№37, 01.11.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Окуялар, фактылар

Жаштар үйлүү болушту
1-ноябрь күнү Балдардын жана өспүрүмдөрдүн "Сейтек" улуттук борборунда Бишкек шаарындагы мектептерде жана саламаттыкты сактоо мекемелеринде иштеп жаткан жаш мугалимдер менен дарыгерлер үчүн бекер там ойнотулду. Бул жакшы жөрөлгө Бишкек шаардык мэрия тарабынан 2006-жылдан бери ойнотулуп келет.

Бишкек шаардык билим берүү департаментинин инспекторлорду көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Т.Мамыралиеваны иш-чаранын жүрүшү туурасында айтып берүүсүн өтүндүк.
- Тахмина Талапташевна, Мугалимдер күнүнө карата шаардык алты мугалим менчик тамдуу болушту. Бул мугалимдер кайсы критерийлер боюнча там алууга жетишишти?
- Бул мугалимдер көп жылдан бери там алууга кезекте турушкандар. Бир гана №68 мектептин мугалими Салкын Карыпова кезексиз там алууга жетишти. Анткени ал быйылкы шаардык сынакта "Мыкты мугалим-2008" номинациясын жеңип алган болчу. Ал эми "Таберик" борборунун директору О.Л.Крылова, №8 мектептин мугалими Н.Осмоналиева, №33 мектептен Б.Жакыпова, №54 мектептин мугалими Б.Токтобаева менен №64 мектептен З.Абдыманаповалар кезекте туруп келишкендер. Андыктан бул жерде эч кандай тааныш, тууган ж.б.у.с. нерселер жок.
- Демек, "Жылдын мыкты мугалими" деген сынактын жеңүүчүлөрү эми үйлүү болушат экен да?
- Ооба. Бул туурасында мугалимдердин алдында Бишкек шаарынын мэри Н.Тулеев убадасын берди. Жыл сайын "Мыкты мугалим" номинациясынын жеңүүчүсү тамдуу болот деп. Тамы болсо дагы, тамы болбосо дагы жеңүүчү катары сыйланат.
- Жаш мугалимдер үчүн бекер там ойнотулду. Бул оюнга кимдер катышты?
- Бул боюнча мэрия тарабынан атайын Жобо иштелип чыккан. Анда так жана даана жазылган шаардык мектепте жана саламаттыкты сактоо мекемесинде жогорку окуу жайын бүткөндөн бери үч жыл иштеген деген графага туура келиши керек. Мындан сырткары, үйү, там салчу жери жок деген справка болушу зарыл.
Негизинен мэрия жаш мугалимдерди мектепке тартуунун бир ыкмасы катары ушул оюнду ойнотуп жатат. Быйыл эки квартира ойнотулду. Бирөө мугалимдер үчүн, экинчиси - саламаттыкты сактоо мекемесинин жаш адиси үчүн.
- Канчалык деңгээлде бул оюн таза өттү деп ойлойсуз?
- Атайын комиссия отурду. Элдин көзүнчө лототронду окуучулар тегеретишип, бактысына жараша кимдин фамилиясы чыкса, ошол тамдуу болду. Мындай бактыга билим берүү мекемесинен Свердлов районундагы балдардын чыгармачылык борборунун жетекчиси Алиев Мирлан (лотереянын №101), саламаттыкты сактоо мекемесинен борбор шаарыбыздагы №10 бейтапкананын хирургу Бондарева Анастасия (лотереянын №6) туш болушту.
- Канча мугалим катышты?
- 126 мугалим, 65ге чукул медициналык кызматкерлер. Албетте, булар жанагы жогоруда мен айткан үч жылдан бери иштеп келатышкандар. Эми бактылуу лотереяны сууруп алгандар мэрия менен келишим түзөт.
Ал ошол иштеп жаткан мекемеде 10 жыл иштеши керек болот, кийин келишимдин убактысы бүткөндөн кийин там алардын менчигине чыгат.
- Айрым мектептен редакцияга телефон аркылуу чыгып жатышат. Мектеп директорлору өзүнө жакын адамдарын тизмеге киргизип коюушту деген?
- Мындай болбошу керек. Мектеп директорлору туура түшүндүрүү иштерин жүргүзбөгөндүктөн бүдөмүк ойлор чыга берет. Мен жогоруда айтып кетпедимби. Жогорку окуу жайын бүткөндөн бери бир мектепте үч жылдан бери иштеп келаткан жаш мугалимдердин тизмеси берилет.
Маектешкен Гүлнара Алыбаева,
"Кутбилим".




В помощь учителям английского
Наши ученики нуждаются в развитии коммуникативной компетенции (способности общаться на иностранном языке в повседневной жизни, использовать иностранный язык для учебы и работы). Поэтому особенно приятно, что не осталось незамеченным событие, прошедшее 10 октября в Детской и юношеской библиотеке им. К. Баялинова. Ассоциация преподавателей английского языка "Форум" провела презентацию пособия по коммуникативной методике преподавания английского языка "Teaching English in a Communicative Way".
Презентацию посетило более восьмидесяти учителей и преподавателей английского языка, представители Посольства США в Кыргызской Республике координатор по культурным программам М. Розенталь и координатор по программам обмена Г. Толбаева, а так же главный специалист отдела развития образования управления образования г. Бишкек Н.Г. Подорогина.
Пособие было написано активными членами Ассоциации: Ч. Дюшембиевой, Н. Джуманалиевой, М. Мусаевой, З. Мааткеримовой и Н. Цукановой, и опубликовано при финансовой поддержке Посольства США в Кыргызской Республике. Оно рассчитано на учителей английского языка, работающих в средних школах, и издано на английском и кыргызском языках. Авторы пособия попытались максимально приблизить его к практике, поэтому в нем не только дается теоретическое освещение таких актуальных проблем, как развитие языковых навыков, обучение грамматике, работа над словарным запасом учащихся, исправление ошибок в устной речи, но и предлагаются задания, которые могут быть использованы в классе для решения этих проблем.
На презентации пособия Дюшембиева Ч. организовала небольшой мастер-класс, на котором были представлены несколько заданий, что позволило увидеть методику их использования на практике. Стоит так же отметить презентацию преподавателя КГУ им. И. Арабаева Абдыкеримовой А., уже апробировавшей пособие.
Ассоциация преподавателей английского языка "Форум" будет рада сотрудничеству со школами и может предоставить сигнальные экземпляры пособия для школьных библиотек и методических кабинетов.
По всем вопросам просим обращаться к Анне Фатневой по телефону 0555 23 09 92.

Соб.инф.




"Улыбка" араздашууну алдын-алууга үйрөтөт
"Улыбка" коомдук фонду "Балдардын демилге борбору" аттуу жаңы долбоорду баштады.
Үстүбүздөгү жылдын 1-октябрынан ишке кирген жаңы долбоорду АКШ мамлекетинин демократиялык комиссиясы колдойт.
Долбоордун максаты - Ош шаарындагы 56 мектептин окуучулар арасындагы араздашуу акыбалдарды чечүү, демократиялык лидерлер мектебин түзүп, мектептеги өз алдынча башкаруу органдарынын иштеринин эффективдүүлүгүн жакшыртуу. Ал үчүн Ош шаарынын төрт мектебинде демократиялык дискуссияларды үйрөтүүчү жана маалымат алмашуу боюнча демократиялык лидерлик клубдарын ачуу каралган. Мындан тышкары мектептеги өз алдынча башкаруу органдарынын лидерлери жана окуучулар арасында "Лидерлик жөнүндө", "Толеранттуулук", "Жеке мамилелер", "Граждандык укуктардын негиздери", "Мектептеги өз алдынча башкаруу", "Келишим жолдору аркылуу жаңы башталып келаткан чыр-чатак абалдарды чечүү" темаларында бардыгы болуп 24 билим берүү тренингдери өткөрүлмөкчү.

А.Кашыбаева.




o Объявление
Районным, городским отделам (управлениям) образования
Протоколом совещания у Первого вице-премьер-министра Кыргызской Республики И.Айдаралиева от 13 октября 2008 года №15-32 "О накомплении необходимого объема воды на Токтогульском водохранилище и подготовке периоду 2008/2009 года" поручено распределительным энергокомпаниям насосов, использующихся для обеспечения циркуляции воды в системах отопления объектов образования и здравоохранения.
Министерство образования и науки Кыргызской Республики сообщая изложенное, обязывает руководителей районных, городских отделов (управлений) образования и образовательных организаций, использующих электроэнергию на цели отопления, обеспечить контроль по своевременному подключению к электрическим сетям насосов, использующихся для обеспечения циркуляции воды, в системах отопления объектов образования.

Заместитель министра А.Иванников




Экономикалык университеттин күнү белгиленди
Кыргыз экономикалык университетинин күнү 30-октябрда "Сейтек" өспүрүмдөр борборунда белгиленди.
Майрамга окуу жайдын ардагерлери, мамлекеттик кызматкерлер, бүтүрүүчүлөр жана университеттин өнүгүп-өсүшүнө кайдыгер карабаган инсандар чакырылган. Анда окуу жайдын ректору Т.Камчыбеков университеттин ийгиликтери, алдыга койгон максаттары тууралуу баяндап бергенден кийин, келген коноктор каалоо-тилектерин айтып, окуу жай үчүн даярдай келген белек-бечкектерин тапшырышты. Студенттер тарабынан "КЭУнун патриоту" деген сынак өтүп, анда "КЭУнун келечеги" аттуу мыкты долбоордун жеңүүчүлөрүнө жана окуу жайдын "Жылдын мыкты окутуучуларына" белек-бечкектер тапшырылды.
Бул окуу жайдын тарыхы 1954-жылдан Фрунзе соода-сатык техникуму болуп ачылгандан башталат. 1953-жылы Техникум наамын алып, 1991-жылы Коммерциялык колледж болгон. Ушуга окшогон баскычтарды башынан өткөрүп келе жаткан окуу жай 2007-жылы Кыргыз экономикалык университети наамын алган. Учурда заман талабына жооп берген, жеке Кыргызстанга гана эмес дүйнөгө таанылган алдыңкы экономика адистерин даярдаган окуу жай болуп эсептелет.

Ч.Кийизбаева,
"Кутбилим".



МААРАКЕҢЕР КУТ БОЛСУН!
Союздун учурунда Бишкек шаары боюнча окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн жападан жалгыз №5 орто мектеби болуп келгендиги ачуу чындык. Анан эгиздер сыңары сымал канчалаган күч-аракеттер менен №68 кыргыз мектеби ачылган. Анын ачылышында элибиздин улуу инсаны Чыңгыз Айтматов агайыбыздын мектепке карата айткан жакшынакай каалоо-тилектери кабыл болду десек болот. Менин үч балам ушул мектепте окуп, өздөрү каалаган жогорку окуу жайлардын бюджеттик бөлүмдөрүн ийгиликтүү аякташты. Азыр алар мамлекеттик жана эл аралык уюмдарда эмгектенип жатышат. Балдарымдын жетишкен ийгиликтери көп жагынан талаптагыдай билим берген, турмуш жолун туура тандап алууга зор салымын кошкон Алыкул Осмонов атындагы №68 гимназия мектебине таандык. Азыр дагы эки уул, бир неберем окуп жатат. "Эшигин көрүп төрүнө өт" дегендей, мектептин ички жана сырткы жасалмасы, тазалыгы, окуу кабинеттеринин жабдылып-жасалгаланышы учурдун талабына жооп берет.
Мектептин жетекчилиги жана мугалимдери да көптөгөн жылдардан бери турмуштун түрдүү сынактарынан өтүп, калыптанып калган ынтымактуу коллективди түзө алышты. Шаарыбыздын тургундарынын көпчүлүгү ушул мектепте балдарын окутууну самашат. Ушунун өзү эле бул гимназия мектебинин окуу-тарбия иштери мыкты деңгээлде экендигин айгинелеп турат.
20 жылдык мааракеңер куттуу болсун демекмин.

Дамир АКМАТОВ,
КББАнын ага илимий кызматкери.




Профессор Шерстюктун токсон жылдык илимий тою
Белгилүү адабиятчы, окумуштуу педагог, Улуу Ата мекеник согуштун катышуучусу, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, Билим берүүнүн отличниги, "Даңк" медалынын ээси, "Ата Мекендик согуш", Кызыл жылдыз ордендери баш болгон түрдүү медал-ордендерин тагынган Иван Алексеевич Шерстюктун Кыргызстандагы филология илиминин өнүгүүсүнө кандай зор салым кошкондугун кесиптештери, шакирттери жакшы билет. Маяковскийден тартып Манаска чейинки көптөгөн көркөм дөөлөттөрдү мыкты талдап, кыргыз уламыштарын терең изилдеген бул агай бүгүн 90 жашка толуп отурат. Буга байланыштуу 30-октябрда Бишкек гуманитардык университети жана Украинанын Кыргызстандагы элчилиги "Коом жаңыланып жаткан шарттагы филология илими" аттуу эларалык илимий-практикалык конференцияны уюштурду.

Ж. Турдубаев.




Защита диссертации
3 декабря 2008 года в 14:00 часов на заседании Диссертационного совета Д.08.06.330 при Центре экономических исследований Национальной академии наук Кыргызской Республики (720071, г.Бишкек, проспект Чуй №265-А, НАН Кыргызской Республики, 1 этаж, малый зал.) состоится защита диссертации Шакиева Шайдиллы Орунбековича на соискание ученой степени кандидата экономических наук на тему: "Региональные проблемы развития малого и среднего бизнеса и стратегия управления ими в условияx рыночной экономики" по специальности 08.00.05 - экономика и управление народным хозяйством.
Научный руководитель: доктор экономических наук, профессор Балбаков Мурат Балбакович.
Официальные оппоненты: доктор экономических наук, профессор Ш.М.Мусакожоев; кандидат экономическиx наук Э.Омурзакова.
Ведущая организация: Институт экономики и бизнеса КГТУ им. И.Раззакова, кафедра "Экономика и бизнес" (720044, г.Бишкек, пр.Мира, 66).
С диссертацией можно ознакомиться в библиотеке Национальной академии наук Кыргызской Республики. (720071, г.Бишкек, проспект Чуй №265-А)