№37, 01.11.08-ж. Кыргыз гезиттер
ЖАШ ОКУТУУЧУ - ЖАШТАРГА ӨРНӨК
Биздин каарманыбыз Самара Узбекова Бишкек шаарындагы айтылуу Бишкек гуманитардык университетинин Европа цивилизациясы факультетинин немис тили кафедрасында окутуучу болуп эмгектенет. Патриоттук сезими күчтүү, мекенин ыйык туткан, ата-энесинин сыймыгы, жаштарга үлгү көрсөтө билген Самара орто мектепти да, жогорку окуу жайын да кызыл диплом менен бүткөн жаштардын бири. Анда эмесе сөз кезегин каарманыбызга берели.

Мектеп эрежеси - бузулбаган
мыйзам эле

Мен Таластагы Акчал уулу Дүйшөн атындагы орто мектепти ийгиликтүү аяктагандан кийин эле борбор калаага билимимди улантканы келгем. Алгач мектебиме окшош имараттарды көрсөм кубанып, толкунданчумун. Ириде чоң шаарга көнө албай жүргөн күндөрүмдү эстесем күлкүм келет.
Учурда 1-курста окуган студенттеримди аярлай карап, баягы мендей болуп жүрүшөт го деп, алардан мындан 5 жыл мурунку өзүмдү көргүм келет.
Мектеп эрежеси мен үчүн бузууга болбой турган мыйзам болчу.

Өз күчүм менен төрт жогорку окуу жайга өткөм

Эң күчтүү деген окуу жайларга өткөнүмдүн себеби: гумандуулукка тарбиялаган ата-энемдин таасири, 1-класста мыкты билим пайдубалын түптөп берген, эки элди бириктире билген "элчи" Кадича эжекемдин таасири тийди. Немис тили боюнча республикалык олимпиадаларга катышып, байгелүү орундарга ээ болуу менен кандайдыр бир адилеттүүлүк бар экенине ынанууданбы, айтор, немис тилин өздөштүрүү үчүн БГУнун ушул факультетине тапшырып жатканда окуу жайдын мугалимдеринин маданияттуу, жылуу мамилеси төрт окуу жайдан ушул жожду тандап алганга түрткү болду. Фамилиям да өткөн студенттердин ичинен биринчи болуп жазылыптыр. Өзүмдө ушул окуу жайга керектүүдөй сезим пайда болду.
Кичинекей кезимен эле Германияны көрсөм деп кыялданчумун. БГУда окуп жүрүп, 2-курстан кийин Германиянын Ена шаарына барып, дүйнөлүк деңгээлдеги семинар-сабакка катышып келдим. Себеби, "Германия мамлекетинин палатасынын жана Кыргызстан парламентинин жаштарга жасаган мамилеси" деген тема боюнча эмгек жазып конкурска катышып, Германияга бекер барып, 70 өлкөдөн катышкан жаштардын 21 күндүк семинар-сабагына катышып келүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Эмгек эрезеге
жеткирет

Мамлекет башында ким турбасын ар дайым жаштарга колдоо көрсөтүп келет. Тубаса билимдүү, азыркы тил менен айтканда "коммуникабельный" кыргыз калкына "билеги күчтүү бирди жыгат, билими күчтүү миңди жыгат" деген макал туура келет. "Тили жатыктын, дили таза" эл болот деген кеп бар. Кайсы тилде болбосун таза, билимдүү сүйлөөгө тез үйрөнүү менен бардык улуттун маданиятын сыйлоого шыктуу элбиз.
Себеби, биз - байыркы элбиз. Миңдеген кылымдар ичинде кыргыздын чыкпаган тоосу, баспаган жолу калбаса керек. Ар кандай эл менен мамиле түздү, тилин, дилин, динин, маданиятын жолуктурду. Кыргыз эли өз маданиятын сактоо максаты менен өзгөнүн маданиятын сыйлоо керектигин билген элбиз десем жаңылыштык болбостур.

Коңшуңдун сырын билбей туруп жакшы жашоо мүмкүн эмес

Коңшуңдун үйүнө кирбей туруп, сырын билбей туруп жакшы жашоо мүмкүн эмес. Ошондуктан коңшулаш мамлекеттер Казакстан, Өзбекстанга барып жакындан эли-жери, маданияты менен таанышып келдим. Ташкент аркылуу Жызактагы кыргыздардын жаштары менен пикир алыштым. Бир кезде ата-бабаларыбыз жердеген Эне-Сайга барып, Хакасия элинин арасындагы тилин, динин, дилин бербеген, алигиче Саңсызбаев, Арыштаев ж.б.у.с. кыргызча фамилияларын сактап, маданиятын жоготпогон түпкү кыргыздар менен сүйлөшүп келдим.
Менин максатым - алакандай кыргыз жеримди "сууктан коргоп, шамалдан сактоого" көмөк көрсөтүү. Германия мамлекетинин эли менен кыргыз элинин ортосундагы мамилени мындан да жакшыртыш үчүн тилмечтикти туура жүргүзүп, кичине болсо да салым кошууну көздөйм.
Даярдаган
Гүлнара Алыбаева,
"Кутбилим".