XXIII республикалык педагогикалык окуулар

РУХИЙ-АДЕПТИК ТАРБИЯ - ТАЗА КООМДУН БАШАТЫ
XXIII республикалык педагогикалык окуулар "Бүгүнкү жаңы социалдык-экономикалык шарттарда мектептерде окуучу жаштарды рухий-адептик жактан тарбиялоонун мазмунун жана усулдарын жаңылоонун жолдору" аттуу темада 20-21-ноябрь күнү Бишекек шаарындагы Улуттук компьютердик гимназиянын имаратында болуп өттү. Республикалык педагогикалык окууга республикабыздын ар кайсы областтарынан: Баткенден, Таластан, Жалал-Абаддан, Оштон, Ысык-Көлдөн, Чүйдөн, Нарындан жана Бишкек шаарынан 150дөн ашык мугалимдер, тарбиячылар, илимпоздор, билим берүү кызматкерлери катышышты.

Педагогикалык окууда "Азыркы социалдык рухий-адептик тарбиянын илимий-теориялык, педагогикалык-психологиялык жана социалдык проблемалары"; "Окуу тарбия процессинде этнопедагогиканын дөөлөттөрүн пайдалануу - окуучуларда улуттук нарк-насилди калыптандыруунун каражаты катары"; "Адабиятты жана тилди окутуунун мазмунун жана технологиясын жаңылоо аркылуу окуучулардын рухий-адептик маданиятын калыптандыруу"; "Окуучу жаштардын рухий-адептик сапаттарын калыптандыруудагы үй-бүлөнүн, бала бакчанын жана мектептин биргелешкен кызматташтыгынын актуалдуу маселелери"; "Табигый математикалык предметтерди окутуу процессинде окуучуларга адептик тарбия берүүнүн жаңы методикалык жолдору" аттуу беш секция иштеп, аты айтып тургандай эле тарбия-таалим багытындагы көйгөйлүү проблемалар анализге алынып, терең иликтенди.
Пленардык кеңешмеде Кыргыз билим берүү академиясынын президенти А. Мамытов, "Улуттук алкактык куррикулум мектептеги билим берүүнүн предметтик куррикулумун иштеп чыгуу негизи катарында", Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти С.Байгазиев "Азыркы шарттардагы таалим-тарбиянын максаты, мазмуну жана технологиясы" (Гезитибиздин ушул санына жогоруда аталган докладды окурмандарга кеңири таныштыруу максатында жарыяладык), Кыргыз билим берүү академиясынын табигый-математикалык предметтер лабораториясынын башчысы А. Абдиев "Табигый - математикалык предметтердин окуучуларга таалим-тарбия берүүчүлүк мүмкүнчүлүгү" деген темада доклад жасашты.
Кыргыз Республикасынын "Эл мугалими" профессор И.Бекбоевдин "методикалык чеберчилиги" атындагы сайты жана "И.Б.Бекбоев - Эл мугалими" деген китептин бет ачаары болуп өттү. Мындан тышкары, педагогикалык окуунун катышуучулары бүгүнкү шарттардагы таалим-тарбиянын абалын, курч проблемаларын, көйгөйлүү жагдайларын, максаттарын, мазмунун жана технологиясын олуттуу түрдө талкууга алышты.
Мыкты окулган 40 докладчыга Уюштуруу комитетинин дипломдору жана Эл мугалими И.Бекбоевдин педагогикалык жана методикалык ишмердигине арналган китеби тапшырылды.
Андан соң, республикалык педагогикалык окуулардын жыйынтыгы чыгарылып, тиешелүү резолюция кабыл алынды жана таалим-тарбия ишин мындан ары жакшыртуу боюнча сунуштар иштелип чыкты.
О.э. педагогикалык жыйындын катышуучуларына №5 Улуттук компьютердик гимназия окуучуларынын күчү менен чоң концерт берилди.
Биз XXIII республикалык педагогикалык окуулардын өтүшү, жана уюштурулушу туурасында жер-жерлерден келген мугалимдерди сөзгө тартканыбызда өз ойлорун төмөндөгүчө билдиришти.

Дилнара Майгулакова,
Бишкектеги № 186 бала бакчанын жетекчиси:
- Биз үчүн мындай педагогикалык окуу эң жакшы натыйжаларды берди деп айта алам. Себеби, республиканын туш тарабынан күчтүү мугалимдер келишиптир. Ал жасаган докладдарынан эле билинип турду. Бири-бирин кайталаган темалар болгон жок. Тарбия багыты кептелген туңгуюктан чыгуунун жолдорун чогуу издеп, талкууга алып, тажрыйба алмаштык. Чындыгында, азыркы күндө көпчүлүк ата-энелер балдарын мектепке жана мектепти бүткөнгө чейинки учурларын көзөмөлдөн чыгарып ийишүүдө. Ошондуктан, окуучулардын мектептен кийинки убактысын үзүрлүү пайдаланышын камтыган сунуштарды айттык. Канткенде тарбияны жолго коюп, мекенчил адамды тарбиялай алабыз деген суроо дале ачык бойдон турат. Ушундай учурда Кыргыз билим берүү академиясы тарбия ишине өзгөчө көңүл буруп, аны формалдуу түрдө уюштурбай, жандуу системада алып чыкканы менен өтө баалуу болду.

Курманбек Мамбеталиев,
Талас областындагы Бакай-Ата районунун билим берүү бөлүмүнүн усулкана башчысы:
- Кийинки мезгилде мектепте, коомдо жаштардын ыйман, адеби жөнүндөгү маселе болуп көрбөгөндөй актуалдуулукка айланып олтурат. Ушундай учурда мындай педагогикалык окуу абдан зарыл эле. Окуунун жүрүшүндө секцияларга бөлүнүп, докладдарды, темаларды талкууга алып, өз сунуштарыбызды кийридик. Мени өзгөчө кубандырганы, докладдардын деңгээлин мугалимдер өздөрү аныкташты. Окулган докладдар ар кандай теориялардын туткунундагы эмес, мугалимдин жеке парктикасынын, методикасынын негизинде даярдалганы менен баалуу болду деп ойлойм.

Гүлбарчын Жумабаева,
Жалал-Абад областындагы Таш-Көмүр шаарындагы №4 мектептин тарбиялык иштер боюнча директорунун орун басары:
- Педагогикалык окуунун таасири абдан чоң деп ойлойм. Ошондуктан, мындай окуулар тез-тез өткөрүлүп турса натыйжасы жакшы болмок. Мисалы, бул күндөрү биз жер-жерлерден келген мыкты мугалимдер менен жолугушуп баарлаштык, тажрыйба алмаштык. Эми ушул үйрөнгөндөрүбүздү окуу, тарбия иштеринде жайылталы деп турабыз. Мектепте окутуу менен эле алек болбой тарбия берип, балдарды адам кылып чыгаруу парз. Бул оор иш. Себеби, азыркы балдар совет мезгилиндегидей эмес, мугалим менен теңтайлашып турат. Ар бир бала өзүнчө дүйнө, өзүнчө түшүнүгү бар инсан. Аларды жөн эле кагып-силке бербей, бүгүнкү күндүн талабына ылайык тарбиялаш керек. Буга ушул педагогикалык окуудан жооп издеп, көптөгөн көйгөйлөрдү чече алдык.



Бактыбек Абдразаков,
Ош областынын Кара-Кулжа районунун Токбайтал орто мектебинин мугалими:
- Бир топ маңыздуу делген проблемаларды талкууладык. Өзүмдүн докладымды да илимпоздордун, кесиптештеримдин катышуусунда талкууга салып, пикирлерин уктум. Айрым мыкты педагогикалык ачылыштарды республиканын мектептерине жайылтууну да максат кылдык. Мисалы, бардык мектептерде "Жаш Айтматов таануучулардын клубун түзөлү" деген сунушту колдодук. Албетте, тарбия багытында көйгөйлөр көп. Коомдук система да, турмуш да өзгөрдү. Биз капиталисттик коомго ылайыкташкан өз элинин патриотторун даярдашыбыз керек. Ачыгын айтсак мектепте революциялык маанай түзүлдү. Башкача айтканда, мектеп коомдогудай, коом мектептегидей жашай албай калды. Тарбия маселеси мамлекеттик деңгээлде чечилиши парз. Бул туурасында педагогикалык окууда кеңири сөз болду.
- Кыскача айтканда, мектеп таалим-тарбия жаатында аксап, ооруп турат. Оорубузду айттык, диагноз коюлду. Эми аны кантип айыктырыш керек. Ушунун тегерегинде баш катырууга тийишпиз. Менимче, мамлекеттик идеология негизги маңызын биринчи коомго сиңириш керек, а коомдун өзүнө карата мектеп түзүлүшү парз. Бийлик, мектеп, коом деген үчилтик биригип, жаңы багыттагы мектепти түзүү зарыл деп ойлойм. Ошого умтулсак, иш-аракетибизден жыйынтык чыгып, коом тазаланат эле. Өнүккөн өлкөлөрдүн тарыхын карасак деле алгач билим берүүгө артыкчылык беришкен. Ошондуктан өнүгүп, өсүшүүдө.
Ал эми бир эле педагогикалык окуу менен эле мектеп көйгөйү чечилип калбайт. Мамлекет мектепти туура түзмөйүнчө ооруганыбыз ооруган. Жакшы билим, тарбия бербей коомду да тазарта албайбыз, алдыга да жыла албайбыз. Педагогикалык окуу ушуну далилдеп берди.

Гүлзат Тажибаева,
Алай районундагы Сынтөшев атындагы лицейдин мугалими:
- Педагогикалык окуудан жаш мугалим катары бир топ тажрыйба алдым. Мында секцияларда иштеп, тарбиянын көмүскөдө калган нерселерин ачыкка чыгардык. Бул багытта мамлекет атайын мыйзамдарды кабыл алуусу парз. Тарбия -бул бүтпөгөн процесс. Ага жалпыбыз киришсек гана натыйжа чыгат. Айтылган ойлорду, жасалган докладдарды, иш-тажрыйбаларды өзүнчө китеп кылып мугалимдерге жеткирүү иши каралганы, колдоо тапканы жакшы болду. Мындай докладдар жалпы мектептин мугалимдерине аба менен суудай керек. Кантип жаңы адамды тарбиялайбыз деп баш катыргандын өзү мезгил талабы. Жаңы адам деген кандай болуш керек. Канткенде ал жаңы, прогрессивдүү адам боло алат. Ушул суроолорго жооп ала албаган мугалим менимче тарбия талаасында куралы жок калган жоокердей эле болуп калат. Ошондуктан, эң алды жаңы муунду тарбиялаш үчүн жаңы мугалим керек. Жаңы мугалим ушундай таасирдүү педагогикалык окуулардан, изденүүдөн, баарлашуудан пайда болот, жаралат. Демек, аны асмандан издебей, өзүбүздөн издеп, калыптандырып, байытып алышыбыз абзел.

Байыш Музуралиев, Жалал-Абад областындагы Кара-Көл шаарындагы Д.Шопоков атындагы №4 орто мектептин кыргыз тил, адабияты мугалими:
- Уюштурулушу эң жакшы. Мындан эки жыл мурун да ушундай окуу болуп, бирок жыйынтыгын көрө алган эмеспиз. Бул жолу андай болбойт го деген ишеничтемин. Экинчиден, педагогикалык окууга жаш мугалимдердин көбүрөөк катышканы сүйүнүчтүү. Бири-бирибиздин тажрыйбаларыбыз менен таанышып, чоң табылга таап кетип баратабыз. Айта кетчү жагдай, биздин областта мындай педагогикалык окуу уюштурулбай келет. Ушуну колго алсак, мугалимдер өз тажрыйбаларын бири-бири менен алмаша алышат эле.

Кенжегүл Маматова,
Алай району, Жумабаев атындагы мектептин мугалими:
- Педагогикалык окууга катышкандар ушул өткөөл мезгилдерде мектеп балага билим гана берип, тарбия экинчи иш катары кабыл алынып келгенин моюнга алышты. Тарбия бир эле мугалимдин иши эмес экендиги да айтылды. Айтылган сөздү сөз бойдон калтырбай ишке ашырсак эң сонун болоор эле.

Майрамбек Токторов, "Кутбилим".