№37, 01.11.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Ар бир кесип ардактуу

Жакшы адам, мыкты адис жөнүндө ой толгоо
Мурда айылга барган сайын өзүм окуп кеткен, балалыгым өткөн мектепке барып, окуучулар менен кезигишип, аларга деп ала барган жупуну белектеримди (китептеримди) тапшырып, мугалимдер менен аңгеме-дүкөн куруп, кабыргам калыңдап, канат байлап кайтчу элем... А быйылчы? Андай болбодум. Себеби, ошол мектептин бир мыкты мугалими жөнүндө ойлонуп, ичим уйгу-туйгу түшүп, кабыргам кайышып кайттым...

Мурдагы Үлгүлүү, азыр П.Жакыпов атындагы мектепте көптөн бери эмгектенип, балдарга билим гана эмес, тарбия берсем деп, кара жанын карч уруп, күндүз тынчы, түнү уйкусу кетип, тынбай изденип, мектепке эрте барып, үйүнө кеч кайтып жүргөн, тажрыйбалуу мугалимдин ден соолугу начарлап, мектепке каттоосу сейректеп кеткени мени абдан түйшөлттү... Ал - кыргыз тили жана адабияты боюнча сабак берген, тажрыйбалуу агай Саиткамил Токтобаев эле.
Барып учураштым. Баягы оттой жанып турчу көзү бир аз тунарып, оору белден басып турганына карабастан, амандыкты сурашкандан кийин эле, "Быйылкы жылдын - Чыңгыз Айтматов жылы" деп аталганына төбөсү көккө жете кубанып, анын бир топ чыгармаларын санап өтүп, аларды окутуу аркылуу жаштарды тарбиялоо маселелерин талдап кирди. Анын сөзүн бузбастан, айткандарын муюп угуп отурдум...
Айылыбыз тоонун боорунан орун алган. Саиткамилдин үйү мектептен бир топ жогору болгондуктан, мен төмөн көздөй келе жатып, эки көзүм тээтиги алаканга салгандай көрүнүп турган мектепте болгону менен, эси дартым, оюм, такшалган адис агайдын айткандарынан бөлүнүп чыгалбай, тунжурап, ойго басылып келе жаттым...
Мектепке келип, мугалимдер жамаатына жолуктум. Кыргыз тили жана адабияты мугалими С.Токтобаев тууралуу суроо салдым. Отургандардын баары анын ден соолугу жөнүндө өкүнүп кеп кылышты. Акырында, анын II топтогу оорукчандар катарына кошулуп, пенсияга чыкканына карабастан, өз катарларынан алыстабай, ар дайым төрдөн орун беришип, аздыр-көптүр сабак өтүп жатканын айтышып, бир жагынан ичтери ачышкандарын билдиришсе, экинчи жагынан аны менен сыймыктанышаары жөнүндө узун сөз болуп жатты...
Сапарым карып, айылдан жөнөп жатсам, 10-12 жаштар чамалуу бир тестиер бала жүгүрүп келип: "Муну Сизге атам берип жиберди. Окуп көрүп, пикирин айтып койсун деди" деп, бир дептерди сунду. Баланын чыйраактыгына ичимен кубанып, жанымдагылардан "Бул кимдин баласы?" деп сурадым. Эки-үчөө жарыша "Саиткамилдин кенжеси" деп жооп беришти. Жолго чыгып калгандыктан, ал дептердин ичинде эмне бар экендигин билбей туруп, баштыгыма салып койдум. Бирок, шаарга жеткенче "Бул дептерде эмнелер болду экен?" деген ой мени коштоп келди.
Ошентип, шаарга да келдим. Баарынан мурда, баштыгымдагы баягы дептерди алып, ачып окуй баштадым. Адегенде, мен бул дептерде "Болду-болбоду, анын сыркоолоп жүргөн учурда жазган аңгемелери бар го..." деп боолгологон элем. Жаңылышкан экенмин. Ал дептерде жалаң ырлар, т.а., поэзиялык чыгармачылыкка жаңы жасалган аракеттер орун алыптыр. Анда өзүнүн кийинки кездерде башынан кечирип жаткан оорулуу күндөрү эмес, жалпы эле жаратылыш, ден соолук, турмуш, өмүр тууралуу философиялык ой чабыттары ыр түрүндө чагылдырылыптыр. Ырларды бир нече жолу окуп чыккан соң, алардын ичинен бир нечесине басма беттеринен орун берүүгө болот деген ишенимде газеталардын биринин редакциясына жол тарттым.
Урматтуу редакция! Кечээ эле мугалимдик кесибин ургаалдуу иштеп жүрүп, бүгүн оорукчандардын II тобуна кошулуп калганына карабастан, мектептен кол үзбөй, чыгармачылык иште да калемин сынап көрүүгө киришкен мугалимдин төмөнкү ырларын анын көркөм дүйнөгө карата болгон алгачкы шилтеген кадамы катары баалап, анын төмөнкү ырларына гезит бетинен орун берип коюуңуздарды өтүнөм.

Р.Эгембердиев,
филология илимдеринин кандидаты, БГУнун профессору.




Саиткамил Токтобаев
СӨЗ

Улуулар илгертеден кеп айтышат,
"Жакшы сөз жан эргитет" деп айтышат.
Жыланды да чыгарган ийининен,
Жакшы сөздүн маанисин көп айтышат.

Кылыч кескен жарааттан айыгат дейт,
Ал жараатка бир дары табылат дейт.
Сөздөн алган жарааттан жүрөк ооруп,
Дабасы жок ооруга кабылат дейт.

Элимде сөздүн баркы, баасы бийик,
Бир сөзгө байланышкан башын ийип.
Чындык СӨЗ калкым үчүн символ болуп,
Сезимге калган тура бекем сиңип.

АЛДИЯР ТОО

Ата-бабам мекендеген илгертен,
Алдияр тоо Жалпак-Таштын чокусу.
Аба ырайын алдын-ала билдирет,
Кара булут - Алдиярдын топусу.

Булут турса көпкө чейин тарабай,
Эл камынат жаан-чачын, шамалга.
Бекемдешип боз үйлөрүн, чатырын,
Малын тосуп сак турушат далайга.

Аба ырайын далай жолу айтышчу,
Ата-бабам Алдиярды карашып.
Күн ачылып, ысык болот дешчү эле,
Сур булуттар кеткен кезде тарашып.

Ошол тоонун тегереги кең жайлоо,
Арча, кайың, бетегелүү чөп өскөн.
Андай жерлер кезиксе да көп жерден,
Алдиярга тоолор аз го теңешкен.

ООРУКАНАДАГЫ ОЙ ТОЛГОО
Ойго батып, оору менен алышып,
Түркүн ойлор түрмөктөлөт жарышып.
Аз болсо да жаным бир аз тынч алат,
Медайымдар кетсе ийне сайышып...

Оору алдына жатып бербей бүгүлө.
Ой, санаамын жеталбастан түбүнө,
Өзүм менен өзүм болуп мен жатсам,
Ар ким келет алым сурап күнүгө.

Күтүп жүрдүм Сайдалимди, Эсенди,
Деги алар өздөрү соо, эсенби...
Бир боорлорду көргүң келет турбайбы,
Булар эмне? Оорубайбыз дешеби...

"Кандайсың?" деп, келишкендер ал сурайт,
Өткөн күндөр, бирок сырдуу кол булгайт.
Өмүрдө көз ирмем да токтоо болбой,
Жыл айдын, айлар күндүн жолун улайт.
Оорудан сакайганга тете дейт ко,
Алыңды бирөө келип, турса сурап...

Көрүстөндө кайталанчу көрүнүш

Уучундагы топуракты салууга,
Эл топурайт алга умтулуп, шашылып.
Андан кийин алгоолошуп жигиттер,
Көөмп жатты маркум сөөгүн жашырып.
Молдо гана айтып жатты элдерге,
Не экенин жамандык же жакшылык.

Отургандар суз болсо да маанайы,
Молдокеге көңүлдөрү бөлүндү.
Далил кылып ушул учур, бул жерди,
Эске салды өлүм менен өмүрдү.
Таасириби, көрүстөндүн сүрүбү,
Ойго тундук, ойлоп өмүр, өлүмдү...

Кыраат менен анан куран окулду,
Тике турбай баары текши отурду.
Бата кылып эл ордунан жылганда,
Көрүстөнгө дабир бейит кошулду.
Сөөк чыккан үйгө жакын калганда,
Ый аралаш жоктоо үндөр созулду.

Артта калды боз дөбөчө топурак,
Ага эми үйдөн куран окулат.
Эрте-кечпи ал бейиттин жанына,
Жаш-карыбы, дагы бирөө кошулат...
Ойлой берем, ким калат деп, ал күнү,
Эл кайтканда көрүстөндөн топурап...

АРАК ЖАНА КАРЫЗ
(Курдаштарга азил-чыны аралаш)

Турдакундун байбичеси Саламат,
Арак сатат насыяга аманат.
Карыздарын улам доолап турбаса,
Анан кантип жаңы товар алалат.

Бергендерин эсеп-чоттоп бир айга,
Эмдигиче тапкандыр деп бир айла,
Карыздарын доолап барса Рамиске,
Өзүн алып кеткин дептир Бүрайма.

Танабайдан алалбастан карызын,
Аялына айтып барса арызын,
"Деги ушуну багып алчы алпарып",
Деп көрсөтөт сөөмөй кезеп анысын.

Эрин эмес, пулун сурап бараткан,
Саламатка ачууланат Адашкан.
"Алып кет - дейт, - анын өзүн жетелеп",
Булар мынча эрлеринен тажашкан?

Бул жоругум болот го деп керемет,
Эрин берсе, мейли алып келем деп.
Анда Гүлай: "Жерди казып бүтүрсүн,
Анан өзүм, айдап барып берем" дейт.

Баш койдукпу мындай жаман адатка,
Берилдикпи, жеңилдикпи аракка?
Эй курдаштар ойлонолу келгиле,
Бул жол бизди алып барат каякка?

Адеп-ахлак айтымдары
1. Күнөө жөнүндө

Эне сүтүн актабаган - күнөө,
Элин жоодон сактабаган - күнөө.

Адепсиз сөз сүйлөө - күнөө,
Ата-журтун сүйбөгөн - күнөө.

Улуунун сөзүн укпаган - күнөө,
Эртелеп турбай уктаган - күнөө.

Ушак-айың сөз айткан - күнөө,
Бирөөлөргө көз арткан - күнөө.

2. Жаман

Алсыздарды зордогон - жаман,
Аялдарды кордогон - жаман.
Аял затын сөккөн - жаман,
Өз абийирин төккөн - жаман.
Туура сөздү танган - жаман,
Туугандарын чанган - жаман.
Уят кылчу жалган - жаман,
Кургак намыс - андан жаман.

3. Калк айтат

Күмөн сөздү сүйлөбө,
Күйбөс отту үйлөбө.
Кулачтап турба эшикти,
Кур терметпе бешикти.
Босогону бойлобо,
Күл төккөн жерге ойнобо.
Максатсыз ишти баштаба,
Башталган ишти таштаба.
Өмүрдү бошко өткөрбө,
Из калсын көзүң өткөндө.




Защита диссертаций
3 декабря 2008 года в 10.00 часов на заседании Диссертационного совета Д.12.06.329 по защите диссертаций на соискание ученой степени доктора (кандидата) юридических наук в Кыргызской государственной юридической академии при Правительстве Кыргызской Республики по адресу: 724316, с. Кок-Джар, ул. Карагул-Акмата № 4, (учебный корпус № 2 КГЮА) состоится защита диссертации Коркмазова Османа Маджитовича на соискание ученой степени кандидата юридических наук на тему: "Правовые проблемы становления местного самоуправления в Кыргызстане" по специальности: 12.00.02 - конституционное право; муниципальное право.
Научный руководитель: кандидат юридических наук, профессор Алымкулов С.А.
Официальные оппоненты: доктор юридических наук, профессор Бейшембиев Э.Ж., кандидат юридических наук, доцент Кожомбердиев Б.К.
Ведущая организация: Институт философии и права Национальной академии наук Кыргызской Республики.
С диссертацией можно ознакомиться в научной библиотеке Кыргызской государственной юридической академии при Правительстве Кыргызской Республики, по адресу: 720001, г. Бишкек, пр. Чуй № 180-а.

3 декабря 2008 года в 14.00 часов на заседании Диссертационного совета Д.12.06.329 по защите диссертаций на соискание ученой степени доктора (кандидата) юридических наук в Кыргызской государственной юридической академии при Правительстве Кыргызской Республики по адресу: 724316, с. Кок-Джар, ул. Карагул-Акмата № 4, (учебный корпус № 2 КГЮА) состоится защита диссертации Курмановой Малики Зайнидиновны на соискание ученой степени кандидата юридических наук на тему: "Конституционно-правовые основы прав и свобод человека в Кыргызской Республике" по специальности: 12.00.02 - конституционное право; муниципальное право.
Научный руководитель: кандидат юридических наук, доцент Керимбаев М.К.
Официальные оппоненты: доктор юридических наук, профессор Подопригора Р.А., кандидат юридических наук, доцент Мамасаидов А.М.
Ведущая организация: Кыргызско-Российский Славянский университет им. Б.Н. Ельцина.
С диссертацией можно ознакомиться в научной библиотеке Кыргызской государственной юридической академии при Правительстве Кыргызской Республики, по адресу: 720001, г. Бишкек, пр. Чуй № 180-а.

4 декабря 2008 года в 10.00 часов на заседании Диссертационного совета Д.12.06.329 по защите диссертаций на соискание ученой степени доктора (кандидата) юридических наук в Кыргызской государственной юридической академии при Правительстве Кыргызской Республики по адресу: 724316, с. Кок-Джар, ул. Карагул-Акмата № 4, (учебный корпус № 2 КГЮА) состоится защита диссертации Жумашева Азамата Бейшенбаевича на соискание ученой степени кандидата юридических наук на тему: "Уголовно-правовые и криминологические меры борьбы с актами терроризма" по специальности: 12.00.08 - уголовное право и криминология; уголовно-исполнительное право.
Научный руководитель: кандидат юридических наук, доцент Асанов Т.Б.
Официальные оппоненты: доктор юридических наук, профессор Миндагулов А.Х., кандидат юридических наук, доцент Сагынбаев Д.К.
Ведущая организация: Юридический институт КНУ им. Ж. Баласагына.
С диссертацией можно ознакомиться в научной библиотеке Кыргызской государственной юридической академии при Правительстве Кыргызской Республики, по адресу: 720001, г. Бишкек, пр. Чуй № 180-а.