Окуялар, фактылар

Өтүгүңөр бүтүн, тонуңар калыңбы?
Билим берүү мекемелеринин кышка даярдыгы кандай? Айрыкча, быйыл эң опурталдуу болуп калган ушул маселе эрте жаздан бери Билим берүү жана илим министрлигинин көпчүлүк жыйындарынын күн тартибинде номур биринчи болуп келатат. Апрелдеги Өкмөттүн атайын токтомун аткаруу боюнча министрлик тийиштүү буйрук чыгарып, ай сайын, кээде ар он күндө тармактык мекемелерден бул багыттагы иштердин жүрүшү тууралуу отчетторду алып, талдоо жүргүзүп жатат. Мына кечээ да бир катар ЖОЖдор менен облустук билим берүү башкармалыктарынын жетекчилеринин катышуусунда БИМдин статс-катчысы Акунжан Абдрашев ачык-жарык аңгемелешүү өткөрдү.

Билим берүү жана илим министрлигинин материалдык камсыздоо жана ремонт секторунун башчысы Айнура Тургунбаева билим берүү мекемелеринин кышка даярдыгы жөнүндө кыскача баяндама жасады. Катуу отунду өз убагында ташып жеткирүү, электр кубатын керектөө ченемин сактоо жагынан көзөмөл дайыма жүргүзүлүп, негизинен көпчүлүк мекемелердеги жагдай канааттандырарлык экендигин айтты. Жергиликтүү бюджеттен каржылануучу билим берүү мекемелери бүгүнкү күнгө карата отун менен 91,6 %га камсыздалган.
- "Ошол эле учурда Токтогул (55,4 %) жана Талас (43 %) жана Нарын (40 %) сыяктуу райондордо отун ташып жеткирүү иши кыйла жайбаракат жүрүп жатат, - деди ал. - Капиталдык оңдоого пландалган 1657 буу казан бүт бойдон оңдолуп, пайдаланууга даяр турат. Болжолдогу 1116 мектептен 304 мектеп альтернативдүү жылытуу ыкмасына өткөрүлгөн. Министрликтин мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу менен интернаттардын үчөө (Оштогу көзү начар көргөн балдар үчүн адистештирилген мектеп-интернат, Ноокендеги Ленин жолу интернаты жана Төмөнкү Чүй интернаты) да катуу отун менен жылытууга өткөрүлдү. Оштогу курулуш колледжинен башка ЖОЖдордун дээрлик баары жылытуу мезгилинин башталышына жакшы даярдык менен келишти. Кыргыз улуттук университетинин №6 лабораториялык корпусундагы авариялык кырдаал кандайча жөнгө салынып жатканы тууралуу ректордун милдетин аткаруучу Искендер Исамидинов өзү айдып берди:
- "Бул жерде аткаруучулук тартиби жөнүндө атайын сөз кылуу зарыл. Министрликтин буйругунун өз убагында маалымат берип туруу жөнүндөгү бөлүгү начар аткарылууда. Тийиштүү штабдын курамы да, иш-чаралардын бекитилген планы да көп учурларда такталбай, отчеттор берилбей калууда".
А.Абдрашевдин суроосуна жооп берип, А.Тургунбаева Панфиловдогу жана Сүлүктүдөгү мектеп-интернаттардагы отун менен камсыздоо пайызы эмне үчүн төмөн экендигин түшүндүрдү: "Мурунку жылдардагыдай эле, бул сыяктуу билим берүү мекемелерине Каржы министрлигинен ажыратылуучу акчанын иш жүзүндө берилишине карай отун жеткирилип жатат. Анын үстүнө, отун сактоочу жайлар да тардык кылат. Ошондуктан отун макулдашууда белгиленген графикке ылайык жеткирилип турат".
А.Жолдошев: "Быйыл ремонтко бөлүнгөн 500 000 сомдон 93 000 сом гана келип түшкөн", - деп тынчызданганын билдирди.
А.Тургунбаева: "Мен билгенден, Каржы министрлиги калган акчаны төлөөдөн баш тартып койгон. Мунун айынан биздин тармактагы мекемелердин келишимдик милдеттенмелери бузулуп, көптөгөн ремонт иштери башталган бойдон токтоп калууда".
А.Абдрашев: "Облустук администрациялардан Өкмөткө келген отчетторго ылайык республикада билим берүү мекемелеринин кышка даярдыгы 95% деп бааланган, ал эми билим берүү башкармалыктарынан, тийиштүү мекемелерден биздин чогулткан маалыматтар боюнча бул көрсөткүч 91%дан ашпайт. Менимче, биздин маалымат чыныгы жагдайга жакыныраак. Жагабы, жакпайбы - биз чыныгы кырдаалды билүүгө умтулушубуз керек".
КУУнун ректорунун милдетин аткаруучу И.Исамидинов университетте кышка даярдык иши азыр кызуу жүрүп жатканын айтты. Улам көзөмөлдөп, ыкчам иштөөгө түрткү берип тургандыгы үчүн министрликке, сектор башчысы А.Тургунбаевага ыраазылыгын билдирди. Ал №6 лабораториядагы жарылып кеткен суу түтүгү оңдолгондугун, атайын сыноодон өткөрүлүп жатканын айтып, министрликке тийиштүү отчет дүйшөмбү күнү берилерин убада кылды. "Бүгүн бүтүрөбүз дейсиз, жазуу түрүндөгү отчетту эртеңден калтырбай эле бериңиздер", - деп А.Абдрашев талап койду.
Андан соң Бишкек гуманитардык университетинин, Курулуш, транспорт жана архитектура университетинин, Автожол техникумунун, Нарын облусунун билим берүү округунун өкүлдөрү өздөрүндөгү кышка даярдыктын абалы жөнүндө кыскача айтып беришти. Жалпысынан өтө олуттуу кыйынчылык жок экендигин белгилешти. Ырас, кайсы жерде кандай маселе бардыгын БИМ жетекчилиги жана кызматкерлери буга чейин да билип келгени көрүнүп турат. Бирок жагдайды улам тактап, иштин жүрүшүн такай көзөмөлдөп туруу зарылдыгы жалпыга түшүнүктүү.
Жыйын соңунда Акунжан Абдрашев маалыматтарды өз убагында так берип туруу, иштин натыйжасы үчүн ар бир билим берүү мекемесинин жетекчиси жеке өзү баш болуп жооп берерин эскертип, Өкмөттүн тапшырмаларын бардык деңгээлдерде аткаруу тартибин чыңдоого милдеттүүбүз деди.

Ж.Турдубаев.




АТАКТУУ ЧАБАН т.АКМАТОВ 70 ЖАШТА
Социалисттик эмгектин эки жолку баатыры, Кыргыз агрардык университетинин бүтүрүүчүсү, алдыңкы чабан, коомдук ишмер Таштанбек Акматовдун 70 жылдыгына арналган "Агрардык илим - жаңы кылымга" аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция 25-ноябрда болуп өттү.
Конференцияны өткөрүү зарылдыгы чабан Таштанбек Акматовдун ишмердүүлүгүнө карата жазылган жана айыл чарбасын, агрардык билим берүү проблемаларын чечүүнүн жолдору камтылган көптөгөн илимий иштердин жазылышы болгон. Окуу жайдын уюштуруу комитетине бул тууралуу 100дөн ашык илимий макалалар түшсө, анын 30дан ашыгы Россия, Казакстан, Өзбекстан, АКШ, Франция сыяктуу мамлекеттерден да келген.
Таштанбек Акматов өз ишин жөнөкөй чабандан баштап, СССРдин Жогорку Советтин депутаттыгына чейин көтөрүлгөн. Ал өз ишин мыкты билген, чабандыктын жол-жоболорун, кой багууну, көбөйтүүнү, жогорку сапаттагы жүндү алууну жакшы өздөштүргөн алдыңкы чабан болгон.
- Кыргыз агрардык университеттин эмгек жамааты жана студенттери Сиздин лекцияларыңызга, маанилүү кеңештериңизге муктаж. Сиз каалаган учурда келип, мал чарбачылыгы боюнча лекция окуп, тажрыйбаңызды студенттер, жаш илимпоздор менен алмашуу үчүн эшигибиз дайыма ачык, - деди окуу жайдын ректорунун милдетин аткаруучу Т.Кубатбеков салтанат учурунда.

Чолпон КИЙИЗБАЕВА,
"Кутбилим".




НУРАНЫН МУГАЛИМДЕРИ МИНИСТРГЕ ЫРААЗЫ
Билим берүү жана илим министри И.С.Болжуровага
Ош областынын Алай районуна караштуу Нура айылындагы Ы.Мону атындагы орто мектебинин мугалимдер жана тех.кызматкерлеринин жамаатынын атынан
Ыраазылык кат
Урматтуу Ишенгүл Болжурова! Алай районуна караштуу Нура айылында болуп өткөн катуу жер титирөөдөн жапа чегип чоң жоготууларга учурап турганда бизге тез аранын ичинде чоң жардам бергендигиңиздерге чоң рахмат.
Сиздердин берген белектериңиздерди ар бир окуучуга өз колдорубуз менен ата-энесинин катышуусунда тапшырдык.
Бүгүнкү күндө биздин мектептин окуучулары окууну үзгүлтүккө учуратпай Гүлчөдөгү мектеп интернатында окуп жатышат. Тамак-ашы, кийим-кечеси жогорку деңгээлде каралууда.
Мугалимдердин 90% үй, отун, суу менен камсыз болду. Нура элине келип жаткан гуманитардык жардамдар мугалимдерге да тегиз бөлүнүп жатат.
Биз өтө баса белгилеп кетчү нерсе, Алай районунун Билим берүү бөлүмүнүн башчысы Д.Жээнбековго өтө чоң ыраазыбыз. Биз менен 10 күн кошо жүрүп, балдарыбызды толук окууга, мектеп жашына чейинки балдарды балдар бакчасына алып барып жайгаштырды. Бүгүнкү күндө Ш.Ибраимов Нура айылына атайын келип, биз менен тыгыз байланышта иштеп жатат.
Биз мугалимдер 6-ноябрдан мектепке чыгып, иштеп жатабыз. Бизге бардык шарттарыбызды түздүртүп берип жатканыңызга терең ыраазычылык билдиребиз. Ы.Мону атындагы орто мектебинин мугалимдер жамааты сизге жана билим берүү министрлигинин жалпы кызматкерлерине терең ыраазылык билдиребиз.
Сизге жана жалпы кызматкерлериңизге чың ден-соолук, иштериңиздерге албан-албан ийгиликтерди каалайбыз.
Жалпы саламыбыз менен мугалимдер жамааты:
1. Абдырахманова А.
2. Токурова Г.
3. Жороев З.
4. Танашова
5. Чийирова
6. Белекова Г.
7. Молдоматова
8. Абдыкеримова
9. Нурматов
10. Жумабаева
11. Токторбаева
12. Кулова С.
13. Эсеналиева
14. Култаев
15. Кыдыева
16. Шарипова
17. Жороев З.
18. Жороева Т.
19. Акжигит К.
20. Белекова А.
21. Шананов С.
22. Айдарова Б.
23. Матиев А.
24. Жороев Э.
25. Юлдашева Г.
26. Арзиев К.
27. Аринова Т.




Илим күнүнө арналган конференция
Илим күнүнө арналган "Педагогикалык билим берүү жана илим" аттуу илимий-практикалык конференция өткөн аптада И.Арабаев атындагы КМУда болуп өттү.
Ага аталган окуу жайдын окутуучулар курамы жана Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайлардын окутуучулары катышты. Конференциянын катышуучулары алты секцияга бөлүнүп иш алып барышты.
Баса белгилей кетүүчү жагдай, конференциянын үчүнчү секциясы өз ишин окуу жайда 48 жыл эмгектенген, математика илимдеринин кандидаты, профессор Абыкай Искендеровдун элесине арнашты. Анда алгач Абыкай Искендеровичтин наамы ыйгарылган математика кабинетинин ачылыш салтанаты болду. Салтанатка педагогдун жолун улаган уул-кыздары жана туугандары катышты. Кабинетке бул инсандын атын берүү жана аны жасалгалоо жогорку математика кафедрасынын жамаатынын демилгеси менен болду. Искендеров Абыкай 48 жылдык эмгек жолунун 17 жылын физика-математика факультетинин деканы болуп иштеген.

Чолпон Кийизбаева,
"КБ"




Уятың барбы, директор!
Жумгал районундагы А.Садырбаев атындагы орто мектебинин директору Жунушов Замир 2005-2006-жылы "Кутбилим" гезити үчүн 2600 сом өлчөмүндө жазылуунун акчасын бербей жүрөт. "Карызыңыздан кутулуңуз" деп суранган биздин аймактын кураторун, райондук бөлүм башчыны кошо көзгө илбей, тоотпой кер айтышып, "билгениңди кылып" ал дегенсип жүргөн чагы.
Ушул өзүнө тийиштүү чакан кайрылууну окуса уялып, карызынан кутулабы деген ойдо аргасыздан гезит бети аркылуу сүйлөшүүгө туура келип олтурат. Өз кезегинде бул ишти оң чечип, карызынан кутулбаса, редакция тийиштүү жерлерге да кайрыларын директорго эскертет.

"Кутбилим".