Актуалдуу маек

Эсен Үмөталиев:
"Мектеп мезгилдин жана келечектин талабына ылайык курулушу зарыл"
Эсен Үмөталиев,
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу капиталдык ремонт жана курулуш башкармалыгынын жетекчиси
- Урматтуу Эсен Үмөталиевич, бүгүнкү күндө мектепти өкмөттөн тышкары эл ашар жолу менен да куруп келгени бизге маалым. Буга эл аралык уюмдар да көмөктөшүп келе жатканын билебиз. Айтыңызчы, мектепти негизги кимдер, эмненин негизинде, кандай куруш керек?
- Республикабыздагы мектептердин басымдуу көпчүлүгү өкмөт казынасынын эсебинен курулууда. Өзгөчө кийинки үч жылда бул көрсөткүч өстү десем жаңылышпайм. Быйыл Каржы министрлигинин берген маалыматтарына караганда, мектеп курулушуна кеткен чыгымдын акчалай көлөмү бир миллиард сомго жетти. Мындан тышкары ремонтко да ар кандай гранттар келүүдө. Ошондой эле Каржы министрлиги мектептердин курулушу үчүн айыл өкмөттөрүнө казынанын эсебинен өбөлгө түзүүчү гранттарды бөлүп берүүдө. Мунун эсебинен да жылына жаңы 30-40 мектеп бүткөрүлүүдө. Мына быйыл жыл башында жер титиреген айылдарды кошуп эсептегенде 105 мектептин курулушу жүрүүдө. Буйурса, жылдын аягына чейин 30-35ин тапшырабыз деген изги тилек менен турабыз. Себеби, ортодо энергетиканын жетишсизидигине карата иш жүрүп жатканда жаңы маселелер чыгып, бир аз узарып калды. Бирок кечеңдегенибиз менен иштин жүрүшү жакшы.
Экинчиден, Кыргызстан сейсмикалык кооптуу аймакта жайгашкандыктан совет мезгилинен тартып эле мекемелерди 8-9 баллга туруштук бере ала тургандай шартта салып келет. Бул талап салт болуп калгандай эле азыр да бекем сакталууда. Мына биз курган мектептер да ар бир жердин сейсмикалык шартына ылайык курулуп, тийиштүү эрежелери катуу сакталды. Бирок, тилекке каршы, өкмөт казынасынан мектеп курулушуна деп бөлүнгөн өбөлгө түзүүчү гранттары айыл өкмөтүндөгү, райондогу курулушту түшүнбөгөн, башка адисттиктеги адамдардын колуна тийип калып жатууда. Натыйжада курулуштун талабына жооп бербеген мектептер да курулуп кеткен. Бул жөнүндө убагында көп сөз болду. Муну бир эрежеге, калыпка түшүрүү үчүн иштер жүргүзүлүүдө. Эми сапатына келсек, өзгөчө былтыртан бери мектептерди татынакай кылып салып жатабыз. Себеби, курулуш материалдарынын эң сапаттуу, жакшыларын тандап пайдаланганга мүмкүнчүлүк бар. Мына ушунун баарын мектеп курулушуна аянган жокпуз. Чатырын тунукелесек, алдына жасалгалап, атайын кооздоп куюлган калыптагы цемент плиталарды (брусчаткаларды) төшөөдөбүз. Полдорго цементтеп, линолеум төшөп койбой тактайга өттүк. Мурда кирпичти алыс жерден ташып кыйналчубуз. Азыр жергиликтүү ишкерлердин кыш заводдорунан сатып алып жатабыз. Негизинен цемент менен айнек эле бизден болууда. Калган темир-тезектер Россиядан алынып келинүүдө. Албетте, бизден чыккан цемент, айнектерди коммерциялык баада эмес, арзан алып жатканыбыз да жакшы болду. Бул иште жетекчилерибиз, жергиликтүү бийлик да жардамдашууда.
Ал эми мектеп негизинен Билим берүү жана илим министрлигинин, Мамлекеттик курулуш агенттигинин жана долбоордун авторлорунун көзөмөлүндө курулат.
- Сапат демекчи, И.Кадырбеков курдурган мектептерге токтоло кетсеңиз. Эмне себептен мындай абалга туш келип олтурабыз?
- Менин баамымда, бул курулуш ишиндеги оор окуя болуп калды. Кочкордо, Тоңдо, Тар-Сууда, Баткенде, Лейлекте курулган жети мектеп чынында эле эң начар курулуп калган. И.Кадырбеков өзү архитектор. Долбоорду иштеткен инженерлер ага бул болбойт, жарабайт деп айтыш керек эле. Мектеп эле эмес, тез бүтсө дешкен. Тез сапаттуу да бүтүш керек эмеспи. Мына эми ошол мектептерден суу агып жатат. Өз көзүм менен да көрдүм. Бул суу токтобойт деп куруп атканда эле айткам. Мунун конструкциясында катачылыктар бар, жылына капиталдык ремонтту талап кылат, а тургай 7-8 жылда кайра курууга туура келет десем ошол эле Нарындын архитекторлору эмнени айтып жатасыз деп күлүшкөн. Мына жайында ысык, кышында суук болууда. Себеби, сырты темир, ичи гипсокартон, жылуулук сактай турган жерлери жука. Ошондо кирпич менен эле курбайлыбы десек кечигебиз деп коюшкан. Мына Атбашыга 12 млн.сомдук мектепти төрт айда эле кирпич менен бүтүрүп койдук. Башка мектептер деле ушундай убакыттын тегерегинде бүтүп жатат.
- Айрым мектептер сиз айткандай тез бүтүп жатса, айрым мектептер 10-20 жылдап бүтпөй жатат деп да айтып, жазып жүрүшөт.
- 1994-95-жылы союз тараган мезгилдерде Кыргызстанда 72 мектептин курулушу токтоп калган. Булар негизинен үч кабаттуу чоң мектептер эле. Ошолордун азыр 15тейи турат. Мисалы, Таласта Манас районундагы Май мектебинин үстүнкү кабатын алып салып кайра курса болмок. Бирок мындай мектептерге мамлекеттик курулуш мекемеси уруксат бербептир. Ушундай мектептер союздун кулашы менен курулбай калып, бир чети мектептерибиз азайа түшкөнү да ошондон болду.
- Эми совет мезгилинде деле, азыр деле мектептер жетишсиз бойдон калууда. Мунун негизги себептерин эмнеден көрөсүз?
- КМШ өлкөлөрүндө мектептин курулушу боюнча биз эң арттабыз. Себеби бир кезде, совет мезгилинде мектепке, социалдык, маданий багытка бөлүнгөн акчага 15 жыл бою мал кашарларын куруптурбуз. Муну мен сыяктуу ошол кезде курулуш иштерине катышкан адамдар жакшы билишет. Коңшу республикалар ошол учурда мектепти көп куруп, бир смендикке өтүп калышкан. Биз буга жеткен жокпуз. Анысы аз келгенсип мурдагы жыгач менен курулган мектептер да четинен эскирип, кайра курууну талап кылууда. Ошондуктан мектеп курулушунун жетишсиздиги азыркы темпибизди жоготпой сактаган күндө да бери дегенде сегиз - он жылга турат.
- Мектеп курулушу Акаев доорунда кандай эле да, Бакиев доорунда кандай болду?
- Чоң айырма бар. Кийинки эки-үч жылда мектеп курулушуна бөлүнгөн акча мурдагы он жылдын ичинде бөлүнгөн акчага барабар болду деп айтышууда. Мен буга кошулам. Бул тармакка президент да, өкмөт да өзгөчө маани берип жатканы бизди кубандырбай койбойт.
- Мектептердин курулушу бир башка маселе да, анын ичин жабдуу бир башка маселеге айланып кетүүдө. Бул көйгөйдөн чыгуунун жолдорун кантип таап жатасыздар?
- Туура айтасыз. Бул маселе мурда каралбай келген эле. Быйыл биринчи жолу Билим берүү жана илим министрлиги, капиталдык ремонт жана курулуш башкармалыгы жаңы курулган төрт мектепке эски буюм киргизбей, жаңы эмеректер, парта, доскалар менен камсыз кылдык.
Көп райондордо болдук. Эски мектептен жаңы мектепке көчүрөлү десек жарытылуу эч нерсе жок болуп чыкты. Доскалары бозоргон. Мына, мисалы, мен Тогуз-Тородогу Кош-Булак айылына өзүм барып көрүп, буга күбө болуп, 867 миң сомдон ашуун акчага эмеректерди жеткирип бердим.
Ушундан улам мектеп курулушун мындан ары эки бөлүп каржылабай, анын ички жабдуусун да жалпы сметага киргизүү туурасында Каржы министрлиги менен бир чечимге келүүдөбүз. Муну биз областтык капиталдык ремонт, курулуш бөлүмдөрүнө да айттык. Дегинкиси, мындан ары мектеп курулушун ойлогондо анын ички жабдуусун кошо ойлобой туруп баштаган туура эмес экендигин мезгил өзү аныктады.
- Белгилүү акын Шайлообек Дүйшеев "Мектептер турат жөткүрүп, мечиттер турат көк чийип" деп жазгандай, мечиттердин көпчүлүгү мектептин жанына, же бет маңдайына түшүп калып жатат. Бул кокустукпу же...
- Ишиме байланыштуу Кыргызстандын көп жеринде болууга туура келет. Сиз туура айтасыз, республикабыздын мектептеринин 80 пайызына чейинкисинин жанына мечиттер салынган десем жаңылышпайм. Бул эмне үчүн мындай болуп калганын мамлекеттик курулуш мекемелеринен, айыл өкмөттөрүнөн, архитекторлордон суроо керек. Кандай эреженин негизинде мындай болуп жатканын алар да элге түшүндүрүп берүүгө тийиш деп ойлойм. Ал эми илгери курулуп, эскилиги жеткен мектептер жаңы курулган мечиттин жанында албетте "жөткүрүп" турары турулуу иш. Биз да көк чийген жаркыраган мектептерди куруп жатабыз, балдар сүйүнүп окуп жатышат.
- Эсен Үмөталиевич, кайрадан ашар жолундагыкурулган мектептердин абалы жөнүндө сөз кылсак. Ашар жолундагы мектептерди абалы кандай болууда?
- Муну эл биригип, гранттардын, демөөрчүлөрдүн эсебинен курушканы менен дээрлик көпчүлүгү талапка жооп бербейт. Мисалы, Аксыдагы эки мектепти алалы. Грант алган кишинин кесиби мурдагы эсепчи экен. Карсуудагы курулган эки мектеп да жер титирегенде урап калды. Грант алгандан кийин мыкты курулушчуларга кайрылыш керек. Оорукана салып, анын ичине дарыгерлерден бөлөк башка кесиптегилерди иштетип кое албайсың да. Ошо сыңары мектепти курулушту билген адамдар гана куруш керек. Былтыр мындай мектептердин саны 40ка чукул болчу. Биз муну негизги пландуу курулган мектептердин санына кошкон жокпуз. Мен билгенден бир гана Өзгөндөгү Чаңгент айыл өкмөтүндөгү мектеп талапка жооп бергидей курулду. Себеби мында эң мыкты курулушчулар иштеди. Ашарчылардын мектебин негизинен мамлекеттик курулуш көзөмөлү карап чыгып, кабыл алыш керек. Анүчүн аларга акча төлөөгө туура келет. Грант алгандар акчасынан качып, ушундай башаламандыктар болууда. Көзөмөлдү тийиштүү мекемелер карабай эле айыл өкмөтү чечип атат. Бул туурасында өкмөттө да кеп болууда. Муну чукул арада көзөмөлгө алууга тийишпиз.
Дагы айтаарым, дүйнө оожалып, окутуунун технологиялары, ыкмалары, талаптары жаңырып жаткан мезгилде артка кетпей, мектеп курулушу да ошого ылайыкталып, жаңыланып өсүшү керек. Биздин башкармалык ошол мезгилдин жана келечектин талабын эске алып, мектеп курулушун андан ары да өнүктүрүп өстүрүү багытында тынымсыз иш алып барууда.

Аңгемелешкен:
Майрамбек Токторов, "Кутбилим".