички жан дүйнөсүн, кайталангыс жекелигин анча таназар албаган. Жашырган менен болобу, окуу-тарбия процесси расмий идеологиянын жогортон түшүрүлгөн директивалык нускоолорунун багытында "туура ойлонгон", "туура нук менен баскан" орундоочуларды, аткаруучу-функционерлерди калыптандырууга эсептелип, тарбия ишинде бала обьект катары саналып, анын субъективдүү тажырыйбасы жана индивидуалдуу тандоосу көңүл чордонуна алынбай, ага таасир кылууда тышкы социалдык факторлордун жана формалардын ролуна көбүрөөк маани берилип, тарбиялануучунун жүрүм-турумун тыштан туруп жөнгө салуу, коррекциялоо, башкаруу идеясы үстөмдүк кылып, бир сөз менен айтканда, большевиктик, социалдык детерминизмдин "бардыгын аныктоочу" күчүнө ишенген коммунисттик педагогикалык романтика үстөмдүк кылгандыгы да чын.
Бүгүнкү демократиялык шарттарда абал өзгөрүп отурат. Азыркы мезгилде таалим-тарбия жагында жеке инсандын кайталангыс индивидуалдуулугу, уникалдуулугу, анын эркин тандоосу жана тарбиялануучунун ички мүмкүнчүлүктөрүн эркин өнүктүрүү, жаратылыш берген жөндөмдүүлүктөрүн гүлдөй жайнатып ачуу жөнүндөгү гуманисттик концепция, инсанчыл, адамгөй педагогика турмушка кирип жатат. Бүгүн окуучу - тарбиянын объектиси гана эмес, субъектиси дагы. Азыр борбордук нерсе - өспүрүм баланын тарбия насааттардын оозун ачып угуп, жаттап, кайталап отургандыгы эмес, моралдык-этикалык маселелердеги анын субьективдүү активдүүлүгү, өзүнүн эмоциялык-интеллектуалдык, аналитикалык руханий ишмердиги болуп эсептелет. Бүгүн тарбиялануучунун адам болууга ич жактан шыктануусу, өзүнүн инсандык МЕНин өз аракет-мээнети менен түзүүгө умтулушу, өз позициясын өзү ич жактан аныкташы, өзүн-өзү тарбиялоосу, нравалык жактан өзүн өзү өнүктүрүүсү, өзүн өзү реализациялоосу маанилүү. Бүгүнкү педагогика адеп-ахлак деген нерсе тышкы факторлордун таасири менен гана эмес, адамдын өзүнүн ички керектөөлөрү, каалоолору, жеке субъективдүү тажырыйбасы аркылуу да жаралат деген философияны карманып турат. Ал эми тарбиячы - мугалимге болсо баланы "жүгөндөп" жетелеген өкүм башкаруучунун ролунан, жеткинчектин коомдун адеп-ахлак нормаларын өздөштүрүү жана нравалык изденүү, жанагындай өзүн өзү өстүрүү жолундагы шыктандыруучунун, кызматташ партнердун, кылдат багыттоочунун, "туюктан" жол табууга сүрөөнчүнүн, "ат таптаган саяпкердин, куш таптаган мүнүшкөрдүн" статусуна көчүү талабы коюлуп отурат.
Кыскасы, таалим-тарбия ишинде өйдө жакта саналган методикалык арсеналды окуучунун нравалык чындыктарга өзүнүн индивидуалдуу ишмердиги жана өздүк тажырыйбасы аркылуу ынанышына сүрөө болгудай ыкчылдык менен иштете билишибиз керек. Мындай жолдун зарылдыгын жана жемиштүүлүгүн окуучулардын өздөрү да далилдеп отурушат. Бишкектин №77-мектебинде өспүрүмдөр арасындагы терс жорук-жосундар жөнүндө "зордук зомбулук көргөндөрдүн театры" аттуу сахна оюну окуучулардын өздөрүнүн катышуусу менен уюштурулган. 11-класстын окуучусу Качкынбеков Максат "Кутбилим" газетасына (1-ноябрь, 2008) минтип жазат: "Аты эле айтып тургандай, мында окуучулар өздөрү жасаган ар кандай терс көрүнүштөрдү чагылдырдык. Менин оюмча бала өзүнүн кылык-жоруктарын сырт жактан көрсө, кайсы жери туура эмес экендигин, кайсы каталарды кайталабаш керек экендигин даана сезет экен". Мектеп окуучусунун бул сөздөрү тарбия процессин бала маселени өзү ойлонуп талдагыдай, толгонуп изденгидей, өз пикирин, ынаным-ишенимин өзү түзгүдөй кылып уюштуруу методикасынын артыкчылыгын даана тастыктап турат. Дегеле, акырында орус ойчулу Д.И.Писаревдин төмөнкү оюн окуу-тарбия ишинде педагогдор үчүн методологиялык нускама катары келтире кеткибиз келет. "Даяр ишеним деген жок, аны жакшы көргөн таанышыңдан сурап алууга, же китеп дүкөнүнөн сатып алууга болбойт. Ишенимди жеке акыл жүгүртүүңдүн, ой-толгоолоруңдун процесси менен, өзүңдүн жеке башың, мээң менен иштеп чыгышың керек". Бирөөдөн жасалма түрдө үйрөнгөн акыл тетирисинче кишиге тушоо болоорун элдик педагогика бизге макалдатып айтып турат. "Киши акылы кишен менен тушоо, өз акылың өзүң менен тамыр" - дейт эл акылмандыгы. Демек, элдик педагогика өзүңдүн өзөгүңө сиңип, тамырлаган нерсе гана сенин чындыгың, ишенимиң боло алат. Ырасында эле инсанга багытталган тарбия даанышмандыгы ушул эмеспи.




XXIII Республикалык педагогикалык окуулардын резолюциясы
Биз, "Бүгүнкү жаңы социалдык-экономикалык шарттарда мектеп окуучуларын рухий-адептик жактан тарбиялоонун мазмунун жана усулдарын жаңылоонун жолдору" деп аталган XXIII республикалык педагогикалык окуулардын катышуучулары, аталган иш чара учурдагы өтө олуттуу проблемага арналып, коомубуз үчүн өтө маанилүү болуп турган маселени көтөргөндүгүн белгилейбиз. Бул багытта өлкөнүн жетекчилиги жана билим берүү тармагын башкаруучу органдар тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштерди колдоо менен, аталган проблеманы ар тараптан терең талдап жана талкуулап чыгып, кийинки кездерде мектеп окуучуларынын арасында адептик жүрүм-турумга жат көрүнүштөр улам өрчүп бара жаткандыгына терең тынчсызданып жана аларды жоюу боюнча чечкиндүү чараларды көрүү зарылдыгын ачык түшүнүү менен республиканын педагогдоруна, бийлик өкүлдөрүнө жана жалпы калайык калкына кайрылабыз.

Бүгүнкү жаш муундардын келечеги - эртеңки элибиздин келечеги! Бул ишке бир гана мектеп эмес, жалпы коомчулуктун чечкиндүү катышуусу зарыл. Кийинки кездерде мамлекеттик деңгээлде жаштарга рухий-адептик таалим-тарбия берүү боюнча маанилүү кадамдар жасалып жатат. Алардын катарына республиканын мектептерине киргизилген "Адеп сабагы" предметин, Улуттук куррикулумду иштеп чыгуу боюнча аракеттерди, "Ата-энелер комитеттери тууралуу" Жобонун кабыл алынышын ж.б. мисал келтирүүгө болот. Кыргыз билим берүү академиясында жүргүзүлүп жаткан өзгөрүүлөр да мектеп окуучуларынын билим сапатын көтөрүп, алардын рухий-адептик тарбиясын өз деңгээлинде жүргүзүүгө таасир тийгизүүгө багытталган. Жергиликтүү билим берүү органдары административдик, укук коргоо, медициналык ж.б. мекемелер, өкмөттүк эмес уюмдар, коомчулук менен биргелешип, өздөрүнүн полномочиелеринин чегинде бул багытта чечкиндүү чараларды көрүшү мезгил талабы.
Пленардык жыйында окулган докладдарда айтылган ойлор, Кыргыз Республикасынын Эл мугалими, профессор И.Б.Бекбоевдин илимий-методикалык ишмердигине байланыштуу түзүлгөн Интернет-сайт жана "И.Б.Бекбоев - Эл мугалими" деген эмгек учурда мугалимдердин кесиптик чеберчилигин өркүндөтүү ишине өз салымын кошору шексиз.
Секциялык иштерде окулган докладдар бүгүнкү финансылык жана моралдык-психологиялык оор шартка карабай өз өмүрүн балага татыктуу таалим-тарбия берүүгө толук бойдон арнап койгон, тынымсыз чыгармачылык менен изденип иштеген мугалимдер республикада али көп экендигин көрсөттү. Алар мектептердеги бардык предметтердин өкүлдөрү болуу менен окуучуларга рухий-адептик таалим-тарбия берүү боюнча өздөрүнүн күндөлүк ишинде колдонгон алдыңкы иш тажрыйбаларын ортого салышты. Ошондой эле билдирүүлөрдө мектеп окуучуларынын арасында мектепти таштоо, чылым чегүү, мектеп рэкетчилиги, жаштар кылмыштуулугу, диний агымдарга кирүү, баңгиликке берилүү сыяктуу бир катар терс көрүнүштөр орун алып жаткандыгы өкүнүү менен белгиленди. Алардын улам көбөйүп бара жаткандыгы коомчулукту терең түйшөлтүүгө тийиш. Мындай шартта мектепте таалим-тарбия ишин максаттуу жана комплекстүү алып баруу боюнча улуттук жана жалпы адамзаттык рухий-адептик көөнөрбөс салттарга негизделген мамлекеттик таалим-тарбия программасын иштеп чыгуу жана аны толук каржылоо зарыл деп эсептейбиз. Ошондой эле педагогикалык окуулардын катышуучулары төмөндөгү маселелерди кечеңдетпей чечүү зарыл экендигин белгилешет:
1. Ата-энелердин бала тарбиялоодогу ролун жана жоопкерчилигин жогорулатуу. "Билим берүү жөнүндө", "Мугалимдин статусу жөнүндө" КР Мыйзамдарына тарбия маселесин камтыган толуктоолорду киргизүү.
2. Мектеп окуучулары үчүн адептик жүрүм-турум нормаларын иштеп чыгуу жана алардын аткарылышына туруктуу көзөмөлдүк жүргүзүү. Мектеп окуучуларынын коомдук уюмдарынын жана кызыкчылыктары боюнча ар түрдүү ийримдердин ишин активдештирүү. Окуучулар менен бирдикте тарбия багытындагы долбоорлорду иштеп чыгууну кеңири колдонуу.
3. Жогорку жана атайын кесипчилик окуу жайларында таалим-тарбиялык иштерди алып баруучу адистерди (мектеп психологу, социалдык педагог ж. б.), балдар бакчаларына керектүү кызматкерлерди даярдоо боюнча ишти жолго коюу.
4. Мектептеги бардык предметтердин рухий-адептик таалим-тарбия берүүчүлүк мүмкүнчүлүгүн, предмет аралык байланыштарды, интеграциялоо жолдорун, интерактивдүү технологияларды толук пайдаланууга умтулуу. Салтка айланып калган тил жана адабият сабактарын бөлбөй, алардын таалим-тарбиялык таасирин арттыруу.
5. Мектептер, класстар арасында республикалык адептүү мектеп, адептүү класс көргөзмө-сынагын, класс жетекчилеринин, тарбиячылардын өзүнчө республикалык кароо-конкурсун өткөрүү.
6. Класс жетекчилерине, тарбиячыларга ж.б. эмгек акы төлөөнү толук бойдон кайрадан карап чыгуу жана жогорулатуу. Мектептердин тарбия иштери боюнча окуу бөлүмүнүн башчыларынын, класс жетекчилеринин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу курстарын туруктуу өткөрүү.
7. "Адеп" сабагын кадрлык, финансылык, окуу материалдары менен камсыздоо ж.б. иштерин чечүү. Мындагы алдыңкы педагогикалык коллективдердин жана мугалимдердин (Бишкек шаарындагы № 81 орто мектептин "Адеп борборунун", Бакай-Ата районундагы "Жаш Айтматов таануучулар клубунун" ж.б.) өрнөктүү иш тажрыйбаларын жайылтуу.
8. Республикалык педагогикалык музейди, мектептерде жерге таануу, эл таануу, маданият таануу ж.б. борборлорун уюштуруп, алардын таалим-тарбиялык мүмкүнчүлүгүн кеңири пайдалануу. Элдик педагогикалык мурастарды топтоо, сактоо, изилдөө жана жайылтуу боюнча ишти активдештирүү.
9. Таалим-тарбиялык багыттагы республикалык атайын илимий-практикалык популярдуу журнал чыгаруу. Зордук-зомбулукту, адепке жат ар кандай терс көрүнүштөрдү жайылткан массалык маалымат каражаттарына, рекламалык маалыматтарга тыюу салуу, аларга карата административдик ж.б. жаза чараларын күчөтүү.
10. Үй-бүлө, мектеп, мектептен тышкаркы мекемелер, жаштар уюмдары, кризистик борборлор ж.б. ортосундагы туруктуу байланыштарды түзүү механизмин иштеп чыгуу жана ишке киргизүү. Мектептердин укук коргоо, медициналык, маданий, диний мекемелер, өкмөттүк эмес уюмдар, коомчулук ж.б. менен биргелешкен системалуу ишин жолго коюу.
11. Таалим-тарбия багытындагы педагогикалык, психологиялык илимий-иликтөөлөрдү жүргүзүүнү активдештирүү. Балдардын жана өспүрүмдөрдүн социалдык-психологиялык абалына ырааттуу көзөмөлдүк жүргүзүп туруучу медико-педагогикалык диагностикалык-мониторингдик кызматты түзүү.
12. Мамлекеттик жана аймактык телекөрсөтүү жана радио уктуруу борборлорунда адептик темадагы туруктуу берүүлөрдү уюштуруу. "Мугалимдин китеп текчесине", "Класс жетекчилер үчүн", "Ата-энелерге жардам", "Окуучунун китепканасы" деген серияларды кайрадан жандандырып чыгаруу.
13. Мектепке чейинки балдар мекемелеринин түрлөрүн ("Энелер мектебин", үй-бүлөлүк жана менчик бала бакчаларды ж.б.) ачуу менен алардын жеткиликтүүлүгүн арттыруу. Аларды программалык жана методикалык материалдар менен камсыздоо. Мектепке чейинки балдар мекемелери үчүн жазылган усулдук эмгектерди окуу китептеринин статусуна теңеп, аларды басып чыгарууну мамлекеттик планга киргизүү.
Биз, педагогикалык окуулардын катышуучулары райондук, областтык, республикалык деңгээлде педагогикалык окууларды өткөрүү механизмин дагы да өркүндөтүү зарыл деп эсептейбиз. Ошону менен бирге эле тийиштүү мамлекеттик мекемелер, бийлик өкүлдөрү, бизнес структуралары, ишкерлер, жогорку окуу жайлары, жалпы эле калайык калк жогоруда аталган иш чараларды жүзөгө ашырууга колдоо көрсөтөт жана жаштарга рухий-адептик таалим-тарбия берүү ишине өздөрүнүн татыктуу салымын кошот деген ишеничти билдиришет.