Коллегия

САПАТТУУ БИЛИМ БЕРҮҮ - СТРАТЕГИЯЛЫК ЖОЛ
Билим берүү жана илим министрлигинин жакында өткөн кезектеги коллегиясынын отурумунда КР Президенти К.Бакиевдин Кыргызстан калкына Кайрылуусунда жана анын андан мурдараак мугалим журту менен жолугушуусунда белгилеген зарыл иш-чараларды жүзөгө ашыруу планы, 2007-2008-окуу жылында педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуунун жыйынтыгы жана жаңы окуу жылында аткарыла турган маселелер жана ошондой эле окуу мекемелеринин күзгү-кышкы мезгилдерге даярдыгын текшерүүнүн жыйынтыгы талкууланган.

Президенттин тапшырмасы министрликтин иш планында

Мамлекет башчысы кыргызстандыктарга кезектеги Кайрылуусунда жана мугалимдердин кесиптик майрамына карата алдыңкы агартуучулар менен жолугушуусунда республиканын билим берүү системасын мындан ары стратегиялык өнүктүрүү үчүн төмөндөгү маанилүү маселелерди белгилеген:
- жалпы билим берүүчү мекемелерде жеткилең жана сапаттуу билим, тарбия берүү үчүн шарттарды түзүү;
- окутуу, тарбиялоо мазмуну жана технологиясынын структурасын жаңыртуу;
- мугалимдердин профессионалдык даярдыгын жана ишмердигин жакшыртуу;
- педагогдордун ишмердүүлүгүн жогорулатуу боюнча конкреттүү чараларды көрүү;
- республиканын эмгек рыногунун жогорку жана орто профессионалдык билими бар адистерге таңсыктыгын изилдеп чыгуу;
- жождорго кабыл алууда республиканын экономикалык өнүгүү приоритеттерин эске алуу менен кабыл алуу планын көбөйтүү (педагогикалык, инженердик, техникалык, айыл чарба адистиктер боюнча);
- республиканын жогорку окуу жайларында коррупцияны токтотуу механизмин түзүү;
Жогоруда белгиленген маселелердин стратегиялык маанисин эске алуу менен КР Билим берүү министрлиги кабыл алган иш-чаралар планында мектепке чейинки жана мектепте билим берүү жана окутуп-үйрөтүүнүн структурасын жана маанисин жаңыртууга, тарбиялоо процессин жандандырууга жана ошондой эле мугалимдердин ишмердүүлүгүн жакшыртууга багытталган иштер камтылган. "Шаардык жана райондук билим берүү бөлүмдөрдүн жетекчилери, жождор, атайын орто окуу жайлар жетекчилери өздөрүнүн педколлективи менен бирдикте окуучулардын, студенттердин окуу шарттарын түп-тамырынан жакшыртууга жана ошондой эле республикадагы билим берүү мекемелерин квалификациялуу педкадрлар менен жабдууга, билим берүү процессин жогорулатууга, окуучулардын, студенттердин академиялык жетишкендиктерин жакшыртууга бардык күч-аракеттерин жумшоолору зарыл", - деп белгиленет ал документте.

Мугалим чеберчилигин өркүндөтүү заманбап жолго түшүүдө

Коллегияда каралган экинчи маселе мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу проблемалары жөнүндө болду. Коллегия мүчөлөрү педагогдордун квалификациясын жогорулатуунун бирдиктүү системасы бузулуп калганын, ал эми методикалык кызмат көрсөтүүчү система мамлекетте 1990-жылы түзүлгөн кризистик кырдаалда жоюлуп кеткенин айтышты.
Азыркы учурда педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу багытында иш-чараларды Кыргыз билим берүү академиясы, Каракол, Ош, шаарларындагы билимди өркүндөтүүчү областтык институттар, Нарын, Талас, Жалал-Абад, Баткен областтарындагы методикалык борборлор жана борбордогу, региондордогу жождор алып барышууда.
2007-2008-окуу жылында Кыргыз билим берүү академиясынын жана билимди өркүндөтүүчү областтык институттардын ишмердүүлүгү курстук иш-аракеттерди сапаттуу комплектөөгө, окутуунун жаңы методдорун жана технологиясын пайдалануу жолу менен окуу процессин жакшыртууга, мектептерде сапаттуу билим берүүнү арттырууга багытталган. Жылдан жылга жер-жерлерден билим берүүчү мектептерди башкаруунун, окутуунун белгилүү бир проблемалары боюнча курстарды, семинарларды өткөрүүнү суранышкан өтүнүчтөрдүн саны өсүп жатат. Өткөн окуу жылында 11 курс жана семинарлар өткөрүлгөн. Маселен, кыргыз тили жана адабияты курсунда пландагы 174 мугалимдин ордуна 186 мугалим квалификациясын жогорулаткан, ал эми орус филологиясы жана чет тилдер боюнча 277 педагог курстук иш-чаралардан өткөн.
Айрыкча, мектепке чейинки тарбия иштери жана башталгыч билим берүү кафедрасы угуучулар арасында зор кызыгууну жаратып жаткандыгын белгилесе болот. Мында ар түрдүү дидактикалык аудио жана видео материалдар колдонулуп, мугалимдер заманбап окутуу методикасы жана формасы менен тааныша алышат. Окуу программаларында, методикалык материалдарда этнопедагогикалык ыкмалар жана глобалдуу билим берүү идеялары чагылдырылат. Окуу жылында бул кафедрадан пландагы 301 адамдын ордуна 522 мугалим билимин жогорулата алышкан.
Билимди өркүндөтүүчү курстардын мазмуну окуу пландары жана окуу программалары сыяктуу жыл сайын оңдолуп-түзөлүп, жаңыртылып турган нормативдик документтердин негизинде түзүлөт.
Жаңы окуу жылында регионалдык структуралар жалпы жоболорду эске алуу менен квалификацияны жогорулатуу боюнча нормативдик-укуктук документтерди иштеп чыгуулары керектиги, мурда жок курстарды кошуу зарылдыгы белгиленди.

Жетимдер мектебиндеги текшерүүлөр эмнени көрсөттү?

Билим берүү жана илим министрлигинин адистери үстүбүздөгү жылдын 6-октябрынан 11-октябрга чейин жер-жерлерде кышка кандай даярдыктар көрүлүп жаткандыгын, жаңы окуу жылына уюштуруу иштеринин деңгээлин, багаар-көрөөрү жок жетим балдарга кам көрүүчү атайын жатак мектептердин иш-аракеттерин иликтешкен.
Учурда республикада багаар-көрөөрү жок томолой жетим жана өздүк муктаждыктары бар, ата-энеден кароосуз калган балдар окуп-тарбияланган 25 билим берүүчү мекеме иштейт. Анын ичинен беш балдар үйү, ата-энеси жок же ата-энеден кароосуз калган балдар үчүн беш жатак мектеби, атайын муктаждыгы бар балдар үчүн 15 атайын жатак мектеби бар. Төрт жатак мектепте окутуу кыргыз тилинде, экөөндө кыргыз орус тилинде аралаш, ал эми калган 19унда жалаң орус тилинде окутат. Ал жактагы 1 жаштан 18 жашка чейинки балдардын саны министрликтин статистикалык маалыматы боюнча азыркы мезгилде 3504 бала. Алардын ичинен 371 бала - багаар-көрөөрү жок томолой жетим, атасы же энеси жок балдардын саны - 850, ал эми майып балдардын саны - 1175.
Жатак мектептерде жалпысынан 1809 педагог, 377 тарбиячы эмгектенишет. Алардын 93 жаш адистер, эс алууга чыгып, бирок иштеп жүргөн пенсионерлер - 110. Агартуу тармагынын эң жооптуу жана аялуу катмарында иштеген ал мугалимдердин 191 мугалими - билим берүүнүн мыктысы, төртөө - эмгек сиңирген мугалим наамынын ээси.
Көздөрү азиз жана начар көргөн балдар жайгашкан Ош шаарындагы, Ысык-Көл областынын Ак-Суу районундагы, Баткен областынын Кадам-Жай районундагы атайын жатак мектептерди текшерген текшерүүчүлөр балдар камкордукка алынып, окутуп-тарбиялоо иштери жакшы жолго коюлгандыгына күбө болушкан. Министрлик тарабынан жана башка грант түрүндө атайын бөлүнгөн каражаттар максатка ылайык пайдаланылып жаткандыгын ал жердеги эмеректердин бүтүн абалын көрүп ынанып кайтышкан. Ошондой эле ал жатак мектептердеги ашканалардын, азык-түлүктөр сакталуучу жайлардын санитардык-гигиеналык абалы тийиштүү нормага жооп берерлик абалда.
Жыйынтыгында министрликтин коллегиясы жогоруда саналып өткөн балдар жайгашкан жайларда орчундуу иштер аткарылып жаткандыгын белгилөө менен бирге өз жоопкерчилигин талаптагыдай аткарбаган жана финансылык каталыктарды кетирген бир катар директорлордун ишин канааттандырарлык эмес деп тапты. Коллегия Жалал-Абад областынын Ноокен районундагы акыл-эси жетилбеген балдардын жатак мектебинин директорун ээлеген кызматынан четтетүү жөнүндө чечим кабыл алды.

Айнагүл Кашыбаева, "Кутбилим".