№37, 01.11.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Кыргыз эл жазуучусу Ж.Мавляновдун 85 жылдыгына карата

ТААЛИМГЕРГЕ ТААЗИМ!
Алыскы Забайкалье аскер округунан аскердик кызмат өтөп келгениме бир жылга жакындап калган. Чыгармачыл чөйрөдөн алыстабайын деген аздек оюм жүзөгө ашпай, Кыргыз мамлекеттик улуттук университеттин кызыл дипломунун, Ата-Журттан үч миң чакырым алыста жүрүп жазган ырларымдын куну бир тыйынга арзыбай жүргөн чагым. Бишкектеги (андагы Фрунзедеги) чыгармачыл адам башбаанектеп иштей турган дээрлик бардык мекемелердин босогосун аттап, алдыртан кытмыр караган, жөн-жайыңды угуп, өмүр баяның жазылган өздүк баракчанын "туулган жери" деген жерге үңүлө тигилип, ошого жараша ичтен бүтүм чыгарган жетекчи сөрөйлөрдүн айтаар жообун айттырбай билип, көңүлүм иренжип аргам куруган күндөрдү эстесем, азыр да шаабайым сууй түшөт.
Жаңылбасам, 1978-жылдын 25-апрели эле. Ушул күнү кызмат издеп дагы "жортуулга" чыкканмын. Анда азыркы К.Тыныстанов жана Т.Абдымомунов атындагы көчөлөрүнүн кесилишине жакын жерде "Мугалимдер газетасынын" редакциясы жана Кыргыз билим берүү институту жайгашкан эки кабат имарат бар эле. Бар тобокелге салып "Редактор" деген жазуусу бар каалганы аяр ачып, жүзүнөн жылуу ырай төгүлгөн, ак чачтуу, чоң столдо калбаат отурган (мезгилдүү басма сөздө жарыяланган аңгеме, повесттери аркылуу студент кезден мага өңү тааныш) Жунай Мавляновго салам айтып кирип бардым. Шаша-буша жөн-жайымды айтып, биринчи ирет дидарлаштым.
Чыгармачылык чама-чаркымды тастыктаган ырларымды, макалаларымды, аскердик кызмат өтөгөн "Н" полкунун командири кол койгон мүнөздөмөнү, партиянын катарына кабыл алынсын деген үч сунушту окуган соң канткен менен он сегиз жашка толуп-толбой согуш каарын сезип калган карт жоокер-жазуучу да, кичине ийигип, боор толгоп, Жунай агай убактылуу кызмат бар экенин айтып, эгер ишеничин актасам шартка жараша туруктуу иштетип калууга сөз берди.
Эми ойлосом: багым бар экен. Тагдырдын жазмышы менен телегейи тегиз тең, алты дубан кыргыз элине аттын кашкасындай таанымал кадырлуу адам, кара кылды как жарган калыс жетекчи, каржалбас калемгер Жунай Мавлянов менен жети жарым жыл бирге иштешип калганыма сыймыктанам.
Өмүр белсесинин сексенинчи туу белин ашып, адамдын адамдыгынын, калемгердин каржалбас кайраттуулугунун чыныгы үлгүсүн көрсөткөн көрөсөн инсан Жунай агайдын Жараткандын көрпенделеринин чанда биринде гана болгон касиеттерин айта кетүү лаазым.
Жунай агай жандан башка жаралган мээримдүү, кайрымдуу, камкор, улуу-кичүүнү ызааттаган сылык-сыпаа жөн билги жаран эле. Жакшылык-жамандыкка бирдей түткөн, сабырдуулуктун артынан чанда бир адам жеткен бийиктиктердин бел-белесин муюбай, каржалбай ашкан. Дегеним, ал - эл жазуучусу, Кербен мектеп-интернатын көп жылдар бою жетектеген директору (азыр Ж.Мавлянов атындагы лицей), жазуучулар союзунун секретары, республикалык "Мугалимдер газетасынын" ("Кутбилим") он жети жыл бою жетектеген башкы редактору болгон.
Ж.Мавлянов өсүп келе жаткан жаш муундардын тажрыйбалуу таалимгери катары "Ардак белгиси", Эмгек Кызыл Туу ордендери, республиканын Жогорку Кеңешинин Ардак грамоталары менен сыйланган. "Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген мугалими" деген ардак наамга арзыган. Абройлуу жоокер-жазуучу "Даңк" медалынын да ээси.
Чыгармачылык ишке баш-оту менен киришкен Ж.Мавлянов миңдеген китеп окурмандарынын сүймөнчүлүгүнө ээ болгон бир топ аңгеме, повесттерди, романдарды, мезгилдин күрөө тамырын кармап, доорубуздун көйгөйлүү маселелерин көтөргөн публицистикаларды жазды. Мына ошолордун ичинен "Нан", "Эне", "Чагылган", "Ачык асман", "Кайрымсыз жылдар" аттуу китептери Жунай агайдын чыныгы чыгармачыл жүзүн көрсөтүп, кыргыз элинин атактуу жазуучуларынын сабына кошту десек туура болот. Даңкы дабан ашкан калемгердин мыкты жазылган аңгемелери, повесттери, романдары орус, казак, өзбек, латыш, тажик, татар жана башка тилдерде которулуп, миңдеген китеп окурмандардын адабий күлазыгына айланды.
Элүүнүн кырын ашып калсам да мындан туп-туура отуз жыл алгач ирет дидарлашып, жан адамга айтпаган жан сырымды айтып Жунай агай менен таанышкан күн такыр эсимден кетпейт. Себебин азыр да түшүнбөйм. Ошол сексенинчи жылдардын башында "тоголок" арыздардын арааны күч эле. Байкашымча, партиянын борбордук комитетине Жунай агайдын үсүтүнөн да эчен курдай арыздар жазылып, же анда көрсөтүлгөн фактылар тастыкталбай, арыз жазгандар алыс эмес эле арабызда, атүгүл өзү алыскы райондордун биринде мугалим болуп иштеп жүргөн жеринен "шыктуу экен, калеми төшөлүп, калемгерлердин катарына кошулсун" деп Жунай агай өзү кызматка алгандын бири экенин кадиксиз сезип турса да аны жекирип, кектебей, уялбагандан өзү уялып, бар болгону: кудайга койдум, өз абийириңе койдум деген таризде унчукпай коер эле. Анткени жакшы адам, калеми курч журналист болоор деген аруу тилек менен алган кызматкерлери үчүн эртедир-кечтир сөз болоорун алдыртан билсе да, министрликтен же башка жогору турган жактардан "жеме сөз" угуп "текшерилерин" билсе да өзүнүн ишениминен баш тартчу эмес.
Жунай агайды устат туткан, адамгерчилиги бийик, сылык-сыпаатын астейдил сыйлап, алдынан кыя өтпөгөн шакирттеринин саны арбын. Алардын бири - мен. Ырасын айтайын: чечекейим чеч толо кубанганда да, кабыргам кайышып кайгырганда да, же бир турмуштук ар кандай жагдайларга байланыштуу тийиштүү бүтүмгө келалбай түйшөлүп турганымда да кеп-кеңеш сурап устатыма кайрылар элем. Аны менен сүйлөшкөндө жан дүйнөм тазарып, көңүлүм көлдөй чалкый түшчү.
Баса, Кыргызстан жазуучулар союзунун секретары, "Мугалимдер газетасынын" башкы редактору болуп иштеп турган жылдары калеми төшөлө элек акын-жазуучулар жана журналисттердин чыгармачыл баралына жетишине камкор атадай үйрүлүп түшүп, жакындан жардам берип тургандыгын азыр жумурай журтка белгилүү болуп калышкан акын-жазуучулар, калеми курч журналисттер сыймыктануу менен айтып жүрүшөт.




Жандан артык жаралган,
Жан элеңиз мээрман.
Журтуңуз аза күтүүдө:
"Айрылдык - деп - Жунайдан"

Калкагар тоодой карааны,
Кадырман, калбаат аваны.
Капилет ажал алганда,
Кайгыдан жүрөк канады.

Коңулдап гүлзар, калаабыз,
Канкакшап эстеп алабыз.
Ажалга арга жок тура,
Жер муштап, жетпей чамабыз.


Т.Нурманбетов,
акын, КР маданиятына эмгек сиңирген
ишмер, элге билим берүүнүн отличниги.