Коомдук-саясый гезит
№36, 24.10.08-ж.
п»ї


Warning: include(../../ggle_v.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/kut/08/1024_12.htm on line 9

Warning: include(../../ggle_v.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/kut/08/1024_12.htm on line 9

Warning: include(): Failed opening '../../ggle_v.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/kut/08/1024_12.htm on line 9





  Эскерүү

Чыгаан окумуштуу жана педагог
Бейше Урстанбеков
Бейше Урстанбеков агай дүйнөдөн эрте өтүп кетсе да, анын кыргыздын чыгаан окумуштуу жана педагогу катары изи көөнөргүс болуп калды. Кыргыз улуттук университетинин тарых факультетинин доценти, тарых илимдеринин кандидаты, бир катар илимий эмгектердин, окуу китеп, энциклопедиялык жыйнак, илимий жана публицистикалык макалалардын автору болгон агайыбыз быйыл 70ке гана чыкмак.

Бейше агайды мен 1976-жылы алгачкы ирет университет ирегесин аттап, тарых факультетиин 1-курсуна өткөнүмдө көрдүм. Агай бизге археология боюнча сабак берди. Ал кезде Бейше агай кыргыз тилинде окуган өтө мазмундуу дарстар элет жеринен жаңы гана шаарга келген, орусча кыйналган миңдеген студенттер үчүн дарыдай эле болду.
Бейше агай студенттердин өтө көп маалыматты аз убакыт ичинде алып чаалыгып кеткенин байкаса, дароо тамашага чалып, кандайдыр-бир куудулдук иш-аракет кылаар эле да, жеңилдеп алган балдар-кыздар кайрадан өздөрүнөн жүз миңдеген же андан да көп жылдар бөлүп турган доорлорго сүңгүп кирүүнүн усулдарын өздөштүрүүнү улантаар эле.
Ал кезде университеттерде окуган кыргыз студенттери эне тилинде окуу куралы жок өзгөчө кыйналаар эле. Жергиликтүү бийликтер "орус тили - экинчи эне тилим" деп ураан чакырып, бирок нагыз эне тилине дурус көңүл бөлүнбөй турган чакта, ордо шаарда 1-2 гана кыргыз мектептери бар кезеңде, Бейше агай археология боюнча кыргыз-орус жана орус-кыргыз терминдик сөздүгүн түзө баштады, акыры Улуттук илимдер академиясы аркылуу бул тармактагы ири сөздүктү туңгуч ирет жарыялады.
Жогорку математика боюнча окуу китепти кыргызчалап, "улутчул" атыккан дагы бир илимпоз агайыбыз куугунтукталганы унутула элек чакта бул сөздүктүн чыгышы кыргыз илимий-педагогикалык чөйрөсү үчүн да өтө олуттуу окуя болгонун азыркы жаш муундар анча баамдабаса керек.
Бейше агай менин илимпоз катары телчигишиме да өтө чоң эмгек коротту. Мен 1-курста окуп жатканда эле "жылдызыбыз келишкен" экен. Тээ байыркы скифтер тууралуу чакан макаланы биргелешип даярдап, бир гезитке жарыяладык.
Бул мага абдан демөөр берип, ого бетер илимий-публицистикалык ишке кызыга баштадым.
Кийинчерээк да бир катар макалаларды чогуу жарыяладык, алардын бири СССРдин энциклопедиясынын акыркы томдорунун бирине чыкты.
Биздин калемдешип даярдаган ишибиздин эң жогорку сереси - "Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк" эмгеги болду. 1990-жылдын башында чыккан бул эмгек иш жүзүндө кайра куруулар жана демократиялык баалулуктар, маалымдуулук үчүн күрөш жүргөн 1987-1989-жылдары бүткөрүлгөнүн эске алуу керек.
Расмий идеология жериген Энесай кыргыздарынын тарыхын гана эмес, жалпы эле байыркы хун, усун жана башка кыргызга компонент катары жуурулган нечендеген чыгыш элдеринин тарыхын да элибиздин тарыхый баскан жолунун бир бөлүгү катары киргизүү аркылуу, менимче, бул сөздүк элибиздин тарыхын жаңыча караган кийинки пост-советтик тарыхнаамага кыйла жаңы нук ачып берди көрүнөт.
Ошол китепти басмадан чыгаруу үчүн алпурушуп жүргөндө Бейше агай өзүнүн тубаса дипломатиялык өнөрүн колдонду, кээ бир терминдерди цензуралык чынжырды үзүп китепке киргизүү үчүн далай машакат тарттык. Кээ бир терминдер ал кезекте жарыяланбай да калды же биз сунуштаган мазмуну кемиген учурлары көп болду. Ошогон карабастан, айрым атайылап "унутта калган" же мурда эч эскерилбеген тарыхый инсандарды эптеп жыйнакка киргизүү менен аларды тарыхнаамабызда "мыйзамдаштыруу" аракетин көрдүк.
Бейше агай өмүрдүк жары Тиленбү эжебизге, балдар-кыздарына, досторуна, санаалаштарына, окуучуларына, кесиптештерине, жакындарына астейдил мамиле жасаган, өтө элпек, кичи пейил, жараакөр, тамашакөй жана чакан жамааттын көркүн жайдары маанайы менен жаркытып турган мыкты инсан эле.
Мен Кыргызстан демократиялык кыймылына кошулганда да, "Азаттык үналгысы" менен кызматташа баштаганымда да дайыма колдоп турду. Анын моралдык колдоосун менчелик алган башка окуучусу жок болсо керек деп ойлоп кетем.
Быйыл жайында үй-бүлөм менен Нарындан Ак-Талаа жана Тогуз-Торо аркылуу Жалал-Абатка түштүм. Ошондо "Алтын чөйчөк" атыккан айтылуу Тогуз-Торо жергесинин Арал айылын аралап өтүп, айылдаштары Бейше Урстанбеков агайдын ысымын берген орто мектепке токтоп, короосуна кирип агайды эскерип куран окудук.
Агайдын айылдаштары өзүнүн чыгаан кулунун эскерип, анын эмгегин татыктуу баалай алганына өтө ыраазы болгонумду жазбай койо албайм.
Бейше агайдын элеси эсибизден кетпейт, анын көөнөргүс илимий жана педагогдук салымдары элине мындан ары да кызмат кыла берет.

Тынчтыкбек Чоротегин,
Прага шаары.













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan