№37, 01.11.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Сынак

Англис тил үйрөнүү сынагы пайдалуу болду
Шайлообек Назаралиевдин "Англис тили 7 айда" окуу китеби боюнча зээндүү айыл жаштарынын арасында англис тилин өз алдынча үйрөнүү боюнча жарыяланган конкурстун жыйынтыгы чыкты.

Англис тилин үйрөнүүнүн маанисин 2008-жылдын 9-октябрында болгон мугалимдердин курултайында президентибиз К. Бакиев эң сонун айткан эле:
"Биз мектептерде бери дегенде үч тилди - кыргыз, орус жана бир чет тилди окутуу жолу менен кеткенибиз эң артыкчылыктуу туура жол экенине көзүм жетип турат. Эгер биздин коом үч тилди тең жеткилең билсе, биздин адистердин конкуренттик кубат-кудурети жогорулап, баарлашуунун мейкиндиги кеңейип, жалпысынан кирешелердин жогорку деңгээлин камсыз кылмак жана турмуш сапатын жакшыртмак".
Мамлекет башчыбыз айткан ушул ойду кубаттап, колдоп биз айыл мектеп окуучуларына чет тил үйрөнүүгө, анын ичинен айрыкча англис тилин үйрөнүүгө кызыккыла, убакытты текке кетирбегиле деп айтмакпыз. Анткени, англис тили азыркы учурда дүйнөнүн 50 ашык өлкөсүндө официалдуу тил деп саналып, дүйнөдөгү теле-радиоберүүлөрдүн, почта, интернет түйүнүндө агылган маалыматтардын 60% ашууну ушул тилде жүрүп жатат. Ошонун ичинен дүйнөнүн кайсыл гана калкын албайлы, мейли ал кытай, япон, индус, араб ж.б. болбосун, англис тилин үйрөнүүгө жапа тырмак киришүүдө. Анткени алар азыркы маалымат заманында англис тили алдыңкы илим-билимдин, технологиянын бай казынасы экенин терең түшүнүүдө. Демек, биз да башка элдерден артта калбай, алдыңкы өнөр-билимге ээ бололу десек, бул тилди баарыбыз жапырт үйрөнүшүбүз керек.
Биздин окуучу жаштарыбыздын арасында англис тилин үйрөнүүгө кызыгуу чоң экенине конкурстун жыйынтыгын чыгарып жатып ишенип калдык. Анткени, алдыңкы орунга чыккан окуучулар англис тилинде дээрлик кадыресе эле сүйлөшүп калганына өзүбүз да күбө болдук. Ошондой эле кийинки орунду алгандардын англис тилинен болгон даярдыгы жакшы экендигин байкадык.
Албетте, конкурс деген конкурс, анда баары эле утуш орундарды ала бербейт. Байгелүү орундар чектелүү гана. Конкурстун жыйынтыгын аны уюштургандар эмес, көз карандысыз эксперт катары Улуттук тестирлөө борбору текшерип чыгарды. Демек, биз конкурс таза, так, эч кимдин кийлигишүүсүз, объективдүү өттү деп катышуучуларды толук ишендире алабыз.
Конкурстун катышуучуларын кубандыра турган жакшы кабар - башында байгелүү үч орун гана белгиленсе, биздин суранычыбызды жерде калтырбай Тышкы иштер министрлиги, Туризм боюнча мамлекеттик агенттиги конкурстун жеңүүчүлөрү үчүн өзүнчө белек даярдашты. Ошентип, биз конкурста 50дөн жогору балл алган окуучуларды кызыктыруучу белектер менен сыйлоого мүмкүнчүлүк алдык. Ошондуктан жакшы ишти колдоого алганы үчүн жогорудагы эки мамлекеттик ведомствого терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз.
Ошентип, конкурстун жыйынытыгы колуңарда турат. Уюштуруучулар тарабы конкурска катышкан окуучуларга ыраазычылык билдирет жана алардын мындан ары да тил үйрөнүү аракети үзүрлүү болот деп ишенет. Конкурстун жүрүшү боюнча каалоо-тилегиңерди, ой-пикириңиздерди "Кутбилим" гезитине жазып жибериңиздер.

"Кутбилим" гезитинин редакциясы.




Эскертүү: 1-орунга Кочкор районунун Кызыл-Дөбө орто мектебинен экөө - Адылбек кызы Турсун, Улан кызы Батира, ошондой эле 2-орунга Ноокат билимканасынан Рахманберди кызы Нурзат, Кара-Суу районунун И.Жакыпов атындагы гимназиясынан Арстанбекова Жазгүл чыккандыгына байланыштуу алардын ортосунда ноябрь айында кошумча тест өткөрүлөт. Бул туурасында кошумча кабар берилет.
Ошондой эле 50 баллдан жогорку көрсөткүчтү камсыздаган окуучуларга Тышкы иштер министрлигинин жана Туризм боюнча мамлекеттик агенттиктин кызыктыруучу белектерин таратуу тартиби жөнүндө кошумча айтылат.

Ой-пикирлер:


Жумакеримова Динара, Кочкор районунун Кызыл-Дөбө айылындагы Кызыл-Дөбө орто мектебинин англис тили мугалими:

- Шайлообек Назаралиев уюштурган англис тили 7 айда конкурсу мектебибиздеги англис тилине кызыккан окуучуларыбыздын билим деңгээлин көтөрүүдө, өстүрүүдө абдан чоң жардамы тийди деп айта алам. Мурда биз англис тилинин грамматикасын үйрөнүүдө орус тилиндеги китептерди алып кыргызча которуп үйрөтсөк. Шайлообек байке жазган китеп менен англис тилинин грамматикасын окуучуларга үйрөтүү бир топ жеңил болду. Биздин айыл областын райондун борборунан абдан алыс жайгашкан. Бизге ушундай конкурстар көп болуп турса. Конкурсту уюштуруп берген Шайлообек байкеге чоң ыраxматыбызды айтабыз.


Турдукулова Гүлзат, Карабүргөн айылынын Мукаш Базаркулов атындагы орто мектебинин англис тили мугалими:

- "Англис тили" конкурсуна менин болгон көз карашым жакшы. Биздин мектепте бул биринчи жолу болуп жатат. Кызыккан окуучулар абдан арбын. Ошондой эле кыргызча чыгарылыштагы китеби жана СД диски бизди кубандырды. Китеп жөнөкөй тил менен жазылган жана окуучулардын түшүнүп окушуна жеңил, жеткиликтүү.
Биз мындай китептердин көп болушун каалайбыз жана байланышты үзбөгөнгө аракет кылабыз. Биздин айыл борбордон аябай эле алыс болгондуктан англис тилине байланышкан маалыматтарга абдан муктажбыз.
Англис тили конкурсунун уюштуруучулары жана Шайлообек агай Сиздерге абдан чоң рахмат. Биз абдан ыраазыбыз. Иштериңиздерге ийгиликтерди каалайбыз. Биз сиздерден көптү үмүт кылабыз. Ар дайым жолуңуз шыдыр болсун.
Ак жол сизге Шайлообек агай.